Анна Ахматова: “Акыл калчап жашаганды үйрөндүм…”
* * *
Акыл калчап жашаганды үйрөндүм,
Көктү тиктеп, Кудайыма сыйынып,
Болбос үчүн кереги жок күймөнүү,
Күүгүм талаш узак басып кыдырып.
Уйгак шуулдайт, катар өскөн жар менен,
Кызгылт-сары ашы ийилет четиндин.
Ыр сабыма кошуп жазам шаң менен,
Кереметтүү бул жашоонун кетимин.
Кайтып келем. Колдорумда жупжумшак,
Мышык барат уйкусурап, үргүлөп.
Көл боюнда токой тилген устундап,
Ишканада мунарадан от күйөт.
Өкүм сүргөн тынчтык кээде жарылат,
Чатырыма конгон лейлек үнүнөн.
Эшигимди эгер келсең каккылап,
Мен сыягы, укпайт деле көрүнөм…
