“Адам аалам изилденип бүтпөгөн…”
* * *
Адам аалам изилденип бүтпөгөн,
Табышмак, сыр, түбөлүктөп түптөгөн.
Бул ааламды сыртта десем ишенбе,
Баарын сырттан көрүп турам дегенге.
Көзүң жумчу, көргөндөрүң бүтүн жок,
Демек чындык, дүйнө сенин ичиңде.
Өзүң кимсиң? Маалыматтык талаасың,
Сезим менен баарын кабыл аласың.
Сенин денең, жүз миллиард клетка,
Уютулган материалык калаасың.
Сенин жаның, чексиз кубат энергия,
Молекула, атомдорго бөлүнгөн.
Бөлгөн сайын кете берет арылап,
Протон, нейтрон, электрон делинген.
Илим чексиз изилдеген кишиге,
Жеттим десең, дагы чыгат ичинде.
Адам татаал, Жараткандан жаралган,
Жетпей келет технология чегине.
Неден турсуң? Деген суроо берилсе,
Эмне дээрсиң, жооп берүүдө кезинде.
Билип алгын, кайталангыс жан досум,
Чындыгына, айтылган мен сөзүмдө.
Сандан турсуң, мүчөлөрүң санап көр,
Бардан турсуң, мүчөлөрүң кармап көр.
Бар сезинткен, кыялыңда чыныгы,
Ойдон турсуң, ойлоруңда байкап көр.
Химиясың, ошол сенин ичиңде,
Реакциялар жүргөн секунд, мүнөттө.
Ал болбосо, кантип аш кылмаксың,
Тамактан жеп, чай уурттаган кезиңде?…
Биология, ал да сенин ичиңде,
Ишин баштайт, хим. кызматы бүткөндө.
Калдык кылып, анан сыртка чыгарат,
Тезегиңди, артык баштап кезинде.
Сен тарыхсың, келген-кеткен дүйнөдөн,
Өтсө эскирип, келечектен күтүнгөн.
Сен бир тилсиң, ар түркүнчө сүйлөгөн,
Сен ааламсың, изилденип бүтпөгөн,
Табышмак, сыр, түбөлүктөп түптөгөн.
