Бакытым болчу
Бакытым болчу,
Таңдагы шүүдүрүмдөй.
Жакыным болчу,
Көзүмдүн карегиндей.
Асылым болчу,
Көп ичинен издеп жытын,
Күтөйүн өзуң,
Жашоомдо келген белегимдей.
Карачы мени,
Каректер калсын сүйлөшүп.
Катылган ойлор,
Кабынан чыгып үндөшүп.
Капыстан келген,
Чын бакытым сен белең,
Кабарың угуп,
Камыктым бүгүн күймөлүп.
Сагындым сени,
Саамалык болуп келдиңби.
Сары оору кылып,
Сагынтып жүрөк эздиңби.
Сан дептер толуп,
Сагыныч ырга жазылды,
Садагам менин,
Санаадан белек бердиңби.
Жылмайган күлкүң,
Элесиң кетпей эсимден.
Сүйбөсөң айтчы,
Сүрөйүн ары сезимден.
Сүйүүнүн көзу сокурбу,
Айтчы, кантейин,
Сен үчүн жаным,
Деңизден сүзүп өтөйүн.

