Кыргыз туусу
Куттуу болсун, кыргыз туусу майрамы.
Желбиресин кызыл туубуз байрагы.
Кылымдарды карыттырган улуу журт.
Кызыл туунун март айында майрамы.
Бүгүн майрам кыргыз туусун белгилеп.
Кыргыз туусу көктө турат желбиреп.
Бүт элиме бейпилчилик каалаймын.
Өмүр сүрсүн кылымдарга мемиреп.
Дүйнө элинде улуту жок эл болбойт.
Ай ааламда мекени жок журт болбойт.
Дүйнө элин Манас бабам колдогон.
Кыргызымдай данктуу нарктуу эл болбойт.
Эгемендүү өлкөм, калкым кыргызым,
Өркүндөсүн өчпөй көктө жылдызың.
Куттуу болсун желбиреген кызыл тууң .
Ашып ташсын токчулук күн ырыскың.

