| |

Малик Отарбаев: “Келишпестиктен чыккан кеңеш”

Биринчилерден баа бериңиз!

(аңгеме)

Күндөрдүн биринде устаз менен шакирттин арасында орчундуу маселеден улам келишпестик пайда болот. Устазы менен тил табыша албай шакирти сабактан чыгып, үйүнө кетип калат.

Күүгүм кирип калганда баягы устазы улуу башы менен шакиртинин үйүнө келет. Жаш бала аябай таң калат. Улуу устазы сөз баштап:

– Чырагым, баарыбызды бириктирген жүздөгөн маселе турганда, бириктирбеген бир маселеге арызданып бизге эмне болуп кетти?! – деди. Эске түбөлүк сактап калгандай акыл айтты: 

Ката кетирсең каталардан сабак ал, тирен, бирок ката кетирген адамга тиренбе!

Күнөө жасагандарга камкор бол, бирок өзүң күнөө жасоодон алыс бол!

Айтылган сөздү сына, бирок ошол сөз айткан адамды урматта!

Эң башкы максаттарыбыздын бири руханий эм экенин унутпа, шыпаа тилеген кишиге кыянат жасаба!

Байыркы бабаларыбыз устаздарынын айткандарын жадыбалдай жаттап, бакыттын ачкычын табат го, жалганды жалпагынан тепсеген биз баарын эмне үчүн унутуп кала беребиз?

Казак тилинен которгон Перизат Алмазова

Автор

  • Акын, котормочу, коомдук ишмер. Кыргыз Улуттук Университети филология факультетин аяктап, Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында иштеген. “Руханият”, “Ай тумар, күн тумар”, “Аргымакчан ойлор”, “Канатташым”, “Өлөң сөздүн падышасы” китептеринин автору.

    Казакстан Президентинин «Бирлик» алтын ордени, КР Ассамблеясынын «Мейрим» алтын медалы, Казакстан Республикасынын Жазуучулар Союзунун Абай төш белгиси менен сыйланган, Казакстан Республикасынын Магжан атындагы жаштар сыйлыгын лауреаты.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген