| |

Фёдор Достоевский: “Күлкүлүү кишинин түшү”

3.7/5 - (3 добуш)

(фантастикалык аңгеме)

1-бап

Мен күлкүлүү кишимин. Алар азыр мени жинди дешет. Эгерде мен мурункудай эле алар үчүн күлкүлүү бойдон калбаганымда, бул мен үчүн мансабымдын өсүшү болмок. Бирок азыр мен таарынбайм, азыр алардын баары мага сүйкүмдүү, керек болсо мени шылдыңдап күлүп жатышканда да – ошондо да алар бир башкача сүйкүмдүү көрүнүшөт. Өзүмдү шылдыңдаганымдан эмес, аларды сүйгөндүгүмдөн улам мен да алар менен бирге күлмөкмүн – эгерде аларды карап зээним кейибесе, ушунчалык капаланбасам.

Алар акыйкат эмне экенин билишпейт, ал эми мен акыйкатты билем – капаланганым ушундан. Ох, акыйкатты жалгыз билүү кандай оор! Бирок алар муну түшүнүшпөйт. Жок, түшүнүшпөйт. Ал эми мурда мен күлкүлүү көрүнгөнүм үчүн абдан кыйналчумун. Көрүнгөнүм үчүн эмес, чындап эле ошондой элем. 

Мен дайыма күлкүлүү болчумун жана муну, балким, туулгандан бери эле билсем керек. Балким, мен сүрөттөгүдөй күлкүлүү экенимди жети жашымда эле билгендирмин. Кийин мектепте окудум, андан соң университетте – окуган сайын, көп нерсени биле баштаган сайын өзүмдүн күлкүлүү экениме ошончолук көзүм жеткен. Ошентип, университеттеги бүтүндөй илимим, анын тереңине кирген сайын, менин күлкүлүү экенимди далилдеп, түшүндүрүп берүү үчүн гана бар сыяктуу болуп калды. Илимимдегидей эле, турмушумда да ошондой болду. Жыл өткөн сайын бардык жагымдан өзүмдүн күлкүлүү экенимди аңдап баамдоо ичимде өсүп, чыңдала берди. 

Мага дайыма бардыгы күлүшчү. Бирок жер беринде менин күлкүлүү экенимди баарынан артык билген киши болсо, ал мен өзүм экенимди эч ким билчү да эмес, баамдачу да эмес. Мага эң эле катуу тийгени – алардын муну билбегени болду, бирок буга өзүм айыптуу элем: мен ушунчалык текебер элем, муну эч качан жана эч кимге моюнга алгым келчү эмес. Бул текеберлик менде жылдар өткөн сайын өстү, эгерде кимдир бирөөнүн алдында өзүмдүн күлкүлүү экенимди моюнга алууга жол берсем, ошол замат, ошол эле кечте револьвер менен мээмди чачырата атмакмын. 

Өспүрүм чагымда чыдай албай жолдошторума кокусунан моюнга алып аламынбы деп, кандай гана азап чегүүчү элем! Бирок жигит куракка жеткенден тартып, жыл сайын өзүмдүн бул үрөй учурарлык сапатым жөнүндө барган сайын көбүрөөк биле баштасам да, эмнегедир бир аз тынчып калдым. Эмнеге мындай болгонун дагы эле түшүнбөйм. Балким, дүйнөдө бардык нерсе окшош, баардыгы бирдей деген ишенимге келгенимден улам болсо керек. 

Мен муну абдан эбак эле сезгем, бирок толук ишеним акыркы жылы капысынан пайда болду. Мен дүйнөнүн бар же жоктугу мага баары бир экенин капысынан туйдум. Бүткүл болмушум менен менин тушумда эч нерсе болбогонун уга да, туя да баштадым. Оболу мурда көп нерсе болгондой көрүнчү, бирок кийин мурда деле эч нерсе болбогонун, болгону эмнегедир ошондой көрүнгөнүн түшүндүм. Бара-бара мен эч качан эч нерсе болбостугуна көзүм жетти. Ошондо мен адамдарга ачууланбай да, аларды дээрлик байкабай да калдым. Чынында, бул эң майда-чүйдө нерселерде да байкалчу: маселен, көчөдө баратып адамдарды сүзүп кетем. Ойго чөмүлүп кеткенден эмес: ойлоно турган эмне бар эле, мен анда таптакыр ойлонбой калгам – мага баары бир болчу. Көйгөйлөрдү чечип алсам бир жөн; ох, бирөөсүн да чечкен жокмун, ал эми алар канча эле? Бирок мага баары бир болуп калды да, көйгөйлөрдүн баары алыстап кетти.

Мына ошондон кийин гана мен акыйкат эмне экенин билдим. Акыйкатты мен өткөн ноябрда, дал үчүнчү ноябрда билдим, ошондогу ар бир көз ирмемим эсимде. Бул мүмкүн болгон эң караңгы, эң сүрдүү кеч болчу. Мен анда кечки саат он бирлерде үйгө кайтып келе жатып, мындан да караңгы учур болбош керек деп ойлогонум эсимде. Эртеден кечке жамгыр куюп турду, ал ушунчалык муздак, сүрдүү, керек болсо адамдарга кас, коркунучтуу жамгыр эле, ал саат он бирде капысынан токтоп, үрөй учурган нымдуулук башталды. Бул жамгыр жаап жаткандагыдан да суук, ным эле, көчөдөгү ар бир таштан, ар бир тар көчөнүн түпкүрүнөн бир түрлүү буу көтөрүлүп жатты. Эгерде бардык жерде газ өчсө, жүрөккө жеңилирээк болмок, ал эми газ менен көңүлсүз, анткени ал ушунун баарын жарык кылып турат деген ой капысынан мээме келди. 

Мен ал күнү дээрлик тамак ичкен жок элем, кеч киргенден бери бир инженердикинде отурдум, анда дагы эки жолдошу бар экен. Мен таптакыр унчуккан жокмун, аларды тажаттым окшойт. Алар бир нерсе жөнүндө кызуу талаша кетишип, бир кезде күчөп кетишти. Бирок бул аларга тиешеси жок маселе эле, мен муну көрүп турдум, алар жөн эле кызууланып жатышкан. Мен аларга капысынан: «Мырзалар, анын баары силерге баары бир да», – дедим. Алар таарынышкан жок, тескерисинче, мага күлүштү. Бул мен эч кандай акаратсыз, жөн гана мага баары бир болгондуктан айтканымдан болчу. Алар менин кайдыгерлигимди көрүп, көңүлдөрү көтөрүлдү.

Көчөдө баратып газ жөнүндө ойлоп, асманды карадым. Асман үрөй учурарлык караңгы болчу, бирок самсаалаган булуттарды жана алардын арасындагы түбү көрүнбөгөн кара тактарды даана ажыратса болмок. Капысынан ошол тактардын биринен кичинекей жылдызды байкап калып, аны тигиле карап калдым. Анткени бул жылдыз мага бир ой жаратты: мен ошол түнү өзүмдү өлтүрүүнү чечтим. Мен муну мындан эки ай мурда эле бекем чечкем, канчалык кедей болсом да, жакшы револьвер сатып алып, ошол эле күнү октоп койгом. Бирок эки ай өтсө да, ал суурмада жатты; бирок мага ушунчалык баары бир болгондуктан, аягында баары бир болбой турган көз ирмемди тосуп алгым келди, эмне үчүн экенин билбейм. Ошентип, ушул эки айда ар түнү үйгө кайтып баратып, бүгүн өзүмдү атып өлтүрөм го деп ойлочумун. Мен ошол көз ирмемди күтүп жүрдүм. Мына эми ушул жылдыз менин оюмду ойготуп, мен муну сөзсүз ушул түнү жасоону чечтим. Ал эми эмне үчүн жылдыз бул ойду ойготконун билбейм.

Асманды карап турганымда, менин чыканагымдан капысынан бир кичинекей кыз кармады. Көчө бош эле, дээрлик эч ким жок болчу. Алыста арабакеч арабасында уктап жаткан. Кыз болжол менен сегиз жаштарда экен, жоолукчан, жалаңкат көйнөкчөн, шөмтүрөп суу болуптур, өзгөчө анын суу өткөн жыртык башмагы эсимде калыптыр. Алар менин көзүмө даана урунду. Ал капысынан менин чыканагымдан кармап алып, кыйкыра баштады. Ал ыйлаган жок, бирок калчылдап, үшүгөндүктөн сөздөрдү үзүп-үзүп айтып жатты. Ал кандайдыр бир нерседен үрөйү учуп, айласы түгөнгөндөй: «Апаке! Апаке!» – деп кыйкырып жатты. Мен бурулуп ага карадым, бирок бир да ооз сөз айтпай жолумду уланттым, бирок ал чуркап жетип, тарткылап жатты, анын үнүндө абдан корккон балдардын айласы түгөнгөндөгү добушу угулуп турду. Мен бул добушту билем. Ал сөздөрүн аягына чейин айтпаса да, анын апасы бир жерде өлүп жатканын, же аларда бир нерсе болгонун, анан ал апасына жардам берүү үчүн бирөөнү чакырганы чуркап чыкканын түшүндүм. Бирок мен анын артынан барган жокмун, тескерисинче, менин мээме аны кууп жиберүү тууралуу ой келди. 

Оболу мен ага шаардык полицияны (городовойду) тап деп айттым. Бирок ал капысынан колдорун бириктирип, өксүп ыйлай баштады, демигип, капталымдан чуркап, жанымдан кетпей койду. Ошондо мен ага жер тээп, кыйкырып жибердим. Ал болгону: «Барин, барин!..» – деп кыйкырды да, мени таштап, көчөнү көздөй чуркап өттү: ал жерде дагы бир жолоочу көрүндү, ал менден качып, ошого бармай болду окшойт.

Бешинчи кабаттагы бөлмөмө көтөрүлдүм. Мен батирдин ээлеринен өзүнчө батирде жашайм. Бөлмөм кедей жана кичинекей, ал эми терезеси чатырдагы, жарым тегерек терезе. Менде клеенка капталган диван, үстүндө китептер жаткан үстөл, эки отургуч жана аябай эскилиги жеткен, бирок вольтердик жайлуу кресло бар. Отуруп, шамды жагып, ойлоно баштадым. Жанаша бөлмөдө, дубалдын ары жагында ызы-чуу уланып жатты. Бул аларда үч күндөн бери болуп жаткан. Ал жерде отставкадагы капитан жашачу, анын коноктору бар эле – алты бейбаш, арак ичип, эски карталар менен штос ойноп жатышкан. 

Өткөн түнү мушташ болуп, алардын экөө бири-биринин чачынан көпкө сүйрөгөнүн билем. Үй ээси арыздангысы келген, бирок ал капитандан катуу коркот. Батирлердеги башка жашоочулардан полктон келген бир гана кичинекей, арык айым бар, ал бул жакка келгенден кийин оорулуу болуп калган үч кичинекей, балдары менен турчу. Ал да, балдары да капитандан эстен танганга чейин коркушат, түнү бою калтырап, чокунуп чыгышат, ал эми эң кичинекей баласы коркконунан талмасы кармап калган. Бул капитан кээ бирде Невскийде өткөндөрдү токтотуп, кайыр сурарын мен так билем. 

Аны кызматка алышпайт, бирок, таң калыштуусу (мен муну ошол үчүн айтып жатам), капитан бизде жашаган бир ай ичинде менин ачуумду келтирген жок. Мен, албетте, башынан эле таанышуудан качтым, ал да биринчи жолу жолуккандан баштап эле мени жактырган жок, бирок алар тосмонун артында канчалык кыйкырышпасын, мага баары бир болчу. Мен түнү бою отурсам да, чынында, аларды укпайм дагы – аларды таптакыр унутуп калам. Мен таң аткыча уктабай чыгам, буга бир жылдай болду. Мен түнү бою столдун жанындагы креслодо эч нерсе кылбай отура берем.

Китептерди мен күндүз гана окуйм. Отурам да, ойлонбойм дагы, жөн гана бир ойлор калкып жүрөт, мен аларды эркин коё берем. Шам түн ичинде толугу менен күйүп бүтөт. Мен столдун жанына барып отурдум, револьверди сууруп, алдыма койдум. Аны койгонумда, өзүмдөн: «Ушундай кылалыбы?» – деп сураганым эсимде, жана чын ниетим менен: «Ооба», – деп жооп бердим. Сөз өзүмдү атып өлтүрүү жөнүндө болуп жатат. Мен ушул түнү сөзсүз атынарымды билчүмүн, бирок ага чейин столдо канча отурарымды билбейт элем. Эгерде тиги кичинекей кыз болбогондо, сөзсүз атынып алмакмын.

2-бап

Көрдүңүзбү: мага баары бир болсо да, ооруну, мисалы, сезип жаттым да. Мени бирөө уруп жиберсе, ооруну сезбей коймок эмесмин. Адеп-ахлактык жактан да ошондой: абдан өкүнүчтүү бир нерсе болсо, мага турмушта али баары бир боло элек кездегидей эле өкүнүчтү сезмекмин. Азыр мен кызга боорум ооруп турду: ага сөзсүз жардам беришим керек эле. Эмне үчүн анда кызга жардам берген жокмун? Ал колумдан тартып, жардам сураганда, менде капысынан бир суроо пайда болду да, мен аны чече албай койдум. 

Суроо жөнөкөй эле, бирок менин кыжырымды келтирди. Эгер ушул түнү өзүмдү өлтүрүүнү чечсем, анда дүйнөдө болуп жаткан нерселердин баары мага мурдагыдан да кайдыгер болушу керек эле го деген ойдон улам жиним келди. Эмне үчүн мен капысынан мага баары бир эмес экенин жана кызга боорум ооруп жатканын сездим? Мен ага абдан боорум ооругандыгын эсимде; менин абалымда мындай болбошу керек эле.

Чынында, мен ошол кездеги сезимимди жеткире албайм, бирок ал сезим үйдө да, мен столго отурганда да уланды, мен эбактан бери болбогондой кыжырдандым. Ой артынан ой агып жатты. Мен адам болсом, али нөл эмес болсом, жана нөлгө айлана элек болсом, демек, жашап жатам, натыйжада, азап чегип, ачууланып, өз жоруктарым үчүн уятты сезе алам деген нерсе айкын көрүнүп турду. Мейли. Бирок эгер мен өзүмдү, мисалы, эки сааттан кийин өлтүрсөм, анда мага кыздын эмне кереги бар, анда уяттын да, дүйнөдөгү бардык нерсенин да мага эмне тиешеси бар? Мен нөлгө, абсолюттук нөлгө айланам да.

Мындан кийин таптакыр жок болорумду, демек, эч нерсе жок болорун аңдап баамдоо кызга болгон боорукердик сезимиме да, кылган жамандыгымдан кийинки уят сезимиме да чындап эле кичине болсо да таасир эте албай калдыбы? Анткени мен байкуш кызга: «мага боорукердик сезими жат болгону аз келгенсип, азыр адамкерчиликке жатпаган жамандык кылсам да колумдан келет, анткени эки сааттан кийин бардыгы жок болот» дегендей жаман ой менен кыйкырып, жер тепкилеп жатпаймынбы. Ошол үчүн кыйкырганыма ишенесиздерби? Мен азыр буга дээрлик ишенип турам. 

Эми турмуш менен дүйнө менден көз каранды экени ачык көрүндү. Атүгүл дүйнө азыр мен үчүн гана жаратылгандай десе да болот: мен өзүмдү атып өлтүрсөм, дүйнө да жок болот, жок дегенде мен үчүн. Менден кийин чын эле эч кимге эч нерсе калбашы мүмкүн экендигин айтпаганда да, менин аң-сезимим өчөрү менен бүткүл дүйнө менин аң-сезимимдин гана энчиси катары, элес сыяктуу заматта өчүп жок болот, анткени, балким, ушул бүткүл дүйнө жана ушул адамдардын баары – мен өзүмдүрмүн.

Отуруп алып ой жүгүртүп жатып, биринин артынан бири чубурган ушул жаңы суроолордун баарын таптакыр башка нукка буруп, таптакыр жаңы нерселерди ойлоп тапканым эсимде. Мисалы, капысынан мээме бир таң калыштуу ой келди: эгерде мен мурда айда же Марста жашап, ал жакта элестетүүгө мүмкүн болбогон эң уятсыз, кадыр-баркты кетирген бир жорукту жасасам, ал үчүн түштө, коркунучтуу түштө гана сезүүгө мүмкүн болгондой шүмшүк болуп, шорлосом, анан кийин жерге келип түшүп, тиги башка планетада эмне кылганымды унутпай, ага кошумча ал жакка эч качан жана эч убакта кайрылып барбасымды билсем, жерден айды карап туруп – мага баары бир болмокпу же жокпу? Ошол жоругум үчүн уятты сезет белем же сезбес белем?

Суроолор курулай жана ашыкча эле, анткени револьвер алдымда жаткан, мен бүт болмушум менен мунун сөзсүз болорун билчүмүн, бирок алар мени дүргүтүп, жинимди келтирип жатты. Мен алдын ала бир нерсени чечип алмайынча азыр эле өлүп кете албагандай абалда элем. Бир сөз менен айтканда, тиги кичинекей кыз мени куткарып калды, анткени жаралган суроолор атынып өлүүмдү кечеңдетти.

Бул ортодо капитандыкында да тынчып калды: алар карта ойноп бүтүшүп, уктоого камынып, ага чейин күңкүлдөшүп, сөгүнүп жатышты. Мына ошондо мен столдо, креслодо отурган калыбымда капысынан уктап кетиптирмин, мурда мындай нерсе эч качан болгон эмес эле. Мен өзүм да байкабай уктап калыптырмын. 

Түш деген, белгилүү болгондой, укмуштай таң калыштуу нерсе: бир нерсе үрөй учурган айкындуулук менен, зергерлик майда-чүйдөсүнө чейин элестетилет, ал эми экинчисинде байкабай эле мейкиндик менен убакытты секирип өтөсүң. Түштү акыл эмес – каалоо, баш эмес – жүрөк башкарат окшойт, бирок ошол эле учурда менин акылым түшүмдө кээде кандай гана куулуктарды жасачу эмес! 

Ошол эле учурда түштө таптакыр акылга сыйбаган нерселер болот. Мисалы, менин бир тууганым мындан беш жыл мурда каза болгон. Мен аны кээде түшүмдө көрөм: ал менин иштериме аралашат, мага жардам берип жүрөт, бирок ошол эле учурда мен түшүмдүн бүткүл жүрүшүндө бир тууганым каза болуп, көмүлгөнүн эң сонун билем жана эстеп турам. Анан кантип мен анын өлүк болсо да, ага карабастан менин жанымда жүргөнүнө, мага кам көрүп жатканына кантип таң калбайм? Эмне үчүн менин акылым мунун баарына толугу менен жол берет?

Бирок жетишет. Түшүмө өтөйүн. Ооба, мен ошондо көргөн түш, үчүнчү ноябрдагы көргөн түшүм! Алар азыр мени «бул жөн гана түш болчу да» деп шылдыңдашат. Бирок, эгер ушул түш мага Акыйкатты ачып берип жатса, анын түш же түш эместигинин баары бир эмеспи? Анткени, эгерде акыйкатты бир жолу билип, аны көргөн болсоң, сен уктап жатасыңбы же жашап жатасыңбы, анын акыйкат экенин жана андан башкасы жок экенин, болушу да мүмкүн эместигин билесиң да. Мейли, түш болсо болсун, мейли, бирок сиздер ушунчалык даңазалаган бул турмушту мен өзүмдү өлтүрүү менен өчүргүм келген, ал эми менин түшүм, менин ошол түшүм, оо, ал мага жаңы, улуу, жаңыланган, кубаттуу турмуш тууралуу кабар берди! Угуңуздар.

3-бап

Мен ар нерселерди ойлоп отуруп, өзүм да байкабай уктап кетиптирмин. Түшүмдө отурган ордумдан револьверди алып, аны түз эле жүрөккө – башка эмес, дал жүрөккө такап жатыптырмын; жеке өзүм мурда сөзсүз чыкыйга атынууну чечтим эле. Көөдөнүмө такап, бир-эки секунд күттүм, анан чырак, стол жана алдымдагы дубал козголуп, термеле түштү. Дароо атып жибердим окшойт. Түшүңүздө кээде бийиктиктен кулайсыз, же сизди мууздашат, же урушат, бирок өзүңүз чындап эле керебетке урунуп албасаңыз, эч качан ооруну сезбейсиз. Ооруну сезгенде гана дээрлик дайыма ойгонуп кетесиз. Менин түшүмдө да ошондой болду: ооруну сезген жокмун, бирок атылганымда иче-карыным солкулдап, капысынан өчүп калды. Айланам үрөй учурарлык караңгыга айланды.

Сокур да, дүлөй да болуп калгандай болдум. Бир катуу нерсенин үстүндө чалкаман түшүп, суналып жатам. Эч нерсени көрбөйм, кичине да кыймылдай албайм. Айланада кимдир бирөөлөр басып жүрүшөт, кыйкырып жатышат: капитан бакылдап, үй ээси чыңылдайт, – анан кайрадан жымжырттык орнойт да, мени жабык табытта көтөрүп бара жатышат. Табыттын термелгенин сезип жатам, ушул жөнүндө ойлоном. Анан капысынан: «Мен өлдүм да, биротоло өлдүм! Муну билем, күмөн саноого болбойт. Көрбөйм да, кыймылдабайм, бирок ошого карабастан сезип жана ойлонуп жатам» деген ой катуу таң калтырды. Бирок буга бат эле макул болдум да, адаттагыдай түштөгүдөй, чындыкты талашсыз кабыл алдым.

Мына мени жерге көмүштү. Баары кетишти, мен жалгыз калдым, таптакыр жалгызмын. Кыймылдабайм. Мурда качандыр бир кезде өңүмдө мени көргө кантип көмүшөрүн элестеткенимде, мүрзө десе бир гана нымдуулук менен муздактык сезилчү. Азыр да абдан муздап жатканымды, өзгөчө бутумдун манжалары муздап калганын сездим, бирок башка эч нерсе туйбадым. Жата бердим, таң калыштуусу – эч нерсе күткөн жокмун. Өлүк киши күтө турган эч нерсе жок дегенге талашсыз макул болдум. Бирок нымдуу эле. Канча убакыт өткөнүн билбейм – бир саатпы, бир нече күнбү же көп күнбү… Аңгыча сол, жумулуу көзүмө табыттын капкагынан өтүп кеткен бир тамчы суу тамды. Бир мүнөттөн соң экинчиси, андан кийин үчүнчүсү… Ошентип, дал бир мүнөттүк аралык менен тама берди.

Жүрөгүмдө капысынан терең нааразычылык тутанды да, физикалык ооруну сездим: «Бул менин жаракатым, – деп ойлодум, – бул ок, ал жакта ок бар…» Ал эми тамчы ар бир мүнөттө түз эле жумулуу көзүмө тамчылай берди. Мен үнүм менен эмес (анткени кыймылсыз элем), бүткүл болмушум менен башыма келгендердин баарынын Өкүмдарына кайрылдым:

– Ким болсоң да, эгер бар болсоң жана азыр болуп жаткан нерседен да акылдуураак бир нерсе бар болсо, ушул жерде да анын болушуна уруксат бер. Эгерде сен мени өзүмдү өлтүргөнүм үчүн кийинки болмуштун сүрү жана маанисиздиги менен өч алып жаткан болсоң, анда билгин: мага кандай гана азап келбесин, алардын бири да менин ичимде катылган жек көрүүмө, миллиондогон жылдар бою тартылуучу азаптарга тең келе албайт!

Менин кайрылуумдан соң терең жымжырттык өкүм сүрдү. Бир мүнөттөй убакыт өттү, атүгүл дагы бир тамчы түштү, бирок мен эми баары сөзсүз өзгөрөрүнө чексиз жана биротоло ишенип турдум.

Аңгыча мүрзөм ачылды. Кантип ачылганын же казылганын билбейм, бирок мени бир караңгы, белгисиз макулук алып чыкты да, экөөбүз кең мейкиндикке туш болдук. Мен капысынан көрө баштадым: караңгы түн эле, мурда эч качан мындай караңгылык болгон эмес! Биз мейкиндикте Жерден алыстап учуп бараттык. Мени көтөрүп бараткан жандыктан эч нерсе сураган жокмун, текебердене күтүп жаттым. Өзүмдү «коркпойм» деп ишендирип, коркпогонума кубанып жаттым. Канча убакыт учуп баратканыбыз эсимде жок жана элестете да албайм: баары түштөгүдөй болду. Мейкиндикти, убакытты, болмуш менен акылдын мыйзамдарын ашып өтүп, жүрөк эңсеген чекиттерде гана токтоп жаттык. Караңгылыктан капысынан кичинекей бир жылдызды көргөнүм эсимде.

– Бул Сириуспу? – деп сурап жибердим капысынан, анткени эч нерсе сурагым келген эмес эле.

– Жок, бул сен үйүңө кайтып баратканда булуттардын арасынан көргөн ошол эле жылдыз, – деп жооп берди мени көтөрүп бараткан макулук.

Анын адамга окшош келбети бар экенин билчүмүн. Таң калыштуусу, мен бул макулукту жактырган жокмун, атүгүл жийиркеничти сездим. Мен таптакыр жок болууну күтүп, ошол үчүн жүрөгүмө ок аттым эле. Мына эми адам эмес, бирок бар болгон, жашап жаткан макулуктун колундамын: «Демек, көр дөбөнүн артында да турмуш бар турбайбы!» – деп ойлодум түштүн таң калыштуу жеңил ойлуулугу менен. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү сезим мени менен калды: «Эгер кайрадан жашоо керек болсо, – деп ойлодум мен, – жана бирөөнүн кутулгус эрки менен кайра жаралуу керек болсо, анда мени жеңип, басынтышын каалабайм!»

– Сен менин сенден коркорумду билесиң, ошол үчүн мени жек көрөсүң, – дедим шеригиме капысынан. Өзүмдүн басынганымды моюнга алган уят суроого чыдай албай, жүрөгүмө ийне сайгандай сыздап турдум. Ал суроомо жооп берген жок. Бирок мен анын мени жек көрбөй турганын, мага күлбөй турганын, атүгүл ачуусу келбегенин жана биздин жолубуздун мага гана тиешелүү болгон белгисиз, сырдуу максаты бар экенин сездим. Жүрөгүмдө коркунуч өсө берди. Шеригимден мага бир нерсе үнсүз, бирок азап менен берилип, денемди тешип өтүп жаткандай болду. Биз караңгы жана белгисиз мейкиндикте учуп бараттык. Көзүмө тааныш жылдыздар топтому көрүнбөй калганы качан. Асманда ушундай жылдыздар бар экенин, алардын нурлары Жерге миңдеген жана миллиондогон жылдардан кийин гана жетерин билчү элем. Балким, биз ошол мейкиндиктерди учуп өткөндүрбүз. Мен жүрөгүмдү азапка салган үрөй учурган сезимде бир нерсени күтүп жаттым.

Анан капысынан тааныш жана эң эле өзүнө тартып турган сезим мени солкулдатты: биздин Күндү көрдүм! Бул биздин Жерди жарык кылган Күн болушу мүмкүн эместигин, чексиз алыстыкта экенибизди билчүмүн. Бирок эмнегедир бүткүл болмушум менен бул дал биздикидей эле Күн экенин, анын кайталанышы жана түгөйү экенин туйдум. Бул жагымдуу сезим дилимде кубаныч менен жаңырып турду: мени жараткан ошол эле жарыктын уругу, ата-журттук кубат жүрөгүмдө ачылып, аны кайра тирилтти. Мен көрүмдөн кийин биринчи жолу мурункудай жашоону сездим.

– Бирок бул – Күн болсо, эгер бул даана эле биздикидей Күн болсо, – деп кыйкырдым мен, – анда Жер кайда?

Шеригим караңгылыкта зумрут сыяктуу жаркырап турган кичинекей жылдызды көрсөттү. Биз түз эле ошону көздөй учуп бараттык.

– Ааламда ушундай кайталануулар болушу мүмкүнбү, чындап эле табияттын мыйзамы ушундайбы?.. А эгер тигил да Жер болсо, анда ал чын эле биздикидей Жерби… Таптакыр ушундай эле байкуш, кедей, бирок кымбат жана түбөлүк сүйүктүү, атүгүл эң эле кайрымсыз балдарына да өзүнө болгон ушундай азаптуу сүйүүнү жараткан биздикидей Жерби?.. – деп кыйкырып жаттым мен. Өзүм таштап кеткен ошол ата-журтум болгон Жерге болгон токтото алгыс, кубанычтуу сүйүүдөн солкулдап турдум. Мен капа кылган байкуш кыздын элеси көз алдымдан жылт этип өттү.

– Баарын көрөсүң, – деп жооп берди шеригим, анын сөзүнөн кандайдыр бир кайгы угулду.

Бирок биз планетага тездик менен жакындап бара жаттык. Ал менин көз алдымда чоңоюп бара жатты, мен океанды, Европаны ажырата баштадым. Анан капысынан жүрөгүмдө кандайдыр бир улуу, ыйык кызганычтын таң калыштуу сезими тутанды: «Мындай кайталануу кантип болсун жана эмне үчүн? Мен өзүм калтырып кеткен, жүрөгүмө атып, өмүрүмдү өчүргөндө каным чачырап калган ошол Жерди гана сүйөм, ошону гана сүйө алам».

Бирок мен ал Жерди сүйгөнүмдү эч качан, эч качан токтоткон эмесмин. Атүгүл ошол түнү андан ажырап жатып, аны мурдагыдан да көбүрөөк сүйсөм керек. Бул жаңы Жерде азап бар болду бекен? Биздин Жерде биз чындап азап менен жана азап аркылуу гана сүйө алабыз! Биз башкача сүйгөндү билбейбиз жана башкача сүйүүнү тааныбайбыз дагы. Мен сүйүү үчүн азапты каалайм. Мен дал ушул көз ирмемде өзүм калтырып кеткен ошол Жерди гана өпкүм, жаш менен жуугум келет жана башка эч бир Жерде жашоону каалабайм да, кабыл да албайм!..

Бирок менин шеригим мени таштап кетти. Мен капысынан, өзүм да байкабай, ушул башка Жерде, ажайып Бейиштей болгон Күндүн тунук жарыгына бөлөнгөн таңда туруп калдым. Мен, адашпасам, биздин жердегидей грек архипелагын түзгөн аралдардын биринде же ушул архипелагга чектеш материктин жээгинде турдум. Оо, баары дал биздегидей эле, бирок бардык жерде кандайдыр бир майрамдын жана улуу, ыйык, акыры самап жүрүп жеткен салтанаттын нуру чачырап тургансыйт. 

Тунук зумрут деңиз жээктерди акырын чайпап, аларды тунук, айкын, атүгүл аң-сезимдүү бир сүйүү менен өпкүлөп жатты. Бийик, кооз дарактар гүлдөп, көркүнө чыгып турду, ал эми алардын сансыз жалбырактары мени акырын, эркелеген шыбышы менен куттуктап, кандайдыр бир сүйүү сөздөрүн айтып жатканына көзүм жетти. Көк майсаң жаркыраган жыпар жыттуу гүлдөр менен жайнап турду. Канаттуулар асманда тобу менен учуп, менден коркпой, ийиндериме, колдорума конуп, өздөрүнүн сүйкүмдүү, канаттары менен желпип, мени эркелетип жатышты.

Бул кубанычка өнөктөш катары мен ушул бактылуу Жердин адамдарын көрдүм жана тааныдым. Алар мага өздөрү келип, мени курчап алышып өпкүлөштү. Күндүн балдары, өз Күнүнүн балдары – оо, алар кандай сулуу эле! Мен биздин Жерде адамдан мындай сулуулукту эч качан көргөн эмесмин. Болжолу, биздин балдарыбыздын эң алгачкы жылдарында гана ушул сулуулуктун алыскы, начар болсо да чачырандысын табууга болмоктур. Бул бактылуу адамдардын көздөрүндө тунук нур жаркырап турду. Алардын жүздөрү акылмандыкка жана толук тынчтыкка жеткен аң-сезимге бөлөнгөн, бирок ошол эле учурда шайыр эле; бул адамдардын сөздөрүндө жана үндөрүндө наристе балдардыкындай назик кубаныч сезилип турду. 

Оо, мен дароо, алардын жүздөрүн биринчи көргөндө эле баарын, баарын түшүндүм! Бул күнөөгө батпаган, булганбаган Жер эле, анда күнөө кылбаган адамдар жашап жатышыптыр. Бүткүл адамзаттын уламыштары боюнча биздин күнөөкөр түп ата-энелерибиз кандай жашаса, алар да дал ошондой бейиште жашап жатышыптыр, бир гана айырмасы – бул жерде бүткүл Жер толугу менен эле бейиш экен. Бул адамдар кубанычтуу жылмайышып, мага жакын келишип, мени эркелетип жатышты; алар мени өздөрүнө алып кетишти, алардын ар бири мени тынчтандыргысы келди. Оо, алар менден эч нерсе сурашкан жок, бирок баарын мурда эле билишкендей көрүндү мага, алар менин жүзүмдөн азапты эртерээк кууп чыгууну каалап жатышты.

4-бап

Көрдүңүзбү, кайрадан кайталайм: мейли, бул жөн гана түш болсун! Бирок бул күнөөсүз сулуу адамдардын сүйүүсү менин көкүрөгүмдө түбөлүккө калды, алардын ошол сүйүүсү азыр да тиги жактан мага төгүлүп жаткандай сезилет. Мен аларды өз көзүм менен көрдүм, таанып-билдим жана буга толук көзүм жетти. Мен аларды сүйдүм, кийин алар үчүн азап чектим. Оо, мен дароо эле, атүгүл ошондо эле көп нерседе аларды таптакыр түшүнбөй турганымды туйгам. 

Мага – азыркы замандын орус прогрессистине жана жийиркеничтүү петербургдукка – алардын көп нерсени билишсе да, биздегидей илимдин жоктугу чечилгис табышмактай көрүндү. Бирок көп өтпөй эле алардын билими биздин Жердегидей эмес, башкача туйум-сезимдер менен азыктанып, байып турарын, умтулуулары да таптакыр бөлөк экенин түшүндүм. Алар эч нерсеге жулунушпайт, көңүлдөрү тынч; биз өмүрдүн сырын баамдоого жан үрөгөндөй алар өмүрдү таанып-билүүгө умтулушпайт, анткени алардын турмушу ансыз да толук кандуу эле. Бирок алардын билими биздин илимге караганда тереңирээк жана бийигирээк болчу; анткени биздин илим өмүрдүн эмне экенин түшүндүрүүгө, башкаларга кантип жашоону үйрөтүү үчүн аны аңдап-билүүгө умтулат. 

Ал эми алар илимсиз эле кантип жашоону билишчү. Мен муну түшүндүм, бирок алардын билиминин сырын ача алган жокмун.

Алар мага өз бак-дарактарын көрсөтүштү, мен болсо алардын ошол дарактарды кандай зор сүйүү менен карашканын түшүнө албадым: алар өздөрүнө окшогон жандуу макулуктар менен сүйлөшүп жатышкандай эле. Билесизби, эгер мен аларды чындап эле дарактар менен сүйлөшүп жатышкан десем, аша чапкан болбосмун! Ооба, алар дарактардын тилин табышкан, тигилер да буларды түшүнөрүнө көзүм жетти. Алар бүткүл табиятка – өздөрү менен тынч-аман жашаган, эч кимге тийбеген, сүйүүсүнө багынып, эркелеп жүргөн айбанаттарга да дал ошондой мамиле кылышчу. Мага жылдыздарды көрсөтүп, мен түшүнбөгөн сырдуу нерселер жөнүндө алар менен аңгемелешишти. Бирок алардын асман жылдыздары менен кур кур кыял аркылуу эмес, кандайдыр бир жандуу байланышта экендигине көзүм жетти. 

Оо, бул адамдар менден өздөрүн түшүнүүнү талап да кылышкан жок, мени ансыз деле сүйүп жатышты. Бирок мен да алардын мени эч качан түшүнбөстүгүн билгендиктен, аларга биздин Жер жөнүндө дээрлик эч нерсе айткан жокмун. Мен алардын көзүнчө алар басып жүргөн жерди өптүм, өздөрүнө таазим кылдым; алар муну көрүп, менин урмат-сыйымдан уялып-чүрчүбөстөн, сыйлоого дилин ачышты, анткени өздөрү да сүйүүгө толгон эле. Мен ыйлап, буттарын өпкөнүмдө, жүрөгүмдө алардын мага кандай сүйүү менен жооп кайтарарын кубаныч менен туюп турдум, алар мен үчүн азапка батышкан жок.

Кээде өзүмөн таң калуу менен сурачумун: алар кантип мендей адамды кемсинтпей, мендей кишиде көрө албастык менен ич күйдүлүктү бир да жолу ойготпой жашай алышты? Өзүмдөн көп жолу сурадым: кантип мен, мактанчаак да калпычы адам, аларга болгон сүйүүмдөн улам болсо да, алар эч кандай түшүнүккө ээ болбогон өзүмдүн билимим жөнүндө айткан жокмун, аларды таң калтырууга умтулбадым?

Алар наристе балдардай эрке жана шайыр болушчу. Көркөм бакчаларында, токойлорунда сейилдеп жүрүшчү, сонун ырларын ырдашчу; дарактарынын мөмөлөрү, токойдун балы жана өздөрүн сүйгөн айбанаттардын сүтү сыяктуу жеңил тамак-аштар менен азыктанышчу. Тамак-аш менен кийим-кече үчүн бир аз гана, жеңил эмгек кылышчу. Аларда сүйүү бар эле, балдары туулчу, бирок мен алардан биздин Жердегилердин дээрлик баарына мүнөздүү болгон, адамзаттын бардык күнөөлөрүнүн башкы булагы саналган ошол ырайымсыз, сокур кумарланууну байкаган жокмун. Алар бактысына өнөктөш катары дүйнөгө келген балдарына кубанышчу. Ортолорунда уруш-талаш, көрө албастык болгон эмес, алар мунун эмне экенин да билишчү эмес. Балдары баарына орток эле, анткени баары бир бирдиктүү үй-бүлөнү түзүшчү.

Аларда өлүм болгону менен, оору-сыркоо дээрлик жок эле. Карылары жакындарынын курчоосунда, аларга ак батасын берип, жылмайган бойдон узап, алар да аларды жарык жылмаюу менен узатып, түбөлүк уйкуга узатып жаткандай мамиле кылышар эле.

Бул учурда капаланууну, төгүлгөн көз жашты көргөн жокмун; болгону, суктанарлык тынч, канааттанган, терең ойлуу сүйүү бар эле. Алар өлгөндөн кийин да арадан өткөндөр менен байланышы үзүлбөйт, жердеги биримдиги өлүм менен токтоп калбайт деп ойлоого болот эле. Мен түбөлүк өмүр жөнүндө сураганымда, алар мени дээрлик түшүнүшчү эмес, бирок, сыягы, ага ушунчалык шексиз, бүт дили менен ишенишкендиктен, бул алар үчүн суроо да жаратчу эмес. Алардын сыйынуучу сыйынуу үйлөрү (храмдары) жок болчу, бирок Ааламдын Бүтүндүгү менен ажырагыс, жандуу биримдиги бар эле. Аларда атайын ишеним  жок болчу, бирок жердеги кубанычы табияттын чегине чейин толгондо, жашап жаткандар үчүн да, өтүп кеткендер үчүн да Ааламдын Бүтүндүгү менен биригүү андан ары кеңейе тургандыгы жөнүндө бекем билим бар эле. Алар бул көз ирмемди кубаныч менен, шашпай, азап чекпей, дилдеринин туюму менен күтүшчү.

Кечинде, уктар алдында, обондуу хорлорду ырдаганды жакшы көрүшчү. Бул ырларда өтүп жаткан күн тартуулаган сезимдердин баарын чагылдырып, аны даңазалап коштошушчу. Табиятты, Жерди, деңизди, токойлорду даңазалашчу. Бири-бири жөнүндө ыр чыгарып, балдардай бири-бирин мактаганды жактырышчу; булар эң жөнөкөй, бирок жүрөктөн чыгып, жүрөккө жеткен ырлар эле. Бир гана ырда эмес, бүт өмүрүн бири-бирине суктануу менен өткөрүшкөндөй таасир калтырар эле. Бул бири-бирине болгон ашыктык, жалпы, чексиз махабат болчу. Алардын салтанаттуу да кубанычтуу да айрым ырларын мен таптакыр түшүнбөй калдым. Сөздөрүн аңдаганым менен, алардын терең маанисине сүңгүп кире албадым. Ал менин акылыма жеткиликсиз болуп кала берди, бирок жүрөгүм ага барган сайын көбүрөөк тартылып жатты.

Мен аларга мунун баарын мурда эле сезгенимди, бул кубаныч менен даңк биздин Жерибизде турганымда чыдагыс кайгыга айланган кусалык катары сезилгенин көп айтчумун. Жан дүйнөмдүн түштөрүндө, кыялдарында алардын бар экендигин сезгенимди, биздин Жерде батып бара жаткан Күндү көз жашсыз карай албаганымды айтар элем… Биздин Жердин адамдарына болгон жек көрүүмдө дайыма арман-өкүнүч бар эле: эмне үчүн мен аларды сүйбөй туруп жек көрө албайм, эмне үчүн аларды кечире албайм? Ал эми аларга болгон сүйүүмдө да өкүнүч бар эле: эмне үчүн аларды жек көрбөй туруп сүйө албайм? 

Алар мени угушчу, мен айткандарды элестете алышпасын көрчүмүн, бирок аларга бул жөнүндө айтканыма өкүнгөн жокмун: алар менин калтырып келгендериме болгон кайгымдын күчүн түшүнөрүн билчүмүн. Ооба, алар мени сүйүүгө бөлөнгөн сүйкүмдүү көз караштары менен карашканда, алардын жанында менин да жүрөгүм алардын жүрөгүндөй күнөөсүз да чынчыл боло баштаганын сезгенимде, аларды толук түшүнө албаганыма да өкүнгөн жокмун. Өмүрдүн толуктугун сезүүдөн демим кысылып, аларга үнсүз таазим этер элем.

Оо, азыр баары мени көзүмчө эле шылдыңдашат. Түшүмдө мен азыр айтып жаткан мындай майда-чүйдөлөрдү көрүү мүмкүн эместигин, жөөлүп жатканда өз жүрөгүмдөн чыккан бир гана сезимди туйганымды же көргөнүмдү, ал эми майда-чүйдөсүн ойгонгондон кийин өзүм эле ойлоп тапканымды айтып ишендиришет. Мен аларга: «Балким, чындап эле ошондой болгондур», – деп ачыгын айтканымда, – оо, кудай ай, алар мени шылдыңдап кандай гана күлүштү, аларга кандай гана көңүл ачуу тартууладым! 

Ооба, албетте, мен ошол түштүн бир гана сезимине арбалдым, ал гана менин кан тамчылаган жүрөгүмдө сакталып калды. Бирок түшүмдүн элестери менен, ошондо көргөндөрүм ушунчалык шайкеш, ушунчалык суктанарлык сулуу жана акыйкат эле… Ойгонгондон кийин, албетте, мен аларды биздин жарды сөзүбүз менен айтып бере алган жокмун. Ошондуктан алар менин акылымда өчүп калышы керек эле. Демек, байкабай  кийин майда-чүйдөсүн өзүм ойлоп табууга мажбур болгондурмун, албетте, аларды тезирээк жеткирүүгө ашыккандыктан бурмалап алгандырмын.

Бирок мунун баары болгонуна кантип ишенбей коём? Балким, мен айтып жаткандан миң эсе артык, жарык жана кубанычтуу болгондур? Мейли, бул түш болсун, бирок мунун баары болбой коймок эмес. Билесизби, сизге бир сыр айтайын: мунун баары, балким, таптакыр түш эмес болчу! Анткени бул жерде түшкө да киргизип болгус үрөй учурган бир чындык бар эле. Мейли, түшүмдү жүрөгүм жаратсын дейли, бирок жалгыз менин жүрөгүм кийин мени менен болгон ошол үрөй учурган чындыкты жаратууга кудуреттүү беле? Мен аны кантип жалгыз ойлоп тамак элем же бүт жан дүйнөм менен кыялдана алмакмын? Чынында эле менин жарды жан дүйнөм жана эрке, эч нерсеге арзыбаган акылым чындыктын мындай ачылышына чейин көтөрүлө алмак беле!

5-бап

Оо, өзүңүздөр баалаңыздар: ушуга чейин жашырып келгем, бирок азыр бул чындыкты айтып берем. Кеп мында… мен алардын баарын буздум! Ооба, ооба, баарын бузуу менен бүттү! Бул кантип болгонун билбейм, даана эстебейм. Түш миңдеген жылдарды басып өттү да, ичимде бир гана бүтүндүк сезимин калтырды. Күнөөгө батууга мен гана себепчи болгонумду билем.

Ириңдетүүчү курттай, бүтүндөй мамлекеттерди ууландырган жугуштуу дарттын микробундай болуп, мен да өзүм менен бул бактылуу, мага чейин күнөөсүз турган жерди ууланттым. Алар калп айтууну үйрөнүп, калпты сүйүп калышты жана калптын сулуулугун таанып билишти. Оо, бул, балким, эч бир жаман ойсуз, тамашадан, эркеликтен, махабат оюнунан, чынында эле чакан бир учкундан башталгандыр, бирок ошол калптын уругу алардын жүрөгүнө кирип, аларга жагып калды. 

Андан соң бат эле кумарлануу туулду, кумарлануу кызганычты жаратты, кызганыч – таш боордукту… Оо, билбейм, эстей албайм, бирок бат эле, абдан тез эле биринчи кан чачырады: алар таң калышты, үрөйлөрү учуп, бөлүнүп, ыдырай башташты. Бирикмелер пайда болду, бирок алар бири-бирине каршы эле. Кемсинтүүлөр, жемелөөлөр башталды. Алар уят дегенди билип, уятты касиет катары көрүп калышты. Ар-намыс түшүнүгү туулуп, ар бир бирикме өз туусун көтөрдү. Алар жан-жаныбарларды кыйнай башташты, жаныбарлар болсо алардан токойлорго качып, элдешкис душманына айланды. Ажырашуу, бөлүнүү, жекелик, «меники» жана «сеники» үчүн күрөш башталды. 

Алар ар кандай тилдерде сүйлөй башташты. Алар кайгыны таанып, кайгыны сүйүп калышты, алар азап чегүүнү суусап каалап, Чындыкка азап чегүү аркылуу гана жетүүгө болот деп сүйлөп калышты. Ошондо аларда илим пайда болду. Алар каардуу боло баштаганда бир туугандык жана адамгерчилик жөнүндө сөз кыла башташты да, бул идеяларды түшүнүштү. Алар кылмышкерге айланышканда адилеттүүлүктү ойлоп табышты да, аны сактоо үчүн бүтүндөй мыйзамдарды жазышты, ал эми ал мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн гильотинаны орнотушту. 

Алар жоготкон нерселерин араң-араң гана эстеп, качандыр бир кезде күнөөсүз жана бактылуу болгонуна да ишенгилери келбейт эле. Алар мурунку бактысынын болушу мүмкүн экендигин шылдыңдап, аны куру кыял деп аташты. Ал тургай аны түрдүү элестерде жана образдарда көз алдыга келтире алышпады, бирок таң калыштуу да, ажайып да нерсе: мурунку бактыга болгон бүт ишеничти жоготуп, аны жомок деп аташса да, алар кайрадан күнөөсүз жана бактылуу болууну ушунчалык каалагандыктан, жүрөктөрүнүн бул каалоосунун алдында жаш балдардай жыгылып, ошол каалоону кудайлаштырып, ибадатканаларды куруп, өздөрүнүн идеясына, өздөрүнүн «каалоосуна» сыйына башташты.

Ошол эле учурда анын ишке ашпастыгына жана орундалбастыгына толугу менен ишенип турушса да, аны көз жашы менен сүйүп, ага табынып жатышты. Ошондой болсо да, эгерде алар жоготкон ошол күнөөсүз жана бактылуу абалга кайтып келиши мүмкүн болуп калса, эгерде кимдир бирөө капысынан аларга аны кайра көрсөтүп: «Кайра ошого кайткыңар келеби?» – деп сураса, алар сөзсүз баш тартышмак. 

Алар мага минтип жооп беришчү: «Ооба, биз жалганчы, каардуу жана адилетсизбиз, биз муну билебиз, буга ыйлайбыз, бул үчүн өзүбүздү өзүбүз кыйнап, кыйнап-жазалап жатабыз, балким, бизди соттой турган, атын да билбеген ошол мээримдүү Соттон да артык жазалап жаткандырбыз. Бирок бизде илим бар, ал аркылуу биз чындыкты кайра табабыз, бирок аны эми аң-сезимдүү түрдө кабыл алабыз. Билим сезимден жогору, жашоону аңдап билүү – жашоонун өзүнөн жогору. Илим бизге акылмандык берет, акылмандык мыйзамдарды ачат, ал эми бакыттын мыйзамдарын билүү – бакыттын өзүнөн жогору».

Мына, алар эмнени сүйлөшчү, ушундай сөздөрдөн кийин ар ким өзүн баарынан артык көрүп калды, алар башкача кыла да алышмак эмес. Ар бир адам өз керт башына ушунчалык кызганчаак болуп кеткендиктен, бүт күчү менен аны башкаларда кемсинтип, кичирейтүүгө аракет кылып, өмүрүнүн маңызын ошондон көрдү. Кулчулук жаралды, ал тургай өз ыктыяры менен кул болуу пайда болду: начарлар күчтүүлөргө кубануу менен баш ийип, болгону ошолор өздөрүнөн да начарларды эзүүгө жардам берсе экен дешчү. 

Бул адамдарга көз жашын төгүп, алардын текебердигин, чен-өлчөм менен гармонияны жоготконун, уятты унутканын айткан олуялар пайда болду. Аларды шылдыңдап, таш менен уруп өлтүрүшүп, ыйык кан ибадатканалардын босогосунда төгүлдү. Ар ким өзүн баарынан жогору койгону менен, ошол эле учурда башкаларга жолтоо болбой, ушул жол менен баары бирге ынтымактуу коомдо жашоону кайра ойлогон адамдар чыга баштады. Ушул идеянын айынан бүтүндөй согуштар тутанды. Согушуп жаткандардын баары бир эле учурда илим, акылмандык жана өзүн сактоо туюму акыры адамды ынтымактуу, акылга сыярлык коомго бириктирерине бекем ишенишчү. 

Ошондуктан, ишти ылдамдатуу үчүн, «акылмандуулар» алардын идеясын түшүнбөгөн «акылман эместерди» эртерээк кыргынга учуратууга умтулушту. Бирок өзүн сактоо туюму тез эле начарлап, бардыгын же эч нерсени ачык талап кылган текеберлер менен кумарпоздор пайда болду. Бардыгына ээ болуу үчүн алар кыянатчылыкка барышты, ал эми ал ишке ашпаса – өзүн өзү өлтүрүүгө өтүштү.

Эч нерседе түбөлүктүү тынчтыкты табуу үчүн жок болууга жана өзүн өзү жок кылууга сыйынган диндер пайда болду. Акыры бул адамдар маанисиз мээнеттен чарчап, алардын жүздөрүндө азап чагылды, ошондо алар азап чегүү – бул сулуулук, анткени азапта гана ой жашайт деп жарыялашты. Алар ырларында азапты даңазалашты.

Мен алардын арасында басып жүрдүм, аларга боорум ооруп ыйладым, бирок аларды мурункудан да, жүздөрүндө азап жок кездеги, күнөөсүз жана абдан сулуу турган кездегиден да артык сүйүп калдым. Мен алар булгаган жерди анда кайгы пайда болгону үчүн гана, ал бейиш болуп турган кездегиден да артык сүйүп калдым. Аттиң, мен дайыма кайгы менен капаны сүйчүмүн, бирок өзүм үчүн гана, ал эми аларды аяп, ыйлап жаттым. Мен өкүнүп, өзүмдү айыптап, каргыш айтып жек көрүп, аларга колдорумду сундум. Мен аларга мунун баарын мен жасаганымды, жалгыз өзүм жасаганымды, бузукулукту, дартты жана калпты аларга мен алып келгенимди айтып жаттым!

Мен аларды жалынып-жалбарып, мени айкаш жыгачка керүүлөрүн өтүндүм. Айкаш жыгачты кантип жасоону өзүм көрсөтүп бердим. Өзүмдү өзүм өлтүрүүгө кудуретим жетпейт эле – бирок алардан азап күттүм, азапка суусадым. Ошол азап менен канымдын акыркы тамчысына чейин төгүлүшүн кааладым. Алар болсо мени шылдыңдап, аягында дубанага теңей башташты. Акыры алар мага коркунуч туудуруп жатканымды жана эгер үнүмдү өчүрбөсөм, жиндиканага камап коерун жарыялашты. Ошондо менин жан дүйнөмдү кайгы ушунчалык катуу ээлеп, жүрөгүм сыгылып кетти, мен өлөм го деп ойлодум, дал ошондо… ооба, дал ошондо ойгонуп кеттим. 

Таң агарып калыптыр, башкача айтканда, али жарык түшө элек, бирок саат алтыга жакындап калган экен. Мен ошол эле креслодо эсиме келдим, шам толугу менен күйүп бүтүптүр, капитандыкында да уктап жатышкан, айланада биздин батирде сейрек болуучу жымжырттык өкүм сүрүп туруптур. Биринчи эле кылганым – катуу таң калып, ыргып турдум; буга чейин менде эч качан мындай нерсе болгон эмес эле, майда-чүйдө нерселерде дагы: мисалы, эч качан кресломдо ушинтип уктап калчу эмесмин. Ошондо капысынан, ордумдан туруп өзүмө келип жатканда – капысынан көз алдыма октолуп, даяр турган револьверим тартыла түштү, – бирок мен аны заматта өзүмдөн ары түртүп жибердим! Жок, эми жашоо керек, жашоо керек!

Мен колдорумду көтөрүп, түбөлүктүү чындыкка кайрылдым; жөн эле кайрылбай, ыйлап жибердим; чексиз толкундануу, сүрөттөп бүткүс кубаныч бүткүл болмушумду көтөрүп турду. Ооба, жашоо жана – насаат айтуу! Насаат айтууну дал ошол мүнөттө баштап, анан албетте, ага бүткүл өмүрүмдү арноону чечтим! Мен насаат айтканы баратам, насаат айткым келет, – эмнени? Чындыкты! Анткени мен аны көрдүм, өз көзүм менен көрдүм, анын бүткүл улуулугун, ажайып күчүн көрдүм!

Мен жамандык адамдардын кадимки көнүмүш абалы дегенге ишенгим келбейт, ишенбейм дагы. Алар болсо менин дал ушул ишеничиме күлүп жатышат. Бирок мен кантип ишенбей коё алам: мен чындыкты көрдүм – акылым менен ойлоп тапкан жокмун, көрдүм, көрдүм! Анын тирүү образы менин жан дүйнөмдү түбөлүккө толтурду. Мен аны ушунчалык толук бүтүндүктө көргөндүктөн, анын адамдарда болушу мүмкүн эмес экенине ишенбейм.

Анан кантип адашмак элем? Мүдүрүлөм, албетте, бир нече жолу мүдүрүлөм дагы, балким, бирөөлөрдүн сөзү менен сүйлөп калармын, бирок көпкө эмес: мен көргөн нерсенин тирүү образы дайыма мени менен болот жана дайыма мени оңдоп, туура жолго салып турат. Оо, мен сергекмин, мен кайраттуумун, баратам, баратам – мейли миң жылга болсо да бара берем. Билесизби, мен башында алардын баарын өзүм бузганымды жашыргым да келген, бирок бул катачылык болчу – мына, биринчи ката! Бирок чындык мага жалган айтып жатканымды шыбырап, мени сактап калды да, туура жолго багыттады.

Бирок бейишти кантип куруу керек – билбейм, анткени сөз менен айтып бере албайм. Түшүмдөн кийин сөздөрдү жоготуп койдум. Жок дегенде эң башкы, эң керектүү сөздөрдү. Бирок мейли: мен барам да, чарчабай-талбай айта берем, анткени көргөнүмдү айтып бере албасам да, баары бир өз көзүм менен көрдүм. Бирок мазактагандар дал ушуну түшүнүшпөйт: «Түш көрүптүр, жөөлүптүр, галлюцинация» – дешет. Эх! Ушу да акылмандыкпы? Алар болсо ушуну менен сыймыктанышат! Түш? Түш деген эмне? Ал эми биздин жашообуздун өзү түш эмеспи?

Андан да ашырып айтайын: мейли, мейли бул эч качан орундалбасын жана бейиш болбосун (муну мен ансыз да түшүнүп турам!), – мейли, бирок мен баары бир насаат айта берем. Ал эми иш жүзүндө бул ушунчалык жөнөкөй: бир эле күндө, бир эле саатта бардыгы заматта жөнгө түшүп калмак! Башкысы – башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй, башкысы ушул, бүт бардыгы ушул, мындан башка эч нерсенин кереги жок: ошондо дароо кантип жөнгө салуу керектигин табасың. Ал эми бул миллиарддаган жолу кайталанган жана окулган эски чындык эмеспи, бирок ал жашообузга сиңип кеткен жок да! «Жашоону аңдап билүү жашоодон жогору, бакыттын мыйзамдарын билүү – бакыттын өзүнөн жогору» – мына ушу менен күрөшүү керек! Жана күрөшөм. Эгерде бардыгы каалашса эле, азыр дароо бардыгы жөнгө түшөт. Ал эми тиги кичинекей кызды издеп таптым… Барам! Бара берем!

Которгон Абийрбек Абыкаев

  • (1821–1881)

    Дүйнөлүк адабияттын классиги, залкар орус жазуучусу жана ойчулу. Анын чыгармалары адамдын психологиясын, ички дүйнөсүн жана руханий изденүүлөрүн терең чагылдыргандыгы менен белгилүү.

  • Жазуучу, котормочу. “Улуу Жантай санжырасы”, “Эрмектеп тапкан эмгегим” деген чыгармалары, “Абай Кунанбаевдин “Жүрөктү агарткан кара сөздөр”, Мухтар Ауэзовтун “Дүрбөлөң заман”, Салтыков-Щедриндин “Абийир жоголду” деген чыгармалардын котормолору китеп болуп басылып чыккан.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген