Жек Лондон: “Мартин Иден” (VIII-IX)
Романдан үзүндү. Калган бөлүктөрү: I, II, III, IV, V, VI, VII
VIII БАП
Арадан көп апта зуулдап өтүп кетти, Мартин Иден болсо грамматиканы кунт коё окуп жүрдү, ала чолодо сылык сүйлөө боюнча көрсөтмөлөргө көз жүгүрткөнду да унуткан жок, анан да колуна тийген китепти эле баса калып окучу болду. Ошентип атып өзүнүн мурдагы чөйрөсүнөн биротоло алыстады. Мындан улам «Лотостогу» кыздар Мартинге эмне балекет болуп кеткенин билалбай, кайра-кайра сурай берип Жимди тажатып бүтүрүштү, ал эми башка балдар болсо Мартиндин Райлидеги мелдешке каттабай калганына чексиз курсант эле. Көп өтпөй ал китепкана казынасынан дагы бир баалуу нерсени таап алды. Грамматика ага тилдин негизин ачып берсе, бул жаңы китеп ага поэзиянын негиздерин түшүндүрдү. Ал метрди, форманы жана ырдын түзүлүш мыйзамдарын окуп, өзүн ушунчалык суктандырган сулуулуктун кантип жараларын аныктады. Жаңы бир жыйнак поэзияны сүрөт өнөрү катары карап, андагы теорияда адабияттын эң мыкты үлгүлөрүнө шилтеме берилиптир. Мартин бир дагы романды мынчалык кызыгып окуп чыккан эмес. Анын билимге чаңкап турган жыйырма жаштагы тунук акылы мунун баарын катардагы студентке таандык эмес активдүүлүк жана тездик менен өздөштүрүп жатты.
Көз чаптырса Мартиндин өзүнө тааныш аалам – алыскы өлкөлөрдүн, деңиздердин, кемелердин, матростор менен эркектей болуп калган аялдардын дүйнөсү мунун баары ага өтө эле майда болуп көрүндү; ал эми өзүнүн кайсы бир кыры менен бет алдынан жаңыдан ачылган чоң дүйнө менен тийишип турду. Анын акылы ар качан бүтүндүккө умтулучу; ошентсе да адегенде бул эки дүйнөнүн өз ара байланышын аныктаганда таң кала түштү. Ал китептен алган көтөрүңкү кыялдары менен сезимдеринен улам эски дүйнөнүн үстүнө чабыттап чыгып кетти. Ал эми жогорку чөйрөгө таандык болгон Руфь, анын үй-бүлөсү, калган аял эркектердин баары тең ушундай көтөрүңкү кыялдары менен өз ара бөлүшүп жана ага ылайык жашаарына ишенди. Буга чейин ал ыпылас баткакта жашап келген тура, эми анын баарынан тазаланып, жогорку чөйрөгө көтөрүлгүсү келип турду. Тээ бала чакта, анан өспүрүм кезде кандайдыр бир бүдөмүк сезимдер анын жанын кыйнап, кээде өрөпкүтүп жиберчү, бирок Руфка кезиккенге дейре өзүнө эмне керек экенин бир да түшүнбөй жашап келген экен. Эми анын кусадарлыгы ого бетер күчөгөн чакта өзүнүн сулуулукту, акылды жана махабатты күсөп келгенин ачык түшүндү.
Бул жумалар ичинде ал Руфь менен алты жолу жолугушту, аны менен болгон ар бир кездешүү Мартинди шыктандырып жатты. Кыз анын тилин жана сөздү туура айтуусун оңдоп, арифметиканы да үйрөтө баштады. Бирок алардын аңгемелери бир гана окуу менен чектелип калган жок. Мартин турмуштан далайды көргөндүктөн, акылы абдан баамчыл эле, ошондуктан бөлчөктөр, кубдун тамырын чыгаруу, сүйлөмдөрдү баш мүчөлөргө ажыратуу жана этиштин жакталышы сыяктуу нерселер менен гана канаатанып калган жок. Кээде экөөнүн сүйлөшкөнү таптакыр башка темаларга да бурулуп кете турган, – ал азыр эле окуган ырларын жөнүндө айтып кирсе, Руфь болсо таржымалын үйрөнүп жаткан акын жөнүндө кеп салчу. Баарынан да Мартинди чексиз жыргалга бөлөгөнү – Руфтун ага өзү сүйгөн ыр саптарынан окуп бергени болду. Ал эч качан мындай керемет үндү уккан эместир. Руфтун майин добушунан эле анын сүйүүсү гүлдөп жаткандай, ар бир сөзү жан дилин чалкытып турду. Кыздын үнүндө оор басырыктуулук, маданияттын улуу жана бай жемиштерине жана руханий кең пейилдикке ширелишкен музыкадай угумдуулук бар эле. Анын үнүн тыңшап олтуруп, Мартин эрксизден жапайы уруулардын аялдарынын, порттордогу жалаптардын кыйкырчаак орой үндөрүн жана фабрикада иштеген аялдардын уккулуксуз сөздөрүн эстеп кетти. Ага улай эле көз алдынан алар убай-чубай топурап өтүп жатышкандай болду, бирок аларга салыштырганда тегерек атырабынан айымнур балкып тургандай Руфь кол жеткис бийик жана чексиз пакиза эле. Мартин анын үнүнө гана куштарлана тыңшап отурбай, окуп аткандарын Руфтун түшүнүп жана поэтикалык ойлор менен жандуу жуурулушуп жатканына да жетине албай отурду. Ал “Каныкейден” өзгөчө көбүрөөк окугандыктан, кез –кезде көздөрүнүн кычыктарына жаш тегеренип да кетип жатты – бул анын жанда жок сезимталдыгынан жана сулуулукту аяр сезе билгенинен эле. Мындай мүнөттөрдө Мартин өзүн жараткандын баары жокко назар салган бийиктигине көтөрүлүп бараткандай сезчү; жашоонун маңызын даана көрүп тургандай, анын кол тийгис терең сырларын окуп жаткандай болуп кетер эле. Делбиреген мындай сезимдердин туу чокусуна чыккан Мартин махабат деген мына ушул болорун жана анын дүйнөдө чексиз улуу экенин түшүндү. Анын көз алдынан кайра тынымсыз элестер чубап, жашоонун буга чейин өзү таткан жыргалы – мас кездери, аялдардын эркелете мойнуна оролгондору, кылыктанган оюндар жана төшөктөгү күрөшмөйлөрдүн кызыгы тизмектеше чууруп өткөнсүдү, эми азыр анын баары учурдагы сезимдери менен салыштырып караганда Мартинге чыдап болгус ыпыластык менен пастыктай сезилип кетти.
