Малик Отарбаев: “Эч кимге айтпа!”
(аңгеме)
Какыраган ээн чөл-талаада төөлөрүнө жүк артып, узак жолго чыккан бир киши жол боюнда “Суу… Суу бергиле…” деп тамагы кургап турган жаш жигитти көрөт. Төөсүнөн жерге түшүп, тиги суу сураган адамга суу ичирет. Суусаганын басып, жигит куулук кылып, тиги кербенчини түртүп кулатып, төөсүнө минип алып качып жөнөйт.
Төөнүн ээси: “Сак бол, тууганым! Ушул окуяны эч кимге айтпа!” – деп артынан кыйкырып калат.
Жигит ойлонот: “Эмнеге ушундай айтты экен? Бир топ жаштагы адам го, бекер айтпаган чыгар?” Ошентип жигитке айткан сөздөр тынчтык бербей, төөнү буруп кайра ээсине келет.
– Мени сен сөгүп, урушкандын ордуна “Эч кимге айтпа!” деп, бир нерсени билгендей калдыңыз. Эмнеге? Бирөөгө айтсам эмне болот экен? – деп тиги кишиден сурайт.
– Эгер бирөөгө айтсаң, – деди жолоочу киши, – мындан кийин чөлдөгү суусаган кишиге эч ким суу бербей койот. “Мени тоноп кетсе кантем” деп, айланып кетет. Ушундай кылып сен далай жүздөгөн жакшылыктын жолун жаап, жамандыкка жол буруп өлүмгө жол ачасың.
Бул сөздөрдүн маанисин түшүнгөн жаш жигит жолоочудан кечирим сурап, төөсүн кайтарат.
“Бир нерсеге себепкер болуу аны жасабаган менен бирдей” деп бекер айтылбаса керек.
Казак тилинен которгон Перизат Алмазова
