Арасат

4.2/5 - (5 добуш)

(аңгеме)

Терезени черткилеген жамгырды тыңшап көпкө турду. Бала кезинде белине түшкөн узун чачын жая салып, жамгырда жүгүргөндү жакшы көрөөр эле. Бирок апасы урушуп үйгө киргизчү. Айласы кеткенде терезеден карап, өтмө катардан суу болуп ойноп жүргөндөй кыялданчу. Бала кезинде апасы, андан соң күйөөсү тыйды. Эми минтип өзүн-өзү…

– Өх-х! – үшкүрүп алды. 

Турмушка чыкканынан бир жыл өтпөй апасына даттанган. “Менин ар бир басыгымды аңдый берет. Эч жакка чыгарбайт. Атүгүл курбуларыма кошула албай калдым. Тажадым ушундан!”. “Ак катыгүн, бул эмне дегениң?! Ысыгыңар тарай элек тажадым дегенин кара! Күйөө өзү ошондой болот. Курбуларың менен жүрө бергиң келсе, турмушка чыкпай койбойт белең! Чыктыңбы, курбуларыңды унут!” – деген апасы ачууланып. “И-ий апа… Ушинтесиз анан… Жок дегенде сиз менин сөзүмдү сүйлөйт экен десе!” – апасынын сөзүнө териккенден ыйлап жиберген. “Ай, кызым! Өзүң каалап, өзүң жактырып жүрүп турмуш курдуң го. Жактырбаган бирөө ала качса эмне кылат элең? Анда деле айла жок тагдырыңа моюн сунмаксың да! Кудай Таалам аялзатына ушундай милдет жүктөгөн турбайбы… Бала төрө. Баары ордуна келет”. 

“Бала” деген сөздү угаар замат жүзү тамылжый түшкөн. Жакында эле билген боюнда бар экенин. Уялып айта элек болчу. Ал уят, бул болбойт деп бала кезинен тыюу уга бергендин залакасыдыр? Ою кай тарапка бурулганын жашыруунун айласы кылып: “Апо-ов! Атам экөөңөрдүн кантип табышканыңар тууралуу айтып бериңизчи…” – деген жүзүн жылмаюу аралап. “Ал окуяны канча жолу айтам, айланайын… Кайра эле майнеке кыла бересиңби?” “Бир эле жолу уккам! Эми дагы айтып берсеңиз, эки болот”. Эркелиги кала элек неме апасынын мойнунан шуу эттире жыттап алдына жата кеткен. Колундагы ийигин чимирилткен апасы: “Аа кызым, менин жашоомду сурай бергенден, айтып берсем уга бергенден тажабайт экенсиң го. Баладан башкачасың деги… Болуптур эми, дагы сурасаң дагы айтып берейин”, – деп узун аңгемесин баштаган. Апасынын аңгемелери бул үчүн абдан кызыктуу болор эле. Уккандан тажачу эмес. Улам бир суроону берип эркелеп жата бергенди жакшы көрчү. А азырчы? Азыр болсо апасынын аңгемесин укмак түгүл айылында көпкө жүрө албайт. Шашат. Ар дайым шашат. Эмнеге шашат, кайда шашат – өзү деле түшүнө албай кетет. 

…Ойго чумуп отуруп жаандын басылганын этибар албаптыр. Күрмөсүн желбегей жамынып сыртка бет алды. Короонун четине барып чокусун аппак кар чүмкөгөн тоолорго көз чаптырды. Тоону сагынганда, айылына, балалыгына болгон кусасы көөдөнүнө сыйбай кеткенде ушул бурчка келет. Короонун башка жагынан тоо анчейин көрүнө бербейт. Учу-кыйрына көз жетпеген кыркалекей тоолор демейдегисиндей мелтирейт. Кыялында аны менен сүйлөшөт. Ага сырын айтат. Эң башкысы – тоолор жөн гана укканды билет. Ал болбойт, бул болбойт деп тыйбайт. Акыл да айтпайт. 

Отуздун кырынан ашып-ашпай өзүн абдан кары адамдай сезчү болгон. Жадагалса курбулары шаңкылдай күлүп тамашалашып турушканда да өзүн оолак кармайт. “Булар кантет? – дейт ичинен аларды жактыра бербей, – Көргөн адам жаман ойлойт го… Топтошкон топ катын өздөрүн жаш кыздай сезип алышканын кара дешер”. А курбулары мунун түнт мүнөзүнүн себебин боолголошот. “Кантсин эми. Сүйүп турган адамдан айрылып калыш оңой эмес… Унута албай койду”, – дешет өз ара шыбырашып. Сөзгө да тартып көрүштү. “Качанкыга чейин кабагыңды ачпай жүрө бересиң? Ушинте берсең, ден-соолугуңан айрыласың. Жолдошун жоготкон жалгыз сен эмес. Жашоо улана берет!”

Мындайда ным дебейт. Көздөрүнө жаш топтоло калат. Тамагы буулуп чыгат. Эч кимди көзгө илбей жер жаңырта кыйкырып ыйлап алгысы келет. Жолдошунан айрылган күнү эсине түшөт. Анда да жер чапчып ыйлай алган эмес. Мончоктоп төгүлгөн көз жашын аарчыганга жарабай отура берген. “Кызыке… Алдагинтип ичиңен сызбай, үнүңдү чыгарып ыйла! Муң ичке түшсө жаман болот”, – деген жеңеси. Анын сөзүнүн бири угулса бири угулган эмес. Уккан күндө жасалма жер чапчымак беле? Ичтен гана сызган. Артта калган өмүрүнүн кичинекей үзүмү көз алдына тартыла муңканган. Жалган жашоонун ушунчалык кыскалыгына ыйлаган. Бири-биринин баркын түшүнө албай жаштык доорун тепсендиге айландырып койгонуна өкүнгөн. Бул жашоого түркүк болчудай көңүл калтырышканын армандаган. Ооба, ыйлаган… Бирок ансыз жашоом кантет деп ыйлаган эмес. Сүйгөнүмөн, өмүрлүк жарыман айрылып калдым деп ыйлаган эмес. Балдарым атасыз кантет деген эмес. Тек гана экөөнүн көз ирмемчелик жашоосу сыйы жок, сүйүү жок, бири-бирине болгон арзуу, махабат, сагынуу жок өтүп кеткенине ыйлаган. 

Алгач баары башкача болчу. Бир күн көрүшпөсө сагынышып калышар эле. Бул жашоо бири-бирисиз кызыгы жоктой туюлчу. Кең ааламда экөө гана… Сүйлөшсө сөз түгөнбөй, күлүшсө күлкүгө, ойношсо оюнга тоюшчу эмес. Анан тез эле баары өзгөргөн. Алоолонгон сезим бир заматта жалп өчкөн. Себебин эч ким билбейт. Керек болсо экөө да билбес. А балким, утурумдук каалоону сүйүү деп ойлоп алышкан беле? Кептин баары жаштыкта болуп жүрбөсүн? А мүмкүн, бири-биринин эркиндигин тыя бергени үчүндүр? Жо-о-жок… Жолдошунун эркиндигинде чек жок болчу. Каалагандай басып, каалагандай жүрчү. А бул… Бардыгына чек коюлган. “Сен жаш кыз эмессиң! Болду, токтот! Мен эмне десем, ошол гана болот!” – деген кыязда “акыл” айтчу. Алгач жолдошунун мындай “акылына” теригип, так секирген. Алдап да, таарынып да, ыйлап да көргөн. Керек болсо кайым айтыша кетип, муштум жеген. Апасына даттанган. Анын “аялдын милдети ушундай болот” дегенин угуп, тагдырына моюн сунган. Бирок сыртынан гана… Жан дүйнөсү далай кыйнап, көз жашын дайра кылып канча агызган. Баарынан да эч күнөөсү жок жерден токмок жегенде бул жашоодон безе качкысы келчү…

– Апо-ов! 

Селт эте түштү. Жанына келип калган кызын байкаган эмес экен. Карегине чогулган көз жашын жашыра жеңинин учу менен аарчыды. Буулуккан деми көмөкөйүндө такалып кала берди. 

– Апа… Бул жерде неге турасыз? – деди кызы эркелей бетине бетин тийгизип. – И-ий, тоңуп калгансыз го. 

Кыз бала дедиби же балким, балдарынын улуусу болгонгобу, айтор, эки уулун кайындарына калтырып, кызын өзү ала кеткен. Кызын да калтырса кантээр эле? Муну ойлогондо коркуп кетет. Сырын угары, ыйласа сооротору, күлсө кошо күлүп кубанычын тең бөлөрү кызы эмеспи. 

