“Эшигимди бирөө черткилейт…”
* * *
Эшигимди бирөө черткилейт,
Тыңшап, күтөм кетип калышын,
Күдөр эмне билбес мышыгым,
Күнгө салып жатат далысын.
Кучак жайып күткөн сүйүүдөн,
Үмүтүм да үшүп муздаган,
Кыял токуп, алып кынаптап,
Мен бакытка сырттан суктанам.
Жашоо үчүн сүйүү керегин,
Жаздемдебей жатка билемин,
Каалоом калып өмүр сыртында,
Бар күнүмө башым иемин.
Баккан сезим такыр башкача,
Баткан күнүм мага чоочундай,
Чын сүйүүнү ырга даңктаган,
Бара-бара калдым кошулбай.
Эшигимди бирөө тепкилейт,
Күтөт менин кабыл алуумду,
Күдөр эшпес сылап мышыкты,
Күнгө салып жатам далымды.
