Сергей Есенин: “Энеме кат”
Амансынбы, кагылайын энекем?
Мен эсенмин. Сага салам жолдоймун.
Куттуу үйүңдө артып турсун берекең,
Кечтин нуру корооң толуп ойносун.
Угуп калам, мени ойлоп камыгып,
Кайгы-санаа азабынан жабыркап,
Кейпи кеткен чапаныңды жамынып,
Кейип жолдо көп жүрөт деп айтышат.
Анан дагы күүгүмдө көп учурда
Жалгыз мындай көзүңдө элес турарын:
Кимдир бирөө жаткан имиш урушта
Жүрөгүмө сайып финдин бычагын.
Андай эмес. Сабыр кылчы, жарыктык.
Сени бекер кыйнап жүрөт кур элес.
Тентимиштей кат-кабарсыз калтырып,
Ай-талаада өлүп кетчү мен эмес.
Мен дагы эле мурдагыдай жумшакмын,
Кыялданам азыр булар жөнүндө:
Тезинен мен үзүп санаа тузагын,
Барсам экен сенин жапыз үйүңө.
Мен барамын гүл ачканда жазында
Аппак болуп биздин гүлдөр короодо.
Бир айтаарым эми күндүн таңында
Баштагыдай мени эртелеп ойготпо.
Ойготпогун кыялдардан танганды,
Козгой көрбө орундалбай калганды.
Жаш болсом да туура келди көрүүгө,
Турмушта көп адашууну, арманды.
Сыйынууга үйрөтпөгүн мени эми,
Эскиликке кайра кайтуу бул бекер.
Жалгыз өзүң кубанычсың мендеги,
Жалгыз өзүң жарыгымсың нур берер.
Жүрөктү эзген санааңды артка калтырып,
Кайгырбачы, энеке, мен жөнүндө.
Көп жүрбөчү эл көзүнчө жамынып,
Кейпи кеткен чапаныңды үстүңө.