* * *

Айылдагы агасы күн алыс каттап турат. Ата-энесинин берип жиберген базарлыктарын тапшырат да, жөнөп кетет. Адатынча бүгүн да келиптир. 

– Апамдар сени ала кел дешти. Бол, даярдана кал! – деди шаштырып. 

– Анчалык эмне болду? Барам да бошогондо!

Айылга баргысы келбей турган. Барганда эмне? Бүгүн барса, эртең таң атпай кайра келиши керек. Антпесе соодадан калат. 

– Бошобой калгыдай өкмөттүн ишинде иштеп жаттың беле?! – деди агасы корсулдап. – Бол тез! 

Агасына ыза болуп турганын билгизе бербеди. Үн-сөзсүз кийинди да сыртка чыга жөнөдү. 

– Ай, токто! Кызыңды албайсыңбы? 

– Келем да бат эле. Же эмне жол алыс беле?! 

– Келээр-келбесиңди барганда көрө жатаарбыз. Ээн үйгө жалгыз таштабай ала кетели. Жаныбызда жүрсө, зыяны тийбейт. 

– Барбайт! Түнгө калбай келип калам! 

Агасына биринчи ирет каяша айтты. Шаңкылдап күлгөн, ойноок, каяша сүйлөө дегенди билбеген карындашын тагдырдын запкысы минтип каардуу келинге айландырганын агасы биринчи жолу сезгендей болду. 

– Жөнү жок башты оорутпай, алып ал кызды! 

Агасынын көңүлү жайында болсо, андан өткөн жайдары, берешен, сөзмөр адам жок. Көңүлүнө бир нерсе жакпай калса, ай-буйга карабай сөгүнүп-сагынып, жанындагыларды каарып жибермей адаты бар. Анын мындай сырын билгенге ата-энеси муну жөн жай чакырып турбаганын сезди. Агасы менен кайым айтышкандан пайда болбосун түшүндү да, кызын чакырып, машинага отурду. Шашылыш эмне болуп кетти экен деди ичинен. Көп сүйлөгөндү, такып сурай бергенди сүйбөгөн неме барганда билээрмин деген ой менен жөнөп калды.

* * *

– Азыртан мен сага бир нерсе айтып коёюн. Болбосо кийин таарынасың да… – жолдун өңгүл-дөңгүлүнө карабай машинаны зуулдата айдаган агасы ооз учунан күңк этти. 

– Айта бериңиз!

– Эмесе мындай… Кудагый менен куда келиптир.

– Кайсы куда-кудагый? 

Жүрөгү алда-немени сезгендей зырп эте түштү

– Кайын журтуңду айтам. Кечээ келишиптир. Атамдар менен көпкө сүйлөшүштү. Чынында, алардын сунушуна мен макул деле эмесмин. Бирок… Айла жок! 

Агасы жаман кабар угузчудай түйшөлө түштү. Машинанын айнегин ачты да чылым күйгүздү. 

– Тамекиңизди тартпай туруңузчу! Терезени жаппасаңыз үшүп кеттик!

Агасынын чылым күйгүзгөнүнүн шылтоосу менен араң турган келин кыйкыра сүйлөдү. Бук болуп турган неме албууттана кыйкыргысы, машинадан түшө качып, күрпүлдөй аккан тоо суусуна бой таштагысы келди. Агасынан эмне кабар угаарын билбесе да, жүрөгү алда-немени сезгендей тыбырчылай сокту. Кайын журтун көргүсү жок. Уулунун кылык-жоругун көрүп-билип турушса да, мунун таламын эч бир талашып коюшкан эмес. Анан кантип аларды сагынат да, аларды көргүсү келет? Бирок кичинекейлери ошол жакта. Айласы жоктон гана кол үзүп кете албайт. Калтырбаска аргасы жок болчу. Чийедей балдары менен кимдикине батмак эле? Өз ата-энесиникинеби? Кайда-ан? “Чыккан кыз чийден тышкары” деген макалды турмушка чыгып-чыкпай уккан. Баарынан да анда-санда бир келгенинде “төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт” болбогун дегендеричи. Э-эх! Бирок… Ата-энеде эмне айып? Алар да кызынын бактылуу жашап кетүүсүн каалап ушинтишкендир? Күйөө баласынын көр жемечи, чоң муштум экенин, булардын жашоосу бир калыпта болбой калганын билбей деле калышты. Уруп-сабаганда деле келип даттанган эмес. Катар төрөлгөн уул-кыздарын гана ойлоп жүрө берди. Андан да жашоо деген ушундай, аялдын милдети түкүндөй деп кулагына куйган апасынын сөзүнө чындап ишенип алгандагысы го. А балким, андайга ишенбесе да, эненин сөзүн жерге таштабайын деди беле? Ким билсин? 

