Руханий азык берген “Сен эмген эмчек”
“…Апамды сууга алып жатышканда тартылган көшөгөнүн баш жагында карап отурган элем. Акыркы жолу болсо да көрүп калайын деп мукурагандыгы аргам ошол болду. Апамдын денесин ачышканда эң биринчи эле эки эмчеги көзүмө урунду. Бала эмизген жаш аялдын сүткө толгон эмчегиндей балкайып ууздай агарып турган экен. Ортосундагы үрпү типтик болуп карарат. Жүрөгүм сыздап кетти. Биз ээмп чонойгон эмчек. Апамдын көкүрөгүн жыттаганды эмне үчүн жакшы көрөрүмдү ошондо гана түшүндүм…”
(Чыгармадан үзүндү. Б. А.)
Кыргыз адабиятында адамдын ички дүйнөсүн, энелик мээримди, үй-бүлөлүк баалуулуктар менен турмуштун түбөлүктүү акыйкатын көркөм сөз аркылуу жүрөккө жеткире сүрөттөй алган калемгерлердин өзгөчө орду бар. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Зинакан Пасаңова өз чыгармаларында адамдын ички сезимдерин, маанайын, жан дүйнө абалын өтө назик, таасирдүү чагылдырган – лирикалык-психологиялык тереңдиги, турмуштук чындыгы, адамдык сезимдерди назик сүрөттөй билген көркөм чеберчилиги менен ошол сүрөткерлердин баш сабында турарына калемгердин көркөм дүйнөсү менен жакындан таанышканда ынандым.
Зинакан Пасаңованын чыгармачылыктагы өзгөчөлүгү – улуттук дүйнөтаанымды жалпы адамзаттык баалуулуктарга табигый мүнөздө айкалыштырып сүрөттөй алганында. Анын каармандары кыргыз турмушунун өкүлдөрү болуп туруп, алардын кубанычы менен кайгысы, сүйүүсү менен арманы, үмүтү менен коркунучу дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун ар бир адам баласына тиешелүү экенин көрүүгө болот. Сүрөткердин ушул касиети анын чыгармаларынын руханий баалуулугун арттырып турат. Жазуучунун 2006-жылы басмадан чыккан “КУТ ТҮШКӨН ТҮНДӨР” китебиндеги чыгармаларын окуп отуруп, анын калеминен жаралган эмгектер – адам жүрөгүнүн эң назик кылдарын козгогон, өмүрдүн улуулугу менен энелик мээримдин түбөлүктүүлүгүн даңазалаган көркөм мурастардын катарына кирерине күбө болдум.
Жазуучунун аталган китебиндеги окурмандын көңүлун өзүнө өзгөчө бурган “СЕН ЭМГЕН ЭМЧЕК” аңгемесин саресепке алып карасак, кыргыз прозасында, жалпы эле дүйнөлүк адабиятта көп кездеше бербеген, бирок ар бир адамдын жүрөгүнө жакын болгон теманы, эне менен баланын табигый байланышын, анын акырындап үзүлүшүн, анан ошол үзүлүүнүн артындагы терең психологиялык сезимдерди көркөм чагылдырган терең философиялык мыкты чыгарма экенин моюнга алабыз. Автордун эң чоң ийгилиги – энелик сезимдин ички психологиялык абалын табигый мүнөздө, ишенимдүү сүрөттөй алгандыгында. Чыгармада эне баласын эмчектен чыгарууну жөн гана физиологиялык зарылдык катары эмес, өзүнүн жүрөгүнөн үзүлүп жаткан чоң жоготуу, мээримден жаралган ыза катары кабыл алат.
Жазуучу бул алакандай аңгемесинде: «Ошол бойдон эненин ак сүтүнөн айрылдың, уулум!..» деген жөнөкөй сүйлөмдөрү аркылуу эле бүтүндөй эне менен эмчектен чыгып жаткан баланын ортосундагы драманы ачып берет. Бул жерде окурман баланын эмес, эненин жүрөгүндөгү өзгөрүүгө, кайрадан эмизип сала жаздаган энелик мээримдин жабыркоосуна, уйкусуз түн күзөтүп, баласын телмирип тиктеген көздөрүнө көбүрөөк санаркайт. Себеби чыгарманын негизги конфликтин баланын эмчектен ажырашы эмес, азап тарткан энелик дүйнөнүн жаңы баскычка көтөрүлүшү түзүп турат.
Бул чыгармада өзгөчө көркөм образ катары өрүк гүлү ийгиликтүү пайдаланылган. Өрүк гүлү биринчи жолу каарман “тез жардам” авто унаасы менен төрөтканага бараткан учурда жолдон көрүнөт. Анда ал жашоонун, үмүттүн, жаңы жаралуунун белгиси катары кабыл алынат. Кийин чыгарманын соңунда ошол эле өрүк гүлү кийинки баланын төрөлүшүнүн кабарчысы болуп кайрадан кайталанат. Мындай символдук кайталануу чыгарманы бүтүндүккө алып келип, анын көркөм структурасын бекемдеп турат. Өрүк гүлү бул чыгармада өмүрдүн башталышы, энелик бакыт, муундардын уланышы, өлүмдөн кийинки жашоонун уландысы, – деген идеяларды бириктирген символдук образга айланганын көрүүгө болот.
Автордун көркөм сөз каражатына келсек – тили өтө жандуу, көркөм-табигый тил. Энелик монологдун табигыйлыгы, элдик сөздөрдүн орундуу колдонулушу, лиризм менен реализмдин айкалышы, эмоциянын жасалмасыз берилиши окурманды өзүнө тартып турат. Аңгеме окурманды ыйлатууга аракет кылбайт, бирок окуя табигый чындык аркылуу жүрөккө жетип, каректи качан жаш чайганын окурман сезбей калат. “Сен эмген эмчек” аңгемеси бир караганда эне менен бала жөнүндө жазылган лирикалык аңгеме сыяктуу сезилет. Бирок анын терең катмарында адамдын өмүр жолу тууралуу орчундуу философиялык ой жатат. Бул чыгарма бизге бир чындыкты эскертет. Ал “адам өмүрү төрөлгөн күндөн тартып ажырашуулардан турат”, – деген чындык. Алгач эмчектен ажырайбыз, кийин балалыктан, ата-энеден, жаштыктан, өмүрдөн ажырайбыз. Бирок ошол жоготуулардын ар бири жаңы баскычтын башталышы экени талашсыз чындык.
Зинакан Пасаңованын “Сен эмген эмчек” аңгемесинин күчү анын чоң окуяларды эмес, ар бир үй-бүлөдө болуп келе жаткан жөнөкөй көрүнүштөрдү жалпы адамзаттык мааниге көтөрө алгандыгында. Бул чыгарма энелер тууралуу гана эмес, адамдын эң алгачкы сүйүүсү, эң биринчи коопсуз жайы менен өмүр бою аң-сезиминин түпкүрүндө сакталчу жылуулук – эненин ак сүтү жөнүндө жазылган жүрөк баяны. Анын көркөм наркы да дал ушунда жатат. Бирок бул аңгеме өлүмдү трагедия катары эмес, өмүрдүн мыйзамдуу уландысы катары кабыл алат. Эненин акыркы сапарга урмат-сый менен нарктуу узатылышы кыргыз дүйнөтаанымындагы “жакшы өлүм” концепциясын мыкты ачып көрсөтөт.
“Сен эмген эмчекти” дүйнөлүк адабият менен салыштырып карасак, чыгарманын эң чоң артыкчылыгы – автор адам өмүрүнүн бүтүндөй циклин энелик эмчек образы аркылуу бириктирип бере алгандыгында. Чыгармадагы негизги көркөм чынжыр: бойго бүтүү, толгоо, төрөлүү, ууз сүт, эмчек эмүү, эмчектен чыгуу, чоңоюу, эне болуу, энени жоготуу, акыркы сапарга узатуу, жаңы наристенин жаралышы. Мындай композиция дүйнөлүк адабиятта сейрек кездешет. Адабий айдыңда көптөгөн чыгармалар төрөлүү же өлүү жөнүндө өзүнчө жазылып келет. А Зинакан Пасаңова алардан айырмаланып бул аңгемесинде төрөлүү менен өлүмдү бир бүтүн философиялык айлампага тутумдаштырып салган.
Чыгарманын негизги артыкчылыктарына токтолсок: Биринчи артыкчылыгы – аңгеменин психологиялык чынчылдыгында. Автор энелик сезимди жасалма куру пафоссуз, табигый алкакта реалдуу сүрөттөп берет. Зинакан Пасаңованын чыгармаларында адам тагдыры чоң окуялардын же кескин бурулуштардын алкагында эмес, күнүмдүк турмуштун жөнөкөй көрүнүштөрү аркылуу ачылып жүрүп отурат. Бирок ошол жөнөкөй көрүнүштөрдүн артында өмүрдүн терең философиясы, адамдык сүйүү менен жоготуу, үмүт менен кусалык, эне менен бала, муун менен муундардын байланышы сыяктуу жалпы адамзаттык маселелер жатат. Жазуучунун артыкчылыгы, тасмада көрсөтө албай турган инсандык өзгөчө сезим-туюмдарды жазуу аркылуу жеткире сүрөттөп бере алганында.
Экинчи артыкчылыгы – колдонулган деталдын күчү. Наристенин “Ма?” деген бир эле сөзү аркылуу эмчектен чыгып жаткан наристе бала менен эненин ортосундагы бүтүндөй драманы айкын сүрөттөйт. Наристе бала эмчектен ажырап жатканын акылы менен түшүнбөйт, бирок жүрөгү менен сезет. Автор анын көз карашын түз баяндабайт, эненин байкоосу аркылуу берет. Бир жарым жашар наристе бала көйнөктүн жакасын акырын ачып, эмчек эмбей эле көкүрөккө жүзүн коюп жыттап алат да кайра жаап коёт. Энеси кайра эмип алат деп коркуп кетет. Бул эпизод чыгарманын эмоционалдык туу чокусу деп айтар элек. Бул эпизод аркылуу бала физикалык муктаждыктан руханий муктаждыкка өткөнүн көрүгө болот. Ал эми окурман үчүн бул наристенин чоңоюусунун алгачкы белгиси болуп кабыл алынат.
Үчүнчү артыкчылыгы – символдор системасы. Бойго бүтүү, төрөө, эмчек, ууз, өрүк гүлү, эненин жыты, табыт, баары биригип чыгарманын идеялык өзөгүнө кызмат кылат. Анын идеялык-көркөм күчүн арттырган негизги өзгөчөлүк, автордун адам өмүрүн жаралуу учурунан тартып акыркы сапарына чейин бир бүтүн руханий процесс катары кылдат сүрөттөөсүндө. Анткени бул чыгарманы – адам өмүрүнүн толук айлампасынын көркөм панорамасы, – деп айтсак жаңылышпайбыз. Чыгарма наристенин эне боюна бүткөн күндөрүнөн башталат. Эненин толгоо азабы, наристенин жарык дүйнөгө келүү керемети, ууз сүт менен оозануу, эмчек эмүү аркылуу эне менен баланын ортосундагы ажырагыс байланыш көркөм деталдар аркылуу абдан элестүү ачылып жүрүп отурат. Аңгемеде адам жашоосунун башаты – эненин ак сүтүнөн башталышы бийик символдук деңгээлге көтөрүлгөнүн көрөбүз.
Төртүнчү артыкчылыгы – өмүр философиясы. Чыгарма бир үй-бүлөнүн окуясынан жалпы адамзаттык табийгый мейкиндикке көтөрүлөт. Аңгеме бир гана энелик мээрим тууралуу чыгарма эмес, адам өмүрүнүн толук философиясын камтыган көркөм баян катары кабыл алынат. Анда төрөлүү, бойго бүтүү, чоңоюу, ажырашуу, энелик, карылык, өлүм, акыркы сапарга даярдоо, жалпы эле адам жашоосунун бардык негизги баскычтары бир чакан аңгеменин ичинде органикалык биримдикте абдан чебер, табийгый иерархияда кынапталган. Ушул сапаты менен “Сен эмген эмчек” адам өмүрүнүн баш-аягын бир бүтүн руханий чынжыр аркылуу чырмалыштырган терең гуманисттик чыгарма экенине ынанабыз.