Руфь болсо эмне болубатканын түшүнгөн жок. Анын мындай иштерде эч кандай тажрыйбасы жок болчу. Эмнени билсе анын баарын ал китептерден алган, китептерде болсо күндөлүк супсак турмуш ойго келбегендей кооздолуп жазылат эмеспи; мына бул карапайым матрос анын жүрөгүнө чок ыргытып, анан ал бир күнү жалынга айланып, жан-дүйнөсүн бүт ээлеп алары кыздын оюна да келген жок. Махабаттын куйкалаган жалыны кандай болорун башынан өткөрбөсө байкуш кыз кайдан билсин. Анын махабат туурасындагы түшүнүгү теориялык гана жактан эле жана “сүйүү” деген сөздүн өзү ага жылдыздардын жымыңдаган нурун, мелмилдеп тынч жаткан деңиздин бетинде майда толкундарды чыбырчыктаткан ойноок желди, жайкы таңдын мөлтүр шүүдүрүмүн элестетчү. Махабат ага эки адамдын ортосундагы назик эңсөөдөй, атыр жыты аңкыган гүл бакчада сүйгөнүң менен кыналыша отуруп алып, ага эркелөөдөй деп билер эле. Махабаттын оту жанартоодой ысык болору, анан да сүйгөн жүрөктү бир күнү додолонуп ысык күлү гана калган чөлгө айлантып кетери Руфтун оюна да келген эмес эле. Ал ааламда, өзүндө катылып жаткан не бир зор күчтүн бар экенин билген жок; ага жашоо турмуштун мелмилдеген тереңдиги элестердин түтүнүнөн көрүнбөй жоголуп кетип жатканынан да кабары жок эле. Махабаттын кошулушкан идеалы деп атасы менен энесинин жубайлык жакындыгын эсептечү, андыктан качандыр бир кезде же бир күнү эч бир толкундануу, кооптонуусу жок эле сүйгөн адамы менен кошулууну камырабай күтүп жүрөт.
Мына ошентип, ал Мартин Иденге апенди чалыш жанга карагандай эле мамиле кылып жатат, андан улам жаралган башкача таасирлерин болсо жигитти башкалардан өзгөчөлөнткөн жаңылык гана деп эсептеп турду. Бул кадыресе табигый нерсе болчу. Ал ажайыпканадагы жапайы айбанатты, же куюндаган бороонду, чагылгандын чарт эткенин көрүп, чочуп кеткенде деле ушундай эле сезимге кабылчу, анын эмнеси бар экен. Мындай кубулуштарда космостон келгендей туюк ишара боло турган, ушундай эле нерсени кыз Мартинден да сезип туюп тургансыды. Мартин ага деңиздин салкын демин, көз жеткис кыйырлардын чексиздигин алып келгендей болду. Анын жүзүндө тропикалык аптаптуу күндүн нуру калып калыптыр, темирдей булчуңдарында болсо адам атанын доорундагыдай жашоонун күчү бар экен. Анын денесинде Руфь өмүрүндө көрбөгөн укпаган катаал дүйнөнүн ырайымсыз адамдарынан алган сансыз кесиктери менен тырыктары толтура. Айтор, бул али колго көнө элек жапайы неме эле, ошондуктанбы, анын оозунан чыкканды аңкая тыңшап, эмне десе баш ийип турганы Руфка жагып да турду. Ушундан улам аны мына бул жапайыны колго үйрөтсөм деген гана каалоо жылоолоп турганы. Болгону эле ошол. Мындай каалоо акылына баш ийбей, кыз андан өзү жетишкендиктин эң мыкты үлгүсүндөй көрүнгөн атасына окшош адамды жасагысы келип туруп алды. Бирок Мартин анын жүрөгүндө ойготкон космостук сезим чынында эле махабат экенин, мунун аял менен эркекти бүтүндөй бир аалам аркылуу бири бирине умтулткан, ошол эле жаныбарлардын дүйнөсүндө деле бугуларды күүгө келген ургаачысын талашып, бирин бири жара сүзүп өлтүргөнгө аргасыз кылган, дегеле тирүү жандын баарын кошулууга шыктандырган оңбогондой күч экенин кыз али аңдап түшүнө элек болчу.
Мартиндин бат эле идиректенип баратканы кызды абдан таңгалтырып, кызыгуусун ого бетер арттырды. Кыз анын жан-дүйнөсүнүн катылып жаткан ушундай бир кырларын ачты дейсиң, муну ал өзү да билбеген, туйбаган экен, алар жумшак, ыңгайлуу кыртышка сайылган гүлдөй күндөн күнгө ачылып баратты. Руфь ага үн чыгара Броунингди окуп берип жатып Мартиндин түшүнүксүз жерлерди билгичтик менен түшүндүргөнүнө таңгалганын айтпа. Жашоону, адамдарды жакшы билгендиктен, Мартиндин түшүндүрмөлөрү өзүнүкүнө караганда алда канча туура экени кыдын оюна келген жок. Анын талкуулагандары кызга баёо көрүнгөнү менен, бир туруп анын өзү артынан ээрчип жете албаган, алыскы жылдыздардын мейкинин аралай сызып кеткен ойлорунун учкулдугу таңгалдырса, бир туруп туюлбаган кандайдыр бир орошон күч менен кезигишкендей болуп жатканы тула боюн чымыратып да турду. Анан Руфь ага рояль ойноп берди жана музыка Мартиндин жан-дүйнөсүн Руфь ченей албаган тереңдигине сүңгүп кирип кетти. Ал музыканын үнүн уккан сайын дили күн нуруна баш көтөрө бажырая ачылып бараткан гүлдөй жаркып баратты; буга чейин угуп жүргөн кулагына көнүмүш дүпүлдөгөн ыргактарды жана джаз музыкасынын кескин жагымсыз үнүн ошол замат унутуп, Руфь сүйгөн классикалык музыкага ооп, алтургай, аны баалаганга да жарап калды. Адегенде Вагнер жаккансып турду эле, Руфь жакшылап түшүндүрүп берген соң анын «Тангейзер» увертюрасы баарынан да ашып түштү. Анткени бул чыгарма кай бир даражада өзүнүн жашоосуна үндөшүп тургандай сезилип кетти. Анын мурдакы жашоосу айрыкча Венериндин үңкүрү деп аталган темада абдан таасын ачып берилиптир, ал эми Руфту болсо өзүн бул керемет дүйнөнү зыяраттатып жүргөн жолоочусундай көрдү; Вагнердин сыйкырдуу музыкасы аны рухтун жакшылык менен жамандыктын жер каймактагандан бери жүрүп келаткан таймашынын падышачылыгына ээрчитип кеткенсиди.
Мартин кээде ага суроолорду берип атты, бир туруп кыз өзү да музыканы туура эмес түшүнөт окшойм деген ойлорго кептелип атты. Бирок ал ырдаганда Мартин суроо бергенди да унутту. Ырга гана ынтаасын кое угуп, былк этпей отурду. Ошону менен кайра эле фабрикадагы кыздардын чыйылдап ырдаган жагымсыз секетбайлары менен порттордун аракканаларындагы мас шуркуялардын киркирей улуп-уңшуп ырдагандарын эстеп кетти. Руфь ага роялда ойноп, ырдап бергенди жакшы көрчү. Анткени мындай ийкем жана ийилчээк тирүү жан менен биринчи жолу кездешип, мамилелешип отурат; эңсегени аны калыпка салсам дейт, буга өзү да ыраазы, муну кол менен ийлеп жасап аткандай сезилет кызга, андыктан жан дили менен ак ниетте жасагысы келет бул ишти. Баарынан да кызга Мартиндин жанында отурган абдан жагат, андан эми баягыдай чочулабай калган. Чын эле башында жан-дүйнөсүндө бүдөмүк чочулоо ойготкон эле, эми ал коркунуч өтүп кетти. Мындан тышкары, өзү билбей туруп, ага кандайдыр бир укугу бардай да сезет. Башка жагынан алып караганда, жигит ага жагымдуу таасир эте да баштады. Руфь университеттеги окуудан башы чыкпагандыктан, кээде китептин чаңын жутуп отура бергенден көрө Мартинге сиңип калган деңиздин таза салкын шамалынан дем алып туруу пайдалуу болору анык эле. Күч! Ооба, кыз күчкө муктаж эле, Мартин болсо аянбай этпей эле өз күчү менен бөлүшүп жатпайбы. Аны менен бир бөлмөдө отуруу, эшиктен тосуп алуу – көкүрөк менен кере дем алганга тете эле. Анан ал кеткен соң Руфь эки эселенген дем менен кайрадан китепке үңүлчү.
Руфь адамдын ички дүйнөсүнүн чебери Броунингди мыкты биле турган, бирок, адамдын жан-дүйнөсү менен ойноо коркунучтуу экенин ал эч качан ойлогон эмес. Ал Мартинге канчалык кызыккан сайын, анын жашоосун өзгөртсөм деген каалоосу ошончолук күч алып баратты.
– Мына, маселен, мистер Бэтлерди караңыз, – деди бир күнү Руфь грамматика, арифметика жана поэзия сабагы аяктаган соң, – бул киши деле көрбөгөндү көргөн убагында. Атасы банкта кассир болуп иштеген экен, анан кургак учук менен узакка ооруп, Аризонада каза тапкандан кийин мистер Бэтлер, – ысмы Чарльз Бэтлер – таптакыр коколой баш калган. Атасынын теги австриялык болгондуктан, Калифорнияда жакын туугандары жок эле. Басмаканага кирип иштеп, – бул жөнүндө ал мага өзү бир нече жолу айтып берген, – адегенде жумасына үч доллардан таап жүрүптүр. Эми болсо ал жылына отуз миң табат. Ал кантип буга жетишти? Ал буга чынчыл, эмгекчил жана сарамжал адам болгонунан жетишип отурат. Жаш кезинде ар кандай оюн-зооктон, шапар тепкенден баш тартып коюптур. Өзүнө өзү бекем шерт кылып, эреже катары жума сайын баарына кайыл болуп жок дегенде аздан болсо да акчасын чогултуп жүрүүнү чечиптир. Албетте, көп өтпөй ал үч доллардан ашыгыраак иштеп таба баштаган жана кирешеси көбөйгөн сайын анын жыйнаган акчасы да көбөйө берген. Күндүз иштеп, жумуштан кийин кечки мектептен окуган. Келечек жөнүндө тынымсыз ойлонгон. Андан кийин кечки курска да барып окуй баштаган. Он жети жашында эле тамга терүүчү болуп иштеп, жакшы эле таба турган болуптур, бирок ал атак-даңкты жакшы көрчү экен. Жалаң кара жанын баккандан тышкары, келечекте мансапка жетишүүнү да эңсегендиктен, кыйынчылыктын баарына кайыл болуптур. Адвокат болууну чечиптир да менин атамдын кеңсесине, – ойлоп көрсөңүз! – жумасына төрт гана долларлык акыга кат ташуучу болуп орношуптур. Бирок абдан сарамжалдуулукка көнгөндүктөн жадагалса, ошо төрт доллардан да арттырып жүрүптүр.
Ушул жерге жеткенде Мартин анын айткандарын кандайча кабыл атканын байкамакка токтой калды Руфь. Жүзү мистер Бэтлердин тагдырына кызыккандай жандана түшкөнү менен кабагы саал бүркөлө түшкөндөй.
– Чын эле, оор болгон экен, – деди Мартин, – жумасына төрт доллар деген эмне! Бул эмнеге жетет. Мына мен жатакана менен тамагыма жумасына беш доллардан төлөп турам, кудай урсун, ошондо да эч нерсеге жетинбейм. Ал байкуш иттей эле жашаса керек. Ичкен тамагы да балким…
– Ал тамагын кересин меште өзү жасачу экен, – деп Руфь анын сөзүн бөлүп кетти.
– Менимче, ал балык улоочу кемедеги матростордой эле эптеп тамактанса керек, ошондой болсо, андан жаманы жок…
– Бирок ойлоп көрүңүзчү, ал азыр эмнеге жетишти! – Руфь шыктангандай кыйкырып жиберди. – Ал жаш кезинде көргөн бардык азап-тозогунун эсесин өзүнө эми эки эселеп кайтарып алалат!
Мартин ага сүрдүү карады.
– Сизге момундай бир нерсени айткым келип турат, – деди Мартин каршы болуп, – сиздин мистер Бэтлериңиз азыр деле куунап жашабатат дейсизби. Мурда жакшылап тамак ичпей жүрсө, анда ашказаны деле болбой калгандыр. Ушинтип ойлойм.
Руфь Мартиндин көз карашына чыдай албай көздөрүн ала качты.
– Мелдешесизби, анын ашказаны да оорукчал…
– Ооба, – деди Руфь макул боло, – бирок…
– Ошондуктан балким, – деди Мартин сөзүн улантып, – ал азыр картаң үкүдөй үңкүйүп, көңүлү да эч нерсеге чаппайт чыгаар, ачуусу да мурдунун учунда болсо керек, тапкан отуз миңине деле сүйүнө албайт чыгаар. Андыктан башкалардын көңүл ачып атканын да көргүсү жоктур. Ушундайбы же андай эмеспи?
Руфь туура дегенсип башын ийкеп, түшүндүргүсү келди:
– Бирок ага оюн-зооктун да кереги жок. Анын башынан бери эле мүнөзү ошондой ичиментап түнт. Дайыма эле ушундай болчу.
– Антпегенде анан кантип жүрмөк эле! – деди кызууланган Мартин, – алганы жумасына үч-төрт доллар болсо! Анан да акчасынан арттырам деп өзү тамак жасаса. Күндүз иштеп, кечкисин окуса, окуу менен иштен башка, эч бир көңүл ачуу дегенди билбесе, анан кандай оокат, кайсыл жашоо болгон аныкы! Ха! Ага бул отуз миң абдан эле кеч келген экен.
Мартиндин зирек туюму ошо замат бул ашкан сарамжал жигиттин бүткүл өмүрүн ийне-жибине чейин, анан акырында аны жылдык отуз миң кирешеге жеткирген турмуштун тар руханий жолун көз алдына айкын тарта койду. Чарльз Бэтлердин бардык ою менен иши Мартинге телескоп аркылуу карап тургандай даана көрүндү.
– Сиз билсеңиз, – деди ал, – мистер Бэтлерге боорум ачып турат. Ал башта жаштык кылып, ушу отуз миңге жетем деп өмүрүнүн күлгүн курагын өзүнөн уурдап алыптыр, мына эми жеткени менен андан эч кандай кубаныч деле жоктур. Эми ал бул отуз миңге бала кезинде он центке сатып ала турган нерсесин – балмуздакпы, момпосуйбу же театрга белетпи, бирин да сатып алалбайт!
Мындай ой Руфту таң калтырды. Бул ага жаңылык сезилип, анын көз караштарына туура келбегенинен тышкары, анын дүйнөгө карата болгон көз карашын түп-тамырынан бери оодарып жибере турган чындыктын үлүшү бар экенин да боолголоп турду. Эгерде кыз жыйырма төрттө эмес, он төрттө болгондо, анда Мартиндин таасиринен чыга алмак эмес. Бирок ал жыйырма төрттө, ага кошо табиятынан эски көз карашка ыктап турат, ал эми алган тарбиясы болсо аны өсүп чоңойгон чөйрөсүнүн жашоосуна жана ой жүгүртүүсүнө ыңгайлаштырып турат. Чынында сүйлөшүп жатканда кээде Мартиндин таңгаларлык ой жүгүртүүлөрү аны ыңгайсыздандырып жиберчү, бирок муну анын өзгөчөлүгү менен тагдырына шилтеп, муну батыраак унутканга шашчу. Айтор Руфь анын айткандарына ичинен ынана бербесе да, сыртынан анын сүйлөгөн сөздөрүнүн ушунчалык ишенимдүү экенине, от күйүп тургансыган көздөрүнө жана олуттуу жүзүнө магниттей тартылып турчу. Руфь таптакыр башка чөйрөдөн келген бул адам кээде анын акылы жетпеген, анын көнүмүш деңгээлинен алда канча бийик, терең ойлорду айталат деген оюна да келген эмес эле. Кыз өзүнүн акылынын азыркы жеткен чегин бирден бир туура деп эсептечү; бирок чолок акылдуулар мындай чектүүлүктү башкалардан гана байкайт эмеспи. Ошентип өз акылын абдан терең жана туура деп эсептеп алган Руфь Мартин экөөнүн ортосундагы идеялык пикир келишпестиктин себебин ушундан гана көрүп, Мартинди дүйнөгө өзүнүн көзү менен кароого үйрөтүүнү жана анын дүйнө таанымынын чектерин өзүнүн чектерине чейин кеңейтүүнү кыялданар эле.
– Бирок мен аңгемемди аягына чейин айтып бүтө элекмин, – деди Руфь. – Атамдын айтымында мистер Бэтлер абдан тырышып, өлармандык менен иштегенди билген. Иш дегенде ичип аткан ашын таштай чуркачу дешет. Өмүрү ишке кечиккен эмес, баарынан эрте келип, элдин эң акырында кетчү экен. Ошентип иштеп жүрүп да убактысын үнөмдөгөнгө үйрөнгөн. Бош мезгили боло калганда эле окуганга ашыгып турган. Ал бухгалтерияны, машинкеде басканды үйрөнгөн, стенографиядан да сабак алып жүрүптүр. Сабактын акысын төлөш үчүн соттун тажрыйбага муктаж бир кабарчысына жалданып иштептир, ага түнү менен кагаздарын окуп берчү экен. Анан бат эле кат ташыгычтан кеңселик ишке өтүп, ал жерде табылгыс кызматкерге айланган. Атам аны баалап, келечеги кең экенин алдын ала көргөн. Мистер Бэтлер атамдын кеңеши менен юридикалык мектепке кирип, адвокат болгон соң атамдын ишканасына кайра келип, анын кенже компаньону болгон. Бул чынында абдан көрүнүктүү адам. Бир нече жолу Кошмо Штаттардын сенатындагы орундан да баш тартпаганда, эмкиче ал жогорку соттун мүчөсү да болуп калмак. Мындай өмүр баарыбызды шыктандырууга тийиш. Анткени бул таржымал адам өжөрлүгү жана эркинин кайраттуулугу менен каалаган нерсесине жетише аларын далилдеп турат!
– Ооба, ал мыкты адам экен, – деди чын жүрөгүнөн Мартин.
Ошондой болсо да бул баяндын кайсы бир жери Мартиндин сулуулук жана турмуш жөнүндөгү түшүнүгүнө коошпогонсуп турду. Ал мистер Бэтлер башынан өткөргөн азап-тозокторго жетишерлик негиз таппай жатты. Эгерде ал мунун баарына аялды катуу сүйгөндүгү же сулуулукка умтулгандыгы үчүн барганда Мартин аны түшүнмөк. Махабаттан делбетап болгон жаш жигит кайдагы бир жылына отуз миң доллар үчүн эмес, арзыганын бир өпкөнгө жанынан кечип кеткенге кайыл эмеспи! Андыктан кыз мактап аткан мистер Бэтлердин мансапка жетишсем дееген таржымалында боор ооруткандай бирдеме бар эле жана бул Мартинди анчалык деле шыктандыра албады. Отуз миң доллар деген албетте жаман эмес дечи, бирок анын ашказанын талкалап, жашоонун кубанычынан ажыратканы алардын баалуулугун жокко чыгарып турду.
Мартин Руфка айткан ойлордун көпчүлүгү кызда аны кайра тарбиялоо керек деген пикирди дагы бир жолу тастыктады. Руфка өз чөйрөсүндөгү тар ой жүгүртүү мүнөздүү эле, жана бул белгилүү чөйрөдөгү адамдарды өздөрүнүн гана расасы, дини жана саясий ишеними туура, ал эми дүйнө бетине чачылып кеткен башка бардык адам пенделери бизден алда канча төмөн турат деп ойлогонго мажбурлап тураар эле. Бул эркек болуп төрөлгөнү үчүн кудайга салават айтып, эми аалам бетин кезе башкаларга да өз кудайын таңуулап жүргөн байыркы жөөттүкүндөй тар ой жүгүртүү эле. Таптакыр башка жашоонун шарттарында өсүп жетилген бул немени да алып туруп, өз чөйрөсүндөгү адамдардын үлгүсү боюнча кайра жасап чыгууга Руфту ишендирген да мына ушундай ой жорум болду.
IX БАП
Махабаттын кусасы жанын кыйнаган Мартин Иден деңизден кайтары менен Калифорнияны көздөй ашыкты. Мындан сегиз ай мурда ал акчасы түгөнгөндөн соң, Соломон аралдарына көмүлгөн байлыкты издеп чыккан кемеге жалданып жөнөп кеткен эле. Канча издеп убара тартышпасын майнабы болбогондон кийин оңунан чыкпаган бул иш токтотулган. Матростордун акысын Австралияда төлөп берер замат Мартин ошол эле жерден Сан-Франциского жөнөп турган кемеге жалдана калды. Иши кылса өткөн сегиз ай ичинде ал кара жанын бакканга жетишерлик акча гана иштеп албастан, окуусун улантууга да убакыт таба алды.
Ал зээндүү жан эле, анүстүнө табиятынан тырышчаактыгы да, Руфка болгон сүйүүсү да Мартинди алга сүрөп турду. Грамматиканы үйрөнүп бүтсө да бир нече ирет кайталап атып, акыры толугу менен өздөштүрүп алды. Эми ал матростордун сүйлөшкөндөрүнүн ката жактарын оңой эле аныктап, оюнда алардын айткандарын жана орой жактарын оңдочу болду. Өзүнүн угуу жөндөмү да кыйла өөрчүп, грамматикалык жактан кандайдыр бир өзгөчө сезгичтиктин пайда болгонуна жетине албайт. Туура эмес айтылган ар бир сөз жагымсыз угулчу болду, ошентсе да көнгөн адаты менен өзүнүн оозунан деле кез-кезде орой сөздөр чыгып кеткенин шак эле байкай турган болду. Мындай сөздөрдөн биротоло арылууга болбой эле убакыт керек окшобойбу.
Грамматиканы бүткөндөн кийин сөздүккө киришти жана күн сайын өзүнүн сөз байлыгына жыйырмадан сөз кошуп турууну эреже кылып алды. Бул оңой иш эмес эле, вахтада же штурвалды кармап турганда үйрөнгөн сөздөрүн тынбай кайталап, ар бир сөздү туура айтууга тырышып жүрдү. Руфь айткан насаат кеңештерди эстеп жүрүп бат эле кеме офицерлеринен жана бул тобокелчил ишти каржылап каюталарда отурган мырзалардан да англисче тазараак да, туура да сүйлөй баштаганын байкап, буга өзү да таң калды.
Норвегиялык балык көз капитанда кокусунан эзели өзү бетин ачпаган Шекспирдин толук жыйнагы табылып калбаспы. Кийимдериңди жууп берип турайын деп ага асылып атып Мартин акыры бул кымбат нарк китепти окуп чыгууга уруксат сурап алды. Андагы трагедиялардын айрым бир жерлери ага ушунчалык күчтүү таасир эткендиктен, аларды эч бир кыйналбай эле эстеп калып жатты, ошондон бир топко чейин бүт дүйнө ага елизаветалык театрдын образдары менен формасындай көрүнүп жүрдү, ойлору болсо өзүнөн-өзү кадимки ак ырга айланып кетип жатты. Бул анын угуу жөндөмүн машыктырып, тилине көптөгөн эски, сейрек сөз айкалыштарын киргизгени менен англис тилинин асылдыгын баалоого үйрөттү.
Мартин бул сегиз айды жакшы өткөрдү. Ал туура сүйлөгөндү жана ойлогонду үйрөнүп, өзүн да жакшылап билди. Бир жагынан, өзүнүн дагы эле караңгылыгын салкын кандуулук менен түшүнсө, экинчи жагынан, өзүндө алп күч бар экенин сезип турду. Ал өзү менен жолдошторунун ортосунда зор айырмачылык бар экенин көрдү, бирок мындай айырма азыркы жетишкендигиндеби же келечекте көбүрөөк болушу мүмкүнбү дегенге башы толук жетпей турду. Ал кылыбатканды башкалар деле кыла алмак, бирок өзү алда канча көп нерселерге жөндөмдүү экенин айтып турган бир ой бар эле. Ал ааламдын сулуулугуна суктанып, оюнда Руфь да анын менен чогуу суктанса жакшы болмок эле деп каалачу. Барганда ага Тынч океандын улуулугун сүрөттөп бергиси келди. Бул ай ага чыгармачылык дем берип, аааламдын сулуугун Руфка гана эмес, башкаларга да айтып берсем кандай болоор эле деген каалоону ойготту. Дилинде дүрт эткен бул ой көздү уялткан улуу идеяны жаратты: ал жаза баштайт. Ал дүйнө анын көзү менен караган, анын кулагы менен уккан, анын жүрөгү менен сезген адамдардын бири болот. Ал бүт баарын – поэзияны, прозаны жана романдарды, очерктерди жана Шекспирдей пьесаларды жазат. Чыныгы карьера деп мына ушуну айт, аны Руфтун жүрөгүнө жеткире турган жол да мына ушул. Жазуучулар аалам алптары эмеспи, жылына отуз миң алып, кааласа жогорку соттун мүчөсү болмок деген кайсы бир мистер Бэтлердин аларга жетмеги кайда.
Чагылгандай чарт этип келген бул ой анын эси-дартын толугу менен чырмап алды да, Сан-Франциского кайткан жолу тим эле түштөгүдөй болуп көрүндү. Өз күчүнө, баары колуман келет деген сезимине мас болуп турду. Улуу океандын тынч, кыйырсыз ээн мейкиндиктеринде бул ою келечектүү көрүндү. Алгачкы жолу Руфту да, анын жашаган чөйрөсүн да даана көрдү. Акылында так формага ээ болгон бул көрүнүштөрдү ал колуна алып кармап, ары-бери айландырып карай алчудай да болуп кетти. Бул дүйнөдө дагы эле түшүнүксүз, тумандаган нерселер көп эле, бирок ал андагы майда-баратты эмес, бир бүтүндүктү, ошол эле маалда аны кантип колго киритүүнүн ыкмасын да көрүп турду. Жазыш керек! Бул ой аны оттой куйкалап турду. Келери менен эле токтоосуз жазып баштайт. Адегенде катылган казына издеген экспедицияны жазат. Анан ал аңгемени Руфка билдирбей туруп, Сан-Францискодогу кайсы бир журналга жөнөтөт, анын ысмын басма сөздөн көргөн Руфь таңгалып кубанбайбы. Ушинтип окуй да, жаза да берет. Суткеде жыйырма төрт саат деген бар эмеспи. Иштегенди билгенден кийин ал түк жеңилбейт, ошондо урагыстай көрүнгөн бардык тоскоол чептердин бырын-чырыны чыгат. Анан ага деңизде жөнөкөй матрос болуп сүзүп жүрүүнүн деле кажети жок болуп калат, ушуну ойлобатып көзүнө өзүнүн менчик яхтасы көрүнгөндөй боло түштү. Ушундай менчик яхтасы бар жазуучулар болот да! Албетте, ийгилик деген асмандан түшө калбайт, азырынча жазгандарынан тапканы, жок дегенде, окуусун улантканга жетип турса жакшы болор эле. Андан кийин, бир нече убакыт өткөн соң, – аз эле убакыт өткөн соң, – окуп бүтүп, даярданып алып улуу чыгармаларды жаза баштайт, атагы чыгып, ысмы ооздон оозго тарайт. Бирок мындан да маанилүүсү, болгондо да эң маанилүүсү – ал акыры Руфка татыктуу болот. Атак-даңк деген жакшы дечи, бирок бул кыялдардын баары аны эңсегенден эмес, Руфту сүйгөндөн улам жаралып атпайбы. Мартин даңк күсөгөн жигит эмес, махабатка баш оту менен малынган жигит эле.
Чөнтөгүн акчага толтуруп Оклендге кайткан Мартин кайрадан баягы Бернард Хиггинботамдын үйүндөгү кичинекей тар бөлмөсүнө келери менен эле жазууга киришти. Сапардан кайтканын Руфка билдирген жок. Ага адегенде кенч издегендер жөнүндөгү очеркин жазып бүтүрүп туруп, анан баргысы келди. Чыгармачылыктын кумарына кирип кеткен Мартин муну эч бир кыйналбай эле жазып койду. Жазган ар сабы аны кызга улам жакындаткансып атты. Ал аңгеменин канчалык узун болушу керек экенин билчү эмес, ошондуктан апта сайын чыгуучу «Сан-Франциско баяндамачысы» деген гезиттин жекшембилик тиркемесиндеги эки тилкени ээлеген очеркти көрүп, так ошондой кылып жазгысы келди. Баштаган очеркин Мартин үч күн баш көтөрбөй отуруп жазып бүтүрдү, анан окууга жеңил болгудай кылып бадырайган тамгалар менен тыкан көчүрүп кайрадан жазып чыкты; бүттү да кокусунан китепканадан ала келген сөз жөнүндөгү окуу китебин карай коюп, ал жактан абзац, тырмакча дегендер болорун окуду. Муну түк ойлогон эмес экен! Мартин окуу китебин улам карап коюп, очеркин кайрадан көчүрүп кирди, ошентип отуруп бир эле күндүн ичинде жат жазуунун эрежелерин, жөнөкөй мектеп окуучусу бир жылда да өздөштүрө албай турган дагы толтура маалыматтарды үйрөнүп алды. Очеркин экинчи жолу көчүрүп чыгып, тыкандык менен түтүкчө кылып ороп койду да, дагы бир гезитти карай койсо анда жаңыдан жазып баштаган авторлорго – кол жазманы түтүкчө кылып оробош керек, барактын бир жак бетине гана жазыш керек деген эрежени окуп калды. Мартин мунун экөөн тең бузган экен. Дагы андан ары окуса, эң мыкты деген журналдарда тексттин ар бир тилкесине он доллардан кем төлөбөйт деп жазылыптыр. Шыктана түшкөн Мартин очеркин үчүнчү жолу кайрадан оңдоп көчүрүп чыгып, он тилке тексти он долларга кайра-кайра көбөйтүү менен өзүн бир топ сооротту. Санаган эсеби жүз доллар болуп чыга берди, бул матрос болуп жүргөндөн көрө алда канча пайдалуу тура деп калды. Эгерде эки ирет ката кетирбегенде, аңгеме үч күндүн ичинде даяр болмок экен. Үч эле күндө жүз доллар! Мындай акчаны табыш үчүн ал үч ай бою деңизден деңиз кезип жүрүшү керек. Эми колуңан жазыш келип турганда кемеде сүзгөнүң келесоочулугуң эмеспи. Жазгандын тыйынын санаганы менен акчанын Мартин үчүн баркы деле жок эле. Акчаң барбы, бош убактың болот, жакшыраак костюм сатып аласың, ал үчүн акчанын мааниси ушунда эле, бул болсо аны бүткүл жашоосун аңтар-теңтер түшүрүп, өзүн шыктанткан ак жуумал, сымбаттуу кызга жакындатууга тийиш эле.
Мартин кол жазмасын чоң конвертке салып, чаптап бекитип туруп, «Сан-Франциско баяндамачысынын» редакторуна жөнөтүп жиберди. Ал редакцияга келип түшкөндүн баары эле токтоосуз басылып чыгат ойлочу, ошондуктан очеркин жума күнү жиберип, жарыкка жекшемби күнү чыгып калат деп токпейил күттү. Руфка да так ошо күнү бармай болду. Өзүнүн келгенин кызга мына ушундайча кабарлаган жагымдуу сезилип турду. Ал ортодо башына дагы бир шумдук ой келип, дароо артынан түшмөй болду; балдар үчүн укмуш курч окуялуу аңгеме жазып, «Жаштык жолоочусу» аттуу журналга жиберүүнү чечти. Дароо окуу залына барып, «Жаштык жолоочусунун» бир нече санын алып окуп көрдү. Көрсө, көлөмдүү аңгемелер менен повесттер аталган жумалыкка үзүндү- үзүндү болуп, сандан санга болжолу үч миңден кем эмес сөз өлчөмүндө басылып чыгат экен. Ар бир повесть беш санга чейин, айрымдары жети санга чейин созулат экен, ал да ушундай эсепке тууралап иштемей болду.
Мартин бир жолу Түндүк Муз океанында кит уулаган кемеде матрос болгон жери бар; иш үч жылга эсептелген эле, бирок кеме капылеттен кыйроого учурап, аңчылык жарым жылга жетпей токтогон. Анын кыялы ар качан алып учуп турганы менен бирок дайыма чындыкты сүйө турган, ошондуктан өзү жакшы билген нерселер гана жөнүндө жазгысы келди. Ал кит уулоо кесибин мыкты биле турган, ошондуктан болгон фактыга негиздеп туруп, каарман кылып алган эки баланын ойдон чыгарылган укмуштуу окуялары жөнүндө жазмак болду. Бул анчалык кыйын иш эмес эле, повесттин үч миң сөздөн турган биринчи бөлүгүн ишемби күнү кечинде эле шилтеп бүтүрүп койду; Жим кошунасы буга жетине албай кубанса, жездеси Хиггинботам болсо, үйүнөн чыга калган «жазмакерди» басмырлай мазактап, бир топко күңкүлдөп алды.
Мартин териккен да, унчуккан да жок, ичинен «Баяндамачынын» жекшембидеги санын ачып, анын кенч издегендер жөнүндөгү очеркин окуган жездеси кантип мыш болуп, оозу ачылаарын жыргай элестетип отурду. Жекшемби күнү ал таң ата электе эле гезиттин келерин күтүп көчөдө турду.
Акыры колуна тийген гезитти бир нече жолу кунт коё карап чыкты да, жазганын таппаган соң бүктөп туруп, кайра ордуна коюп койду, муну эч кимге айтпаганы абийир болгон экен. Ойлонуп көрсө, аңгемелер шак эле басылып чыгып кетет деп жаңылышкан тура. Анүстүнө анын очеркинде эч кандай деле көйгөй маселе айтылбагандыктан, мүмкүн редактор алдын ала өз пикирин жазып, жообун билдирер.
Эртеси ал чай ичери менен эле кайрадан повестине киришти. Улам бир сөздүктү, бир окуу китебин карап алагды болсо да, сөздөр өзүнөн-өзү эле куюлушуп келип жатты. Кээде токтой калып жазган главасын бир нече жолу кайрадан окуп чыгат; өзүн чыгармачылык улуу иштен алагды кылыбатса да бирок тыныга калган учурда жат жазуунун эрежелерин карайт, анан өз оюмду так айтканды үйрөнүп атпайымбы деп сооротуп коет. Ошентип көшөрө отуруп караңгы киргенче жазат да, анан тура калып окуу залын көздөй урат, ал жакта кечки саат онго чейин, же китепкана жабылганга чейин жума, ай сайын чыгып туруучу журналдарды аңтарып окуп чыгат. Анын бул жумадагы планы деле дал ушундай болчу. Күн сайын үч миң сөздөн жазып, анан кечкисин окуу залында отуруп алып журналдарды барактайт, басмаканадагыларга кандай ырлар, повесттер, аңгемелер жага турганын билгиси келет. Буларды окуп чыккандан кийин Мартинге бир нерсе шек туудурбай калды: сайдын ташындай мобул жазуучулардын жазгандарынын баарын өзү деле жаза алат экен, болгону мөөнөт гана керек, ошондо булар эзели жаза албаган чыгармаларды да жазып салат. Ал «Китеп бюллетенинен» калем акы жөнүндөгү макаланы окуп, көөнү көтөрүлө түштү, анда Киплингдей жазуучулар бир сөзүнө бир доллардан алышат экен, ал эми, – аны өтө кызыктырганы ушул, – жаңыдан жаза баштаган жазуучулардын мыкты журналдардагы акысы эки цент деп айтылыптыр. «Жаштык жолоочусу» болсо, шексиз биринчи класстык журнал эле, андай болсо, күнүнө жазган үч миң сөзү үчүн ал алтымыш доллардан алууга тийиш – мындай акы анын матрос болуп жүрүп тапкан эки айлык акчасына барабар болот экен.
Жума күнү кечинде ал повестин бүттү. Анда туптуура жыйырма бир миң сөз бар эле. Ар бир сөзү эки центтен болгондо – ага төрт жүз жыйырма доллар тийиши керек. Бир жумалык ишке бул дурус акы эмеспи. Өмүрүндө анын мынчалык акчасы болгон эмес. Ушунча акчаны кантип коротсо болоруна акылы да жетпей турат. Бул деген накта алтындын кени болуп атпайбы! Андан каалашыңча сузуп ала бер. Колуна тийчү болсо бул акча, анда жакшылап кийинет, жайнаган гезит-журналдарга жазылып, мындан ары китепканага чуркап жүрбөстөн, керектүү маалыматтардын баары бар справочниктерди сатып алат. Ушунун баарынан кийин деле төрт жүз жыйырма доллардан артып калып атпайбы, калганын эмне кылсам деп баш катырып атып, акыры Гертрудага кызматчы жалдап берип, берки карындашы Мэриенге велосипед сатып бермек болду.
Мартин «Жаштык жолоочусуна» көлөмдүү кол жазмасын жөнөтүп жиберди да, ишемби күнү кечинде бермет кармоочулар жөнүндөгү очеркинин планын ойлонуштуруп коюп, Руфка жөнөдү. Адегенде телефон чалып сүйлөшүп койгон эле, андыктан Руфь аны эшигинин алдынан өзү тосуп чыкты. Жигиттен күпүлдөп уруп турган өзүнө тааныш күч менен ден соолук сезими кайрадан анын тула боюн ээлеп алды. Бул күч кыздын бүткүл денесин толтура, кан-тамырларын аралай чаап, толкунданганынан ысып чыкканга аргасыз кылды. Кыздын колуна колу тийишип, анын көпкөк көздөрүнө карары менен жигит да кызарып чыкты. Бирок сегиз ай бою деңизде жүрүп күнгө күйгөн Мартиндин жүзүнөн Руфь муну байкаган жок. Мойнундагы байлама жака өйкөгөн такка күн тийбептир, аны көрө койгон кыз баягыдай шыңк эте күлүп жибере жаздагандан араң карманып турду. Бирок Мартиндин үстүндөгү костюмун көрөрү менен күлкүсү тып басылды. Шымы өзүнө куп жарашып турат, – бул Мартиндин алгачкы жолу буйрутма берип тиктирген костюму эле, андыктан келбети зыңкыйып, шыңга да болуп көрүндү. Анан да жанагы кепкасын таштап, жумшак шляпа кийип алыптыр, муну байкаган Руфь дароо аны кайра кийип көрүүсүн суранып, тышкы келбетин мактап жиберди. Кыз бактысына жетине албай турду. Мартиндеги жакшы өзгөрүү анын колунан чыккан иш эмеспи, буга сыймыктануу менен аны мындан ары дагы кандайча багыттарын ойлоп жатты.
Айрыкча аны өзгөчө маанилүү бир жагдай кубанычка бөлөдү: Мартиндин тили өзгөрүлүптүр. Ал азыр туура гана эмес, алда канча эркин да сүйлөп калыптыр, сөз байлыгы да кыйла өсүптүр. Ошенткени менен кай бир учурларда ал кызып кетип, баягы эски куйкум сөздөрдү урдура калат, уланды мүчөлөрдү да жутуп жиберет, кээде жакында эле үйрөнгөн сөзүн айтам деп унутуп, мукактана түшөт. Бирок сүйлөгөнү тышынан эле жакшырбай, Руфту өзгөчө кубантып, кыйла кооз да, элестүү да, курч да болуп калыптыр. Мындан анын табигый шайырлыгы сезилип турду, жолдоштору аны ушунусу үчүн жакшы көрүшөөр эле, бирок тилинин чоркоктугунан муну Руфка мурда көрсөтө алган эмес. Эми ал барган сайын кыздын чөйрөсүн өздөштүрүп, өзүн баштагы жат адамдай сезбей калды. Бирок баары бир өтө сак эле, ошончүн жандуу аңгеменин учугун Руфка карматып, ошол эле учурда андан калышпаганга аракет кылып жатты, бирок бир жолу да өзү демилге кылып кеп баштаган жок.
Ал Руфка өзүнүн жазмакерликти баштаганы туурасында айтып берип, акча табыш үчүн кандай жазуунун планын ачыкка чыгарды, ушундай жол менен окууга да мүмкүнчүлүк аларын айтты. Бирок айтаарын айтып алып, шагы сына түштү. Руфь анын бул оюна ишенбегендей салкын мамиле жасап, ачык эле мындай деди:
– Билесизби, адабият деле башка кесиптер сыяктуу кесип. Мен, албетте, адис эмесмин, ошондой болсо да, элдин баарына маалым чындыкты айткым келип турат. Маселен, адегенде үч жылдай же беш жылдай үйрөнбөй туруп, темир уста болуш мүмкүн эмес. Бирок, жазуучулар темир устага караганда көп табышат, андыктан жазуучу болсом деген адам толтура, баарысы эле күчүн сынап көргүсү келет.
– А эмне үчүн сизге менин буга жөндөмдүү экеним туурасында ой келбейт? – деп сурады Мартин, өзүнүн туура суроо бергенине ыраазы да боло түштү; ошол замат алып учкан кыялы иштеп кетип, экөөнүн конок бөлмөдө сүйлөшүп отурганын четтен көрүп тургансыды. Тегерегинде болсо анын мурдакы жашоосунун жүздөгөн орой жана жийиркеничтүү элестери чарк айланып аткансыды.
Бирок, бул түркүн түс көрүнүш анын ой агымын бузбай, кеп ыргагын жайлатпай, көз алдынан заматта зуу коюп өтүп кетти да, Мартин өзүнүн кыялынан жаралган экрандан китептер менен сүрөттөргө толтура жасалгалуу бөлмө ичинде таза англис тилинде сүйлөшүп отурган ай жамал кыз менен өзүн көрдү, мунун баары тегиз чачыраган ачык нурга шоолаланып тургансыды.
Ал эми экрандын бул капталынан, тиги капталынан, айланасынан таптакыр башка көрүнүштөр улам пайда болуп, кайра житип кетип жатты. Ал кадимки көрарман сыяктуу анын улам бирин тандап көрө алмак. Мунун баарын ал ачык кызгылтым нур көзөп турган тумандын мунарыгы аркылуу көрүп тургансыды. Тигине, оттуу суудан ууртап коюп шарапканада ковбойлор отуру, ажылдаган уятсыз, орой сөздөр угулат, өзү болсо жеткен баш кесерлердин ортосунда туруп алып кыйкыра сөгүнүп, ичип атат, же карта таратып, фишкаларды шалдырата кересин жыттанган сасыган чырактын астындагы үстөлдө чогуу отурат. Анан бир караса, өзү бел кырчоодон жылаңачтанып алыптыр, муштумдарын түйүп, “Сасквеганнанын” палубасында ливерпулдук сары быштак неме менен болгон атактуу мушташтын алдында турганы го; андан кийин козголоң чыккан бүркөк күндүн эртеси канга боелгон «Джон Роджерстин» палубасын, жаны чыга албай кыйналып, тырышып жаткан улук жардамчыны, колуна тапанча кармаган капитанды, тапанчанын оозунан бүркүлгөн от менен түтүндү, анан кандары башына тээп, өң алеттен кеткен матростордун жаалдуу жүздөрүн көрдү; кайрадан жайбаракат жана бейпил мемиреген, нурга бөлөнгөн борбордук сахнага көз чаптырып, китептер менен сүрөттөрдүн арасында өзү менен акырын баарлашып отурган Руфту көрдү; ал кийинчерек ойноп бере турган чоң роялга көзү түштү; анан кулагына өзүнүн азыр эле туура түзүп айткан: «А эмне үчүн сизге менин буга жөндөмдүү экеним туурасында ой келбейт?», – деген суроосу кирип келди.
– Эгерде, адамдын темир усталыкка шыгы болгон күндө да, – деди Руфь каршы чыга жылмайып, – ал жетиштүүбү? Мен адегенде үйрөнбөй туруп, темир уста болуп кеткен эч кимди уккан эмесмин.
– Сиз мага эмне деп кеңеш берер экенсиз? – деди Мартин, – Бирок, эсиңизде болсун, мен жаза аларымды чын эле сезип турамын. Муну түшүндүрүү кыйын, бирок чынында эле ушундай.
– Сизден жазуучу чыгабы, чыкпайбы, буга карабай сиз окууңуз керек, – деди Руфь. – Билим сиз кайсы гана кесипти тандап албаңыз, сөзсүз керек жана ага жетишүү кокусунан эмес, системалуу түрдө болууга тийиш. Сиз мектепке барышыңыз керек.
– Ооба… – дегенче болбой, кыз анын сөзүн бөлүп жиберди:
– Ошол учурда деле жазганды уланта берсеңиз болот.
– Улантканга аргасызмын да, – деди Мартин ойлоно түшүп.
– Эмнеге минтип жатасыз?
Руфь нараазылана карады: ага Мартиндин өжөрлүгү жага бербей калды.
– Себеби, мунсуз окуй да албайм. Анткени мага тамак, китеп жана кийим керек да.
– Мен аны унутуп койгон турбаймынбы, – деди Руфь күлүп. – Эмне үчүн сиз, даяр жылдык кирешеңиз менен төрөлгөн эмессиз!
– Мен баш аман болуп, ден соолук болсо, адамга дүнүйө табылат деп ойлойм. Мен… – ал «сиз үчүн» деп айтып жибере жаздады, – башка нерселерге жетиш үчүн көп эмелерди иштээр элем.
– «Эмелер» деп, айтпаңыз! – деди Руфь чочугандай тамашага чаптыра, – бул абдан орой угулат.
Мартин уяла түштү.
– Туура айтасыз, – деди ал. – Суранам, мени дайыма ушинтип оңдоп туруңуз.
– Мен… мен жан дилим менен макулмун, – деди Руфь иймене. – Сизде көп жакшы жактарыңыз бар, мен бул сапаттарыңыздын мындан да сонун болорун каалар элем.
Мартин ошол замат Руфтун колундагы чопого айланып кеткендей болду, эми менден эмнени жасагысы келсе, жасай берсин деди ичинен; кыз болсо андан өзү кынтыксыз деп эсептеген идеалдуу эркекти жасаганды чын дилинен каалап турду. Руфь ага орто мектепке кабыл алуу сынактары дүйшөмбү күнү башталаарын айтканда, Мартин ага даяр экенин билдирди.
Анан адатынча Руфь роялга отуруп, көпкө чейин Мартинге музыка ойноп, ырдап да берди, жигит болсо көздөрүн кыздан алалбай, сугун арта аңкайып карап отурду, эмне үчүн бул кыздын тегерегинде өзүнө окшоп чарк айланган, азап тарткан ашыктар жок деп ичинен таңгалып да отурду.
(уландысы бар)
Которгон Бахтиер Шаматов
