Виктор Драгунский: “Дарбыздуу тар көчө”
(аңгеме)
Мен короодо болгон футболдон кайтып келдим. Баштан ылдый ботала чаң, чарчап, кебетем кимге же эмнеге окшоп калганын өзүм да билбейм. Бирок маанайым сонун. Анткени биз уттук. 44:37 эсебинде. Кудай жалгап жуунчу бөлмө бош экен. Бат-баттан колду чайкамыш болдум да ашканага жүгүрүп кирип үстөлгө жайгашып апама кайрылдым:
– Апа! Курсак ачты. Керек болсо буканы да жеп түгөтчүдөймүн. Апам жылмайып:
– Тирүү буканыбы?
– Албетте! Теңирейген таноосунан туяктарына чейин.
Апам болсо ошол замат колунда табагы менен келип калды. Табактан буркураган буу чыгып “туздуу шорпо экен” деп ойлодум. Табакты алдыма койду да:
– Жей кой, – деди апам.
Бирок табакта туздуу шорпо эмес сүт кошулган кесме экен. Бул, буудай ак шагынын буламыгындай эле тамак. Болгону ак шактын ордуна камыр кесме. Ак шактын буламыгында бүртүктөрү бар. Ал мында болсо көбүктөр.
– Мен кесме жебейм, – деп айныдым.
– Эч кандай ашык кеп болбосун. Жейсиң!
– Ал көбүктөрүн кантем?
– Сен мындай кыялың менен мени эрте эле көргө түртөт окшойсуң. Кайдагы көбүк? Кейпиңди карачы. Кощейге окшогон, – деп уруша баштады апам.
– Анда мени өлтүрүп сал, – деп көгөрдүм.
– Тескерисинче сен мени өлтүрмөй болдуң!
Аңгыча атам кирип калды бөлмөгө. Бизди саамга карап туруп:
– Мында эмне жөнүндө кызуу талаш болуп жатат я?
– Көрүп ал. Мунуңа менин тамагым жакпайт имиш. Аз күндө он бирге толот. Бул болсо эмгиче кызга окшоп чоёктойт.
Мен тогуздамын. Бирок апам негедир он бирдесиң дей берет. Сегизде кезимде ондосуң дей берчү. Атам болсо:
– Эмнеге жакпайт экен. Тамак күйүп кетиптирби, же ашыкча туздуу бекен?
– Бул сүт кесме. Аз келгенсип көбүктөрү толтура, – дедим мен.
– Аа ошондой де. Улуу урматтуу Кутькин Путькин сүт кесме жебесе анда ага күмүш табакка салып марципан сунуш кылсак кантет?
Мен күлүп жибердим. Анткени атамдын тамашалары дайыма сонун.
– Ал марципан деген эмне?
– Ким билсин уулум. Менимче таттуу болсо керек. Атайын улуу урматтуу Кутькин Путькинге арналып жыпар жыттанган… Ал эми кесмеңди же!
– Көбүктөрүн кантем?
– Болгону тоюнуп калгансың да байкеси, – деди да апама карап. – Ал! Жебесе жыйнап сал. Буламыкты жегиси келбесе, кесмеңди теңине албаса тоюнганы ошол. Мунун кыялын кантейин. Жетишет! Чыдамым жетпейт мындайга!
Ал үстөлгө отуруп мени теше тиктеп калды. Көз карашында мен ага чоочун бирөө сыяктуумун. Эч үндөбөй ошол чоочун көз караш менен карап отурду. Мендеги жылмайуу дароо жок болду. Тамаша бүткөнүн көз караштан даана түшүндүм. Атам болсо ошол бойдон көпкө унчукпай отурду. Ага кошулуп бизден да дым чыккан жок. Оо бир топтон кийин гана үн катты. Апама эмес, мага да эмес. Кандайдыр башка бирөөгө, жакын досуна сүйлгөндөй болду.
– Жок. Мен ал азаптуу күздү эч качан унута албасам керек, – деди атам. – Ал кезде Москвада жакшы маанай жок. Согуш… фашисттер шаарды көздөй жанталашып умтулуп турган учур. Суук, ачкачылык. Чоң кишилер кабагы бүркөө. Кулак түргөндөрү таңдан кечке радио. Түшүнүктүү да, “жакшы жаңылык угаар бекенбиз” деген үмүт. Мен ал кезде он бир–он эки жашта элем. Өзүмө укмуштай тез чоңоюп келаткандай сезилчү. Күн сайын өйдөгө карай умтулуп өсүп жаткандай сезим болоор эле. Мага бир гана тамак жетишсиз болчу. Эч качан курсак тоё тамак жеген эмесмин. Андыктан ата-энемден какшанып сураганым нан. Аларда дагы жетишпеген турмуш, ал экөө деле ачка. Ошентсе да мага өздөрүнүкүн беришчү. Мага ал дагы жетишчү эмес. Ар күнү ачка уктачумун. Түшүмө нан кирчү. Эх-х… эмнесин айтасың. Ал учур баардык балдар үчүн ошондой болчу. Белгилүү окуя. Айтсаң айтып бүткүс, жазсаң жазып бүткүс бир мезгил. Ошондой күндөрдүн биринде биздин үйдөн өтө алыс эмес шаардын тар көчөлөрүнүн бири менен кетип бара жаткам. Аңгыча өтө чоң, жүк ташуучу унаага көзүм түштү. Үстү жык жыйма дарбыз жүктөлгөн. Бул унаа кайдан-жайдан Москвага келип калганын ким билсин. Кайдандыр адашып келген дарбыздар. Балким кымындай каттоо баракчасы аркылуу элге таратып бергенге алып келишкендир. Тамак ашты ошентип алышчу эл. Каттоо баракча жок болсо ачкадан өлсөң да болот. Жык толгон дарбыздын үстүндө бир адам бар. Өтө арык, тиши да жок немеби ээги кемшейип турат. Сакал-муруту алынбаганга жүдөө көрүнөт экен. Ал улам бир дарбызды алып жердеги адамга., жердеги адам ак халат кийген сатуучуга, сатуучу болсо ары жакта көрүнбөгөн бирөөгө ыргытып жатат. Чынжырчадай болуп тизилген булардын иши чаар ала топ менен ойноп жаткан адамдардай көрүнөт экен. Абдан кызыктуу көрүнүш. Тим эле машыккан адамдардай жеңил-желпи иштеп жатышат. Аларды көпкө карап турдум. Унаанын үстүндөгү арык киши да улам мени карап коёт. Мени караган сайын тиши жоок оозун кемшейтип жылмайып калса бир чети күлкүлүү дагы көрүнөт экен. Жакшы адам болсо керек. Тура берип чарчадым. Үйгө кетейин деп ойлой баштагам. Аңгыча болбой чынжырча болуп иштеп аткандардын бирөөсү жаңылып калды окшойт килейген дарбыз тарс эте жерге түштү. Катуу жерге тийгенде дарбыз чытырап жарылды. Бираз кыйгач кеткен жаракасынан кыпкызыл болгон ширелүү эти, жана агыш тарткан жука терисинин катмары көрүнүп калды. Ширелүү дарбыздын буркураган укмуштуудай жагымдуу жыты мурунду жарып өрдөй бергенде курсагымды канчалык ачка экенин сездим. Антсе да жулунбастан шилекейди эптеп тартып бурула бергенимде кимдир бирөө чакырганын уктум. “Эй, балакай, балакай дейм”. Бурулуп карасам баягы тиши жок жумушчу жарылган дарбызды көтөрүп мага карай келе жатыптыр. “Мынакей. Бул сага балакай. Ала кой. Үйүңө алып барып жеп ал”. Мен жооп кылгычакты колума дарбызды кармата салып ишине чуркап кетти. Килейген дарбызды кучактап үйгө араң жеткирдим. Досум Вальканы чакырып алып экөөбүз заматта дарбыздын түбүнө жеттик. Ах-х, не деген сонун даам десеңчи. Сөз менен жеткирип болбойт. Узунунан кесип алып дал ортодон тиштегенде кесимдин эки учу эки кулагыбызга чейин жетет. Кулактарыбыздан дарбыздын кызгылт ширеси тамчылаганча жедик. Курсактар чандайып дарбызга окшоп калды окшойт. Чертсең тим эле барабандыкындай үн чыкчудай. Биз анда бир гана өкүнгөнүбүз нандын жоктугу эле. Нан болгондо мындан дагы катуу тоймок экенбиз. Ооба…
Ушинтип айтып атам терезени карап биразга унчукпай калды.
– Андан соң күз ого бетер сууктап, ого бетер ырайымсыз боло баштады, – деп сөзүн улантты атам. – Асмандан анда-санда кардын майда бүртүкчөлөрү самсаалап түшүп бирок ошол замат муздак шамал аларды кайдадыр кууп кетип жатты. Тамак-аш мурункудан дагы чектелүү. Фашисттер Москваны көздөй жулунганы жулунган. Мен болсо ачкамын. Мурда түшүмө нан эле кирчү. Азыр дарбыз да кире баштады. Бир күнү байкасам курсагым өтө тартылып кетиптир. Түз эле арка омурткаларыма чапталып калгандай. Андан бетер оюмда тамактан башка эч нерсе жок. Бир күнү Валька досумду чакырып айттым. “Валька, жүрү экөөбүз баягы дарбыздуу тар көчөгө барып келебиз. Балким дагы дарбыз түшүргөн адамдар болуп калса анан бирөөнүн колунан түшүп кеткен дарбыз болсо бизге берип калар?” Үмүт да атаңдын көрү. Ошол оюбузга өзүбүз ишенип, сырттагы суукка карабай эски-уску чоң энелердин калың жоолуктарын оронуп алып дарбыздуу тар көчөгө жөнөдүк. Көчөдө азыркыдай жылуу маанай жок. Кабагы салыңкы, капалуу адамдар гана анда-санда жолугат. Сууктан улам го көчөдө адамдар өтө аз. Дарбыздуу көчөдө дээрлик таптакыр эч ким көрүнбөйт. Биз болсо улам бир дүкөндүн жанына барып күтүп отурабыз. “Толтура дарбыз жүктөлгөн унаа качан келип калар экен”. Оюбузда ошол гана. Ошентип улам бир дүкөндүн эшигин кайтарып атып кеч да кирип кетти. Досумду карап:
– Валька, балким дарбыз жүктөлгөн унаа эртеңкиге калгандыр?
– Туура айтасың. Эртең келет окшойт, – деп коштоду досум. Ошентип “дарбыз эртең сөзсүз келет” деген үмүттү бекем карманып үйгө жөнөдүк. Ошол күндөн тартып экөөбүз күн сайын дүкөндөрдү күзөтө баштадык. Бирок дарбыз келбеди. Келбеди…
Атам кайрадан түнөрүп унчукпай терезени карап калды. Анын көздөрү апам экөөбүзгө көрүнбөгөн бир нерсени көрүп жаткандай башкача болчу. Апам акырын жанына келди эле шарт туруп бөлмөдөн чыгып кетти. Апам артынан жөнөдү. Жалгыз калдым. Терезеден атам караган тарапты карап отурам. Тигине атам менен анын досу. Мен аларды даана көрүп тургандай болдум ошондо. Суук, ызгаар. Экөөнүн салбыраган кийимдерин жулмалаган муздак шамал. Калтырап титиреп үшүгөндөрүнө дагы карабай дарбыз келчү унааны күтүп дүкөндүн алдында турушат. Күтүп турушат, күтүп турушат…
Мага бул көрүнүш өтө оор тийди. Алдымдагы сүт кесме куюлган табакка кандай жармашканымды да билбей калдым. Кашыктын артынан кашык шыпылдап заматта түгөттүм кесмени. Түбүндө калган азыраак сүттү көтөрүп көмкөрдүм дагы нан менен тазалап сүртүп, кашыкты да таптаза кылып жалап-жуктап жибердим.
Орусчадан которгон Кулмат Тукеналиев
