| |

Ли Байдын ырларынан

5/5 - (2 добуш)

Ли Бай (701–762) – “Поэзиянын өлбөс генийи” деп даңкталган улуу кытай акындарынын бири.

Ак кытан

Жылжыган күзгү дайрадан,
Ак кытан көрдүм калкыган.
Ак кыроо сымал суу үстү,
Баратат сүзүп алыска.
Кайгыга батып жан дүйнөм,
Жүрөгүм түпсүз арманда.
Жапжалгыз мен да турамын,
Бир жан жок кумдуу аралда…

Лушань тоосундагы шаркыратмага караймын

Күн батарда Сянлу тоосун курчаган түтүн кызгылтым,
Шаркыратма кооздугуна суктанамын алыстан:
Тээ бийиктен агууда суу, укмуштай чоң поруму!
Агуудабы дарыядай шаркырап,
Же болбосо Саманчынын жолубу?

Цзинтиншань тоосунда жалгыз олтурам

Булуттар барат калкылдап,
Аптаптуу күндөн эс алып,

Зыпылдаган куштардын,
Учушту тобу акыркы.

Тоолорго турам мен карап,
Тоолор да мага карашат.

Турабыз узак карашып,
Турабыз мындан тажабай.

Досум Ду Фуну тамашага салдым

Карагайлар көк тиреген чокусунан тоолордун,
Кокусунан түшкү аптапта кезиктирдим Ду Фуну.
Сурайынчы: неге мынча арыктадың, досум ай,
Же кыйынбы ушунчалык сап артынан сап жазуу?

Күзгү сезимдер

Канча болду айрылууга, оо, кымбаттуу досум ай,
Дарбаза алдын ээлеп күрүч жапайы.
Чегирткелер күз күнүнө баш ийип,
Бирок сууктан чырылдашат түнкүсүн.
Шүүдүрүм басып жаркырак коңуз жарыгын,
Апакай аяз каптады жүзүм сабагын.
Катып мен да көздөрүмдү жеңиме,
Ыйлайм досум, бирок жашым кемибейт. 

Орус тилинен которгон Назгүл Осмонова

Автор

  • Акын жана котормочу. КР маданиятынын мыктысы, “Ала-Тоо жазы – 97” адабий фестивалынын лауреаты, Курбаналы Сабыров атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты.

    Учурда “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясында башкы редактор жана жетекчи, “Токтобо” басма үйүндө башкы редактор.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген