|

Чоңойгондо апа болбойм

5/5 - (6 добуш)

(аңгеме)

Кыңкыстаган үндөн улам чочуп ойгонду. “Маалы келип калдыбы?” деген ой мээсине “шак” дей түштү. Тура калып жарыкты жакты. Керебеттин аяк жагына чечкен халатын таап чала-була кийди да, жердеги төшөнчүгө үңүлдү. Жердиги боз, күрөң сызыктары бар төшөнчүнүн ар кайсы жерине жашыл-жашыл так түшүп калыптыр. Коркуп кетип: “Лили, Лили”, – деп үн катты. Бир бурчта башын бутуна катып, бүрүшкөн Лилиси кыңкыстап атты. Буга чейин интернеттен ар кандай тасмаларды көрүп, окуп, итинин толгоо күнүнө даярданып жүргөн. Азыр акылында “Толгоо башталганда алгач жашыл суу келет”, – деген эле маалымат турду. Эми эмне кылат? Ушундай беймаалда ветеринарга кантип жетет? 

Халатын чала кийген калыбында ары-бери баса берди. Ити бирде ыйынып, бирде өпкө-өпкөсүнө батпай тез-тез дем алып, жандалбастап атат. Күн мурун камдап койгон желим кол капты, йодду, “күчүктөрдүн киндигин кесем” деп алган кичинекей кайчысын даярдап, керебеттин жанындагы үстөлгө койду. Колу-бутун майда калтырак басып, эч нерсе кыла албачудай болуп турду, бирок бир нерсе кылышы шарт эле. 

Итинин куйругун жогору көтөрүп караса, ичине суу толгон челкабык жарым-жартылай сыртка чыгып калыптыр. Көлкүлдөп турган челкабыкты көрүп ого бетер жандан кетти. Шаша-буша телефонун чукулап эки-үч тасманы ачып карап жиберди. Тууганы жаткан иттердин баарынан эле алгач ушундай челкабык чыгат экен, бирок бири деле мынтип кыйналган жок. Болор-болбос кыңкыстап, улам бир күчүгүн сыртка чыгарып бошонуп атат. Мунун ити тимеле жаналетке түшүп тыбырчылап атпайбы.

* * *

– Дароо эле бизге алып келсеңиз болмок! – деди ветеринар жини келип.

– Мындай болорун кайдан билейин, өзү эле тууйт деп ойлогом. Эмне болуптур?

Суроосун жоопсуз калтырган ветеринар иттин буту-башын кармалап, таразага тарта баштады. “Жөн эле туудура бербейби, жаны кыйналып атса, таразага тартканы эмнеси?” деп ойлоду. Ветеринар итти таразанын үстүнөн алып: “Та-ак, алты жарым киле”, – деди да, алдындагы кагазына жазып алды. 

– Ичинде балдары тыгылышып калган. 

– Эми эмне болот? 

– Эмне болмок эле? Операция кылабыз.

– Операция? 

– Ооба, антпесе, тууй албайт. Дагы бир аз кечиксек, өзү да, күчүктөрү да өлүп калат.

Эмне дээрин билбей, бир итин, бир ветеринарды карап дендароо болду. Тиги укол даярдап аткан калыбында: “Биз операцияны баштайлы, сиз үйүңүзгө бара бериңиз”, – деди.

– Ушул жерде эле күтүп турайын. 

Кеткиси келген жок. Ити да “кетпе” дегенсип көзүн жылтыратып, ээсин тиктеп турду. 

– Операция эки саатка созулабы, үч саатка созулабы, белгисиз. Сиздин бара бергениңиз оң, –  деп корс этти ветеринар жаман көрүп. 

– Эч нерсе эмес.

– Мен сизге телефон чалып, кабар берем. 

– Анда сыртта күтүп турсам болобу?

– Болбойт! Үйүңүзгө бара бериңиз дейм, кандай немесиз?!

Үйүнө кеткиси келген жок. Сыртка чыкты да, жолдун ар жак бетиндеги кафеге кирип жай алды. Мындан азыраак күн мурун ити жакында туурун, бешти же төрттү туурун, ар бир күчүгүн беш жүз доллардан сатып байып кетерин дос-таанышына айтып, мактанып жүргөн. Ал тургай бир курбусу: “Баарын сатасыңбы, өзүңө бирөөнү алып кал да”, – деп кеңеш берген. “Алып калып эмне кылам, баарын эле сатам, дагы тууса, дагы сатам”, – деп эдиреңдеп койгон. 

* * *

“Куттуктайм!”, – деди ветеринар каалганы ачары менен. Ал жумшарып калыптыр. Жакшы сүйлөп, жаркылдап атты. 

– Эмне болду, кандай? Лили жакшы элеби? –  деп сурады шашып. “Канча күчүгү бар экен?” – деп сурагысы келип, сурай албады. Жалтак, корунчаак мүнөзү ушул жерде да кармап атканына жини келди. Мунун жалтактай турган, тартына турган эмнеси бар? Акчасын төлөп аткандан кийин, каалаган суроосун сурап, каалагандай талап коюш керек эле да.

– Эки күчүгү бар экен, – деди тиги анын оюн окуп койгонсуп.

“А, эмне экөө эле бекен?” – дейин деп, оозун таптап барып тим болду. Үстөл үстүндөгү үлүрөйгөн, өлөсөлүү итине көзү түштү. Карыны кара жип менен тепчилип-тепчилип төрт элидей тигилип турат. Башын көтөрүп, жардам сурап аткансып, ээсин жалдырай тиктеди. Үстөлгө жакындады. Андан кымындай жамандык күтпөй, колун жыттагылап кирген итин башынан сылап, аяп турду. Эмчек издеген баладай ооздорун ачып, чукуранган эки күчүк энесинин жанында жатты. 

Аңгыча аркы бөлмөдөн ветеринардын жардамчысы чыгып: “Куттуктайм!” – деди да, колундагы кутуну үстөлдүн бир четине коюп, “буга салып кетесиз да” – деп кошумчалады.

– Ыракмат, ооба.

– Үчүнчү баласы тууралуу Осмон мырза айтты да, ээ?

– Жок, эч нерсе айткан жок.

– Үчүнчү өлүү экен. 

Унчуккан жок. 

– Ошол оозго туруп калып, булар тыгылып калыптыр. 

Дагы деле унчуккан жок. Кабагын чытып, жардамчыны угуп тура берди. Өлүү туулган күчүк тууралуу сурагысы келип атты. Кантип, эмне деп сураса экен? “Колуңузга алсаңыз”, – деп жалпылдаган жардамчы жумулуу көздөрү менен туш-тарапка сойлоп аткан эки ак-ала күчүктү анын алаканына сала койду. Эки колу эки жүрөк кармап тургансып, болор-болбос бүлкүлдөп атты. Карыны жарылып, араң жан жаткан ити башын көтөрүп, ээсинин колундагы күчүктөрүн карап кыңшылап жиберди. Бир ээсин, бир күчүктөрүн, анан таштанды салган чоң кутуну карап кыңшылап атты. Ушундан улам: “Өлүү туулган күчүк таштандыга ыргытылган окшойт”, – деп ойлоду. Бирок басып барып таштандыны карагандан тартынды. Оюна дагы бир нерсе “кылт” этип, бөлмөнүн ичин уурданып карап алды. Балким үчүнчүсү деле тирүүдүр. “Өзүбүз чоңойтуп кийин сатып жиберебиз”, – деп катып алган болсочу? Болушу да мүмкүн. Иттин мындай түрү оңбогон акча турарын булар билбейт дейсиңби? Кайдагыны ойлойм да. Кантип эле ветеринарлар ошончолукка барсын? Жаңы туулган күчүктү энесинен ажыратмак беле? – деп ичинен өзү менен өзү айтышып турду. “Өлүү туулган күчүктү не кылдыңыз?” – деп сурагысы келди. “Сурасам туура болобу же туура эмеспи?” – деп чайналды. Акыры аягы: “Эмне кылса, ошол кылсын, аны көрүп алып да кайгырып жүрөйүнбү?” – деген бүтүмгө келди.

Ветеринар менен эсептешип, кетүүгө камынды. Алгач итин кутунун ичине салды эле балдарынан саамга ажырай түшкөн эне кыңшылап, кутуну тытмалап жиберди. “Мунун баласаагын кара”, – деп күлдү да, эки муштумдай күчүктү алып, энесинин жанына жаткырды. Ити жанталашып күчүктөрүн жалап кирди. Жуп жөнөөрдө кутудан башын зорго чыгарып, алсыз үнү менен улуп-улуп алды. 

* * *

Бир канча күн мурун эле “Күчүк сатып, ирденип кетем” деген оюнан эми эч нерсе калбай, түшүрүп албайын дегенсип, кутуну бооруна бекем кысып жолдо баратты. Бул дүйнөнү, адам баласын али көрө элек, тааный элек эки күчүк бир тууган экенин сезгенсип, бири-бирине ыктап, бирин-бири жыттап коёт. Аларды көрүп зээни кейиди. “Лили, күчүктөрүңдү сатпайм, өзүбүз чоңойтобуз, сени балдарыңдан, балдарыңды бири-биринен ажыратпайм”, – деди. Лилиси түшүнгөнсүп, көзүн жылтыратты. “Итиңиз мындан ары эне боло албайт!” – деген ветеринардын сөзүн эстеди. Ити биринчи жана акыркы жолу эне болуп отурбайбы. Мындан ары эне боло албай турган иттин күчүктөрүн сатып ийгени адамдыкка жатабы? Анан калса, кыргыз качан, кайсы заманда ит сатты эле? 

Эмнегедир апасынын сөзүн эстеп кетти. Бир жолу апасы телефондон: “Экөөң эки жердесиң, менин жүрөгүм да экиге бөлүнүп, дүйнөнүн эки жеринде согуп атат”, – деп айткан. Экөөң дегени – өзү, анан үкөсү Сыймык. 

Кайрадан итин карады. Көзүн жалжылдатып, не жан оорусун айталбай, не жан кайгысын айталбай жандалбастап атат. Тили жок да макулуктун, тили болсо, эмнелерди айтмак? “Ветеринарда бир балам калды, ошону да алалычы?”, – деп суранат беле? Ошентип айталбай, көзүн муң басып атпайбы. Эне да… 

* * *

Экинчи класс беле, үчүнчү класс беле, так билбейт? Бир кечте апасы үкөсүн жетелеп жөнөдү. Эч нерсеге түшүнбөй делдейип турган аны кыялбай, кылчактап улам артына карап атты. 

Чоң апасы: “Билсең, сен көпкөнүңдөн кетип атасың! Мурдуңа суу жеткенде келесиң!” – деп ачууланып кыйкырды. “Келбейм!” – деди апасы.

– Келбейм! Ушул үйгө басып келсем, киши болбой калайын. Балаңа жакшы аял алып бер! 

– Алперем эле, таш ыргытсаң, кыздын башына тиет. Күйөө деген урат, какыс-кукус кылат! Бир жолу кол көтөргөнүнө чыдай албасаң, ушундайыңда кет!

“Урат” деген сөздөн улам, атасы апасын ар дайым эле урарын ойлоду. Ал тургай бир жолкусунда атасы: “Кызым, сен үйдөн чыкпагын, макулбу?!” – деп аны сыртынан бекитип коюп, короодо апасын сабаган. Ошондогу апасынын жалбарган ыйы, атасынын ырайымсыз, ызырынган үнү ар дайым кулагына жаңыра берет.

Бул жолу чала жабылган каалганын кычыгынан аларды аңдып турган. Ата-энеси кыйкырышып атып эле, атасы апасын удаа-удаа уруп, жерге жыгылып калганда, бет талаштыра тээп жиберди. Үкөсү чыңырып ыйлап, эне-баланын үнү аралашып жатып калды. Ал чуркап кирип ата-энесин арачалап калгандын ордуна, сыртты көздөй качып жөнөдү. Эки кулагын эки алаканы менен бекем жаап, уруштан, ыйдан, талаш-тартыштан адатынча качып жөнөдү. 

Анан эле кеч киргенде апасы: 

– Кетем, мындан ары чыдабайм! – деп үкөсү экөөнү жетелеп, жолго түштү. Чоң апасы жетип келип: “Өзүң кайда барсаң, айда бар, балдарды ташта!” – деп, аларды колунан жулуп алды. “Мен апам менен кетем”, – деп үкөсү чырылдап ээрчиди, кыз унчукпай ортодо турду. Апасы эңкейип: “Кызым, мени менен кетесиңби же каласыңбы?” – деп сурады. Бул суроого анча деле түшүнгөн жок, бирок “Кала эле берейинчи”, – деп жооп берди. 

* * *

“Энең эмне, көпкөнүнөн эле кетти да, мурдуна суу жеткенде, өзү эле келет!” – деп чоң апасы айтып жүрдү. Апасынын келер-келбесине көзү жетчү эмес, бирок “келсе экен” деп күтчү. Чоң апасы отуруп-туруп: “Кызым, кокус мектепке энең келип, “Жүрү мени менен”, – деп жетелесе, кетпегин, макулбу?! Таежелериң келип “апаңа алпарам”, – десе да көнбө. Сыймык кетип калды, сен да кетип калсаң, мен куруйм, кетпе!” – деп тынбай эскерте берчү болду. 

Бир күнү мектепте танапис учурунда курдашы: “Сени биздин үйдө апаң чакырып атат”, – деп шыбырады. “Мени менен кетесиңби?” – деп сурайт го деп, баргысы келген жок. Бирок барды. Ойлогонундай эле апасы: “Жүрү мени менен, Сыймыкка барабыз”, – деди аны кучактап. “Сыймык кетип калды, мен да кетип калсам, чоң апам куруйт го”, – деп жооп берди. Анан: “Сабак башталып калды, эжей урушат”, – деп шашты.

“Мунуң сени менен кетпейт, мастан кайненең баланын башын айланткан тура!” – деди апасынын жанындагы аял жини келип. Коштошордо апасы: “Чоңойгондо өзүң мени издээрсиң, ага чейин мен ушинтип чакырганда, учурашканы келип жүр, макулбу?” – деп өтүндү. “Макул”, – деди да, чоң балээден кутулган өңдүү тызылдап, мектебин көздөй чуркап кетти.

* * *

Дарбаза катуу такылдады. “Бар, карачы ким болуп кетти жети түндө?” – деп чоң апасы жумшады. Чуркап барып дарбазаны ачса, таенеси туруптур. 

– Кандайсыз?

Таенеси жооп бергендин ордуна:

– Сага эмне, эне кереги жокпу, ыя?! – деп чыкыйына нукуп алды. 

Коркуп кетип таенесинен боюн ала качты. 

– Ким бар үйдө?

– Баары эле.

Ошол кечте чоң апасы менен таенеси бирде кыйкырып, бирде басаңдап узак сүйлөштү. Бири ооруканада жүрүп кеч келгенин айтты. Экинчиси: “Бүгүн биздикине эле түнөп калыңыз”, – деп өтүндү. Эки кемпир элдешип калгандай болду. Уктап баратып “Сыймык”, “оорукана”, “акча”, “ачуу-таттуу”, “үй-бүлө” деген сөздөрдү үзүл-кесил угуп атты. 

* * *

Эртеси чоң атасы менен короодо отурган. Түш ооп калган ченде атасы дарбазадан кирип келип:

– Ыя, ата, “биттеп атам” деп эле жүрөсүң, бит барбы? – деп сурады чоң атасынан. 

– Эмне болду, битти эмне кыласың? 

– Сыймыкка барып келдим. Палатада чогуу жаткан бир байбиче: “Ай, балам, доктуруң айта берет, аларды көп уга бербей, өзүң да аракет кыл. Сарыкка бит жакшы, бит таап келип, балаңа ичир. Бит боорго жабышат да, балекеттин баарын соруп алат”, – деп айтты. Өзү күн алыс небересине бит ичирет экен. Бүгүн-эртең ооруканадан чыгабыз деп турат. 

– Аа, арбак ургурдун бити, бар болбой анан. Мунун пайдасы да бар тура, кел, кызым, карай салалы, – деп сүйлөнгөн чоң атасы чечине баштады.

“Мына, могуга салгыла”, – деп атасы дарынын кичинекей шишесин колуна карматты. Чоң атасы экөө көйнөктүн, майкенин тигиштерин тинтип отуруп, бир далай эле бит чогултту. Бит карап бүткөндөн кийин чымын-куюн болуп көмүр тамды көздөй чуркап кетти. Чуркап барып, көмүр тамдын артына жашынып, үстүндөгү көйнөгүн чечип бит карады. Бит карап атып: “Апам менен үкөм үйгө кайтып келсе экен, атам апамды урбаса экен”, – деп тиленди.

Демейде чоң атасынын бит каратканынан, жонун тырмата бергенинен тажап, качса, эми “үкөмө керек” деп, тер жыттанган көйнөктүн, майкенин тигиштерин сыдырып, чын дили менен бит издечү болду. Бит, тамак-аш көтөрүнүп атасы экөө ооруканага тынбай каттап жүрдү. 

Бир күнү үйгө атасы, апасы, үкөсү үчөө чогуу келди. “Ооруканадан чыгып, түз эле үйгө келдик”, – деп атасы кудуңдады. Апасы унчукпай жер тиктеди.

Андан кийин деле үйдө уруш-талаш көп болду, бирок апасы үкөсүн жетелеп кеткен жок. Анткени менен апасынын: “Жашооң менен жерге кир! Аял бала үчүн жашайт тура… Силер үчүн кайра келип албадымбы, балдар үчүн жашап кетейин дебедимби?! Экөөңдү эки жерде жалдыратат белем?!” – деп наалыганын, ыйлаганын көп укту. Уккан сайын, “Чоңойгондо апа болбойм”, – деп ойлоно берчү болду. Уруштан, талаш-тартыштан кадимкидей заарканып жүрүп бойго жетти… Азыр алардын бирин эстесе, бирин эстей албайт. Эстегенден качат.

Эстегиси келбеген окуяларды эстеп, апа болгусу келбеген тилегин эстеп, эне болуп энеликтин азабын тартып, кутуда бараткан итин бир карап, жолун бир карап кетип бара жатты.

  • 1985-жылы 19-сентябрда туулган. Кыргыз Улуттук университетин жана Москвадагы М. Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн.

    “Ай менен сырдашуу”, “Бейтааныш бекет” китептеринин автору. “Алтын калем”, “Жолон Мамытов”, “Чыныбай Турсунбеков” атындагы адабий сыйлыктардын ээси. КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген