“Мен азыр бир башкача болуп турам…”

5/5 - (3 добуш)

* * *

Мен азыр бир башкача болуп турам,
Сага деген сүйүүгө толуп турам,
Канткенде канат байлап учуп жетип,
Багыңдын бутагына конуп турам?

Сүйүүмдү кубулжута сайраар элем,
Капаңды алыс-алыс айдаар элем.
Бактылуу кылуу сени бактым болуп,
Өзүм да жаз гүлүндөй жайнаар элем.

Мен сага кучак толо гүл термекмин,
Белекке сүйүү толгон ыр бермекмин.
Билгенде кайда экениң, ким экениң,
Бейишке мени менен жүр демекмин.

  • Өмүрлүк вазипам адабиятка байланыштуу. Кесибим кыргыз тил, адабият мугалими. Менчик мектепте иштейм. Андан тышкары корректура, редактура иштерин аткарам. Аспирантуранын 3-күрсунда окуп жатам.

    Колдоо көрсөткүсү келгендерге:

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген