“Чокусунда жүрчү элем – кылдаттын…”

5/5 - (1 добуш)

* * *

Чокусунда жүрчү элем – кылдаттын,
Дүйнө калып, асман-жерди сындапмын.
Кыйынчылык кыл көпүрө болсо да,
Кыйчалышта сыр алдырбай ырдапмын.
Эми болсо өз дүйнөмдө жоголуп,
Неге сага, өзүмдү да уурдаттым?

Чачым учуп күчтүү шамал сапырган,
Чакчалекей будуң чаңда жанчылгам.
Жеңемин деп жүрөгүмө атаандаш
Чыктым далай, канат күүлөп талпынган.
Бийиктерге бийлеп чыккым келди эле,
Бийиктикте, бийик чыктың каршымдан.

Көзүмдө нур, күлкү ойноп чачырап,
Сүйлөйт элем сөздү уруп камчылап…
Кызгалдактай кызыктырган кыялым
Күндөн күнгө таш алдында жанчылат.
А көздөрүм көрүү үчүн өзүңдү,
Сагынычтан жашы агат, тамчылап… 

  • 1981-жылы Өзбекстандын Касансай районунда төрөлгөн. Учурда Жалал-Абад облусунун Кара-Үңкүр айылындагы орто мектепте мугалимдик кесипти аркалап келет. 4 автордук китептин ээси.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген