Ыр чачыла чачамын
Жүрөктөгү сөздү тизип жазамын,
Жан дүйнөмдө бийик дабан ашамын.
Жакшы ырды жаратуума эгедер,
Жаным үрөп, сөз кудугун казамын.
Ыр дүйнөмдүн ар эшигин ачамын,
Ыр мүрөктүн уусун, балын татамын.
Ыкка көнүп эргүүм келсе сабалап,
Ышкым күчөп, ыр чачыла чачамын.
Элестетип, миң кыялга батамын,
Эргүү алып, аралашып жазамын.
Ээси болуп ошол кыял, сүрөттүн,
Эң жакшысы уурдагандан тазамын.
Кийип алып өз дүйнөмдүн чапанын,
Кимге кандай, ал үчүн жок чатагым.
Калпты чындай жаза албайм, а бирок,
Кыял, элес, жүрөк менен жазамын.
