Лев Толстой: “Кыйышпас бир туугандар”
(аңгеме)
Мен бир тууган агамды абдан жакшы көрөм. Ал боорум менин ордума аскерге аттангандан бери мага мурдагыдан бетер сүйгүнчүк көрүнөт.
Окуя мындай болгон эле: чүчүкулак кармадык. Чүчүкулак мага туш келгендиктен мен аскерге барууну чечтим. Менин үйлөнгөнүмө бир жумадай гана болгон. Бирок колуктумдун жанынан карыш жылгым жок.
Энем бышактап атат да, мен тууралуу минтет: “Петрушкам армияга кантип барсын? Ал – жаш”. Кылаарга башка иш болбогондуктан мени аскерге камынтышты. Келинчегим көйнөк тигип, жолдугума акча топтоду. Эртеси шаардагы аскер мекемесине баруум зарыл эле.
Апамдын аргасыздан үңүлдөп ыйлаган жүзүн жаш чайыды. Армияга барарымды ойлогонумда, кудум аркы дүйнөгө жиберип атышкандай менин да жүрөгүм мыкчылды.
Үйдөгүлөр чогуубуз менен кечки тамакка жыйналдык. Наар татууга эч кимдин обору тарткан жок. Мештин үстүндө жаткан улуу агам Николай да такыр ооз ачпады. Менин жаш колуктум үнсүз солуктап атты. Атам каш-кабагы суз олтурду. Апам боткону үстөлгө койгону менен ага эч ким кол тийгизбеди. Энем мештеги Николайды тамактанууга чакырды. Ал мештен түшүп келип, чокунду. Орундукка жайгашты да, мындай деди:
– Апа, көп эле урунуп-берине бербе! Петрушканын ордуна жоокерликке мен барайын. Мен андан улуумун го! Жоголуп кетпестирмин. Кызматымды өтөп бүтүп, кайра үйгө кайтам. А сен, Петр, мен жокто атам менен апамдын тынчын алба. Менин зайыбымды да капалантпа!
Мен буга кубандым. Апам да үндөбөй, көңүлү ордуна түштү. Николайды аскерге камданттык.
Эртең менен уйкудан турганда жоокерликке менин ордума агамдын жөнөөрүн ойлодум да, ыңгайсыздана түштүм.
Мен:
– Коля, сен кала бер, менин кезегим да! Өзүм барам, – дедим.
Ал болсо, үндөбөстөн аскерге камынды. Мен да даярдандым.
Экөөбүз тең шаардагы аскер мекемесине бардык. Катарга ал да, мен да турдум. Экөөбүз тең тың жигиттербиз. Кезекте турабыз да: “Аскерге жаратпай койбосо экен”, – деп күтөбүз.
Агам мени тиктеди да, күлүп коюп, мындай деди:
– Жетишет Петр, үйгө жөнө. Мени сагынып, кыжалат болбогула. Мен өз каалоом менен баратам.
Мен капаландым да, үйгө кайттым. Эми агамды эстегенде ал үчүн өмүрүмдү сайганга камбыл турдум.
