| |

Иван Бунин: “Күзүндө”

5/5 - (1 добуш)

(аңгеме)

I

Мейманканада бир саамга жымжырттык өкүм сүрдү, мындан пайдаланган кыз ордунан туруп мага көз кыйыгын жиберди.

– Анда, мен кетейин, – деди ал жеңил күрсүнүп. Ошондо экөөбүздүн ортобуздагы кандайдыр бир чоң кубаныч менен жашыруун сырды алдын-ала сезүүдөн улам жүрөгүм дирилдеп кетти.

Ошол кечте кыздын жанынан түк жылбадым жана күнү бою көздөрүнөн чагылган жашыруун жаркырак нур менен баёо элегейликти, араң билинген, бирок кандайдыр аруу мээримди байкадым. Эми болсо кыздын өкүнгөндөй түр менен кетер убактысы болгонун айткан сөзүнүн кыраатынан менин да өзү менен кошо чыгарын билгенсиген тымызын ишаратты туйдум.

Кыз менден: – Сиз да кетесизби? – деп сурады. – Демек, мени узатып коёт экенсиз, – деп кошумчалап, аткарып жаткан ролунун аягына чыкпай, кылчая тиктеп жылмайды. Келишимдүү буралган кыз жеңил гана көнүмүшкө айланган кыймыл менен кара көйнөгүнүн этегин жыйыра кармады. Бул жылмаюуда, бул сулуу жүздө, капкара көздөр менен чачтарда, атүгүл мойнундагы ичке жипке тизилген берметтер менен сөйкөсүндөгү көөхар таштарда, мунун баарында алгач ирет сүйүп жаткан кыздын тартынчаактыгы чагылып турду. Башкалар андан күйөөсүнө салам айта баруусун суранышып, андан кийин кире бериште кийимин кийгенге жардам берип жатканда ким бирөө биз менен кошо чыкпаса экен деп кыпылдап секундаларды санап жаттым. 

Бирок мынакей, жылчыгынан караңгы короого көз ирмемге жарык чагыла түшкөн эшик жумшак жабылды. Тулку-боюмдун калтыраганын күч менен басып, өнө боюмдагы жеңилдикти сезип, кыздын колунан этият кармап, босогодон түшүүгө жардам бере баштадым.

– Сиздин көзүңүз жакшы көрөбү? – кыз бут жагын тиктеп менден сурады. Бул үндөн кайрадан колдоп-кубаттаган жагымдуу илеп угулду.

Көлчүктөр менен жалбырактарды тебелеп, божомолдоп эле түштүктүн ноябрь түнүнүн кеме шаймандарындай нымдуу жана албуут шамалына шуулдап серпилген жылаңачтанган акациялар менен уксус дарактарынын жанынан кызды алып өтүп бараттым. Зымторлуу дарбазадан арабанын чырагы жанды. Мен кыздын жүзүнө карадым. Ал жооп бербестен, өзүнүн кичинекей, колкап кийгенден улам ичке көрүнгөн колдору менен дарбазанын темир туткасын кармап, аны менин жардамымсыз эле ачып жиберди. Шашыла арабага жетип, ага отурду, мен да ыкчамдык менен кыздын жанынан жай алдым…

II

Биз көпкө чейин бир да сөз айталган жокпуз. Акыркы айларда экөөбүздү жашыруун толкунданткан нерселер сөзү жок айтылып, биз эми бул өтө эле ачык жана күтүүсүз айтылгандан улам гана унчуккан жокпуз. Мен кыздын колдорун эриндериме басып, толкундануу менен кайрыла берип, алдыбыздагы көчөнүн түнөргөн мейкиндигине карадым. Андан дагы эле чочулап жаттым, менин “үшүгөн жоксузбу” деген суроомо кыз жооп берүүгө жарабай, алсыз жылмаюу менен эриндерин кыбыратты, ал да менден чочулап жатканын түшүндүм. Бирок да менин кол кысуума ыраазы болуу менен, колумду бекем кысып жооп кайтарды. Түштүк керимсели гүлбактагы дарактарды шуудуратып, кайчы жолдордогу сейрек газ чырактарынын жалыны дирилдеп, жабылган дүкөндөрдүн эшик үстүнө илинген көрнөктөрүн кычыратат. Кээде кайсы бир бүкүрөйгөн сөлөкөт трактирдин теңселген чоң чырагынын алдына кыйраңдап чыга калат, бирок артыбыздагы чырак көрүнбөй калар замат көчө кайрадан ээн боло түшөт да, нымдуу шамал гана жүзүбүздөн тынымсыз жумшак ургулайт. Дөңгөлөк астынан туш-тарапка балчык чачырап, ал бизге кызыгуу менен байкоо салгансыйт. Мен кээде анын ылдый түшкөн кирпиктерине, баш кийим алдындагы жүзүнө карап, жапжакын жерден кызды туюп, чачтарынын болор-болбос жытын искейм, мени атүгүл анын көкүрөгүндөгү жылма жана назик суусар териси да толкундантып сүрдөтөт…

Андан соң биз аягы жоктой сезилген кенен, ээн жана узун көчөгө бурулдук, эски еврей катары менен базарын кыйгап өттүк, ошондо төшөмө жол алдыбыздан бир заматта жок болуп кетти. Кезектеги кайрылышта кыз теңселип кетти, ошондо эрксизден аны кучактай калдым. Кыз алды жагын тиктеп, андан соң мени карады. Биз бири-бирибизди тиктешип калдык, кыздын көздөрүндө эми коркунуч да, олку-солкулук да жок эле, болгону чымырканган күлкүсүнөн бир аз тартынганы сезилди, ошондо эмне кылып жатканымды сезбестен, дароо кыздын эриндерине жабыштым…

III

Караңгыда жол боюндагы телеграф устундарынын бийик сөлөкөттөрү көзгө чалдыгат, акырында алар да жоголуп, кайдадыр башка жакка бурулушуп, жашынып калышты. Шаар үстүндөгү капкара болуп анын алсыз жарыктанган көчөлөрүнөн кантсе да айырмаланып турган асман бул жерде жер менен таптакыр эле биригип, бизди шамалдуу караңгылык курчады. Мен арт жагыма карадым. Шаар оттору да жок болуптур, алар кудум караңгы деңизге чачырап кеткендей, алды жакта бир гана от үлүңдөйт, ал да ушунчалык жалгыз жана алыс дейсиң, кудум дүйнөнүн эң четинен жангансыйт. Бул чоң жолдогу молдавалык бекет эле, ал жактан куураган жүгөрү сабактарында адашып шашыла шуудураган катуу шамал согууда.

– Биз кайда баратабыз? – кыз үнүндөгү калтыракты басып менден сурады. Бирок көздөрү жаркырап турду, караңгыда үңүлө берип, кыздын көздөрүн гана байкай алдым, бул каректерде кандайдыр таңкаларлык, ошону менен катар бактылуу түр бардай. Шамал жүгөрү катарда чалынып, шашыла шуудурап алга жүткүнөт, аттар ага карап алып учат. Биз кайрадан кайсы бир тарапка бурулдук, шамалдын багыты ошол замат өзгөрүп, нымдуу жана салкын боло түшүп, айланабызда мурункудан өтүп тынчсыздана уюлгуп жатты. Абадан болушунча кере жуттум. Мен ушул түндөгү бардык караңгы, сокур жана түшүнүксүз нерсенин баары мындан да түшүнүксүз жана өткүр боло түшүшүн кааладым. Шаарда кадимки бүркөк күндөрдүн бириндей сезилген түн бул жерде, талаада такыр башкача эле. Анын караңгылыгы менен шамалында эми кандайдыр зор да, өкүмчүл да белги бар болчу, мына, акырында отоо чөптөрдүн шуудуру арасынан кандайдыр бир тегиз, бир түрдүү жана шаңдуу дабыш угулду.

– Деңизби? – деп сурады кыз.

– Деңиз, – дедим мен. – Бул – акыркы чарбактар.

Ал эми биз тиктеген кубарган караңгылыкта, биздин сол жагыбызда деңизге карай созулган чарбак бактарынын зор жана түнөргөн сөлөкөттөрү көрүнөт. Дөңгөлөктөрдүн шыбырты менен баткактагы туяктардын дүбүртү бак тосмосун кыйгап өтүп, бир саамга даана угула калды, бирок көп өтпөй аны аларга келип урунган шамал менен деңиздин шуулдагы солкулдаткан дарактардын күңгүрөгөн үнү басып кетти. Караңгыда күңүрт агарып көрүнгөн, жансыздай сезилген бир нече кейпи кеткен үйлөр жылт этти… Андан соң, мырза теректер эки жакка чегине беришип, капысынан алардын ачылып калган арасынан бул жер бетине суулуу аймактардан учуп келип, жердин таза деминдей сезилген шамал жана нымдуу аба бур этти. Аттар токтоп калышты. Ошол замат суунун оор салмагы сезилген бир калыптагы, шаңдуу шуулдоо жана тынчы жок үргүлөгөн бактардын чачкын күңгүрөнүүсү кайрадан угула баштады. Биз жалбырактар менен көлчүктөрдү кечип кайсы бир бийик төшөлмө жолго, эшилме жарга карай кадам таштадык.

IV

Ылдый жакта бул тынчсыз жана уйкулуу түндүн бардык добуштарынан айырмаланып, деңиз айбаттуу күүлдөйт. Мейкиндикте көөлбүп жаткан ал тээ ылдыйда чалкып жатат, деңиз жээкке карап чуркаган толкундар арасынан алыстан агарып көрүнөт. Аскалуу жээкке жабышып, түрү суук арал болуп өскөн бак четиндеги эски теректердин шуулдагы да коркунучтуу эле. Бул ээн жерде кеч күздүн караңгы түнү өктөмдүк менен бийлигин жүргүзгөнү сезилип турду жана кыш келерин туйгансыган жүдөө үй менен тосмо четтериндеги самсаалаган секилер, эски бак каралбай калгандан улам үрөй учурарлыктай куник көрүнөт. Деңиз гана өз күчүнүн улуулугун сезүү менен, бир калыпта шаңдана күрүлдөйт. Эшилме жар кырындагы нымдуу шамал буттан чалат, ошентип экөөбүз көпкө чейин бул сезимдин тереңине сиңген жумшак тазалыкка тойбой турдук. Андан кийин сыйгалак топурактуу чыйыр жолдордон, жыгач тепкичтердин урандыларынан тайгаланып өтүп, деңиз шарпылдагына карай ылдый карап түшө баштадык. Майда кумдарга түшөр замат таштарга урунган толкундан артка чегиндик. Мырза теректер бой кере шуулдашат, ал эми алардын астындагы деңиз кудум буга жооп бергенсип, ачкөздөнө кутуруп шарпылдайт. Бизге келип жеткен тоодой болгон толкундар кудум замбиректен атылгандай күч менен жээкке келип кыйрашат, кар бүртүгүнө окшогон шаркыратма сыяктуу тегерене жаркырайт, кум менен таштарды оодара салып, артка качып толкундун күрүлдөк дабышында чатышкан балырларды, суу астындагы чөптөрдү, майда таштарды жапырат.

Аба бүтүндөй үлбүрөк, нымдуу чаңга толгон, айлананын баары деңиздин жан сергиткен тазалыгы менен дем алат. Караңгылык агара баштап, деңиз узактарга чейин даана көрүнө баштады.

– Ошентип, биз жалгызбыз! – деди кыз көздөрүн жуумп.

V

Биз экөөбүз гана элек. Мен анын назик жана нымшыган эриндеринен, мага тосо берген көздөрүнөн жылмая сүйүп, деңиз шамалынан муздай түшкөн жүзүнөн өптүм, ал эми кыз ташка отура бергенде кубанычтан алсырап, кыз алдына тизеледим.

– А эртеңчи? – деди ал менин башымдан ашыра тиктеп.

Мен башымды көтөрүп, кыздын жүзүнө карадым. Артымда деңиз албууттанат, алдыбызда болсо, теректер бой керип, шуулдашат…

– Эмне эртең? – анын артынан суроосун кайталаган жаным укмуштуу бакыттын көз жашынан үнүм калтырап кеткенин сездим. – Эмне эртең?

Кыз көпкө чейин мага жооп берген жок, андан кийин колун сунду, мен болсо кыздын колкабын чечип колдорунан да, аялдын назик жыты жыттанган колкабынан да өпкүлөй баштадым.

– Ооба! – деди кыз жай гана, ошондо мен жылдыздардын жарыгынан анын кубарган жана бактылуу жүзүн көрдүм. – Кыз чагымда бакыт тууралуу тынымсыз кыялданчумун, бирок мунун баары ушунчалык көңүлсүз жана тажатма болуп чыкты, андыктан, мына бул менин жашоомдогу жападан-жалгыз бактылуу түн чыныгы турмушка коошпой, кылмыштуудай сезилет. Эртең мен бул түндү үрөйүм учуп эскерем, бирок ушул азыр мага баары бир… Мен сени сүйөмүн, – деди ал назик, тынч жана ойлуу гана, кудум өзүнө-өзү айтып жаткансыган түр менен.

Асмандагы сейрек, көгүлжүм жылдыздар үстүбүздөгү булуттардын арасынан жылтылдайт, асман акырындап тунуктана баштады. Эшилме жардагы теректер улам жагымсыз карайып көрүнөт, ал эми деңиз мейкиндиктен барган сайын алыстап бараткансыйт. Кыз мен сүйгөн бийкечтерден мыкты беле, муну билбейм, бирок бул түнү ага теңдеш жок эле. Алдына тизелей олтуруп көйнөгүнөн өпкөнүмдө, ал көз жашы аралаш акырын күлүп, башымдан кучактады, мен болсо кызга акылдан адашкан суктануу менен тиктедим, ошондо назик жылдыздардын ажайып жарыгында анын кубарган, бактылуу, чарчаңкы жүзү мага өлбөс жүз сыяктуу туюлду.

1901

Которгон Назгүл Осмонова

Автор

  • Акын жана котормочу. КР маданиятынын мыктысы, “Ала-Тоо жазы – 97” адабий фестивалынын лауреаты, Курбаналы Сабыров атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты.

    Учурда “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясында башкы редактор жана жетекчи, “Токтобо” басма үйүндө башкы редактор.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген