| |

Мукагали Макатаев: “Бөбөк болгум келет”

3/5 - (2 добуш)

Куш да болгум келбеди канатым бар,
Канатым бар күмүштөн жаратылган.
Бөбөк болгум келет-ов, бөбөк болгум,
Бул өмүрдөн кабарсыз жаңы туулган.

Чакан бешик кең дүйнө тарыбаган,
Бирөөгө бар, бирөөгө табылбаган.
Бөбөк болгум келет-ай, бөбөк болгум,
Эне сүтү оозунан арылбаган.

От да болгум келбеди чок табы бар,
Оттой жанып турамын, жылыныңдар.
Бөбөк болгум келет мен, бөбөк болгум,
Күн саамайы ойногон турпатымда.

Канат кагып өмүргө учарымда,
Кесилбесе баары бир тушагым да.
Бөбөк болгум келет-ай, бөбөк болгум,
Балага зар эненин кучагында.

Казак тилинен которгон Кубантай Эрназаров

  • (1931–1976)

    Казак элинин атактуу акыны, жазуучусу жана котормочусу. Ал 20-кылымдын экинчи жарымындагы казак поэзиясынын өнүгүшүнө зор салым кошуп, адамдын сезимдерин, жаратылышты жана мекенди терең чагылдырган ырларды жараткан.

  • 1980-жылы туулган. Кесиби боюнча физик-теоретик, физика-математика илимдеринин кандидаты. Москва шаарындагы Орусиянын элдер достугу университетинде (РУДН) Гравитация жана космология институтунда эмгектенет.

    Аны менен катар өзүнүн адабий чыгармалары жана чыгармалардын түпнуска тилинен которулган котормолору менен белгилүү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген