Жек Лондон: “Мартин Иден” (VII)
Романдан үзүндү. Калган бөлүктөрү: I, II, III, IV, V, VI
VII БАП
Мартин Руфь менен таанышкан күндөн бери бир жума өттү, бирок ал алиге кызга барганга даабай жатты. Кээде мына азыр эле барам деп эрдемсип кетип, бирок күдүк ойлорго жеңдире кайра токтоп калчу. Жолугушууну канча мөөнөт өткөндөн кийин кайталаса туура болорун ал билчү эмес, ага муну айткан да киши жок эле, ошондуктан катуу бир катачылык кетирип аламбы деп коркуп жүрү. Мартин эски досторунун баарынан четтеп, баштагы адаттарын баарын таштады, бирок жаңы достору али жок эле, ошондуктан китеп окугандан башка менен иши болбой калды. Окуганда да жата калып окуду, башка жөнөкөй адамдын көздөрү мынчалык ашыкча күч келтиргенге чыдамак эмес. Бирок анын көздөрү да, саламаттыгы да мыкты эле. Мындан тышкары, ал ушул кезге дейре китепке таандык абстракттуу ойлордон четте жашагандыктан, анын мээси али кол тие элек дың жердей, үрөн сепкенге табылгыс жагымдуу кыртыштай эле. Ал илим менен алпурушуп чарчаган эмес, ошондуктан китептеги даанышмандыкка өзүнүн бекем чеңгели менен чып жабышты да калды.
Кубалаша зымыраган апталарды Мартин элес да алчу эмес, бирок ушул жума ичинде ал жүз жыл жашагандай туюлду – мурдакы жашоосу менен дүйнөгө болгон мурдагы көз карашы эми ушунчалык алыс эле. Бирок ага дайыма даярдыгынын жоктугу кедерги болуп жатты. Ал көп жылдар бою атайын үйрөнүүнү талап кылган китептерге чейин колуна алып жүрдү. Бүгүн көөнө философияны окуса, эртеси эле жаңысына киришип жаткандыктан, ойлорунун баары баш-аламан түшүп чаташып, аралаша жатып калды. Экономика туурасында окуган китептери деле ошондой эле. Китепкананын бир эле текчесинен Марксты да, Адам Смитти, Рикардону жана Милди таап алды, бирок алардын бирөөсүнүн формулалары экинчисиникин төгүндөп жаткандыктан, эч нерсеге түшүнбөй да калып жатты. Эмне кыларын билбей абдырап калса да, бир эле убакытта экономиканы да, индустрияны да, саясатты да билгиси келгендиктен, алмак-салмак четинен окуй берди. Бир жолу Сити-Холл-Паркты аралап баратып, беш-алты адамды тегеректеп алган топту көрдү, кыязы, алар бирдемени абдан кызуу талашып атышкансыды. Жакыныраак барып турду да ошол жерден алгачкы жолу элдик философтордун өзү угуп көрбөгөн бейтааныш сөздөрүн укту. Алардын бирөө кадимки эле селсаяк, экинчиси – профсоюздун үгүтчүсү, үчүнчүсү – университеттин студенти эле, тегеректеп алгандар болсо талаш-тартышты угуп кызыгып келген жумушчулар экен. Мартин анархизм, социализм, бирдиктүү салык жана социалдык философиянын бири-биринен айырмалуу, кала берсе кас системасы жөнүндө алгачкы жолу ушулардын оозунан укту. Илимдин тармактарынан өзүнүн маалыматтарынын жарды куржунуна кире элек жүздөгөн жаңы көптөгөн терминдерди да ушул жерден кулагы чалды. Ошондон улам ал талкуунун анан ары жүрүшүнө көз сала алган жок, бирок кылдат сезгичтиги менен бул таңгаларлык сөздөрдүн ичинде кандай ойлор катылып жатканын боолголоп гана түшүнүп турду. Ажылдаша талашып жаткандардын ичинде ресторанда малай болуп иштеген, арбактар менен сүйлөшө билген теософ – кара көз малай, наабайчылардын кесиптик кошуунунун мүчөсү – жашоо бир гана ушул дүйнөдө деген агностик, тегеректеп тургандардын баарын жаратылыш бул чындык деген шумдук философиясы менен ооздорун ачырган бир чал, анан космос, атом –ата менен атом-эне жөнүндө баш-аягы жок талкуу жүргүзгөн дагы бир карыя бар эле.
Бул талкуулардан Мартиндин башы шишип кеткендей болду, бирок ошол замат китепканага ашыгып, азыр эле уккандары эсинен чыгып кеткичекти алардын маанилерин билип алгысы келди. Кийин китепканадан Блавадская айымдын “Купуя доктрина” деген төрт томдугун, «Прогресс жана жакырчылык», «Социализмдин квинтэссенциясы», «Илим менен диндин согушу» деген олчойгон томдорду колтуктап чыкты. Апкелип кара басып ал «Купуя доктринадан» баштаган экен, андагы сансыз татаал сөз айкаштарынан эси ооду. Окугандан да керебетте отуруп алып сөздүккө көбүрөөк көз жүгүртүп, үңүлүп жатты. Окугандарынын бирин эстеп калса, экинчиси унутуп, анан жанталаша анын маанисин улам сөздүктөн издеп убара тартты. Аргасы кеткенде сөздөрдү дептерге тизмектеп жазып да көрдү, ошентип атып бир маалда караса эки-үч дептерди толтуруп да салыптыр. Канча ынтаа коюп окуганы менен эч нерсе түшүнгөн жок. Тикчие тиктеп окуп атып саатты караса үчтөн ооп кеткен экен; мээси чирип кеткичекти үңүлсө да тексттеги бир да сөздүн маанисин түшүнө алган жок. Башын көтөрдү эле, бөлмөнүн ичи кудум деңиз толкунунда калган кемедей ары-бери чайпалып тургансыды. Сөгүнүп алды да китепти ыргытып жиберип газды өчүрдү. Берки үч китепти да жарытып окуй албай койду. Мунун баары анын мээсинин начарлыгынан же кабыл алуусунун жетишсиздигинен эмес, буга машыкпагандыктан, анан да сөз байлыгынын жардылыгынан эле. Акыры буга акылы жеткенде мындан ары бейтааныш создөрдү толук билип алмайынча бир гана сөздүктү окуп чыгууну чечти.
Мартиндин бирден бир көңүлүн жубаткан поэзия эле: ал өзүнө ар бир сабы апачык жана түшүнүктүү болгон жөнөкөй акындардын ырларын суктануу менен окуп чыкты. Ал сулуулукту сүйчү, ал эми бул ырларда болсо, андай сулуулук жетишээрлик эле. Поэзия ага музыкадан кем эмес таасир этип, байкалбаган жол менен анын акыл-эсин алдыдагы мындан да оор ишке даярдап жаткандай эле. кыйын иштерге даярдачу. Анын эстутуму азырынча эч нерсе жазылбаган таза барактай эле, андыктан ал эч бир кыйналбай ал жакка ыр саптарын биринин артынан бирин шыкап толтура берди да анан бат эле көлөмдүү ырларды жатка айтып калды. Бир жолу анын колуна кокусунан Гэйлинин «Классикалык мифтери» менен Бельфинчтин «Жомоктор кылымы» тийип калды. Китеп болбосоң кое кал, тимеле анын караңгы кемпайлыгын жаркыраган күндүн нуру көзөп өткөндөй болуп, анын поэзияга болгон жан ышкысын ого бетер козгоп кетти.
Китепкананын кире беришинде олтурган адам Мартинди таанып калган, андыктан ал кирип келери менен жан алы калбай жалпаңдап учурашып, ал-жай сураша кетчү. Мындан пайдалангысы келген Мартин бир жолу тобокелге салмай болду. Бир нече китеп алып жатып, китепканачы анын карточкасына белги коюп жатканда акырын мындай деп калды:
– Сизден бир нерсени сурайын дедим эле?
Китепканачы жылмая, сурай бер дегендей башын ийкеди.
– Эгерде сиз бир жаш кыз менен таанышып, анан ал сизди келе кет деп өтүнсө… кыскасы… муну кантип жасаш керек?
Мартин толкунданганынан көйнөгү жонуна жабыша түшкөнүн сезди.
– Менимче, каалаган убакта жолугууга болот, – деди китепканачы.
– Жок, сиз түшүнгөн жоксуз, – деди Мартин, – ал… билесизби…үйүндө болбой да калышы мүмкүн. Университетте окуйт.
– Анда башка күнү деле жолуга бериңиз да.
– Чыны, кеп мында деле эмес, – деди Мартин китепканачыга боор тарта, – көрүп турасыз го, мен карапайым матросмун, анын чөйрөсү менен анчалык кооштугум жок. Ал кыз таптакыр мендей эмес, мен да андай эмесмин… Бирок сиз мени калп эле өлүмүш болубатат деп ойлобоңуз, – деди өз сөзүн өзү бөлүп.
– Жо, жок, – деп жиберди китепканачы шашкалактап, – албетте, сиз сураган нерсе маалымат берүүчү бөлүмдүн иши эмес, ошондой болсо да мен сизге колумдан келишинче жардам бергенге аракет кылайын.
Мартин аны суктана карап калды.
– Эх, атаңгөрү, мен да ушинтип шыпырылта сүйлөгөндө, иш башкача болмок экен, – деп жиберди ал.
– Түшүнбөдүм…
-Эгерде мен да так сиздей куюлуштуруп, маданияттуу сүйлөй алганымда өлө сонун болмок дебатам.
– А! – деди китепканачы, Мартинге боору ачыгандай түр менен.
– Айтсаңыз, кызга качан барсам болот? Күндүзбү? Бирок түшкү тамактын үстүнөн чыгып калсам жаман го? Же кечинде барсамбы? А, мүмкүн, жекшемби күнү барсам кандай болор экен?
– Билесизби мен сизге эмне кеңеш айтам, – деди жылмайган китепканачы, – сиз ага адегенде коңгуроо кылып көрүңүз.
– Чын эле! – кыйкырып жиберди сүйүнүп кеткен Мартин, китептерин жыйнады да эшикти көздөй шашты.
Босогого жеткенде кайрыла калып дагы сурады:
– Баса, жаш кыз менен, маселен, мисс Лиззи Смит аттуу кыз менен таанышып калсаңыз, ага кантип кайрылаар элеңиз: мисс Лиззи деппи, же мисс Смит деппи?
– «Мисс Смит» деңиз, – деди китепканачы биларман түр менен, – абдан жакын таанышканыңызча «мис Смит» дей бериңиз.
Маселе ушинтип чечилди. Ошол эле күнү Мартин кызга алган китептерди
качан жеткирип берсем деген тартынчаак шылтоо менен коңгуроо какты:
– Каалаган убактыңызда келе бериңиз. Мен дайыма түштөн кийин үйдө элемин, – деди Руфь.
Мартинди ал өзү тосуп чыкты. Кыздын сынчыл көзү Мартиндеги өзгөрүүнү бир карап эле байкады, шымын кырын чыгара үтүктөптүр, сырткы кебетеси да баягыдай жүдөө эмес, зыңкыйган мырза болуп чыга келиптир. Баарынан да өңү таң каларлык эле, андан ташкындап турган күчтүн толкуну кайрадан Руфту каптап өткөндөй болду. Кыз ага кайра ыктагысы келип, денесинин ысыктыгын сезгиси келип кетти да жигиттин келиши ага мынчалык таасир эткенине кайрадан таңгала түштү. Жигит болсо кыз колун сунганда кайрадан жагымдуу майда дирилдек тула боюн аралай чаап кеткенсиди. Маңдайлаш турган экөөнүн ортосундагы бир гана айырма – кыз сыртынан сыр бербей кебелбегенсип турса, жигит болсо тескерисинче, чачтарынын түбүнө чейин кызарып кетти.
Мартин баягыдай эле олдоксон чайпала басып анын артынан ээрчиди. Алар конок тоскон бөлмөгө келип отурушкан кезде Мартин күтүлбөгөн жерден өзүн эркин сезди. Кыз болсо ого бетер анын эркин отурушун каалап, жан алы калбай аракеттенип жатты, бирок мунун баарын ал табигый сыпайылык жана кылдаттык менен жасагандыктан, Мартиндин көзүнө мурдагыдан жүз эсе сүйкүмдүү көрүнүп турду. Алды менен алар окуган китептери жөнүндө, Мартинди тан калтырган Суинберн, анан ага түшүнүксүз болгон Броунинг жөнүндө кеп кылышты. Руфь аңгеменин нугун багыттап олтурганы менен эки оюнун бири Мартинге кантип жардам берсем дегенде болду. Муну ал абдан самап турду. Ага карата кандайдыр бир аяган, боорукер сезим ойгонду, бирок мында эч кандай жаман ой жок эле: бул кыз буга чейин бир да сезип, башынан өткөрүп көрбөгөн дээрлик энелик сезим болучу. Муну кадыресе эле боор ооругандык деп болорбу, анткени мындай сезимди чакырган бул адамда кыз эркекти сезип турду, анын бир эле жакындаганы кыз жүрөгүн тырпыратып, түшүнүксүз ойлор менен сезимдерден улам катуураак согууга аргасыз кылып жатты. Кайрадан анын мойнунан кучактап алгысы же ийнине башын жөлөгүсү келип кетти. Мындай жабышкак сезим дагы эле аны уялтып турду, бирок ал буга көнө түшкөн. Жаңыдан гана ойгонуп келаткан махабат мына ушундай формага ээ болот деген анын башына да келген жок. Бирок эси-дартын чырмап алган бул сезимди махабат деп атоо да анын оюна келген жок. Мартин аны чексиз мүмкүнчүлүктөрү катылып жаткан өзгөчө адам катары гана кызыктыргандай, өзүн болсо ага жардам берсем деген каалоо гана жетектеп тургандай көрүндү.
Ал Мартинди каалап турганын өзү да билген жок; ал эми Мартин менен болсо иш таптакыр башкача эле. Мартин Руфту сүйөрүн билчү; аны өмүрүндө болуп көрбөгөндөй кааларын билчү. Баса, ал поэзияны башка сонун нерселер сыяктуу эле буга чейин деле жакшы көрчү, бирок Руфь менен кездешүү анын алдына махабат лирикасынын чексиз ааламынын дарбазасын ачып таштады. Руфь ага Бельфинч менен Гэйлиге караганда алда канча көптү берди. Мындан бир эле жума мурда ал мисалы: «Сүйүүгө чалдыккан муңдуу жигит, бир өөп туруп анан өлсө арманы жок» деген саптар туурасында ойлонуп да койчу эмес, бирок эми бул сөздөр таптакыр эсинен кетпей туруп алды. Бул сөздөргө эми ал эң улуу ачылыш сыяктуу суктанып турду; ошол саптар эсине түшкөнү азыр Руфка карап туруп ичинен: ооба, сени бир өпсөм, менин да арманым болбос эле деп ойлоду. Мындан улам өзүн ошол ырдагы “муңдуу жигитке” теңеп, ага тимеле рыцарлык даражага көтөрүлгөнсүп сыймыктанып калды. Мына, эмне үчүн туулуп, эмнеге умтулуп жашоо керек, мында жаткан турбайбы көрсө.
Мартин Руфтун сөзүн уккан сайын ойлору чечкиндүү болуп баратты. Анын колун кармагандагы ыракат сезимди эстеп, ошол дагы бир кайталанса экен деп самап турду. Кыздын сөзүн угубатканы менен бир туруп ачкөздүк менен анын эриндерине тигиле калат, бирок мында эч кандай жаман ой жок эле. Сүйлөп жаткан Руфтун эриндеринин ар бир кыбыраганын суктана кароо ага чексиз лаззат тартуулап жатты, бул эриндер аялдар менен эркектердикиндей эле кадимкидей эриндер эмес эле. Бул эриндер кан менен тандан жаралган эриндер эмес, адамдан төрөлбөгөн рухтуку эле жана жигиттин бул эриндерди өпсөм деген каалоосу башка аялдар козгогон көнүмүш каалоого түк окшош эмес эле. Ал кыздын үлбүрөгөн эриндеринен бир сүйсөм деп турду, эгерде ошентсе, анда бул кылганы теңирдин элеси түшүрүлгөн сүрөттү өпкөн менен барабар эле. Мартин дилинде алпурушуп жаткан бул өзгөрүүлөргө баа бере албай жатты, бирок кызды караган жалындуу көздөрүндө болбой эле махабат эңсеген кадыресе эркектананыкындай каалоо турганын түшүнбөй турду. Ошол эле учурда өзүнүн делөөрүй караганы кыздын жан дүйнөсүн аңтар-теңтер түшүрүп, бүлүк салып атканын да билген жок. Кыздын эч кимдин колу тие элек аруулугу анын ышкысын анын өзүнөн коруй тосуп, ээ жаа бербеген ысык каалоосун тээ бийикте жымыңдаган жылдыздардын муздак пакизалыгы менен суутуп тургансыды. Кадала караган өзүнүн каректеринен тарап жаткан сырдуу жылуулук кыздын жан дүйнөсүнө жетип, алоолонтуп атканын жок дегенде түкшүмүлдөп билгенде буга өзү да таңгалмак. Жигиттин караганынан бир туруп уялган, бир туруп чочулаган кыз кептин учугун бир нече жолу колунан чыгарып жиберди, кайра араң дегенде чачылган ойлорун жыйнады. Демейде Руфь сүйлөшүү учурунда эч качан минтип өзүн жоготчу эмес, эми да өзүнүн мындай абалын аңгемелешинин өзгөчө адам экендиги менен түшүндүрүүгө аракет кылып жатты. Ар кандай нерсени аша чапкан сезгичтик менен кабылдаган кыз акыры өзүн чоочун ааламдан келген мына бул адам аны тартынып уялууга аргасыз кылып турганына таң кала турган деле эч нерсе жок деген ой менен өзүн өзү жоошутту.
Жигитке кантип жардам берсем деп ойлонуп, аңгеме нугун ошол жакты көздөй бурганда Мартин андан өзү жардам сурап кайрылып калды:
– Сизден бир кеңеш суроого болоор бекен? – деди ал, анан Руфтун ошол эле замат жооп кайтарып, кеңеш бергенге жан дилим макулмун дегенине кубанып кеткенинен жүрөгү жарылып кете жаздады.
– Эсиңиздеби, өткөн жолу мен китептер жана ушул сыяктуу башка нерселер жөнүндө бирөө менен сүйлөшө албайм, бул колуман келбейт деп айтпадым беле. Анан жатып алып көпкө ойлондум. Китепканага барып толтура ар кайсы китептерди да алып келип окудум, бирок аларга акылым жеткен жок. Балким, мунун баарын кайра башынан баштоо керектир? Мен негизи эч качан чындап окуган эмесмин. Бала кезден бери тырбалаңдап иштеп келатам, эми китепканага барып китептерди көрсөм, мурда керектүү нерселерди таптакыр окубаптырмын. Түшүнсөңүз, фермада же пароходдун кубригинен маселен, сиздердин үйдөгүдөй китептер табылбайт. Мен иштеген жерлерде китеп окуш деген таптакыр башкача, мен ошого көнгөн экенмин. Мактаныч болсо да айтып коеюн, мен өзүм менен чогуу үлпөттөшүп жүргөндөрдөн таптакыр башка адаммын. Кеп эми мында деле эмес. Кеп, сиздердикиндей үйлөрдө мен эч качан болбогонмун, ошондо. Өткөн жумада сиздердикине келип, ага-инилериңизди, апаңызды, кандай тураарыңызды көрүп мага баары абдан жакты. Мындай нерселер туурасында мурда мен китептен гана окуган элем, эми китептерде жазылгандар чын экенин көрдүм. Мен да ушундай жашоону каалап турам, мен да китептер толтура, картиналар, башка толгон-токой кооз буюмдар бар, адамдар кыйкырбай акырын сүйлөшкөн, кийген кийимдери да таза, ойлору да таза сиздердикиндей үйдүн абасы менен дем алгым келет. Буга чейин мен дем алып келген аба ашкана, вино, сөгүшүү менен батир акысы жөнүндөгү сөздөр менен гана жыттанат. Сиз ордуңуздан апаңызды өбүш үчүн тура калганыңыз мага тимеле сонун болуп көрүндү – мындайды мен өмүрүмдө көрелек элем. Мен деле көптү көргөнмүн, керек болсо, башкаларга караганда алда канча көп нерсе башыман өткөн. Мен дагы көргөндү абдан жакшы көрөм, дагы бир сонун нерселерди көргүм келет.
Бул гана эмес. Эң башкысы бул: мен да сиздер жашаган жашоого жетким, мына ушундай үйдө жашагым келет. Жашоо деген жалаң араккечтик менен мушташтан, белиң ийилген оор жумуштан гана турбайт да. Эми мунун баарына кантип жетиш керек деген суроо туулат. Мен эмнеден башташым керек? Жумуштан мен эч качан корккон эмесмин; мынчалык кеп болуп калды, жумуш иштегенде мен кимди болбосун артта калтырып кеталам. Баштап эле алсам болду, күн түн дебей, башымды көтөрбөй иштейт элем. Муну сизге айтып атканыма балким күлкүңүз келип жатпасын? Балким, мен сизге бекер эле кайрылып аткандырмын, кайрылганга башка эч кимим болбосо, кимге кайрылам анан? Артургабы? Мүмкүн ага келишим керек беле? Эгерде мен…
Ал күтүлбөгөн жерден токтоп калды. Артурдан сураш керек эле деген ой келгенде камдап келген планы оңунан чыкпай тургансып кетти. Руфь шак эле жооп бере койгон жок. Анын бүткүл ою Мартиндин байланышы жок, баёо ойлорун көзүнөн окулуп турган каалоолоруна байланыштыруу менен алек болчу. Мындай эбегейсиз күч байкалып турган көздөрдү ал эч качан көргөн эмес. Бул адамдын колунан баары келет –карап турган көздөр ага ушуну айтып турду жана мындай кайраттуулук анын сөз жактан алсыздыгына коошпой турду. Кыздын өзүнүн акылы ушунчалык кылдат жана татаал эле, ошондуктан ал жөнөкөйлүк менен ортозаарлыктын чыныгы айырмасын өзү да ажырата билалбай жатты. Жадагалса кекечтей көрүнгөн ойлордон да күч байкалып атты. Мартин кызга өз чынжырын өзү үзгөнгө жандалбас урган дөөдөй көрүнүп кетти. Ошондуктан ага жооп кайтараарда кыздын жүзүнөн мээрим балкый түштү:
-Сиз өзүңүзгө эмне жетишпей турганын өзүңүз билесиз, – сизге билим жетишпейт. Баарын кайра башынан баштасаңыз болор эле. Адегенде мектепти бүтүрүп, анан – университеттин курсуна өтсөңүз жакшы болмок.
– Ага акча керек да, – Мартин анын сөзүн бөлүп кетти.
– О, – таң кала түшүп Руфь, – мен бул жөнүндө ойлобоптурмун! Бирок туугандарыңыздын эч кимиси сизге жардам кыла албайбы?
Ал башын чайкады.
– Ата-энемдин көзү эчак өтүп кеткен. Бир эжем, бир карындашым бар: бирөө күйөөгө чыккан, экинчиси, менимче жакында турмуш курушу керек. Эркек бир туугандарым толтура, мен кенжесимин, бирок агаларым эч качан эч кимге жардам беришкен эмес. Ар кимиси кара жанынын камын көрүп, ар кайсы жакка тентип кетишкен. Улуу агам Индиядан каза тапкан. Экөө азыр Түштүк Африкада – бирөө кит уулоочу кемеде, экинчиси көчмө цирк менен кыдырып элге оюн көрсөтүп жүрөт, кылган кесиби акробат. Мен деле ошолордун биримин. Апам өлгөндөн кийин он бир жашымдан тарта өз жанымды өзүм багып келатам. Андыктан мында да баарына өз күчүм менен жетишим керек. Бирок муну эмнеден башташ керек, ошону гана билгим келет.
– Сиз биринчиден тилди үйрөнүшүңүз керек. Кээде сөздөрдү («өтө орой» деп айтайын деди эле, бирок карманып калды) туура эмес айтасыз.
Мартиндин чекесинен тери чыга түштү.
– Ооба, кээде ушундай бир сөздөрдү айтып жиберем, аны сиз түшүнбөй да каласыз. Бирок мен жок дегенде ал сөздөрдү кантип туура айтканды билем. Китептен үйрөнгөн кээ бир сөздөрдү сактап турам, бирок мен алардын кандайча айтылышын билбегендиктен айткым келбейт.
– Кеп бул жерде жалаң гана сөздө эмес, жалпы сүйлөм тизмегинде. Сизге ачык эле айта берейинби? Мага таарынбайсызбы?
– Жо, жок! – кыйкырып жиберди Мартин кыздын кең пейилдигине ичи ысый түшүп. – Түк аябаңыз! Мунун баарын башкадан уккандан көрө, сизден укканым жакшы эмеспи!
– Анда угуп туруңуз. Керектүүнүн баарын грамматикадан табасыз. Мен сиз арыла турган бир топ сөздөрүңүздү белгилеп койдум. Грамматиканы болсо азыр эле алып келем.
Руфь ордунан турганда Мартин китептен жаттаган этикет жөнүндө бир эрежени эстей койду да олдоксон козголуп кошо тура калды, ошол замат Руфь аны кеткени жатабы деп ойлобосун деген ойдон чочуй да түштү.
Грамматиканы алып келген кыз өз отургучун Мартинге жакын жылдырып койду, кап, тура калып өзүм жылдырып койсом болмок экен деп калды Мартин ичинен өкүнө. Руфь китепти ачканда экөөнүн башы тийише түштү. Мындай жакындыктан катуу толкунданган Мартин кыздын эмнени түшүндүрүп киргенин да башы жетпей жатты. Руфь этиштин жакталыш сырларын түшүндүрө баштаганда, баары жоктун баарын унутту. Ал мындайды өмүрү уккан эмес, ошондуктан тилдин сырдуу мыйзамдарына таштаган бул алгачкы кадамдан башы тегеренип кеткендей болду. Китепке үңүлө ылдый ийиле берди эле, кокусунан кыздын чачтары жаагына тийип кетти.
Мартин өмүрүндө бир гана жолу эч-учун жоготкон, азыр болсо дагы ошондой болот го деген ой кетти. Деми кыстыгып, жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй түрсүлдөп согуп кирди. Кыз ага эч качан мынчалык жакын келген эмес эле, андыктан экөөнүн ортосун бөлүп турган туңгуюктун көз ирмемге жакындаткан көпүрө орной түшкөнсүдү. Мартиндин өрөпкүгөн сезими ого бетер көкөлөдү. Себеби Руфь ылдыйдагы ага түшүп келген жок, ал өзү булуттан бийикке чыгып, Руфка жакындап барды. Анын айтылбаган махабаты дагы эле диний кастарлоого толо эле. Ага кандайдыр бир ыйык храмдын төрүнө кирип кеткендей сезилди, ошондуктан ага электрдин тогундай таасир эткен бул жакындыктан оолактап, башын акырын тартып алды. Кыз эч нерсени байкаган жок.
(уландысы бар)

Бахтиер Шаметовго мыкты котормосу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем!
Арыбаңыз!
Урматтуу Айгүл айым, кымбаттуу калемдештер, баарыңыздарга буга чейин менин дарегиме айткан жылуу пикириңиздер үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем жана “унчукпай” келатканым үчүн кечирим сурайм. Ар бириңиздерге чыгармачылыкта, дегеле жашоодо ийгиликтерди, адам жашоосунун мазмууну болгон бардык жакшылыктарды каалайм. Улутубуздун адабиятын өнүктүрүүгө кошуп жаткан биздин аз-маз болсо да салымыбыз дайыма берекелүү болсун! Сиздердин көбүңүздөрдү жакшы билем, урматтайм, дайыма аманчылыкта болууңуздарды Кудайдан тилеп келем. Чыныгы билимди, нукура тарбияны адамга телефон эмес, китеп берерин, китеп гана чыныгы адамды тарбияларын жаштарга жеткире берели, китеп окугандардын, анын ичинде көркөм адабияттын ажайып ааламына умтулгандардын катары күн сайын арта берсин!
Чон ыракмат, Айгул, Сизге да ийгилик каалайм!👍👍👍