“Бар салмагы таразасыз иргелип…”
* * *
Бар салмагы таразасыз иргелип,
Таштай албай, көтөрүү да оор келип.
Тагдырымды турам колго чеңгелдеп,
Жол тепчиген каректерим ирмелип.
Тепчилет да оор-жеңилим көтөрөт,
Канча бассам жол ошончо төшөлөт.
Багытымдын тактыгынан тайгылтып,
Бул оор салмак ныгырат да көшөрөт…
Атам черткен муңдуу күүнүн кайрыгы,
Айтчу тура кездешээрин кайгынын.
Билдирчү экен табышуунун артында,
Бар болоорун эртедир-кеч айрылуу.
Мүмкүн булар пайдасы жок кур кайгы,
Күтүп жашап узатканмын жылды-айды.
Тынчымды алып, сары изиме чөп салган,
Эңсөө байкуш эчак карып улгайды.
Бала өстүрүп, болдум мен да бүлөлүү,
Эми эч кимге койгум келбейт күнөөнү.
Акын болбой жашап жүрсөм турмушта,
Жалгыз гана турмуш өзү күнөөлүү…
