Кыргыз адабиятынын Султаны Нобель сыйлыгын алабы?
Бийиктиктен бийиктегилер көрүнөт,
Бийиктиктен бийик ойлор төгүлөт!
(Көк асмандагы ыр саптарынан)
Пекинден өйдө көтөрүлгөн учагыбыз Уси шаарын көздөй сапар алды. Көк асманда ак булуттарды аралай учуп баратабыз. Эмнегедир кыргыз адабиятынын султаны Султан Раев эсиме түшүп, ал тууралуу жазгым келип, ойлорумду телефонума түшүрө баштадым.
Жыл сайын октябрь айынын башынан тарта дүйнө коомчулугу “Адабият боюнча Нобель сыйлыгы кимге ыйгарылат болду экен?” деп кулак түрө күтөт. Быйыл канадалык акын жана котормочу Энн Карсондун жылдызы жанып, Нобелдин лауреаты болду.
Кепти ток этеринен – Нобель сыйлыгынан баштаганымдын жөнү бар. “Кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовго эмнеликтен Нобель сыйлыгы берилген эмес?” деген суроо буга чейин далай талкууланды. “Чыңгыз Төрөкуловичтин талапкерлиги таптакыр көрсөтүлбөптүр” деген такталбаган маалыматтар да чыкты. Айтор, Чыңгыз агабыз мартабалуу сыйлыкка татыктуу болсо дагы пешенесине жазылбаптыр. Өткөн иш өттү, ага кайгырып, арман күү чалгандан өткөндү өзгөртө албайбыз. Биз алдыны көздөп, тирүүлүктүн камын жешибиз керек.
Чыңгыз Айтматовдон кийинки муундан Нобель сыйлыгына татыктуу кыргыз адабиятынын өкүлдөрү жокпу? Албетте, бул олуттуу суроо. Чыңгыз Төрөкулович кыргыз адабиятында гана эмес, дүйнөлүк адабиятта өчпөс из калтырган улуу жазуучу. Ал биз үчүн эң бийик чоку. Ал эми анын Нобель сыйлыгын албай калганын кыргыз адабияты үчүн тарыхый адилетсиздик деп эсептейм.
Тарыхый адилетсиздикти жоюп, тарыхый адилеттүүлүктү орнотууга мүмкүнчүлүк барбы? Бар! Кудайга шүгүр, уучубуз куру эмес. Бизде дүйнөлүк адабияттын деңгээлиндеги жазуучуларыбыз бар. Алардын көч башында Султан Раев турары калетсиз.
Султан акебиздин “Жанжаза” романы мындан эки жыл мурда Нью-Йоркто англис тилинде жарык көрүп, дүйнө коомчулугунун жылуу пикирине арзыды (Чындыгын айтканда бу роман Ч. Айтматовдун 1983-жылы АКШдан чыккан “Кылым карытар бир күн” романынан 43 жылдан кийин чыккан кыргыз романы). Америкада чыгарманы ар тараптан талкуулаган макалалар биринин артынан бири жарыяланууда.
“Жанжаза” демекчи, аталган романдын кол жазмасын окуганым бар. Чыгарманын тегерегинде Султан аке экөөбүз эчен ирет баарлашканбыз.
Султан Раевдин “Жанжаза”, “Топон”, “Кашаба” романдарына талдоо жүргүзүү – сынчылардын, адабият таануучулардын иши. Алдыда дагы далай пикирлер айтылып, далай талкуулар болоору талашсыз.
Эми маселенин ток этерине өтөлү. Султан Раев – бүгүнкү кыргыз адабиятынын султаны. Муну эч ким танбайт. Анын чыгармалары дүйнө коомчулугунун назарына илинип, бир катар мартабалуу эл аралык сыйлыктарга татыды. Убагында Улуу Британия ханышасы Елизавета II 2002-жылы аны жаш таланттуу жазуучу катары жеке хансарайына чакырган. Ал кыргыз адабият тарыхындагы зор окуя! Андыктан, учурдагы реалдуулуктан алып караганда, Султан акенин Нобель сыйлыгын алууга мүмкүнчүлүгү жогору. Жалпы чыгармаларынын көтөргөн жүгү да Нобелге татыктуу.
“Жүгүргөн эмес, буйруган алат” дейт элибизде. Мен Султан акеме айтаар элем: Нобель сыйлыгын алууга жүгүрүңүз, а биз пейилибизди кенен салып, сизди сүрөөнгө алалы! “Аракет кылса берекеси болоорун” унутпайлы! Албетте, бу аракетте өлкөбүз да четте карап турбаса болор эле, жакынкы коңшу өлкөлөрдө мындай аракет бар! Бирок, аларда татыктуу талапкер ушу тапта жок экендигин моюндап, айрымдары биздин жазуучуну сүрөп келет.
Жакынкы мезгилде “Кыргызстандын жазуучусу Султан Раев адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты болду” деген кулак сүйүнткөн жаңылыкты угаарбыз. Мына ошондо гана тарыхый адилеттүүлүк орнойт!
Кытай, Уси шаары. 2026-жылдын 28-октябры

Болсун, Султан Раев тарыхта калсын, кыргыз элинен да бар экен деп сыймык менен жашай беребиз, Кудайым берсин.