Сирендер
(аңгеме)
– Кандайсың Нуке?
Чочуп кетти. Кудум күзгүгө тил бүтүп калгансып, аны менен учурашпадыбы. Эмне жөөлүп атамбы? – деп ойлоду. Сакал-муруту өсүп, жүдөгөн өз кейпине өзү күзгүдөн тигилип турду.
– Эмне сүйлөбөйсүң? Жүзүңдү бырыш басып, билинбей карып баратасың? Кезинде кандай гана келишкен жигит элең. Кудай сага өң-келбетти, бойду аянбастан берди. Бирок багыңды берген эмес тура. Жашың ортолоп калса да, мынтип же тапкан акчадан жок, же үй-бүлөдөн жок, күлүң бир жерге додо болбойт!
Өзүн жемелеген ушул үн же күзгүдөн келип атканы белгисиз, же өз жүрөгүнөн чыгып атканы белгисиз болуп башы ооруп чыкты. Күзгүнүн бир капталындагы мыкта илинип турган сүлгүнү алды да, күзгүнүн бетин жаап, керебетине кыйшая кетти. Ачкалыктан курсагы курулдап, “эптеп уктап калайын” деп тырышып жата берди.
– Баарын кыйратам, Москвага барсам эле күндө күмүш, айда алтын табам, – деп убада бербедиң беле?
Эми өз үнү өз кулагына даана угулду. Өткөн өмүрү көз алдына тасмадай тартылып, биринен сала бири чубашып келип жатты.
…Он беш өлкөнү былкылдатпай багып турган Союз ураганда Нурбектин да бакты-таалайы кошо урап кеткенсиди. Жашоосунун тамыры Союз менен бир өңдөнүп, Союз үзүлгөндө аны да бул жашоого байлап турган кан тамыры үзүлүп кеткенсип, күндөн күнгө соолуп баратты. Нурбек иштеген чакан ишкана жабылып, жумушсуз, акчасыз калды. Үй-бүлөмдү багам деп, күнүмдүк жумуш издеп жан-далбас кылды. Соодага аралашып көрдү эле, жаралганы бирди эки кылып жиберген өжөрлүгү жок экен, базардын алдым-жуттум адамдары, куйтулары аны көп узатпай четке чыгарды.
Кечээ эле бардар жашап, тамактын азабын тартып көрбөгөн үй-бүлөгө бул абал оор тийди. “Бактылуу карылыкка чогуу жетебиз”, – деп, аялы экөө бирин-бири атынан атабай “Нуке, Нуржаным-Нурум” деп, үзүлүп түшүп турчу эле. Бирок Союз ураганда ушул бакыттын баары урабадыбы. Бирин-бири эркелеткен эрди-катындын күндөн күнгө жаңжалы көбөйө берди. Бара-бара балдары да чоочун болуп, аны эч ким киши ордуна көрбөй калды үйдө.
Союз кезиндеги бактылуу турмушун, жумушун издеп акырында досун ээрчип Москвага баса берди. Бирок Москвада деле күлү бир жерге додо болуп кеткен жок. Иштен иш которуп, эптеп курсагын тойгузуп жашап жүргөнү болбосо, жарытылуу иштеп акча таап кете албады. Кара жанын багалбай жүрүп аял бала-чаканы акырындап унутту. Алардын элеси, Союз менен бирге жоголгон кайрылгыс бир күндөй бара-бара жадынан чыкты. Эстебейт, издебейт. Издеген менен эмне? Акча салбагандан кийин, аларга белек-бечкек жөнөтө албагандан кийин курулай издеп, не кереги бар? – деп тим болду.
Нуке, Нуке! – деп, күзгү болгон күчү менен кыйкырып атты.
Укмаксанга салып жата берди. Союз урады. Союзга кошуп алгач жумушум, анан бакытым, үй-бүлөм кошо урады деп, оор үшкүрүндү.
– Нуке! – дейм.
Эми айласыз баш көтөрдү да, күзгүнү карады. Көк сүлгү жабылып, күзгү үнсүз турат. Анан босогодо турган досу Толкунга көзү түштү.
– Эй, Нуке, эмне болду сага, деги тирүүсүңбү?
Жооп берген жок.
– Аа, келдиңби? – деди да, ордунан туруп досун утурлай жөнөдү. – Саат канча болду?
– Капырай, ушунча да уктайсыңбы? Деги жакшы элесиңби? Эртең менен мен кетип атканда өңүң жаман эле. Ооруп калдыңбы? Бирдемке жедиңби же кезерип эле ачка жатасыңбы?
Толкун барбалактап колундагы баштыгын ачып алып, келген азык-түлүгүн үстөлдүн үстүнө жайнатып жая баштады.
– Охо, булар кайдан?
– Ээ, досум сурап не кыласың? “Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат”, – деген ушул да. Карындашыман акча сурайын деп баргам. Бир аз каралаша турса жаз чыгып, ишибиз башталып кетер эле деп барып, оозум барбады. Алардын деле турмушу өп-чап го. Ошентсе да, байкушум бир тууган да, сүйүнүп, колунан келишинче сыйлады. Жумуштары жакшы боло баштаптыр.
– Ырас болгон экен.
– Анан кара курсакты тойгузуп алып, акча сурай албай кайтып келатсам, тиги көчөнүн аягында бизден бир-эки жолу цемент алган дядя Вася бар го, баягыда таштандыларын тазалап бербедик беле?
– Иии!
– Автобустан түшүп келе жатсам ошол алдымдан чыгып калды. “Толик, кандай, жумуш бар эле”, – дейт. Мени Толик дейт эмеспи. Айта бер, үч-төрт күн бошпуз деп койдум каадаланып. Шаардагы баласы келип, короосуна жаңы көчөттөрдү тиккени жатыптыр. Кыскасы, короосундагы бардык бак-шагын кыйып, тамыры менен калтырбай тазалап беришибиз керек экен.
– Бак чоңбу?
– Анысын билбейм. Бирок короо каралбай, токой болуп кетти, –дейт. Бизге эмне, акчасын төлөп берсе болду да. Кыргыздар бузганды катырабыз го. Бир бакты бузган эки кыргызга кеппи? Алдын ала аванс төлөсөң, эртең баштайбыз, биздин жумуш башталганча бүтүрө салабыз дедим.Чөнтөгүнөн эки миң сом алып чыгып, дароо кармата салды. Ошого түз эле дүкөнгө барып, ушуларды сатып келдим.
* * *
Вася абышканын үйү көчөнүн четинде жайгашкан үчүнбү, короосу аябай кенен экен. Чамасы бакчасы көп жылдан бери каралбай калса керек. Алмасы, өрүгү, алчасы башкасы баары эле куурап, отоо чөп басып, токой болуп кетиптир.
– Ээ, балдар, карылык деген ушул экен. Жаш өткөн сайын адам жалкоо тартып, ал-күчүң тайый берет тура. Кемпиримдин көзү өткөндөн бери бакка басып киргим келбей калды. Өзгөчө гүлдөрдү, гүлдүү дарактарды өстүргөндү жакшы көрчү эле. Өзү өлгөндө баары өлбөдүбү мынтип деп, улутунду абышка.
Беркил экөө абышканын кебине кулак төшөгөн болуп, “ишти эмнеден баштасак экен” дегендей, айлананы астыртан карап жатышты.
– Тээтиги четтеги сирендерди өз колу менен тигип, аздектеп турар эле, байкушум…
Сирень деген сөздү укканда Нурбектин жүрөгү “болк” деп, уйкусурап турган көзү умачтай ачылып, сирендерди беттеп жөнөдү.
Чындап эле бактын бир капталы жыш, бир кылка катар тигилген сирендер экен. Нурбек колундагы күрөктү ыргыта салып, бутка илешип турган чөптү жиреп, сирендерге жакындады. Гүлдөй баштаптыр…
Жакыныраак барганда бала күнүнөн тааныш болгон жагымдуу жыт мурдун өрдөп, жүрөгү опкоолжуп чыкты. Сирендердин тегерегин ит мурун сыяктуу бактар каптап, тосуп калыптыр. Гүлдөрү сыя көгүш тартып, Күндүн жүзүн көрүүгө жол издеп, алдыга жүткүнүп жаткандай.
“Сирендер, апамдын сирендери…”, – деп шыбырады. Көзүнөн алда качан унутулган ысык жашы мөлт этип, Нурбек элирген адамдай сирендердин түбүн тазалап кирди. Ойду-келди өскөн бак-шактарды, колу менен тырсылдатып сындырып, кайрып, сынбаганын буту менен тебелеп-тепсеп жин урган немедей жанталашып иштей баштады.
– Ой, Нурбек, эмне шашасың? Кел, бир чекеден баштайлы, – деп бакырды аң-таң болгон досу.
– Ооба, Толик туура айтат, бул тараптан баштагыла, таштандыларды ташып чыгарганга ыңгайлуу, ооз жактан баштагыла, – деп, кошумчалады Вася абышка.
– Азыр…
Алардын сөзүн кулагынын сыртынан кетирген, Нурбек сирендердин жака-белин ачып, тазалаганын уланта берди. Бир убакта сирендин бир бутагын өзүн көздөй имере тартып, көзүн чылк жумуп, шоркурата жыттап алды. Ушул учурда апасын, балалыгын, туулган жерин жыттап алгансып каңырыгы түтөдү. Анан акылынан ажыраган немедей бирде сирендин бутагын, бирде жалбырагын, бирде гүлүн аяр сылап:
“Апа, кагылайын алтын апакем, тиричилик деп жүрүп сени эсимден чыгарып калган турбаймбы? Кечир, мендей акмак уулуңду кечир! Сенин сирендериң ушундай эмес беле… Алар да каралбай калды да. Алардын жака-белин тазалай турган, аларга суу берип карай турган, аларды аздектей турган адам мен эмесминби?” – деп, энтигип сүйлөп кирди.
Эми бүткөн бою калчылдап, качантан берки катып калган кан тымыры жибип, сирень багын кучактап алып: “Апамдын сирендери… Апам… Мен ушул айдан калбай бул жерден кетем. Угуп атасыңбы, Толик? Мен кетем! Жат жерден бакыт издеп келген мен келесоо экенмин. Мен кетем, Туулган жериме кетем! Апамдын гүлдөрүн аздектейм. Өзүмдүн сирендериме кетем! Чыныгы бакыт Ата Мекенимдин ачык асманында, киндик каным тамган айылымда, анын асман тиреген тоосунда, чалкып жаткан көгүлтүр көлүндө, мөлтүр таза булактарында, көңүл сергиткен таза абасында. Сөзсүз айылыма кетем! – деп ыйлап да, сүйлөп да атты.
Толик менен Вася абышка куураган бактын бир бурчунда Нурбекти карап каткан бойдон тура берди.

