Расул Гамзатов: “Небереме, кичинекей Шахриге”
Неге ыйлайсың, менин аруу татынам,
Эмне болду, түш көрдүңбү же күмөн?
Маңдайыңда ата-энең бар жалынган,
Жакындарың үйрүлөт бүт үстүңөн.
Көк жетиммин ата-энемден ажырап,
Көп жыл болгон кайгым жүрөт кетпей бир.
Ыйлаар болсом мына мага жарашмак,
А сен, кызым, көп ыйлайсың негедир.
Көрө албастар тартпай сага тузагын,
Куру доомат көңүлүңдү эзген жок.
Ырдап берет апаң бешик ырларын,
Бүт Ааламда андан кымбат нерсе жок.
Билем достун сатып кеткен кыйласын,
Жек көрүүнү сездим далай душмандан.
Сенин эмес, менин керек ыйлашым,
Көкүрөгүм ызага бүт ууланган.
Жан аттууну жок кылууга умтулган,
Согуш өртүн көргөн жоксуң, чырагым.
Ачык асман, айланаң кооз кулпунган,
Мына бейкут күндө жашап турасың.
Кан майдандан агаларым кайткан жок,
Көкүрөктөн кетпес болду зар-муңум.
Неге ыйлайсың? Мен ыйласам оң болмок,
Көрүп келген өмүрдүн бүт кордугун.
Десем мага неберем жооп кайтарат,
Кобураса түкшүмөлдөйм мен мындай:
“Баарын көрдүң, барсың, ата, саламат,
Мага аларды көрүү турат алдыда.
Катаал кылым толуп муңга, азапка
Сезимиңди алай-дүлөй түшүргөн.
Ошондуктан мен ыйлайм да, чоң ата,
А сен неге ыйлайм дейсиң, түшүнбөйм?”