Бешинчи артыкчылыгы – улуттук дүйнөтааным. Эненин акыркы сапарга узатылышы, кошок, керээз, элдик түшүнүктөр чыгармага кыргыз рухун берип турат. Бул бөлүм аңгеменин идеялык масштабын дүйнөлүк алкакка кеңейтип жиберет. Автор үчүн эненин эмчеги жөн гана дене мүчөсү эмес. Ал өмүрдүн башаты, мээримдин булагы, адамдын биринчи мекени катары көрсөтүлөт. Апасынын денесин акыркы сапарга даярдап, майрам сууга алып, жууп жаткан учурду сүрөттөө өтө назик, анан да абдан бийик эстетикалык деңгээлде берилген. Автор турмуштук реализм менен руханий тереңдиктин ортосундагы чекти ювелирдик тактык менен ачып бере алган.
Өзгөчө көңүл бурчу жагдай, чыгармада адам өмүрүнүн башаты болгон эненин эмчеги, эне каза болуп, аялдар кепиндөө алдында, майрам сууга аларда да кайрадан пайда болот. Автор маркум апасынын денесин акыркы сапарга даярдап жаткандагы көрүнүштү эскерүү менен өмүрдүн башталышы менен аягы бир чекитте биригерин башка бир да чыгармада кездешпеген эпизод аркылуу өтө таасирдүү сүрөттөгөн. Кезинде балдарын эмизип чоңойткон эне эми өзүнүн жердеги жашоосун – өзү өмүр бою Кудайдан тилеп алган инсандык нарктуулук менен, кадыр-барк менен, абийир-аброй менен аяктап жатат. Так ушул жерде эненин эмчеги төрөлүүнүн да, эскерүүнүн да, коштошуунун да, адамдык абийирдин бийиктигинин да, нарк-насилдин баалуулугунун да символуна айланат.
Зинакан Пасаңованын “Сен эмген эмчек” аңгемесин энелик сезимдин психологиясын ачуу жагынан чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасындагы Толгонайдын образына салыштырсак болот. Өмүр менен өлүмдүн табигый биримдигин көрсөтүү жагынан Лев Толстой менен Габриэль Гарсиа Маркестин эне жөнүндөгү чыгармаларындагы философиялык прозаларына үндөштүгү бар экени да байкалат. Бирок анын эң башкы баалуулугу – ушул темаларды кыргыз аялзатынын көзү, кыргыз эненин жан дүйнөсү аркылуу түйүлдүктөн табытка чейинки жолду оригиналдуу көркөм сүрөттөп бергендигинде. Адамзат жашоосунун тарыхындагы, маданиятындагы, адабиятындагы эң терең, философиялык түшүнүктөрдүн бири болгон өмүр менен өлүмдү табийгий түрдө ассоциациялаштыра алганында.
Мындан тышкары, чыгарманын соңунда каармандын кайрадан боюнда болуп, уулуна “сен бөбөктүү болосуң…” – деп сүйүнчүлөп, жүрөгүндөгү сөздөрүн төгүлүп айткысы келгени өзгөчө мааниге ээ. Бул эпизод аркылуу автор улгаюу, өлүү акыркы чекит эмес экенин, тирүүлүк муундан муунга уланып турарын чебер ачып көрсөтөт. Бир эне кетет, анын ордун башка эне басат. Бир өмүр аяктайт, бирок кайрадан жаңы өмүр башталат. Демек, чыгарманын өзөгүндө өмүрдүн түбөлүк улануусу жөнүндөгү оптимисттик философия жатат. Мына ушул жагынан алганда аңгеме окурманга кайгыны эмес, жашоонун улуулугун, инсандык абийирдин нарктуулугун, адамзат тукумунун үзүлбөс уландысын, эне мээримин даңазалаган чыгарма катары таасир калтырат. Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, мына ушундай сейрек кездешкен классикалык оригиналдуу чыгармаларды жараткан, мен деп төш кагып чыга бербеген провинциялык кыл калемгер – Зинакан Пасаңовага бактылуу узак жашоо, дагы да чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
PS: Бул чыгарманы окуган адам руханий азык алат.
