| |

Орхан Памук: “Менин Атым Кырмызы” (5)

5/5 - (2 добуш)

(роман) 

(Уландысы.  1, 2, 3, 4)

5. Мен жездеңермин

Мен Каранын жездеси болом, бирок башкалар да мени Жезде деп коюшат. Илгери анын апасы да Каранын мени ошентип чакырышын каалачу, кийин жалаң Кара эмес, баары эле мени ошентип калды. Кара биздин үйгө каттай баштаганы мындан отуз жыл мурун, Аксарайдын артындагы каштан менен липа дарактары көлөкө түшүргөн караңгы, ным көчөгө көчүп барганыбыздан кийин эле башталган. Ал биздин мурунку үйүбүз болчу. Жайкысын мен Махмут паша менен жортуулга кетип, күзүндө Стамбулга кайтып келгенимде Кара апасы экөө биздин үйдө баш калкалап жүргөнүн көрчүмүн. Маркум апасы менин маркум жубайымдын эжеси эле. Кээде кышкы кечтерде үйгө кирсем, апасы менен менин жубайым бири-бирине жөлөнүп, көздөрү жашка толуп сырдашып отурушканын көрөр элем. Эч бир жерде турукташа албаган, алыскы медреселерде мугалимдик кылган атасы түнт, ачуулуу жана ичимдикке берилген адам болчу. Ошол кезде Кара алты жашта эле болуп, апасы ыйласа ыйлап, апасы токтосо токтоп, мага Жездесине, коркуу менен алайып карап калчу.

Азыр болсо аны өз алдынча бекем, жетилген, урмат-сыйы бар жээн катары көргөнүмө кубанам. Мага көрсөткөн урматы, колумду өпкөндөгү кылдаттыгы, белекке алып келген моңгол сыя куюлган идишин сунуп жатып: «Бул жалаң кызыл сыя үчүн», – дегени, алдымда тизесин жыйнап тыкан отурганы, мунун баары анын өзүнө бекем болууну каалаган акыл-эстүү, жетилген адам экенин гана эмес, менин да кандай карыя болууну эңсегенимди дагы бир жолу эске салат. 

Ал бир-эки жолу гана көргөн атасына окшошуп, узун бойлуу, сымбаттуу, кыймылдары бир аз шашма болсо да өзүнө жарашып турчу. Колдорун тизесине коюп, мен маанилүү нерсе айтып жатканда «түшүнүп жатам, урмат менен угуп жатам» дегендей көзүмдүн ичине үмүттүү карап, сөздөрүмдүн ыргагына жараша башын жай термегени абдан орундуу. Ушул жашка келип түшүндүм: чыныгы урмат жүрөктөн эмес, майда эрежелерден жана моюн сунуудан жаралат экен.

Анын апасы уулунун келечегин ойлоп, ар кандай шылтоо менен биздин үйгө алып келип жүргөн жылдары Каранын китепке кызыкканын байкаганым экөөбүздү кыйла жакындатты. Үйдөгүлөрдүн тамашасы менен ал мага шакирт болуп калды. Мен ага шираздык накышчылар жантык сызыгын сүрөттүн эң жогорку жагына тартуу менен жаңы усул жаратканын айтып берчүмүн. Лейлага болгон сүйүүсүнөн башы айланган Мажнунду баары чөлдө жалгыз сүрөттөшсө, улуу устат Бекзат аны кантип казан асып, от жагып жаткан, чатырлар арасында жүргөн адамдардын арасында андан да жалгыз көрсөтө алганын түшүндүрчүмүн. Хосров түн ортосунда көлдө жуунуп жаткан жылаңач Ширинди караган учурду сүрөттөгөндө, Низаминин поэмасын окубай туруп аттарды, кийимдерди өз билгениндей боёгон накышчылар күлкүлүү экенин айтып, эгер сүрөтчү текстти акыл менен окубаса, анда анын калем кармашына акчадан башка себеп жоктугун белгилечүмүн.

Азыр Кара дагы бир маанилүү акыйкатты түшүнгөнүнө кубанып турам: эгер өнөрдөн көңүлүң калбасын десең, аны кесип кылбай эле кой. Канча таланттуу болсоң да, акча менен бийликти башка жактан изде, болбосо эмгегиңдин баасын албаганда өнөрдөн түңүлөсүң.

Ал мага Тебриздеги устат накышчылар менен каллиграфтар канчалык жакыр жана үмүтсүз абалда экенин айтты. Тебризде эле эмес, Мешхедде, Халепте да көпчүлүк накышчылар китеп кооздоону таштап, жалгыз баракка сүрөт тартууга, чет элдик саякатчыларды таң калтырчу кызыктарды жана адепсиз сүрөттөрдү жасоого өтүшкөн экен. Шах Аббастын тынчтык келишиминен кийин падышабызга белек кылган китеп азыртан эле айрылып, барактары башка китепке колдонулуп жатканын угуптур. «Индиянын падышасы Акбар жаңы чоң китеп үчүн ушунча көп акча чачып жатыптыр» деп, Тебриз менен Казвиндин эң мыкты накышчылары анын сарайына кетип жатышкан имиш.

Булардын баарын кеп кылып жатып ал мага башка да кызыктуу окуяларды айтып берди. Мисалы, жалган Мехдинин күлкүлүү баяны же Сефевилер тынчтык келишими үчүн өзбектерге барымтага берген акылсыз канзааданын үч күндө ысытмадан өлүп калганы тууралуу. Бирок анын көзүнө түшкөн көлөкөдөн улам экөөбүздү тең санааркаткан маселе дагы эле бүтө элек экенин түшүнүп турдум. 

Ар бир жаш жигит сыяктуу эле, Кара да биздин үйгө келип-кетип, кызым тууралуу уккан соң, менин сулуулардын сулуусу жалгыз кызым Шекүреге ашык болгон. Ал кезде көбү аны көрбөй эле сүйгөндүктөн, бул мага анча коркунучтуу көрүнгөн эмес. Бирок Каранын сүйүүсү башкача болчу. Аныкы болсо үйгө келип, аны жанынан көрүп, ага жакын боло алган жигиттин кара сүйүүсү эле. Күтүлгөндөй, ал жалындаган сүйүүсүн ичине ката албай, аны түз эле кызымдын өзүнө билдирүү менен жаңылыштык кетирди.

Ошондон кийин биздин үйгө келбей калууга аргасыз болду.

Ал Стамбулдан кеткенден үч жыл өткөндөн кийин кызым эң жаш, эң сулуу курагында бир сыпайга (1) турмушка чыккан. Ал жоокер эки уулдуу болгондон кийин жортуулга кетип, кайтып келген эмес; төрт жылдан бери андан кабар да болгон жок. Бул кабарды Кара да билсе керек деп ойлойм. Бул ушактар тез тараган үчүн эмес, болгону биздин ортобуздагы мамиленин тынчтанып калган учурларында, анын көз карашынан баарын түшүнүп калганын сезем. Ал тургай азыр, рахленин (2) үстүндө ачык жаткан Китаб-ур Рухту карап жатып дагы, үйдүн короосунда ойноп жүрүшкөн балдардын үнүнө кулак салып жатканын байкайм, анткени кызым эки уулу менен эки жылдан бери атасынын үйүнө кайтып келген.

Кара жокто салдырган бул жаңы үй тууралуу азырынча сөз кылган жокпуз. Балким байлыкка, кадыр-баркка жетүүнү эңсеген жигит катары ал бул жөнүндө сөз кылууну уят көрсө керек. Бирок үйгө кирери менен эле мен экинчи кабат дайыма кургак болорун, ал жакка көчкөнүмдөн улам сөөктөрүмдүн оорушу жеңилдегенин айттым. «Экинчи кабат» дегенде өзүм да кандайдыр бир уяла түштүм, бирок билип коюңуздар: жакында эле байлыгы менден да аз болгон жөнөкөй сыпайлар да эки кабаттуу үй салдыра баштаарын билип турам.

Биз кышкысын накыш (3) бөлмөсү катары колдонгон бөлмөдө отурдук. Жанындагы бөлмөдө Шекүренин бар экенин Кара сезип жатканын байкадым. Ошондуктан аны Стамбулга чакырган катымдагы негизги маселе тууралуу сөз баштадым.

– Сен Тебризде накышчылар менен кандай иштесең, мен да ошондой бир китеп даярдап жатам, – дедим. – Бул китептин буйрутмачысы – Ааламдын Таянычы Падышабыздын өзү. Китеп жашыруун болгондуктан, ал мага казынадан атайын жашыруун акча бөлдүрдү. Накышкананын эң мыкты усталары менен өз-өзүнчө сүйлөштүм: бирине ит, бирине дарак, бирине булут, бирине ат тарттырдым. Бул сүрөттөр венециялык усталардай болуп, падышабыздын бүт дүйнөсүн чагылдырсын дедим. Бирок алар мал-мүлктү эмес, анын ички дүйнөсүн, кубанычын жана коркунучтарын көрсөтүшү керек эле. Акчаны кошконум аны кичирейтип, Шайтан менен Өлүмдү болсо коркконубуз үчүн коштум. Дарактарынын түбөлүктүүлүгү, аттарынын чарчаганы, иттеринин ашкере эркиндиги – баары падышабыздын дүйнөсүн көрсөтсүн дедим. Лейлек, Зайтун, Зариф, Көлөкө деген накышчыларга да өздөрү каалаган темаларды тандасын дедим. Эң суук кыш түндөрүндө да алар мага жашыруун келип, жасаган сүрөттөрүн көрсөтүшчү.

Биз кандай сүрөт тартып жатканыбызды, эмне үчүн тартып жатканыбызды азыр толук айта албайм. Сыр сактап жатканым үчүн эмес, өзүм да толук билбегеним үчүн. Бирок кандай болушу керек экенин билем.

Каранын менин катымдан төрт айдан кийин, мурдагы эски үйүбүз жайгашкан көчөдөгү чачтарачтан анын Стамбулга кайтып келгенин угуп, үйүмө чакырдым. Менин аңгемемде бизди бириктире турган кайгынын да, бакыттын да убадасы бар экенин билчүмүн.

– Ар бир сүрөт бир окуяны баяндайт, – дедим. – Китепти кооздош үчүн накышчы окуянын эң кооз жерин тартат. Сүйүшкөндөрдүн алгачкы жолугушуусу, Үрүстөмдүн коркунучтуу шайтанды өлтүрүшү жана анын өз уулу экендигин билгендеги кайгысы, Мажнундун арстандар, жолборстор, кийиктер жана чөөлөр толгон жапайы табияттагы жалгыздыгы… Искендер согушка кирерден мурун келечегин куштардан билгени барган токойдогу чулдукту бир алпкаракуш тытып жегенин көрүп кыйналганы… Бул икаяларды окуп жатканда чарчаган көздөрүбүз сүрөттөрдү карап эс алат. Эгер икаяда акылыбыз же кыял күчүбүз жетпеген нерсе болсо, сүрөт дароо жардамга келет. Сүрөт – бул окуянын түстөр менен гүлдөшү, көркөмдөлүшү. Окуясы жок сүрөт болбойт деп ойлоп жүрүшөт.

– Бирок болот экен, – дедим акырын өкүнүү менен. – Эки жыл мурда Венецияда бир сүрөттү көрдүм. Падышабыздын элчиси катары барган жерде итальян усталарынын эмгектерин карап, алар тарткан адам портреттерин карап көрүп чыктым. Тартылган сүрөттөрдөн бир окуя издеп, түшүнүүгө аракет кылдым.Акырында бир сүрөттүн каршысында кармалып калдым. 

Ал сүрөт бир адамдын, мендей эле бирөөнүн сүрөтү болчу. Карасам, мага окшобойт, бирок эмнегедир өзүмдү көргөндөй болдум. Ал адамдын жашоосундагы маанилүү нерселердин баары ошол сүрөттө эле. Кемиксиз бир жумуру жүз, бет сөөгү да билинбейт, ал эми биздеги уламыштардагыдай чоң бир жаактын да белгиси жок. Мага эч окшобосо да, эмнегедир караган сайын жүрөгүмдү козгоп, бул менин эле сүрөтүмдөй туюлчу.

Сарайды кыдырткан венециялык мырзадан дубалдагы сүрөт анын бир досунун – өзү сыяктуу эле ак сөөк мырзанын элеси экенин билдим. Ал өзүнө маанилүү болгон нерсенин баарын өзүнүн сүрөтүнө түшүрткөн экен: артындагы ачык терезеден көрүнгөн көрүнүш – чарба, айыл, түстөрү аралашып чындык сыяктуу көрүнгөн токой. Алдыңкы үстөлүндө – саат, китептер, убакыт, жамандык, өмүр, калем, карта, компас, сандыктар, алардын ичинде алтын тыйындар, дагы башка майда-чүйдө нерселер, балким көп сүрөттөрдөгүдөй мен түшүнбөгөн, бирок туюп турган нерселер… Жиндин, Шайтандын көлөкөсү, анан атасынын жанындагы түш сыяктуу сулуу кызы.

Бул сүрөт кайсы окуяны кооздоп, толукташ үчүн тартылган? Сүрөткө карап туруп түшүндүм: бул сүрөттүн окуясы өзү экен. Ал кандайдыр бир баяндын уландысы эмес, тескерисинче, өзү үчүн жаралган нерсе эле.

Анын алдында ушунчалык таң калып, катып калганымдан, ал сүрөт акылымдан кетпей койду. Сарайдан чыгып, конок болуп жаткан үйүмө кайттым да, түнү бою ошол сүрөттү ойлодум. Мен да ошондой тартылгым келди. Жок, бул менин дараметим эмес, падышабыз дал ошондой тартылышы керек! Аны өзүнө таандык бардык нерселер менен, анын ааламын курчап турган дүйнө менен бирге сүрөттөш керек. Ушул ой менен бир китеп жасаса болот деп чечтим.

Италиялык устат венециялык мырзанын сүрөтүн ушунчалык кылдат тарткан экен, көрөр замат кимдин сүрөтү экенин түшүнөсүң. Эгер ал адамды мурда көрбөсөң да, элдин арасынан таап бер дешсе, миңдеген адамдардын ичинен дал ошол сүрөт аркылуу аны таап чыкмаксың. Италиялык устаттар адамды башкадан кийими же белгилери менен эмес, жүзүнүн түзүлүшү аркылуу айырмалоонун ыкмасын, чеберчилигин тапкан. Муну алар «портрет» дешет экен.

Эгер жүзүң бир жолу ушундай тартылса, анда эч ким сени унуттура албайт. Сен алыста жүрсөң да, сүрөтүңө караган адам сени жанында жүргөндөй сезет. Сен тирүү кезиңде сени көрбөгөндөр да, өлгөнүңдөн көп жыл өткөн соң, сени бетме-бет тургандай элестете алышат.

Көпкө чейин унчукпай отурдук. Үйдүн ортосунан көчөгө караган, ылдый жагындагы терезе жапкычтарын эч качан ачпаган кичинекей терезенин үстүңкү бөлүгүн жаңы эле момдолгон кездеме менен жапкан элем, ошол жерден сырттын суугу өңдүү ичиркенткен, муздак, үрөй учурган жарык ичкери кирип турду.

– Бир накышчым бар эле, – дедим. – Падышабыздын бул жашыруун китеби үчүн, башкалар сыяктуу эле, мага жашыруун келип таң атканча иштечү. Ал эң мыкты тезхипчи болчу. Байкуш Зариф эфенди бир түнү ушул жерден чыгып кеткен, бирок үйүнө жетпептир. Устамды өлтүрүп коюшкан го деп коркуп турам.

_________________________

(1) Сыпайчы же сыпай – Осмон империясындагы атчан аскер 

(2) Рахле – Куран Керимди же китеп окула турган кичине стол

(3) Накыш – кездеме,булгарыга ийне менен сайма өнөрү

(уландысы бар)

Түрк тилинен которгон Толук Бек Байзак

Автор

  • Акын, котормочу, журналист. Бир катар эл аралык, республикалык адабий сыйлыктардын ээси.  “Көчмөн дүйнө” аталышындагы ыр жыйнагы чыккан.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген