Өткүр Хашимов: “Күн шооласы”
(аңгеме)
– Апам кетем деп жатат…
Хуршид жазуу столундагы чиймелерди карап отурган жеринен башын көтөрдү. Аялынын сөзүн кулагы чалганы менен, маңызына жетпегендей нес боло тигилди. Босогодо турган Назира үстүндөгү майрамдык атлас көйнөгүнүн сыртынан тагынган алжапкычына аппак, толук колдорун аарчып жаткан эле.
– Мынча кеч болуп калганда кайда бармак эле?..
– Айтып эле жатам, – деди Назира башын бир жагына кыйшайта, үнүндө кызыктай бир кайдыгерлик ойноп. – Бирок сөзүмдү кулагына да илген жок. Өзүнүкүн гана бербейт.
Хуршид китеп текчесинин бир бурчунда, калың томдордун арасында кыпчылып, убакыттын таш боордугун эскертип тыкылдап жаткан саатты карады. Алты болуп калыптыр. Күүгүм кирип бараткан.
“Вокзалга жетишемби?..” – деп ойлоду да, ишенимсиз үн катты:
– Мүмкүн… машина менен жеткирип коёрмун?
Назира колдорун дагы эле алжапкычына аарчыган бойдон ийинин куушуруп койду. Ал күйөөсүнүн көзүнө тике караган жок. Хуршид аялынын мүнөзүн беш колдой билчү: эгер ал кирпиктерин төмөн түшүрүп алса – демек, макул эмес, демек, ичинде бир каршылык бар. Назира үчүн кандай болбосун өзүнүкүн бербөө, өз бийлигин жүргүзүү башкы орунда эле. Башында майда-чүйдөдөн башталган мындай таарынычтар акыркы убакта кадимки кансыз согушка айланып бараткан.
– Анан шеф таарынып калбайбы? – деди Назира үнүнө жасалма бир камкордук кошо, бирок кесе айтылган эскертүү менен.
“Албетте, таарынат!” – Хуршид ордунан ишенимсиз козголуп жатып, бүктөлүп калган кымбат баалуу килемдин учуна чалынып кетти. Ичинен заардуу сөгүндү: “Ай, атаңдын көрү ай! Шахтын сарайындай эле кылдыңар… Төшөлгөнү да, илингенги да килем! Дем алганга таза аба калган жок бул үйдө!”
Кире бериште, кичинекей гана, арык чырай Фазилат эне – айылдаштары аны ушундай дешчү – креслонун кырында, өзүн бейтааныш бирөөнүн үйүндө жүргөндөй бүрүшүп отурган эле. Колунда эски түйүнчөгү. Ал көптөн бери эле ушул абалда, уулун тынчсыздандырбай, тагдырдын бир чечимин күткөндөй үнсүз кептелген окшойт.
Апам кантип картайып кеткен! Хуршиддин жүрөгү “зырп” этип алды. Бою чүрүшүп, кичирейип калгандай. Жүндөн токулган кара жоолугунун астындагы жүзүндө бырыш көбөйүп, көзүнүн асты шишип калыптыр – ал ажалдын эмес, азаптын жана дарттын издери эле.
– Апа, жылына бир келесиз, – деди Хуршид күйүп-бышып, – келериңиз менен кайра кетем дейсиз… Жат үйгө келгенсип…
Эне креслодон араң туруп, түйүнчөгүн көкүрөгүнө бекем кысты. Бул түйүнчөктө анын бүтүндөй байлыгы эмес, бүтүндөй мээрими катылган сыяктуу.
– Карындашың Мавлюда жалгыз калды, балам… Аны көпкө таштай албайм.
– Апа! Мавлюда жаш бала эмес да, калыңызчы дагы бир күн!
Хуршид ушинтип жалынганы менен, апасынын чечими таштан катуу экенин, бул үйдөн тезирээк кетүүгө шашып жатканын сезип турду.
– Силердин шаардагы үйүңөргө такыр көнө албай койдум, балам, кечирип кой… Мага бул жер тар, дем жетпей жатат…
“Мына… Апама да бул жерде дем жетпей жатат!” – Хуршиддин кулагында бул сөз ок сыяктуу жаңырып турду. Аялынын көзүн карап, узатып коюуга дити барганы менен, деми чыкпай, өзүнүн алсыздыгына ичинен ууланып турду.
Вокзалда эл суюлуп аз экен. Кыштын кыска күнү бүттү, каш карайып, асманды сур булуттар тордоп алды. Дарактардын бутактарында жаңы жааган кар аппак түстө жылтырайт. Арык жээгинде бир өспүрүм бала музду тепкилеп, өзүнүн балалык дүйнөсү менен алек. Жакын жерде манты саткан аял балага: “Өтүгүңдү айрып аласың, шүмшүк!” – деп заардуу кыйкырды.
Эне чыдай албай, үнү шыбырап: “Урушпачы баланы, айланайын”, – деди. Бирок сатуучу аял ачууланып, турмушуна наалып, бүткүл дүйнөнү күнөөлөп кирди. Эне унчукпай автобуска жөнөдү. “Уулуң бар экенине шүгүр кылсаң боло… Кимдир бирөөлөр ушундай перзент үчүн бүт өмүрүн берүүгө даяр”, – деп ойлоду ал.
Автобус Чиназды көздөй, караңгылыкты жиреп жөнөдү. Мотордун бир калыптагы добушу Фазилат энени өткөн күндөрдүн туманына жетеледи. Согуш жылдары… Жалгыз калган кези… Хуршидин бешикке бөлөп коюп, айран сүтүн шаарга ташып, станцияда оор жүктөрдү көтөрүп уулун баккан. Бир жолу Хуршид өлүм менен өмүр ортосунда калганда, калың карды кечип жөө шаарга дары издеп барганын эстеди. Ошондо бутуна суук тийип, ревматизм арттырып албады беле.
А Хуршид чоңоюп, окумуштуу болду. Бирок шаардын жалтырак жашоосуна сиңип кетти. Назиранын бай туугандары Фазилат энени тойдо дасторкондун эң четине, “керексиз буюмдай” отургузуп коюшканда да ал унчуккан эмес. Уулу бактылуу болсо болду дечү… Бирок бүгүн ал жерде чындап тумчугуп кетти. Ал үй эмес, алтындан жасалган зындан сыяктуу сезилди ага, анын үстүнө уулу менен келини үйлөнгөнүнө канча жыл болсо да перзент көрүшө элек.
Ошол эле учурда шаарда Хуршид машинасын от алдыра албай убара эле. Назира жанында туруп: “Кечиктик! Саатты карасаңыз! Атам бизге ушундай бузук машина бергенби?” – деп наалып жатты.
“Дагы… дагы анын атасы, анын акчасы!” – Хуршиддин жини кайнады. Анын бүт өмүрү Назиранын туугандарына же устаты Фаиз Махмудовичке болгон карызга байланган сыяктуу. Бүгүн да шефтин урматына банкет уюштуруп, конокторду ташышы керек. Өз энесин вокзалга жеткирүүгө жарабаган алсыз уул, шефинин коноктору үчүн чуркап жүрөт…
Ресторандын ичи шаңдуу. Музыка, күлкү, жасакердик. Назира жаркылдап конокторду тосуп жатат. Ал эми Хуршиддин ою Чиназдын караңгы жолунда. Ал өзүнүн бүт жашоосу – ушул жасалма жылтырактарга, килемдерге жана бирөөлөрдүн ыраазычылыгына сатылып кеткенин сезди. Апасынын: “Дем жетпей жатат…” – деген сөзү анын абийирин камчылап жатты.
Түн жарымында Хуршид машинасын Чиназды көздөй бурду. Ал апасына жетиши керек эле! Кечирим сурашы керек эле! Бирок айылына жеткенде, апасынын терезесиндеги жарык өчкөнүн көрдү. Ал эшикти кагууга батына алган жок. Босогодо туруп, терезеден түшкөн айдын муздак нуруна карап, бала кезин эстеди. Апасы аны “Күн шоолам” деп эркелетчү.
Ал ошол күн шооласынын – чыныгы бакытты жана эне мээримди – акчалууларга жана башка бирөөлөрдүн жасалма сыйына алмаштырып жибергенин кеч түшүнүп, үнсүз өксөп турду. Ал эми ары жакта, терезенин артында, Фазилат эне уулунун амандыгын тилеп, түйүнчөгүн жазданып, тынч уктай албай жаткан эле…
Которгон Жанаргүл Жолдошова

Жакшы жазылыптыр.
Кайсы тилден которулганы кошо жазылса түз котормолордун тизмесин ала берет элек.
Анткени бара-бара кыргыз котормосу жалаң түз котормого өтүшү керек.
Эгер бул аңгеме түз которулган болсо, ошонун өзү эле ийгилик.