|

Абуталип Амир: “Геометрия сабагы”

5/5 - (2 добуш)

(аңгеме)

Саламатсыңарбы, балдар, отургула. Бүгүнкү өтүүчү сабагыбыздын темасын жазып алгыла: Сүйрү бурчтун косинусу. Сүйрү бурчтун косинусу деп, жанаша жаткан катеттин гипотенузага болгон катышын айтабыз… катышын айтабыз. Жаздыңарбы?.. Токто, токто, эмнеге сабакта төртөөңөр элесиңер, калгандары кайда?.. Жок, сасык тумоолоп жаткандарды сурап жаткан жерим жок, башкаларчы… Мейли, жети адам Нооруз майрамына даярданып жатыптыр, так-так… а калгандары эмнеге келген жок? Кимдин, кимдин чөбүнө? Кимден уруксат сураптыр, ким уруксат бериптир?.. Кудай өзү сактасын, кокус чөпкө, камышка барабыз деп жүрүп, ошолордун бири бир кырсыкка учураса мени, башкача айтканда мектептин директорун, жоопко тартаарын билеби булар? А, кимдин? Төкөнүн чөбүнөбү? Кой ай, аз го, үч бала деген… а-а, 9-класстан дагы төрт бала барбы, анда жакшы, аба ырайы ачык, жол жакшы, кечке жетпей келип калышат… А тиги экинчи партадагы Аяганова кайда? Мектепке кийүүчү бут кийими жокпу? Ы-мм… Сарбасовчу? Үй бүлөсү көчүп жатыптырбы? Кайда? Шааргабы? Үй сатып ала турган акчасы бар бекен булардын өзүндө? Уже сатып алып коюшуптурбу? Эл оңой эмес, унчукпай жүрүп… Жарайт, сабагыбызды андан ары улантабыз… Карасаң, “акча жок, акча жок”, – деп ыйлаганда көзүнүн жашын көл кылат эле го… Сүйрү бурчтун синусу деп… эмне? А, косинусту өтүп жатабызбы?! Мейли, жаза бергиле, косинус болсо, косинус болсун. Теорема: Сүйрү бурчтун косинусу анын градустук өлчөмүнө… Каап, сындырды го тигил кашка уй тосмону, эй, ким, Окатаев, айдачы тигини… Экөөңөрбү? Экөөңөр барсаңар, экөөңөр баргыла, кимдики өзү? Салимгерейдикиби?.. Элдин чөбүнүн эрте түгөнгөнү кыйын болду, малдарын каңгытып, көчөгө жөн эле коё беришет… “Тосмонун эмне кереги бар” дейсиңерби? “Баары өсүп жаткан дарак жок дейсиңби?” Жок болсо эртең олтургузабыз… Мына силер олтургузасыңар… Келечекти кура турган силер, эртеңки күндүн ээси, мына силерсиңер… “Жыл сайын жаз сайын олтургузабыз, баары бир өспөйт?” Анда эмнеси бар экен, баягыда мен окуучу кезимде деле олтургузчу элек… ушул жерге. Өспөсө өспөсүн, андан силердин эчтекеңер кетпейт, үйрөнгөнүңөр өздөрүңөргө жакшы… Кыйынчылыкка моюн сунбоо керек… “Ура берсе кудай да өлөт” деген… быйыл чыкпаса, кийинки жылы чыгат… Маселенин өзү ошондо, багыш керек, күтүү керек. Жаш чыбык – өсүп келе жаткан бала сыяктуу, багууну талап кылат…

Анда эмесе, кайсы жерге келдик эле өзү? А, ооба, сүйрү бурчтун косинусу анын градустук өлчөмүнө көз каранды эмес дедик. Эми муну далилдейбиз. Адегенде, сүйрү бурч сызабыз да… Тигилер кайда жүрөт эй? Ашканага суу ташып жүргөн трактор кетип калат го, эми. Жарыкбаш мүнөзү кежир неме, ачууланса такыр эле алып келбей коюшу мүмкүн… Бар, чурка Серик, бол, сага айтып атам, дарбазаны ачкын. Запхозду көрсөң, айткын, бардык идишке суу толтуруп алсын… Кожамсейитов айтыптыр го, быйыл суу ташылбайт, кургакчылык болушу мүмкүн деп… Сыздыңарбы? Сызып койгула… а, сен жалгыз калдыңбы? Жалгыз өзүң жазганда жүрөгүң түшүп калабы, эмнеге сызбайсың? Сызгычың жокпу? Эмнеси болсо да жакшылап тыңдап отур. Эсиңде болсун, сүйрү бурчтун косинусу көз карандысыз чоңдук, себеби… Сауле, сенби? Ооба, эмне болуп кетти? Ким чакырып жатат? Канча жолу айтам мен силерге, мен сабак берип жатканда телефонго чакырбагыла деп? Ким болсо да баары бир! Мага десе президент болсун! Баары бир, Бушпу, Путинби, анын ар жагында ким дагы ким бар, баары бир!!! Сабактын деген сабак!!! А, РайОНОдонбу? Ойбай-ай, айтпайсыңбы, дароо ошентип айтпайт белең мага жанатадан бери… Инспекторлор келе жатыптыр дейби? Качан? Каап!… Ыңгайсыз убакта келе жаткандарын карачы… Узун сарынын убагы, элдин эти да түгөнүп калгандыр… Мейли, аны бир нерсе кылып чечербиз… Тиги ооруп жаткан мугалимдердин баарына кабар жөнөт, тез кийинип, мектепке жетишсин. Ооруларын инспекторлор кеткенден кийин оорушат, жетишет, өргүүгө чейин бир аз убакыт бар али… Биздин үйгө телефон чалгын, коноктор келе жатат дегин райондон, итти байласын десең, өздөрү түшүнүшөт… Завучка айткын, үйүндөгү телевизорду, биздикиндеги видикти, уюштуруучунун үйүндөгү журнальный столикти, запхоздун үйүндөгү жумшак орундуктар менен кызыл ала килемчелерди алып келтирип, тигил жабык турган эс алуу бөлмөсүндөгү өздөрүнүн орундарына койдурсун.

Андагы сынган парталарды эмне кылабыз? Аларды подвалга түшүрүп, эшигин мык менен уруп салгыла. Васяга айткын, менин жигулимедеги аккумуляторду ордуна салып, мектептин машинасын чыгарсын… Унутпай запхозго айткын, туалетти тазалаттырсын… Тамекинин калдыктарын жок кылсын… Жогорку класстагыларга эскертсин, инспекторлор кеткенче никаких тамеки! Эркек балдарбы? Эркек балдар эмне, кыздардан артык бекен?.. Чыдашсын эки-үч күн, мурундарын курт жеп түшүп калбайт… Тиги Фаина Салимовнанын гүлдөрүн өткөндөгүдөй убактылуу биология кабинетине сурап алсын… Сен коңгуроого чейин ызы-чуу кылбай отура тур, теореманын калганын кийинки жолу далилдейбиз… Көрүп турасың го жумуш көп…

Казакчадан оодарган Абийрбек АБЫКАЕВ

Автор

  • Жазуучу, котормочу. “Улуу Жантай санжырасы”, “Эрмектеп тапкан эмгегим” деген чыгармалары, “Абай Кунанбаевдин “Жүрөктү агарткан кара сөздөр”, Мухтар Ауэзовтун “Дүрбөлөң заман”, Салтыков-Щедриндин “Абийир жоголду” деген чыгармалардын котормолору китеп болуп басылып чыккан.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген