“Кел мага, күтпөйт деп ойлобо…”
* * *
Кел мага, күтпөйт деп ойлобо,
Артыңа калтыр да санааңды.
Канча жыл карыды кусадан,
Уйкусуз канча таң агарды.
Көздөгү жаш менен көөдөнгө,
Канча жаз кусалуу кат жаздым.
Сезимим деңизге ыргытсам,
Толкуну боюна батпастыр.
Бүгүн мен баракка кат жаздым,
Жибердим дарегиң дайындап.
Болгону бир гана сап жаздым:
“Мезгилдер сүйүүнү карытпайт”.
Үмүт – күн бүтөөрү белгилүү…
Мезгилдер сүйүүнү карытпайт.