Кирпигин ирмесе көз жашы төгүлүп кетчүдөй араң турган карындашын күзгүдөн караган агасы сөзүн андан ары улагысы келбеди. 

– Маалкатпай айтчу сөзүңүздү айтпайсызбы! – деди акыры. 

– Үйдөн угасың! – деп бурк эткен агасы машинасын ого бетер жулка айдады.

* * *

Машина короого кире электе көзүнө биринчи эле урунганы уулу болду. Тумакты баса кийип, таенесинин чыптамасын үстүнө илип алыптыр. Чоң ата, чоң апасын чарчаткан го кейпи. Болбосо ошол жакта эле жүрчү. Тентектиги жанда жок. Акыры жеткиришкен окшойт го? Же жөн гана убактылуу алып келишти бекен? Кенжеси агасы жокто беймаза болчу эле. Ал кантти экен? Артынан кенжетайы да көрүндү. Кубанып кетти. Машинадан түшөр замат уулдарына жүгүрүп, беттеринен сүйүп, бооруна кысты. Жанатан бук болуп турган көңүлү ачыла түштү. Дарбазадан баш багып, чоң мейман келчүдөй даярдык жүрүп жатканын баамдады. Мал союлуп, чоң казанда эт бышып жатат. Эки жеңеси демейдегидей ары-бери жүгүрүп кызматта. Ар бири менен учурашты да үйгө баш бакты. Артынан жеңелери башкача карап жатышкандай, бири-бирине көз кыса, ишарат менен бул жөнүндө сөз кылып жатышкандай бүшүркөдү. Шектүү шекшинет болбоюнчу деди кайра өзүн өзү тыйып. Конок бөлмөдө дасторкон жайылыптыр. Демейде күйпөлөктөп казан башында көз болуп турчу апасы дасторкондун четинде жалгыз отуруптур. Апасынын жалгыздап ойлуу отурганын биринчи жолу көрдү. Көңүлү ого бетер уйгу-туйгу болуп жүрөгү алда-немени сезгендей булкуп алды. 

– Жакшысыңарбы, апа?! 

Бетинен сүйүп, жанына отурду. 

– Жакшы… 

Апасы акырын гана алик алды да, үшкүрүнүп койду. 

– Апа… Неге мынча шашылыш чакырттыңыздар? 

– Аа, секет кетейин! Жөн эле сагынып чакырдык да…

Апасы бир нерсени жашырып тургандай тайсалдады. 

– Качантан бери сагынып калдыңар эле? Анан да абдан чоң мейман болуп калгам го, ээ?

Кызынын какшыгына энеси жооп айтпады. Тек гана жоолугунун учу менен көзүн аарчымыш этти да, кайрадан күрсүндү. Картайып кетиптир. Жүзүн кат-кат бырыш басып, өмүр бою кара жумуш жасаган колунун эби кетип калгандай. Көздөрү муңдуу. Апасына жүрөгү ооруп кетти. Сөөгү көрүнүп ката түшкөн колунан аяр кармады. Баштапкыдай алдына жата кетти. Шуу эттире этегинен жыттап алды да, төгүлө албай араң турган көз жашын токтотууга алы жетпей өксүп жиберди. 

– Балакетиңди алайын каралдым, ай! Ыйла, ыйлап ал… Сени ойлогондо сай-сөөгүм сыздап кетчү болду го.

Апасы кошо жашыды. Калчылдаган колдору кызынын чачынан аялуу сылады. 

– Макул деп койдум… Макул дебеске аргам бар беле?! – деди каргылданган үн менен. 

– Эмнени эле табышмактатып жатасыңар?! Же байкем дурустап айтпайт. Сиз да ар кайсы сөздү чарпып! 

Ордунун тура калды. 

– Отурчу каралдым… Ыйыңды токтот да, кулак сал. Бизди да, өзүңдү да кыйнай бербечи.

– Кимди кыйнап жатам?! Кимиңерден нан сурадым?! Жүрөм го өз арабамды өзүм тартып!

Жүзү ылдый төгүлгөн көз жашын аарчыганга жарабай кыйкыра баштады:

– Мени неге төрөдүңүз, апа! Тагдырымды неге мындай тайкы кылып төрөдүңүз! Чарчап кеттим! Баарынан тажадым! Күйөөм бир күйөөдөй болгон жок! Ал өлбөй мен өлсөм эмне! 

Бирде тура калып, бирде отура калып, денеси баш ийбей калгандай калч-калч эте, эриндери титиреп албууттана баштады. 

– Болду! Токтот! Жөн койсо жин даарып кетет!

Апасынын үнү өктөм чыкты. Баягысындай… Бала кезинде укчу мындай өктөм үндү. 

– И-ий! – деп жерди бир тепти. Эки тизесине башын катып отура калды да, үңүлдөп ыйлай берди. 

– Ыйласаң ыйлап ал да, мени ук! Балдарың чачырап калды. Ошолорду ойло. Өзүңдү гана ойлой турган мезгил артта калган. Аларга эш болгонго, буттарына тургузуп адам кылууга жалгыз дараметиң жетпейт. Анан да… Тиги сен турган үйгө эртели кеч агаң ээлик кылаарын унутпа.

Мунун баарын билбей, туйбай калгансып неге айтып турат дегендей салаалап аккан көз жашын аарчыганга жарабай апасына тигиле карады. 

– Апа! Мени балдарды ойлобойт деп жүрөсүзбү? Бассам-турсам аларды ойлоп, уктасам түшүмдө көрүп… Керек болсо базарда да алар деп жүрөм го! 

– Билем балам, билем… – апасынын үнү жумшарып аянычтуу карады да, орчун сөздү айта албай жаткандай буйдала түштү. – Кел жакын отурчу… Сен эми баягы кичинекей кыз эмессиң. Турмуш көрө элек жаш келин да эмессиң. Бир эмес, Кудай берген үч балапаның турат. Кечээ кайын журтуң келген. Сунуштары бар экен. Ошону айталы, биз менен кеңешели дешиптир… Биз да алардыкын эп көрдүк. Атаң экөөбүздү ушинтип эле жүрө берет дейсиңби? Биз да арыдык, карыдык… Эчкиникиндей жашыбыз калды. Кетсем да жүрөгүм ылдыйлап кетейин…

– Апа! Маалкатпай түз айтыңызчы!

Апасынын үнү айласы кеткендей шыбырай чыкты:

– Күйөө баланын аталаш агасы бар экен го. Ажырашкан… Ошол жигитке башыңды байлаганга макулдугубузду бердик. Балдарың үчүн… 

Апасынын сөзүнүн ары жагы угулган жок. Тагдырын качан эле чечип коюшкан экен да! Көзү тумандап, кулагы чуулдап чыкты. 

Кечээ жакында эле бала кезден чогуу өсүп, чогуу окуган курбусуна жолуккан. “Сенин бала кезиңдеги шайыр мүнөзүңдү сагындым, – деген ал. – Класстын алдыңкысы элең го. Чоң окуу жайды бүтүрөм, жакшы жумушта иштейм деген кыялдарың эсиндеби? Болуптур, ал максаттарың убагында ишке ашпай калды. Күйөөм, балдарым деп жүрдүң. Эмичи?! Эми деле кеч эместир… Тагдырдын жазмышы экен. Жолдошуңан айрылдың. Бирок жашоо өтө берет да. Бүгүнкү эле күнүңдү ойлой берсең, келечегиң туңгуюк болуп калаарын билесиңби? Келечегиңди ойлосоң, окууга тапшыр. Сен окушуң керек!” – деген сырдашып отуруп. 

Ошол мезгилде: “Кайдагы окууну айтасың?! Карыдым го… Анан да… Окуш үчүн акча керек. А мени ким колдойт дейсиң? Балдарымды багамбы же окуймбу?!” – деп караманча каршы чыккан. “Бир эмес, үч агаң турат. Колдорунда жок эмес. Алардан тартынбай жардам сура. Жалгыз карындашына каралаша албай калышыптырбы?! Апаң, атаңдардын көзү барында жардамын алып кал. Алар деле каршы чыгышпаса керек. Эң башкысы, өзүңдүн каалооң керек! А окуу үчүн эч качан кеч болбойт. Дагы айтарым, азыртан карыдым дегенге эч кандай акың жок!” – деген курбусу. 

Ал кеткен соң көпкө ойлонгон. Анын айтканын бирде туура көрүп, каалаган окуу жайын бүтүрүп, сүйгөн кесибинде иштеп жатканын ойлоп кыялданса, бирде “Кайдагы окуу? Эсиңе кел!” деп өзүнө өзү каршы чыккан. Эми минтип ошол кыял, ошол максаттары эки анжы боюнча талкаланганы турат. Болгондо да эң жакын адамдары ойрон кылчудай! Коркуп кетти. Балалык кыялдарын өз каалоосу менен талкалаган. Эмичи? Жок, жок! Жол бербеши керек! Балдарын шылтоолоп турушкандарын кара! Алар жүк боло турган болсо өзү менен ала кетет. Кайнагасына башын байлагыча өз жанын өзү кыйганы артык! 

Бул оюнан бүткөн бою дирт эте чоочуду. Эмнени ойлоп, эмне деп турат?! Эч качан антпейт! Балдарынын күнү кантет?! Чоңдордун туура эмес кылыктары үчүн эмнеге балдар жабыр тартышы керек?! Бир заматта мээсине эмне деген гана ойлор келип кеткен жок. Керек болсо ушул мүнөт, ушул саам бүтүндөй өмүрү көз алдына тартылып кеткенсиди. Күчүн жаштан чыгарып ыйлагандан, баш-аягы жок ойлор менен алпуруша бергенден майнап чыкпасын түшүндү. Молодой мелтиреп үн катпай бир чекитти тиктеп көпкө отурду. Салаалап аккан көз жашы кургады. Апасын эми гана көрүп тургандай кадала тиктеди. Акыры үн катты:

– Апа… Апакебай… Сиз ушул чечимиңерди туура деп эсептедиңизби? Атамчы? Ал дагы макул болдубу? Менин келечегимди ушинтип оңдоп коёбуз деп ойлоп турасыңарбы?! А менин каалоом, оюм, тилегим, кыялдарым силер үчүн маанилүү эмеспи? Болуптур, жаштык кылып сүйүү деген ушу экен деп эртелеп күйөөгө тийдим. Анын ар бир кылыгын көтөрдүм. Аялдын милдети ушундай болот деген сөзүңүзгө ишендим. Өз күнөөмдү өз мойнум менен тарттым. Баарына кайыл болуп, балдарым үчүн жашадым. Эмичи?! Эми да тагдырымды бирөөгө байлашым керекпи? Кайрадан ой-тилек, максат-кыялдарымды талкалашым керекпи? 

Кызынан мындай сөз чыгат деп күтпөгөн эне жооп таба албай көзүн ала качты. Тек гана оор күрсүнүп алды да:

– Кызым… Жалгыз калсаң… келечегиң кандай болот? – деди акырын.

– Эмнеге жалгыз?! Силерчи?! Балдарымчы?! Бир туугандарымчы?! Сөзсүз түрдө келечегим күйөөнүн колунда болушу керекпи?!

– Күйөөдө… – апасы ишенимсиз үн катты.

– Апаке! Менин келечегим чындап кызыктырса, чындап мени ойлосоңор, өзүм каалаган окуу жайга тапшырайын, бир кесиптин ээси болгонума жардам бергилечи. Менин суранычым, менин ой-максатым ушул гана. Балдарымды гана каралашканга жардам кылсаңар… Калганын өзүм…

Аба жетпегендей оор дем алды да, сөзүнүн аягына чыкпай сыртка бет алды. 

Короо тараптан иттин арсылдаганы, “Кет! Кет дейм! Жат нары!” – деп агасынын кыйкырганына удаалаш: “Оо, кудалар, келгиле, келгиле!” – деген атасынын каргылданган үнү угулду…

  • Панфилов районуна караштуу Тельман айылында 1973-жылы төрөлгөн. Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. УТРКнын отличниги. ЮСАИД “Окуу керемет” долбоорунун катышуучусу. “Алтын капас-махабат”, “Сүйүнчү”, "Бурганактуу тагдыр" жана балдар үчүн жазылган “Нуска жомоктор/Мудрые сказки”, “Айтуяк” жыйнактарынын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген