“Керемет оо, борошолоп ак кары жаап жатса…”
* * *
Керемет оо, борошолоп ак кары жаап жатса,
Жөлөнүп олтурайын аска ташка.
Кере-кере дем алам черим жазып,
Курсагым ток, таза абадан жаным ачка.
Жыргал менен тозогу кошулган жээк,
Чарчадым көр тиргилик убайын жеп.
Көп жыл болду сагындым ойноп өскөм,
Ак карыңа оонайын музуңду тээп.
Шыбырайын жан сырымды кулагыңа,
Келдим тоолор, чаңкадым булагыңа.
Көп жыл болду, укпадым, эңсеп турам,
Айтып койсоң, сайрап берсин, уларыңа.
Кумарым кангача угайын аа, угайын аа…
