Сынчы жөнүндө айтылчу сөз
Мамасалы Апышев – кыргыз адабиятында өз үнү, өз жүзү, өзүнүн өзгөчө көркөм дүйнөсү бар, терең психологиялык ички сезимди, турмуш чындыгын чагылдырган чыгармалары менен белгилүү болгон таланттуу жазуучулардын бири. Ал адабиятчы – сынчы катары да кээ бир илимдин кандидаттарынан, докторлорунан алда канча жогорку профессионалдык деңгээлдеги, курч сын макалаларды жазып келе жатканын окурман журту жакшы билет. Анын чыгармалары 1980-жылдардын аягы, 1990-жылдардын башында окурмандардын көңүлүн өзүнө бурган. М. Апышев өз чыгармаларында адамдын ички дүйнөсү, моралдык этикасы, психологиясы, сүйүүсү, достугу, коомдогу өзгөрүүлөрдүн адамзаттын жашоосуна тийгизген таасирин кеңири сүрөттөйөт.
Ал каармандарынын жан дүйнөсүн терең ачып берип, окурманды ойго салган масштабдуу философиялык ойлорду кылдат чагылдырган, өзгөчө сезимтал жазуучу. Анан да тилинин жөнөкөйлүгү, көркөмдүгү, таасирдүүлүгү менен көп калемгерлерден айырмаланып турат. Кийинки жылдары адабий айдыңда активдүүлүгү мурдагыдай байкалбаганы менен, анын калеминен жаралган көркөм чыгармалары, аналитикалык адабий сын макалалары кыргыз адабиятынын баалуу мурастарынан өз ордун жоготпой келе жатканын эч ким жокко чыгара албайт. Анын чыгармалары бүгүнкү күндө да окурманды ойлонтуп, анын руханий дүйнөсүн байытууга кызмат кылып келет. Келиңиз окурман, автордун “Сиз жазуучусузбу?” – деген өзгөчө стилде жазылган аңгемесине чогуу саресеп салып көрөлү.
Жазуучунун “Сиз жазуучусузбу?” – аңгемеси кыргыз прозасындагы ички монолог менен адамдын жан дүйнөсүн үзүл-кесил эскерүүлөр аркылуу сүрөттөгөн эң күчтүү картинасы. Чыгарманын сырткы формасы жөнөкөй көрүнгөнү менен, анын ички структурасы өтө татаал, түпсүз терең психологиялык катмарларга курулган. Бул текст кадимки окуяны баяндоо эмес – бул өмүрдүн өзүнүн агымы, адам тагдырынын үзүлбөгөн ички үнү. Аңгеме жанрын Кыргыз адабиятында Мамасалы Апышевдин мындай ыкма менен сүрөттөп бериши өзүнчө жаңылык болгонун айта кетүүбүз керек.
Бул чыгармада эң биринчи көзгө уруна турган өзгөчөлүк – чыгарманын формасы. Автор салттуу сюжеттик композициядан атайылап баш тарткан. Экспозиция, кульминация, финал деген классикалык бөлүктөр бул жерде шарттуу түрдө гана болбосо, жокко эсе. Аңгеменин өзөгү – белгисиз адамдын жазуучу менен автобусту күтүп отуруп аялдамада сүйлөшүүсү. Жазуучу дал ушул жөнөкөй көрүнгөн кырдаалдын ичинде бүтүндөй бир өмүрдүн философиясын ачып берген. Каарман улам бир окуяны эстеп, улам сүйүүсүн, жоготуусун, жан дүйнөсүнүн жабыркоосун, өкүнүчүн айтып отуруп, окурманды өзүнүн ички абалына акырындап жетелеп алып кирип кетет. Бул ыкма XX кылымдагы модернисттик прозанын аң-сезимди чагылдыруу агымынын (поток сознания) стилине абдан жакын.
“Поток сознания” (англ. stream of consciousness) аң-сезимди чагылдыруу агымы – каармандын ички ойлорун, сезимдерин, элестерин жана аң-сезиминдеги үзгүлтүксүз процессти түздөн-түз сүрөттөп берүүчү адабий ыкма. Бул стиль окурманга каармандын ички дүйнөсүн мүмкүн болушунча табигый түрдө ачып көрсөтүүгө кызмат кылат. Мындай ыкма негизинен XX кылымдын башында 1900–1930-жылдары кеңири өнүккөн. Бул терминди дүйнө коомчулугуна “америкалык психологиянын атасы” катары белгилүү, көрүнүктүү философ-психолог, прагматизм менен функционализмдин негиздөөчүсү – Уильям Жеймс (William James) түптөгөнү маалым. Ал илимге зор салым кошуп, адамдын аң-сезими менен акыл-эсинин иштөө принциптерин анын айлана-чөйрөгө ыңгайлашуусу аркылуу түшүндүрүп берген.
Кийин адабиятчылар бул түшүнүктү көркөм чыгармачылыкка киргизген. Эң алгач бул адабий агым англис тилдүү модернисттик адабиятта мыкты өнүгүп, кийинчерээк дүйнөнүн көптөгөн улуттук адабияттарына жайылтылганы маалым. “Поток сознания” (англ. stream of consciousness) аң-сезимди чагылдыруу адабий агымынын стилдик өзгөчөлүктөрүнө токтолсок, ойлор логикалык тартипте эмес, табигый агым менен берилет. Ички монолог көп колдонулат. Эскерүүлөр, ассоциациялар, сезимдер аралашып, ирээтсиз келиши мүмкүн. Сюжеттен көрө каармандын аң-сезими борбордук планга чыгат, ойлор үзүлүп-уланып чачылып, жыйналып турат. Бул ыкма модернизмдин эң маанилүү көркөм ыкмаларынын бири болуп эсептелет.
“Сиз жазуучусузбу?” аңгемесиндеги эң чоң көркөм табылга – каармандын “роман” тууралуу түшүнүгү. Ал өз турмушун айтып жатып улам-улам: “Романга окшош, чынбы?” – деп сурай берет. Бул жөн гана суроо эмес. Бул – адамдын өз жашоосуна сырттан карап түшүнүүгө болгон далалаты. Каарман өз тагдырын түшүнгүсү келет. Ал жашоосунун маанисин издейт. Жазуучуга кайрылып жаткандай көрүнгөнү менен, чындыгында ал өзүнө-өзү суроо берип, өз жашоосун сүрөттөйт. Ушул жагынан алганда аңгеме адамдын жашоосунун мааниси, эркиндиги менен дүйнөдөгү орду тууралуу ойлорго байланышкан – экзистенциалдык мүнөзгө ээ. Мамасалы Апышев бул жерде өтө маанилүү философиялык идеяны – адам өмүрү өзү эле даяр роман экенин мыкты ачып берген. Жазуучу фантазиядан эмес, турмуштун өзүнөн жараларын каарман билип турат. Ошондуктан ал: “Мен сизге болгон нерселер жөнүндө гана айтып бердим…”, – деп кайра-кайра баса белгилейт. Бул сөздөрдө чыгарманын эстетикалык кредосу жатат. Адабият турмуштун күзгүсү деген терең ой жаралат.
Аңгемеде каармандын образы өзгөчө ийгиликтүү түзүлгөн. Ал жалпы коомдун өкүлдөрүн чагылдырган типтүү каарман эмес. Геолог болом деп кыялданган студент, кайра мугалимдик кесипти тандаган педагог, аялынан айрылган күйөө, жалгыздыкка чыдабаган жалакай пенде, ооруканада акылынан ажыраган аялдын артынан жылдап чуркаган ишенимдүү эркек, сүйгөнүнө жүрөгү менен берилген инсан – булардын баары бир эле адамдын түрдүү абалдары. Автор аны идеалдаштырып да убара болбойт, жээрип, терс мүнөздөмө берип айыптабайт дагы. Каарманды тирүү адам катары ачып берет. Анын алсыздыгы да, асылдыгы да, күчтүү да, күлкүлүү да жактары бар. Мына ошонусу менен образ өтө ишенимдүү жаралган.
Өзгөчө сүйүү темасы чыгарманын борбордук өзөгүн түзөт. Бирок бул жерде сүйүү романтикалык жасалма сезим катары эмес, адам тагдырын аныктаган күч катары берилет. Каармандын бүт өмүрү келип-кеткен сүйүүлөр аркылуу өлчөнөт. Биринчи сүйүү – жаштыктагы үй-бүлөлүк бакыт. Экинчи сүйүү – трагедиялуу руханий жакындык. Үчүнчү мамиле – көңүл муздагандан кийинки ички боштук. Акыркы сүйүү – карылыкка карабай кеч келген үмүт. Автор сүйүүнү адамзаттын жашоосунун чыныгы мазмуну катары көрсөтөт. Ошондуктан каарман акырында: “Менин жашоомдо сүйүү гана болгонсуду”, – деп айтат. Бул сүйлөм – бүт аңгеменин идеялык жыйынтыгы катары окурманга таасир калтырат.
Чыгармадагы диалогдор жасалмасыз, табигыйлыгы менен күчтүү. Каарман сүйлөп жатканда сөздөрү кээде үзүлүп, кээде башка жакка өтүп, кайра темага кайтып келет. Бул – чыныгы тирүү адамдын турмуштагы сүйлөө манерасы. Мамасалы Апышев жасалма адабий тилден качып, табигый психологиялык интонацияны сактаган. Маселен: “Тилимдин учунда эле тургандай, шайтан алгырдыкы…”, – деген сыяктуу кайталануучу сүйлөмдөр образдын ички абалын ачып турат. Адам улгайганда, өткөн өмүрүн эстегенде дал ушундай сүйлөгөнүн баарыбыз улуу муундан кезиктирип келебиз.
Аңгеменин дагы бир күчтүү жагы – убакыт менен иштөөсү. Өткөн чак менен азыркы учур тынымсыз аралашып турат. Каарман үчүн балалыктагы согуш жылдары, “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанындагы жолугушуу, төрөт үйүнө бараткан азыркы учуру – баары бүгүн, азыр, бир мезгилде жашап жаткандай сезилет. Бул адам баласынын эс-тутумунун мыйзам ченемдүү абалына абдан ылайык берилген. Согуш темасы чыгармада чоң орун ээлебегени менен, анын бүт өмүргө көлөкөсү түшүп турат. Атасынын согушта дайынсыз жоголушу, энесинин өлүмү, өзүнүн балдар үйүнө өткөрүлүшү – каармандын кийинки жалгыздыгынын психологиялык түпкү тамырын түшүндүрөт.
Демек, чыгарма жеке адамдын гана эмес, бүтүндөй согуштан кийинки муундун трагедиясын, жашоо образын да камтыйт. Жазуучунун чеберчилиги – ашыкча драматизмден качканында. Эң оор окуялар деле токтоо, кадимки сүйлөшүү абалында ачылып жүрүп отүрат. Мисалы, акылынан ажыраган аял тууралуу бөлүк өтө трагедиялуу, бирок автор андан көз жаш сыгып алууга аракет жасабайт. Тескерисинче, жөнөкөй баяндоо аркылуу терең кайгыны күчөтүп берет. Бул албетте чоң жазуучулук маданияттын белгиси экени талашсыз чындык.
Чыгарманын финалы өзгөчө символикалык мааниге ээ. Аңгеменин каарманы роман кандай бүтүшү керектигин өзү сунуштайт: “Сүйүктүү аялына үйлөнүп, балалуу болуп бактылуу жашап калганы менен бүтүрүү керек…”. Бул жерде ачуу ирония бар. Себеби окурман анын өмүрү андай идеалдуу бүтпөгөнүн билет. Бирок каарман дагы эле кыялындагы бактылуу финалга ишенгиси келет. Демек, адам өмүрүнүн эң акыркы мүнөттөрүнө чейин үмүттөн ажырабайт. Ушул оптимисттик трагизм чыгарманы өтө таасирдүү бийиктикке көтөрүп чыкканы байкалат.
Мамасалы Апышевдин бул аңгемеси – кыргыз адабиятындагы психологиялык прозанын мыкты үлгүлөрүнүн бири. Сырттан караганда бул чыгармада кадимки эле адамдын өмүрү аркылуу сүйүү, жалгыздык, эстутум, тагдыр, убакыт менен адамдык бакыт тууралуу универсалдуу философиялык ойлор айтылган. Аңгеменин күчү – анын реалдуу чынчылдыгында. Автор окурманды таң калтырууга эмес, адамдын жан дүйнөсүн түшүндүрүүгө ориентир алган. Ошондуктан бул текст окулуп бүткөндөн кийин дагы узакка чейин окурмандын ички сезиминде жашап кала берет.
Бул чыгарма – турмуш менен адабияттын ортосунда чек ара жок экенин далилдеген терең психологиялык көркөм текст. Аңгемедеги стиль дүйнөлүк адабияттагы бир нече ири көркөм салттарга үндөшүп турат. Айрыкча “психологиялык проза”, “ички монолог”, “аң-сезимди чагылдыруу адабий агымы”, “экзистенциалдык баяндоо ыкмасы” жагынан алганда бир катар дүйнөлүк алкактагы улуу жазуучулардын чыгармалары менен параллель салыштырууга болот. Бирок Мамасалы Апышев эч кимди түз кайталап, туураган эмес. Анын прозасынан – биздин улуттук кыртышта өнүп-өскөн кыргыз турмушунун, советтик доордун адамынын ички драмасынын нагыз үнү угулуп турат.
Дүйнөлүк адабиятка салыштырып караганда, бир топ жазуучулар менен көркөм жакындыктар ачык байкалат. Андай жакындыктын баш сабында автор өзү жактырган – Антон Чехов бар. М. Апышевдин аңгемесиндеги чеховдук өзгөчөлүк – “чоң окуясыз чоң трагедия” жарата алганында. А. Чеховдун аңгемелеринде адамдын бүт өмүрү кадимки күнүмдүк турмуштагы сүйлөшүүлөрдүн ичинде ачылып берилет эмеспи. М. Апышев да дал ушундай ыкма менен сүрөттөйт. Анын чыгармаларында каарман бир адамга жолугуп, жөн гана сүйлөшүп жатат, бирок ошол сүйлөшүүлөрдүн ичинде бүтүндөй бир өмүргө сыйган трагедия жашайт.
Экинчи чоң жакындык – автордун дагы бир сүйүктүү жазуучусу – Фёдор Достоевский. Өзгөчө адамдын өзүн өзү аңдоосу, өз өмүрүн анализдеп кыйналуусу, үзүл-кесил эмоционалдык сүйлөө манерасы, Мамасалы Апышевдин каарманы улам: “…Романга окшош, чынбы?..”, – деп сураганы – Ф. Достоевскийдин каармандарынын өзүн-өзү анализдеп, сынга алып сүйлөгөнүн эске салат. Мисалы, М. Апышевдин “Сиз жазуучусузбу” аңгемеси менен Ф. Достоевскийдин “Записки из подполья” психологиялык прозасындагы ички монологдор менен үндөштүктөр байкалат. Ф. Достоевский адам табияты татаал экенин, адам эркиндиги менен ички карама-каршылыктары акыл-эс мыйзамдарынан да күчтүү болушу мүмкүн экенин көрсөтөт. Анда да М. Апышевдин аңгемесиндегидей, каарман өз өмүрүн түшүндүрүүгө аракет кылат, өзүн-өзү актайт, кайра айыптайт.
Үчүнчүдөн, бул текстте XX кылымдагы модернисттик адабияттын негиздөөчүлөрүнүн бири, убакыттын өтүшүн жана адамдын ички дүйнөсүн сүрөттөгөн улуу француз жазуучусу Марсель Пруст менен да руханий жакындыктар байкалат. Өзгөчө эс-тутумдун иштеши жагынан М. Прусттун “В поисках утраченного времени” романындагыдай, М. Апышевдин чыгармасында да өткөн мезгил менен азыркы учур аралашып кетет. Же, тескерисинче, “Сиз жазуучусузбу?” аңгемеси сыяктуу М. Прусттун “В поисках утраченного времени” романында эс тутум, убакыт, сүйүү, көрө албастык жана француз коомунун жашоосу кеңири сүрөттөлөт. Каарман үчүн балалык, жаштык, сүйүү, карылык – баары бир убакта жашап тургандай элес калтырат. Экөөндө тең эстутум – сюжеттин негизги кыймылдаткыч ролун аткарат.
Андан кийин Уильям Фолкнер менен окшоштукту да байкоого болот. У. Фолкнердин чыгармаларында адам аң-сезими үзүлмө, фрагменттүү формада агат. М. Апышевдин каарманы да бир окуядан экинчисине күтүүсүз өтүп, кайра кайтып келет. Бул композициялык чаржайыттык чындыгында өтө так уюштурулган ички психологиялык структура. Трагедияны ашыкча пафоссуз берүүдө Эрнест Хемингуэй менен да жакындыгы байкалат. Мамасалы Апышев эң оор окуяларды кадимкидей жай сүйлөп берет. Бул Э. Хемингуэйдин «Муз тоо теориясы (Iceberg Theory) – адабияттагы жазуу ыкмасына» ылайык келет. Э. Хемингуэй да чыгармаларында ушундай принципти колдонот эмеспи. Чыгарманын текстинде окуянын аз эле бөлүгү айтылат, ал эми терең мааниси, каармандардын сезимдери менен ойлору окурман тарабынан калыптанышы керек. «Муз тоо теориясы (Iceberg Theory) – адабияттагы жазуу ыкмасы» боюнча автор ашыкча түшүндүрбөйт. Текст кыска жана жөнөкөй болот. Негизги маанини окурман өз деңгээлине жараша өзү табат. Мисалы, “Чал жана деңиз” чыгармасында балыкчынын деңиздеги күрөшү жөн гана окуя эмес, ал адамдын кайраттуулугу, чыдамкайлыгы анан да тагдыр менен күрөшүү символу.
Ал эми философиялык жалгыздык жана адамдын жашоосунун маанисин издөө жагынан Альбер Камю, Франц Кафка менен да үндөштүктөрү байкалат. Бирок М. Апышевде батыштагыдай абсолюттук үмүтсүздүк жок. Анын каарманы канча кыйналса да сүйүүгө ишенүүсүн жоготпойт. Бул чыгарманы жылуу, гуманисттик мүнөздө кармап турат. Советтик жана постсоветтик мейкиндиктен караганда, Апышевдин бул стили Василий Шукшин, Валентин Распутин сыяктуу жазуучулардын “жөнөкөй адамдын трагедиялуу прозасына” да жакын. Мында, албетте, Мамасалы Апышевдин Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтунан алган билиминин мыкты таасири болгон деп айтсак жаңылышпайбыз.
Мамасалы Апышевдин чыгармалары дүйнөлүк адабияттагы бир нече көркөм салттардын кесилишинде турат. Атап айтсак: “психологиялык реализм”, “ички монолог”, “аң-сезимди чагылдыруу адабий агымы”, “экзистенциалдык проза”, “лирикалык проза”, “антисюжеттик модернисттик баяндоо”. Бирок анын күчү – ушул ыкмалардын баарын кыргызча сүйлөтө алганында. Каарман дүйнөлүк адабияттагы экзистенциалдык каармандардай ойлонгону менен, анын интонациясы, турмуштук чөйрөсү, сүйлөө ритми – таптакыр Ала-Тоолук, нукура кыргызча. Ошондуктан анын чыгармалары абдан таасирдүү жаралган.
