|

#33 Жазгы сапар

Биринчилерден баа бериңиз!

– Көрсөттүңбү тетиктерин усталарга,
Ала-Бел, кар кете элек, жолдо калба, –
Кары энем бизди узатып… жолго чыктык,
Кар ээрип, жаз башбагып өрүкзарга. 

Тарбайган бутактары асман тиреп,
Түшүмү мол болсо экен – жазгы тилек.
Карт өрүк – кара чапан аксакалдай,
Узатып кала берген бата тилеп. 

Жазгы жаан… ала-шалбырт бардык тарап,
Бешимде биз бараттык Ошту аралап.
Кол жаңсап, эч ким бизди чакырбады,
Орозо – тандыр самсы жабык турат.

Колундагы саатын улам карап,
Жанымда отурган, ал аты – Самат:
– Көчүрүп, балдарымды алып келем, –
Ал өзү чек арада кызмат кылат.

– Жалынып, дуба кылам бир Кудайга,
Неберем иштеп жүрөт чоң Дубайда, –
Кары эне арт жагымдан дуба кылат, –
Айылда адам калбай суу бурганга…

Дөңгөлөк чимирилип, жолдор узап,
Кыялдар ээ-жаа бербей, оюн курат.
Кары эне: – Жараткан өзү бизди асырасын, –
Жаз быйыл, эмнегедир, ооруп турат. 

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген