55 сөздөн турган аңгемелер
Беш карыш жер
Элеңдеген арык кемпир бөжөңдөп барып, дубалдын түбүнөн орун тапты. Дубал менен арыктын ортосу беш карыш. Арыктын ары жагы машине жол. «Жолдо соода кылбагыла!» деген милициялар бечара элди удургутуп аткан.
Кир баштыгындагы чөп-чарын жүз сомго жараткан кемпир акчасын аяр түйүп, неберелерине жөнөдү.
Буйругу кынтыксыз аткарылганын көргөн кара «Лексустагы» калаа башчы мыйыгынан күлүп, көз айнегин аарчыды.
25.06.2022
Ак жоолук
Үй тойго кием деп, шаарга түшүп, ак жоолук, кызыл помбаркут көйнөк, маасы-көлөч алды.
Күйөөсүнүн, балдарынын үстүн да бир сыйра жаңылады.
Коңшу аялдарга жаркылдап, сүйүнүп тилегин айтып, сарпайын жууп да берди.
Бирок… Сокур ичегеси жарылып, кокустан каза болду.
…Күздө үйүн бүтүргөн күйөөсү шашылыш үйлөндү.
Эсил келиндин сарпайын жаңы, жаш келиндин үстүнөн көргөн катын-калач көрсөтүп-көрсөтпөй жашып атышты…
23.06.2022
Официант
– Официа-а-ант!
Үн чыккан столго чуркап жетти. Күндө ушу. Он эки сааттай чуркап жүрөт.
Уктабай баласын күткөн майып атанын жүрөгү тилинет. Майда-чүйдө саткан оорукчан апасы экөө сарсанаа.
Күндө ушу. Баласын күтмөй.
Түнкү экиде үйүнө араң жетип, уйкудагы ини-карындаштарын өөп, төшөккө сулк кулады.
…Уулун карап, эрте менен ойготкондон тартынып, заарканып калган эне чөгүп, атасы ичинен сыздап турду.
09.07.2022
Кароба ата
Колхоздо орустар барда бадачы болуп жүрүп, Кароба атыгып кеткен аксакалды согуштан акылы жабыркап келген дешчү.
– Башпурт (паспорт) барбы, балам?
– Бар, аба, бар!
– Башпурт болсо эле болду, балам! Кудайым бак берсин!
Көргөн жерден күлүп, атамын, жолдо жолуккандардын «башпуртун» сурап, бата берген ата эшегин «чу» деп жолун улайт.
Жүзүнөн мээрими төгүлгөн Кароба ата эсибизде калды, ысмын билбейбиз…
19.07.2022
Көкүна
Куркулдайдын уясындай көкүнанын тепкедей сөөрүсү, оймоктой терезеси менен бурчтагы очогунун ортосунда токсондогу кемпир-чалдын тиргилиги өттү.
Илгери кошуна айылда жашаган орустардын «кухнясы» кыргызча «көкүнага» айланганы качан.
Айылда түтүн булаган акыркы көкүна ушул. Калган баары бузулуп бүткөн. Быйыл будан да түтүн чыкпай калды.
Оймоктой айнек жамгырга жашын жууп, ээлерин жоктоп акыркы жолу ыйлады…
Эртең эски көкүна бузулат.
23.07.2022
Шиш така
Байыркы шаар ак калпак Алай тоолорунун кучагында мемиреп жатат. Берекеси төгүлгөн калаанын эли берешен, жөнөкөй. Бир күнү мемиреген жашоону капыстан келген бир шиш така бузду.
Кулак-мээни жеген таканын үнү кайдан болбосун чыгат. Даанышман карыядай калаанын пейили жуккан көтөрүмдүү шаардыктар унчугушпады. Көңүлү оорубасын дешти.
Бир күнү шиш така кетти. Калаанын эли жакшы кабарды бири-бирине сүйүнчүлөп атышты.
2022-жыл, Ош
