Өзүнө тартып баратты
Көлүмдүн тармал көкүлүн
көрүү үчүн келсем алыстан.
Көйкөлүп уктап жатыптыр.
чочуйт деп катуу дабыштан,
Уйкусун бузбай, сыдырым
желинен искеп кубандым.
Жээгине келип акырын
көкүлүн жумшак сыладым.
Колумдун табын сездиби
сагыныч демин желпиди.
Уйкудан башын көтөрүп,
көкүлүн өйдө серпиди.
Коюну жумшак, жылуу көл
сезимге эңсөө таратты.
Кучагын жайып керилген
ѳзүнө тартып баратты…
