Айланкөчөк

Биринчилерден баа бериңиз!

(аңгеме)

Мартбек карыган ата-энесинен айрылып, жетим болуп өстү. Балапан эти ката элек, балтыр эти толо элек тестиер чагынан бодо мал, жылкы багып, байга жалданып жүрөт. Эмгегине үй ээси жылына эки-үч кой-козу бөлөт. Бала аларды байдын малынан бөлбөй, чогуу кайтарып, чыгымга учуратпай, бирге багууга көнөт. Эгерим эс алууну билбей, күнү-түнү мээнетти жерибей, жандыктарын улам көбөйтөт. “Жетим – жетилет. Өнөрлүү – өлбөйт. Жалкоонун жолу болбойт да, иши оңбойт”, – деген накыл мээсине кыттай орнойт.

Колу бошто китеп окуп, кой-эчкинин, бодо мал, жылкынын эти менен терисин, жүнү менен сүтүн кайра иштетүүнүн жолун издейт. Анан жер иштетүүнү, бак-дарак өстүрүүнү, колго тийген буюмдан жарак-жабдык, айтор, ардеме жасоону үйрөнөт. Жигиттик баралга жетерде малын базарга салып, анын пулуна жер, түркүн көчөт сатып алат. Жерине биринин соңунан бири бышып, түшүмүн жайнатар жашылча-жемиш, эгин айдайт.

Бул арада байдын уулу – Битирбай да чоңоёт. Ал улуулар түгүл, атасынын да айткан акылын укпай, тескери басат. Ээнбаш, өзүм билемдик ага жагат. Иш билгилик жадында жок, жанын кыйнабай, көп уктап, чак түштө араң ойгонот. Кармаганы – телефон, кечке чукулайт. Билгени оюн-зоок: бозо, арак-шарап ичип, тынымсыз шапар тээп, алагүүлүктөн көзүн ачпай, ойногону кумар. Кумарда да ооматтуулар менен куулар утар, алардын да жолу кууш – бат эле сызга олтурар.

Битирбай ошентип, бар байлыгын уттурду: кийиминен өйдө шылынып, карызга кокодон тутулду. Мал-мүлк, үй-жайы таланып, карызынан атасынын жыйган дүйнөсү менен араң кутулду. Ага урунду, буга урунду. Бирок, эмне тапса да берекеси болбой, колунан иш келбей, ырыскы качып, жармачтыкка тушукту. Кыйлага жетип, эсине келип, акылын араң жыйды. Көңүл коюп, көз салса, кечээки менен бүгүнкүнү таразага салыштырса, жетим деп тең санабаган бир кездеги нокотек Мартбек, ченде жок бапырап байыптыр: кокту-колот, короосуна мал батпай, айкөл, мал – көл, ак сарайлуу асман кабат үй салыптыр. Чырпыгы – чынар, түркүн дарагы түшүмү эсеп жеткис дүркүрөгөн, калың бак-шактуу токойго айланып, багында куштар сайрап, казанында ала көлдөй чык, Ала-Тоодой эт кайнайт. Тоо боорунан төмөн куюлган мөлтүр булагы, жер алдынан калпып алынган алтын-күмүшү жайнап, ал табылгасы казынаны көздөй агыптыр. Кербендердей бири-бирине уланып курулган ишканалары улам өркүндөп-өсүп, өндүргөн өнүмдөрү кымбат баада чет жерге өтүп, тамыр-тааныш, тууган-уругу, эли-жери көбөйүп, байманасы укмуш ашыптыр. Мартбек өзү абройлуу окуу жайдан билим алып жатыптыр.

Битирбей көрүнгөндөн насыя алат. Иштеп тапканын кайра эле насыяга карматат, карыздын үстөгүн жабат. Бересеси баштан ашат. Үй-жай, үлүш жеринен да ажырап, коколой баш, ач-жылаңач, томаяк болуп калат. Ошондо кур намысты жыйыштырат. Айласыздан болуп өтө сыпаа-сылык, Мартбектен кеңеш сурайт:

– Жетим элең, жакшы жетилипсиң. Кыз-жигиттерди туш келди иш издетип, жер кыдыртып, сандалтпай, элиңди мыктап багат экенсиң. Мындай доорго кантип жеттиң да, жөлөп-таяган устун-уркуң ким?

Мартбек күлүп койду да, Битирбайды аяды:

– Жакшы атанын уулу элең. Эзелтен сага мен тең белем? Атаңдын учугун улап, жолун туурап, онун – жүз, жүзүн миңге курап, жерин бейишке айлантсаң, албетте, жарашмак!

Битирбей кайсалап, өкүнүп, оор үшкүрдү. Айласы куруп, эки жакка алаңдап:

– Ээ, анын несин айтасың?.. Бирөөнүн көзүн каратпас, бөтөндөн оокат суратпас, атамдын ашкан акылы кайдасың?.. Көрсө, атанын тапкан-тутканы балага балага буйрубайт тура! “Бирөөнүн ырыскы-ашы башкага жукпайт”, – деген чын экен.

– Мына эми өзүңө келе баштапсың! – деди Мартбек ойлуу түрдө. Битирбей жерге ийилген башын көтөрбөй, муңайган түрдө:

– Көсөөнүн акылы түштөн кийин келери ырас экен. Насыянын үстөгүнө үстөк кошулуп атат. Шайым кетти, байлыгыңдан үлөштүрө турчу, бир аз… Сен менден жармач элең, буга кантип жеттиң?

– Анын жолу эң оңой. Эгер уксаң, адегенде жалакайлыкты кой: ысык төшөктөн чыкпасаң, түшкө дейре уктасаң, акыл менен эмгек кылбасаң, бар мыдырыңды оюн-күлкү менен шамалга чачсаң, албетте, оомат качат. Мен – ар кимден үйрөндүм өнөр. Өнөр алууга ким да болсо, чыпалактайдан ыктаар, көнөр. Кур дегенде жер иштет: жылына үч-төрт түрдүү эгин эк, түшүм өнөр. Бак тик, ал токой, таза аба берер. Коё жесең – кой артат, тарта жесең – тай артат. Жумуртканы тоокко, тоокту койго, койду бодо малга, аны жылкыга айлант. Аларды багып-караганга короо тап! Түгөнбөс жем камдап, жылга-жыбытка толтура чөп чап. Кой-эчкиң үч-төрттөн, уй-бээң төлдөсүн эки эмден. Анан эгерим карыз алба! Насыя алсаң, аны кайда жумшаштын, убагында кайтаруунун көзүн бил. Тапканыңды үнөмдө, ашыкча төкпө-чачпа! Күтүрөп иштер, кирешени жүз эсе берер ишканаларды түмөндөтө кур! Насыя алсаң, анын өзүнөн да үстөгү жаман! Убагында насыядан кутулбасаң, анын пайызына пайыз кошулат. Кабыргаң кайышып, санаа тартып, кыйналасың абдан! Кыскасы, кулдай иште да, хандай жаша!

– Насыя албасам, карыздан кантип кутулам? – Битирбайдын шайы куруду.

Мартбек ууртунан күлүп, айтты муну:

– Ага такыр жолобо! Мен сага, жашаарыңа үй-жай, оокат-азык, кийим-кече да берейин! Багарыңа мал-кой, короо… Чөп чабарыңа, бычан камдаарыңа белес, жайыт менен жер да бөлөйүн! Колдогуңду төкпөй, бар болсо – чалкалап, чачып-көппөй, жок болсо – мүңкүрөбөй, тың жашаганга көндүрөйүн. Сарамжалдыкты үйрөтөйүн

– Алганымды кантип төлөймүн? Кайдан билдим, итке минген сага бак-таалай конуп, даңазалуу мен жакыр болуп, ооматым колдон кетерин?

– Ай, ага баш оорутпа, эгерим!.. Өткөн өттү, кечээкиге кайгырба! Бай билгенди кул билет, Күндү Жер тегеренет. Кыш артынан жаз келет, көктөм менен май, анан саратан жай, бышыкчылык күз келет. Жашоо өзү күндү айланган – айланкөчөк. Ааламдашуунун айынан чилдеде да күн ысык. Африкага кыш түшүп, Түндүктөгү мухитте жатат, муз ээрип. Жаурупада чилдеде күн кайнап, Азияда мандарин менен апельсин бышып атат. Муну айтканым болор сабак. Көрдүңбү, атаңдын байлыгы сага жукпады, жалкоо элең, сени мээнет чырмады. Эсиңе түй: адал мээнетсиз дүр-дүйнө эч кимге жукпайт, жалакайды жакырлык чырмайт. Бирөөдөн жардам күткөн байкушту жалкоолук жалмайт. Азыр ааламда жер четинде жылуулук алмашкандай байлыгы түгөнбөй, байлар да түбөлүккө турбайт. Колу жукаларга мал бүтөт, алар да байыйт, келет – кезек. Мына ушундай айланкөчөк. Сага тогуздап мал бөлөйүн – менден болсун, ошол сага белегим. Бергенимди мен доолабайм, сен да кайтарам деп ойлобо! Анткеним – сени байысын дегеним! Мен ыраазы, пендеге тийсе керегим! Анткени, атаңдын эмгегин, жоомарттыгын унута элекмин.

Жакшынын шарапаты ушинтип, эзелтен калган. Эстүү адам кул кезинде жеген куйка менен жакшылыкты унутпайт. Билим, өнөр, акыл менен иштесең, жашооң болор – май, талкан!

  • 1953-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. 1986-жылы  КМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин бүтүргөн. КР Ардак Грамотасынын ээси. КР Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча сыйлыгынын лауреаты. Бир нече повесть-аңгемелери, котормолору, тамсилдери жарык көргөн. КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген