Туулган күн
Сөзүбүздү, өзүбүздү башкарат,
Осол күлкү, белгисиз күч ойсоңдоп.
Керек эмес бизге ал, бул, башка да.
Жеңил күндү саматтырып оор ойлор,
Келди орто жаш башкача.
Ансыз деле ичтеги ый жетишет,
Сенин, анын, же тигинин сабында,
Андан көрө ач бөтөлкө! Эшикти
Жаппа, жаппа, өзүң дагы жашыба!
Унутулуп калсын бул саам, ушул күн,
Ушул жагдай, ушул өмүр, адамдар.
Биз суранып каптаган жок боз түтүн,
Өзү келип алган бизге санаа да.
Оюн-зоок да, тамаша да, башка да
улансын да, ырлар кайра жаңырсын!
Ой чөмүлтүп жашагандан чарчаган
артта калсын мааниси жок жарык күн…
12-август, 2026

“Кереги эмне жылкы союп, кой союп?
Кел, ичели, көңүл тоюп, ой тоюп.
Турмуш жарды дасторкондой болсо да
Тургун өзүң бөтөлкөдөй койкоюп!”
Кыялбек Урманбетов 😀
Жыргалбек байке, рахмат! Баарынан чарчаган ушундай абалда ойлорубуз да окшошуп калат окшойт улуу адамдардыкына. Кыялбек агайдын ырын толук издеп көрөйүнчү.