|

Жылдызайга жооп

5/5 - (12 добуш)

Менин башым мага таандык болсочу,
күндө күйүт, күндө арман, ый угат…
Тандагандар жашоонун чок ортосун,
билесиң да, эң биринчи жыгылат…

Жандалбастап улам айтып бир атын,
жардам сурап Жаратканды чакырам.
Качат, кайтат, эсим, каруу-кубатым,
болгону аны эл көзүнөн жашырам.

Менин дагы көңүлүмдү өлтүрүп,
мага дагы тардык кылат кең аалам…
Өзүм гана өзүмдү алдап, көндүрүп,
бул жашоого кайра кайрып келе алам…

Эркин дейсиң… Мен да сендей кысылам,
көп нерсеге көнбөй кыйнайт жүрөгүм…
Сен жашаган карт дүйнөнүн тушунан,
башты жерге салып өтүп жүрөмүн…

Эркин дейсиң… Кааласа, ким болбосун,
мен жөнүндө каалагандай айта алат…
Дүйнө мени ыйлата алат боздотуп,
максатым да сен күткөндөн майдараак…

Бактылууну карайм мен да уурданып,
сыртым салдым бул жашоого миң ирет…
Сындырган жок, бирок мени бир жарык,
чөгөлөтпөй кармады бир кудурет…

Эрлер дейсиң…  Көбү өзү жазгандай,
өз Мекенин бүтүн бойдон сүйө элек…
Шол эрлердин башы гана асманда,
буту жерде, түпкүлүгү түнөрөт…

Шол эрлердин дагы көбү мактанат,
бир чачымды, бир башымды тебелеп…
Мени, бирок дүйнө, адам, башка да,
мен күрөшпөй койгон үчүн жеңе элек…

Азыр мага Эрден, менден, андан да,
өйдөсүң сен, баатырсың да, батылсың.
Бала окутуп башаламан заманда,
билгениңди келечекке ташыйсың…

… Менин башым мага таандык болсочу?
Күндө күйүт, күндө арман, ый угат…
Тандагандар жашоонун чок ортосун,
билесиң да, эң биринчи жыгылат…

  • Акын, котормочу.

    М. Горький атындагы адабият институтунун Жогорку адабият курсуна аяктаган. 2016-жылы “Алыстагы ак жарык” аттуу ырлар жыйнагы, 2022-жылы Нуриза Өмүрбай менен биргеликте жазылган “ Кат турмуш” аттуу эпистолярдык жанрдагы повести, 2025-жылы “Дүйнөлөшүм” аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. "Михаил Мушфиг" атындагы эл аралык адабий сыйлыктын, "Алтын калем" адабий сыйлыгынын жана "Жолон Мамытов" атындагы адабий сыйлыктын ээси.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

3 Comments

  1. Адамды ойго салчу ыр болуптур…Бирок, мына ушул саптарды өткөн айларда…кайсы бир интернет желеден окугандай болуп жатам.
    Кандай жакшы чыгарма коюлду экен деп, күнүгө 2-3 ирет “Адабий Ордону” ачып, жаңы чыгармаларга көз жүгүртүп коем…

    1. “Жылдызайга жооп” Нарсулуунун жаңы эле жазылган ыры. 🙂

      Рахмат, такай кирип туруңуздар!

      Айдан айга жарыяланган чыгармалардын саны өсүп жатат. Мурда бир айда 60-70 чыгарма жарыяланса, өткөн айда алардын саны 85ке жетти! Сынакка түшкөн чыгармаларды эске албаганда.

      Бирок аны менен катар бизге да иш көбөйдү 🙂

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген