Билдирүү
(аңгеме)
Кызым, атаң операцияга кирди…
“Тарс” дей түштү. Так эле бети менен жерге кулабадыбы! Таягы бир жерде, көз айнеги бир жерде, өзү бут алдымда көмкөрөсүнөн түшүп жатып калды. Чыңырып жиберди. Араң басып, араң добушун чыгарган карыянын үнү жан чыдагыс ачуу болорун билбептирмин. Кайдан да телефонумду ала калдым десең. Кап! Бирок ачпасам да болмок эмес. Атамды ойлоп, эртеден бери үйдөн кат-кабар күтүп атсам…
Аны кармаганга жетишпей калбадымбы. Мурдунан агып аткан канды көрүп, турган жеримде катып калдым. Жакын эле жерде жүргөн кесиптештерим чуркап келди. Бири абышканы ордунан тургузуп, бири бети-башын аарчып, бири көз айнегин, бири таягын ала коюп, чурулдап калышты. Ким кабарлады, билбейм, кайдан-жайдан жетекчим да пайда болду…
– Сен деги кайсы жерде иштейсиң?! – деди ал мага атырылып.
Мен унчукпай жер тиктедим.
– Жооп бер!
– Карылар үйүндө.
– Анан?!
Мен колумду ушалап тура бердим.
– Сенин милдетиң кандай?! – деп ал мени кекетти.
– Карыган адамдарды карайм.
– Анда жыгылып кеткиче жалдырабай, жакшылап карабайсыңбы!
Ал адатынча бакырып-бакырып алды да, телефонун алып, абышканын баласына чалды. Иштин болгонун болгондой айтып, аны карылар үйүнө тез келүүсүн өтүндү.
* * *
Жетекчим чалганда, тез жардам менен тең жарышып жетип келген абышканын баласы бизди кыйла кылбадыбы! “Телефонума келген билдүрүүнү карайм деп, жыгытып алдым” деген сөз оозумдан чыгып кетти. Ошол сөзгө жармашты да калды. Өзү карабаган атасын мени жаман карадың деп, менин милдеттеримди санап, сураган кечиримиме кулак салган жок. Сот, мыйзам, кылмыш деген сөздөрдү кайталап айтты… “Кылмыш” деген сөздү укканда, титиреп кеттим. Бирок ал туура экенин, мен чындап эле кылмыш жасаганымды, кылмышым эмне экенин да жакшы билем… Анын атасын жаман карасам – кылмыш, анын атасын карап аткан учурда, өз апамдан келген билдирүүнү ача салганым да – кылмыш. Дүйнөдөгү эң камкор уулдан бетер атасын капыстан жыгытып алган мени соттотуп жиберерин, жок кыларын айтып, бир топ күпүлдөдү. Тез жардам кызматкерлери абышканы текшерип, “баары жакшы” дегенден кийин басылды. Анын жакшы экенин билгенден кийин гана, “Атам операциядан аман-эсен чыкса экен” деп тилегени жарадым мен.
* * *
– Сени эмне кылсам экен, ыя? – деди жетекчим абышканын баласын алдап-соолап жолго салгандан кийин.
– Кечирип коюңузчу! – дедим мен эмне айтарымды билбей.
– Кечиримди тиги кишиден сурайсың! Сенин каталарың акыркы учурда көбөйүп кетти…
– Бир жуманын алты күнү иштеп… Чарчаганымдан…
– Анда иш саатыңды кыскартайын?!
– Жок, антпеңиз. Мага акча керек, – дедим шашып.
– Анда эмне кыл деген турасың? Ушу араң жан карылардын тамак-ашын, дарыларын убагында берип, бир жолу эшикте сейилдетип койгон ошончо оор болуп атабы сага?
Оор эле, – дедим мен ичимден. Өтө оор. Ордунан тургузуп, кийинтип, жуунтуп, тамагын берип, укпай калганына кыйкырып сүйлөп, баспай калганын бир жерден алып, экинчи жерге отургузуп, жиниңе тийип атса да, жылмайып, жумшак сүйлөгөн оор эле!
– Бул адамдар сен экөөбүздүн жоопкерчилигибизде, аны өзүң жакшы билесиң?!
– Билем.
– Билсең, эмнеге эле сенин жаныңдан мүдүрүлүп, жыгыла беришет, ыя?! Билсең, эмнеге дайыма бир колуңда телефон?!
Чын эле менин кароомдогу карылар биринчи жолу жыгылып аткан жок. Бир нече жолу жыгыттым. Бирок телефондун айынан эмес, кээде күчүм жетпей калат, кээде бел оорум кармап калат. Ушул карылардын белине караганда, менин белим, муундарым көбүрөөк ооруйбу деп да ойлоп кетем кээде…
Өткөндө бир карыя “тамакты кеч алып келдиң” деп, мени урушуп кирди. Аны үстөлгө жеткирейин деп, жанына барсам, таягы менен мага тап берди. Уруп жиберчүдөй баштанып, кайра-кайра шилтеп туруп алды. Ачуу менен таягын колунан жулуп алдым. Ал алдыга обдулуп барып, жерге тизелеп отуруп калды, бүкчүйүп. Таяксыз калган карыя көзүмө аянычтуу көрүнүп кетти. Анын жардамчысы да, куралы да ушул таяк болсо, анан аны мен жулуп алсам колунан… Шашып ордунан тургузуп, кечирим сурадым. Алаңдаган карыя баш ийкегенден башка эч нерсе дей албады. Чуу да чыккан жок. Эч ким эч нерсе билген да, укканда да жок. Колундагы таягынан башка ишенери жок карыя ошол окуяны бат эле унуткандай болду, алтургай. Бирок мен өзүмдү “кылмышкер” сезип, унута албай жүргөм. Ошол окуя даана кылмыш болчу да. А бүгүнкү кырсык… Бирок канча кырсыкка шылтайын десем деле, болбой атпайбы!
– Сүйлөбөйсүңбү! – деди баятан бери мени тиктеп турган жетекчим.
– Апамдан билдирүү күтүп аткам. Атам ооруп… Анан атам…
Сөзүмдүн аягына чыкпай, ыйлап калдым…
Жетекчим жанагыдан бир аз жумшарып:
– Акыркы жолку эскертүү болсун. Эмкиде түз эле иштен кетесиң! Сенин азабыңдан булардын бала-чакасы менен соттошкудай чамам жок! Бар эми, атаңдан кабар ал, – деп каалга тарапка ээк шилтеди.

Актуалдуу теманы кашкайтып ачып берген мыкты аңгеме экен. Аныгында ушундай адилетсиздик өкүм сүрүүдө. Биздин коомчулук карылар үйү менен балдар үйүндө иштеген кызматкерлерге ырайымсыз мамиле жасайт. Ырайымсыздыгы – психологиялык-моралдык жактан басмырлоого, бул кызматтын канчалык оор экендигин билбей туруп, сыртынан баа берип жек көрүү менен кодулоого көнүп алгандыгы. Коомчулуктун ушул бөлүгү өздөрүн бир ай, же бир жумага ошол кызматкерлердин ордуна коюп көрсө болмок. Бул теманын алкагында айтылчу сөз удулу келип турганда айтылыптыр.
Калемгерге ийгилик.
Чоң рахмат, эже!🙏🏻