|

“Саймаланган төр тараптын…”

5/5 - (3 добуш)

* * *

Саймаланган төр тараптын
Сенсиң сыйлуу каарманы.
Келбесиңди билген жаным,
Кесе тиштейт бармагын. 

Мени аяшат бүткөн жолдор,
Күлөм ыйга аралаш.
Дарак кулап жерде жатат,
Жашым менен чамалаш. 

Курт-кумурска тытмалашып
Анын жансыз денесин…
А мен такыр кыя албадым
Сүйүү күткөн элесин.

Жерди кертип көмүп койдум
Кургай элек тамырын,
Тутандырдым ыйым менен
Өчүп калган жарыгын.

Сайма сайган колдор алсыз,
Качты каруу, кубаттан.
Үзүк, сызык жолдо калды
Үмүт, мени жубаткан.

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген