Орхан Памук: “Менин Атым Кырмызы” (11)
(роман)
(Уландысы. 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10)
11. Менин атым Кара
Кеч киргенде себелей баштаган кар таң аткыча жаады. Шекүренин катын түнү бою улам-улам кайра окуп чыктым. Ээн үйдүн ээн бөлмөсүндө тынчым кетип ары-бери басып жүрүп, шам чыракка улам жакындап келип, алсыз күйгөн шамдын дирилдеген жарыгында сүйгөнүмдүн ачуу менен жазылган тамгаларынын калчылдаган сызыктарына тигилем. Алар мага калп айтыш үчүн түрдүү кейипке кирип, оңдон солго ийилип-бүктөлүп, улам башкача өңүттө көрүнгөнсүйт. Анан көз алдыма капысынан ачылган терезе, анын артынан көрүнгөн сүйүктүүмдүн жүзү жана кайгылуу жылмаюусу келе калат. Акыркы алты-жети жылда акылымда улам өзгөртүп, улам башка элестер менен алмаштырып сактап жүргөн, эриндери алча түстүү бардык элестерди анын чыныгы жүзүн кайра көрөр замат унутуп калыпмын.
Бир маал түн ортосунда үйлөнүү тууралуу таттуу кыялдарга алдырып жибердим. Ал кыялдарда сүйүүмдөн да, сүйүүмдүн жоопсуз калбаганынан да эч күмөнүм жок эле. Экөөбүз чоң бакыт менен баш кошобуз. Бирок тепкичтүү бир үйдө жашаган ошол кыялым бат эле талкаланып кетет. Татыктуу кызмат таба албайм, аялым менен улам урушуп, ага сөзүм өтпөйт.
Бул караңгы ойлорду кезинде Арабстанда бойдок жүргөн түндөрүмдө окуган Газалинин Ихъя-и улум ад-дин деген эмгегиндеги “Никенин зыяндары” жөнүндө бөлүмүнөн өзүмө сиңирип алганымды түшүнгөндө, түн ортосунда ошол эле китепте никенин пайдалары тууралуу мындан алда канча көп сөз айтылганы эсиме түштү. Бирок канча ирет окуган болсом да, анын пайдаларынын экөөнү гана эстей алдым.
Биринчиси – эркек үйлөнгөндөн кийин анын үйүн тартипке келтире турган адам табылат. Бирок менин кыялымдагы тепкичтүү үйдө эч кандай тартип жок эле.
Экинчиси – адам өзүн күнөөлүү сезип жалгыз кумарга батуудан жана андан да көбүрөөк күнөөкөр сезим менен караңгы көчөлөрдө сойку аңдыган бузукулардын артынан темселеп жүрүүдөн кутулат.
Ушул кутулуу жөнүндө ойлогонум түн бир оокумда кайра эле жалгыз кумарга баткан баягы адатымды эсиме салды. Акылымдагы бул ойдон тезирээк арылыш үчүн адаттагыдай эле бөлмөнүн бир бурчуна барып отурдум. Бирок көп өтпөй бул да колумдан келбей калганын түшүндүм. Он эки жылдан кийин кайрадан сүйүп калыптырмын!
Ушул жаңылбас далил жүрөгүмдү ушунчалык толкутуп, бүлүк салды дейсиң, шамдын титиреген жалыны сыяктуу өзүм да бөлмөнүн ичинде титиреп- калтырап басып жүрдүм. Эгер Шекүре терезеге чыгып мага көрүнмөк болсо, анда эмнеге мага теңирден тескери маанидеги ушул катты жөнөттү? Эгер ал мени чындап каалабаса, анда эмнеге атасы мени чакырып жатат? Же экөө, атасы менен кызы – мага кандайдыр бир оюн уюштурушканбы?
Бөлмө ичинде ары-бери басып жүрүп, эшиктин, дубалдын, жыгач полдун кычыраган үндөрү менин ар бир суроомо өздөрүнчө жооп берүүгө аракет кылып жаткансып, мен сыяктуу эле кекечтенип жаткандай сезилди.
Көп жыл мурда тарткан сүрөтүмдү кайра карадым. Ал сүрөттө Ширин дарактын бутагына илинген Хосровдун сүрөтүн көрүп, аны сүйүп калган учур чагылдырылган эле. Мен аны Тебризден келип жездемдин колуна жаңы эле тийген ортозаар бир китептеги ошол эле миниатюрага шыктанып тартып чыккам.
Бул сүрөттү көрүү мурдагыдай мени уят кылбады. Илгери аны эстеген сайын сүйүүмдү өтө жөнөкөй билдиргенимден жана сүрөттүн жупунулугунан уялар элем. Бул жолу ал мени жаштыгымдын бактылуу күндөрүнө да алып кеткен жок.
Таңга жуук жаным жай алып, абалды акылга салып таразалай алдым. Шекүренин мага ошол сүрөттү кайра жөнөтүшүн ал мен үчүн куруп жаткан сүйүү шахматындагы кылдат жүрүш катары кабыл алдым. Анан шамдын жарыгына отуруп алып, ага жооп кат жазып кирдим.
Бир аз уктап алып эртең менен катты көкүрөгүмө каткан бойдон көчөгө чыктым. Көпкө басып жүрдүм. Кар Стамбулдун тар көчөлөрүн кеңейтип, шаарды элдин ызы-чуусунан арылтып койгондой көрүнчү. Баары менин бала кезимдегидей тыптынч, бейпил эле.
Бала чагымда карга толгон кыш күндөрүндө ойлогондой эле, мага Стамбулдун эстеликтерин, күмбөздөрүн, бактарын бүт эле каргалар каптап алгандай сезилди. Кардагы кадамдарымдын кычыраган үнүн угуп, демимден чыккан бууну карап тез-тез басып баратып, бир мезгилде жездем жөнөткөн сарайдын сүрөтчүлөр устаканасы да ушул көчөлөрдөй тынч болсо керек деп ойлоп толкундандым.
Жөөттөр жашаган маалеге кирбей туруп эле, катымды Шекүреге жеткире турган Эстерге бир бала аркылуу кабар жөнөттүм. Аны менен түшкү намазга чейин жолуга турган жерди белгиледим.
Айя-Софиянын артындагы сарай сүрөтчүлөрүнүн устаканасына эртелеп келдим. Бир кезде өзүм шакирт болуп иштеп, жездемдин жардамы менен кирип-чыгып жүргөн бул имараттын кебетеси өзгөрбөптүр. Болгону чатырларынан салаңдаган муздар гана көзгө урунат.
Алдымда жаш, келишимдүү бир шакирт, артында мен ээрчип бараттым. Кайнатылган желимдин жыты сиңген бөлмөлөрдөн өтүп бардык. Баштары айланып калган кары мукабачылар, жаштайынан бүкүрөйүп калган чебер сүрөтчүлөр, очоктун жалынын муңайым тиктеп отуруп тизесиндеги табактарга карабай боёк аралаштырган жаш жигиттер көзүмө урунду.
Бир бурчта кучагындагы төө куштун жумурткасын кылдат боёп жаткан карыяны, жыгач суурманы кубаныч менен кооздоп жаткан дагы бир устаны жана аларды урмат менен карап турган жаш шакиртти көрдүм.
Ачык турган бир бөлмөдөн устаттары жемелеп жаткан жаш окуучулардын кетирген катасын түшүнүүгө аракет кылып, жүздөрүн кызартып, алдындагы кагазга дээрлик тийгизе эңкейип калганын байкадым.
Башка бир бөлмөдө болсо кайгылуу бир шакирт боёкту да, кагазды да, сүрөт өнөрүн да унутуп, жаңы эле өзүм толкунданып басып өткөн көчөгө тигилип турган экен.
Бөлмөлөрдүн ачык эшиктеринин алдында көчүрмө жасап, боёк даярдап же калемин учтап отурган сүрөтчүлөр мага чоочун, жактырбаган көздөр менен душманча карап калышты.
Муз баскан тепкичтер менен өйдө чыктык. Устакананын экинчи кабатын айлана курчаган жабык курчоонун алдынан бастык. Төмөнкү ички короодо калың жүндөн тигилген чапан кийсе да сууктан калтырап турган эки жаш шакирт бир нерсени, балким кандайдыр бир жаза күтүп турушкандай сезилди.
Ошондо өз жаштыгымды эстедим. Жалкоолук кылып же кымбат боёкту ысырап кылган шакирттер кантип токмоктолуп, буттары канаганча таманына балак урулганы бүт көз алдыма тартылды.
Акыры жылуу бөлмөгө кирдик. Ал жерде тизелеп жай отурган сүрөтчүлөрдү көрдүм. Бирок алар мен кыялданган атактуу устаттар эмес, жаңы эле шакирттиктен чыккан жаш сүрөтчүлөр экен.
Илгери мени терең урмат менен толкунданууга бөлөгөн ушул бөлмө азыр такыр башкача көрүнөт. Устат Осмон лакап ат коюп атаган чебер сүрөтчүлөрдүн көбү эми үйлөрүндө иштеп калгандыктан, бул жер улуу падышанын атактуу сүрөтканасына эмес, Чыгыштын ээн тоолорунда унутулуп калган чоң кербен сарайдын кең бөлмөсүнө көбүрөөк окшоп калыптыр.
Бөлмөнүн бир четинде бийик текченин жанында он беш жылдан кийин биринчи жолу көргөн баш сүрөтчү Устат Осмон отурган экен. Ал мага көлөкөдөн да арбакка көбүрөөк окшош сезилди. Сапарларда жүргөндө сүрөт өнөрү жөнүндө кыялдансам, көз алдыма дайыма Бекзаттай улуу устат болуп элестеген адам азыр Айя-София тарапты караган терезеден түшкөн аппак кардын жарыгында ак кийимчен отуруп, баягы эле бул дүйнөдөн өтүп кеткен рухтардын арасына аралашып калгансып көрүндү.
Мен анын мең баскан колун өөп, өзүмдү тааныштырдым. Жездем мени бала чагымда ушул устаканага алып келгенин, бирок кийин мен сүрөтчүлүктү эмес, катчылыкты тандап кеткенимди айттым. Жылдар бою чыгыш шаарларында ар кандай пашалардын катчысы, казына иштеринин катчысы болуп кызмат өтөгөнүмдү, Серхат паша жана башка пашалар менен бирге Тебризде хаттаттар (1) жана сүрөтчүлөр менен иштешип китептерди даярдатканымды, Багдадда, Халепте, Ванда жана Тифлисте жүргөнүмдү, көптөгөн согуштарды көргөнүмдү айтып бердим.
– Атаганат, Тифлис! – деди улуу устат, терезедеги майлуу кездемеден чыпкаланып, кар баскан бакка түшкөн аппак жарыкты тиктеп. – Азыр ал жакта да кар жаап жатабы?
Ал өнөрүнүн туу чокусуна жеткен сайын көзү тунарып, карыганда жарымы ыйык, жарымы кем акыл карыга айланган, айланасында уламыштар айтылган байыркы перс устаттарына окшоп сүйлөп турду. Бирок анын шайдоот көздөрүнөн жездемди чын дили менен жек көрөрүн, ал эми менден шек санап турганын дароо эле байкадым.
Ошентсе да ага араб чөлдөрүндө кар бул жактагыдай жалаң эле Айя-София мечитинин үстүнө эмес, адамдардын эскерүүлөрүнө да жаай турганын айтып бердим. Тифлис чебине кар жааганда кир жууп жаткан аялдар гүлдөй назик ырларды ырдашарын, ал эми балдар жайга деп жаздыктарынын алдына муз катып коюшарын баяндадым.
– Барган жерлериңдеги сүрөтчүлөр эмнени тартышат, эмнени элестетишет, ошону айтып бер, – деди ал.
Бөлмөнүн бир бурчунда барактардын четине сызык тартып жатып кыялга баткан жаш сүрөтчү башын көтөрүп, башка усталар менен кошо мени карап калды. Анын көздөрү: “Бизге эң керемет жомокту айтып бер”, – деп тургандай көрүндү.
Мен алардын көбү өз маалесиндеги дүкөнчүнүн ким экенин, коңшу жашылча сатуучу эмне үчүн урушаарын же бир кило нан канча турарын деле билбей турганын түшүнчүмүн. Бирок Тебризде, Казвинде, Ширазда, Багдадда кайсы сүрөтчү кандай иштеп жатканын, кайсы хан, кайсы шах, кайсы султан же ханзаада китеп үчүн канча алтын коротуп жатканын жакшы билишчү. Ал тургай ошол чөйрөлөрдө кара тумоодой тез тараган ушак-айыңдарды да бирин калтырбай угуп турушарына эч күмөнүм жок эле.
Ошентсе да баарын кайра айтып бердим.
Анткени мен Чыгыштан – аскерлер тынымсыз согушкан, ханзаадалар бири-бирин өлтүрүп, шаарларды өрттөп, талап-тоногон, согуш менен тынчтык күн сайын сөз болгон, кылымдар бою эң мыкты ырлар жаралып, эң улуу миниатюралар тартылган Персия жеринен келген элем да.
– Баарыңар билгендей, элүү эки жыл тактыда отурган Шах Тахмасп өмүрүнүн акыркы жылдарында китепке, миниатюрага жана сүрөт өнөрүнө болгон ышкысын таштап, акындардан, сүрөтчүлөрдөн, каллиграфтардан жүз үйрүп, өзүн ибадатка арнап дүйнөдөн кайтты. Анын ордуна уулу Исмаил такка отурду, – дедим.
– Атасы анын орой жана кыялы чатак мүнөзүн жакшы билгендиктен жыйырма жыл бою зынданда кармаган экен. Такка отурары менен Исмаил кутургансып, бир туугандарын муунтуп өлтүрттү, айрымдарынын көзүн ойдуруп аксарайдан алыстатты. Бирок душмандары акырында ага апийим берип ууландырып жок кылышты. Такка болсо анын жарым эс агасы Мухаммед Худабенде чыкты.
– Анын тушунда ханзаадалар да, алардын бир туугандары да, дубан башчылары да, өзбектер да – баары козголоң чыгарышты. Алар бири-бири менен да, биздин Серхат паша менен да ушунчалык кырды бычак согуш жүргүзүштү дейсиң, бүтүндөй Персия чакчелекей будуң-чаң болуп эле жатып калды.
– Азыркы шахтын акчасы жок, эрки жок, көзү да жакшы көрбөйт. Ал китеп жаздырмак тургай сүрөт тарттырганга да жарабай калды.
Ошентип, Казвин менен Гераттын атактуу сүрөтчүлөрү, Шах Тахмасптын сүрөтканасында кереметтерди жараткан кары усталар менен алардын шакирттери, кыл калемдери менен аттарды учуруп чаап, барактан көпөлөктөрдү учуруп жиберчүдөй кылып тарткан сүрөтчүлөр, ар кандай түстүн чеберлери, мукабачылар, каллиграфтар – баары тең ишсиз, акчасыз, баш калкалоочу жайсыз калышты.
Айрымдары түндүктөгү Шейбанийлерге, башкалары Индияга, дагы бирөөлөрү бул жакка, Стамбулга көчүп келди.
Кай бирөөлөрү башка кесипке өтүп, ошол жерде өз өнөрүн да, абийирин да жоготушту.
Дагы бирөөлөр майда ханзаадалардын же дубан башчыларынын кызматын кылып, болгону үч-төрт барак сүрөтү бар, алакандай чакан китептер үчүн эмгектене башташты.
Натыйжада бардык жерде катардагы жоокерлерге, көрөрман пашаларга, эрке ханзаадаларга ылайыкташтырылып шашылыш жазылган, үстүртөн кооздолгон арзан китептер көбөйүп кетти.
– Алар канчага сатылып жатат? – деп сурады Устат Осмон.
– Улуу Садык бей бир өзбек сипайы үчүн болгону кырк алтынга эле “Ажайып махлуктар” китебин кооздоп берген дешет, – дедим. – Чыгыш жортуулунан Эрзурумга кайтып келе жаткан көрөрман бир пашанын чатырынан барактарынын арасында улуу устат Сиявуштун колунан чыккан сүрөттөрү да бар, уятсыз сүрөттөргө толгон бир муракканы (2) көрдүм.
Сүрөт тартуудан баш тарта албаган улуу устаттар эми кайсы бир китептин же баян-окуянын бөлүгү болбогон өз алдынча сүрөттөрдү тартып сатып калышыптыр. Андай жалгыз сүрөткө тигилгенде: “Бул кайсы окуянын кайсы көрүнүшү?” – деп сурабайсың. Ага жөн гана сүрөттүн өзү үчүн, көрүү ырахаты үчүн суктанасың. Маселен: “Мына бул ат кантип тирүүдөй тартылган! Кандай сонун!” – деп сүрөтчүгө акчаны ошол үчүн төлөйсүң.
Согуш сүрөттөрү да, ашыктык же уят көрүнүштөр тартылган сүрөттөр да жакшы өтө турган болуптур. Эл жыш чагылдырылган чоң согуш көрүнүшүнүн баасы үч жүз акчеге чейин түшүп кеткен, бирок аны алдырган киши дээрлик жок экен. Айрым сүрөтчүлөр кардар табылсын деп, сүрөттөрүн жылмаланбаган, боёк сүртүлбөгөн кагазга кара сыя менен гана тартып сатып жатышат.
– Менин өтө шайыр, өтө чебер бир музаххибим бар эле, – деди Устат Осмон. – Ишин ушунчалык назик, ушунчалык көркөм аткаргандыктан, биз аны Зарип эфенди деп атап алганбыз. Бирок ал да бизди таштап кетти. Алты күн болду, дайынсыз жоголду.
– Адам ушул сүрөткананы, атасынан калган ушундай куттуу үйдү кантип таштап кете алат? – деп сурадым.
– Бала чагынан бери өз колум менен тарбиялап өстүргөн төрт мыкты устам – Көпөлөк, Зайтун, Лейлек жана Зарип – падышабыздын буйругу менен эми өз үйлөрүндө иштеп жатышат, – деди Устат Осмон.
Сыртынан караганда бул алардын “Сүрнаме” китеби үчүн жайыраак иштеши үчүн жасалгандай көрүнчү. Бул жолу султан чебер сүрөтчүлөрү үчүн сарайдын ичинде өзүнчө бөлмө бөлдүргөн эмес, ар ким өз үйүндө иштесин деп буйрук бериптир.
Ошол замат бул буйруктун чыныгы себеби таякем даярдап жаткан жашыруун китеп болушу мүмкүн деген ой келди да, унчукпай калдым.
Устат Осмон муну атайын кыйытып айтып жатты бекен?
– Нури эфенди! – деди ал бүкүрөйгөн, өңү купкуу сүрөтчүгө. – Кара Челебиге вазият көрсөт!
“Вазият” – мен жаш кезимде, сүрөтканада болгон окуялардын баарын демин ичине катып карап жүргөн мезгилде өтө маанилүү салтанат эле. Ар эки ай сайын падышабыз сүрөтканага келип турганда өткөрүлчү.
Ошондо казына башчы Хазым, Шехнамечи Локман эфенди жана баш сүрөтчү Устат Осмон падышага кайсы уста кайсы китептин кайсы барагынын үстүндө иштеп жатканын, ким алтын жалатып, ким сүрөт боёп, ким боёк даярдап, ким кооздук чектерди тартып жатканын, ким ар кандай өнөрдү бирдей мыкты өздөштүргөн чебер экенин бирден түшүндүрүп беришчү.
Кийин бул салтанат дээрлик өткөрүлбөй калган. Анткени сүрөттөрдүн көбүнүн автору болгон Шехнамечи Локман абдан карып, төшөктөн турбай калган; баш сүрөтчү Осмон дайыма таарыныч менен ызанын ичинде жашап калган; ал эми Көпөлөк, Зайтун, Лейлек жана Зарип аттуу төрт мыкты сүрөтчүлөр эми үйлөрүндө иштеп жатышкан. Падышанын өзү да мурдагыдай сүрөтканага баладай сүйүнүп келе албай калган болчу.
Ошондуктан ошол улуу салтанаттын эми жөн гана окшоштурулуп көрсөтүлүшү мени терең кайгыга салды.
Нури эфенди көпчүлүк сүрөтчүлөр сыяктуу эле өмүрүн толук жашай албай, өнөрүнүн туу чокусуна жете албай эле карый түшкөн адам болчу. Бирок ал жылдар бою тактайына эңкейип бекерден-бекер бүкүрөйүп калган эмес.
Ал сүрөтканада болуп жаткан иштердин баарына кылдат көңүл буруп келген. Кайсы уста кайсы кооз баракты тартканын, кимдин эмгеги өзгөчө экенин эң жакшы билчү.
Ошентип, мен алгач ирет зор толкундануу менен падышабыздын ханзаадаларынын сүннөт тоюн баяндаган “Сүрнаменин” атактуу миниатюраларын көрдүм.
Стамбулдагы бардык усталар менен бардык кесип ээлери катышкан, элүү эки күнгө созулган бул чоң майрам тууралуу баяндарды мен Персияда жүргөндө эле уккам. Ал китеп бүтө электе эле анын даңкы бүт чыгышка тараган болчу.
Алгач мага көрсөтүлгөн сүрөттө дүйнөнүн тиреги болгон падышабыз маркум Ибрагим пашанын сарайындагы бийик балконунда олтуруп, төмөндө ат майданында өтүп жаткан майрамды токтоо жана боорукер көз караш менен карап турган экен.
Анын жүзү башка адамдардан так айырмалангыдай деңгээлде тартылбаса да, өтө кылдаттык жана терең урмат менен берилиптир.
Падышанын сол тарабын ээлеген эки беттик сүрөттүн оң тарабындагы терезелерде жана аркалардын ичинде увазирлер, пашалар, Персиянын, Татарстандын, Франктардын жана Венециянын элчилери турушкан.
Алар падыша болбогондуктан, сүрөтчү алардын жүздөрүн анча кылдат тарткан эмес. Баарынын көздөрү бир гана майдандагы шаңга тигилип турат.
Андан кийинки барактарды карасам, ошол эле жайгашуу кайра-кайра кайталаныптыр. Дубалдардын жасалгалары, дарактар, карапа чатырлар гана башкача түстө тартылган.
Китеп бүтүп, каллиграфтар жазууларын бүтүрүп, сүрөттөр боёлуп, “Сүрнаме” мукабаланганда аны барактаган окурман дайыма ошол эле орунда олтурган падышаны жана анын жанындагы меймандарды көрөт. Бирок алардын көз алдындагы ат майданда ар бир баракта такыр башкача көрүнүш ачылат.
Мен да ошол көрүнүштөрдү көрдүм.
Жүздөгөн табак палоону талап жеген элди көрдүм. Бышырылган өгүздү талап жатканда анын ичинен капысынан секирген коён менен куштардан чочуп качкан адамдарды көрдүм.
Дөңгөлөктүү араба менен кесиптик кошуун болуп өтүп бара жатып, алардын бири арабанын үстүнө жаткан жылаңач кишинин төшүндөгү темир дөшүнү балкалар менен чаап, бирок адамга тийгизбей иштеп жаткан жез усталарын көрдүм.
Падышабыздын алдынан өтүп бараткан арабанын үстүндө айнекке гвоздика гүлдөрүн, узун бойлуу кипарис дарактарын түшүрүп жаткан айнек усталарын көрдүм. Алардын артынан төөлөргө жүктөлгөн кап-кап кант, капастардын ичинде канттан жасалган тоту куштарды алып өтүп, ошол эле учурда жагымдуу ырларды окуган таттуу саткан соодагерлер келди.
Андан соң арабанын үстүнө ар кандай кулпуларды – асма кулпуларды, куту кулпуларды, эшик кулпуларын тизип коюп, жаңы замандын жаңы эшиктерине нааразы болуп сүйлөп бара жаткан кары кулпу усталарын көрдүм.
Сыйкырчылар тартылган сүрөткө үч чебер сүрөтчүлөрдүн баары – Көпөлөк, Лейлек жана Зайтун – кол тийгизишкен экен.
Алардын бирөө узун шыргыйдын үстүндө жумурткаларды кең мрамор таштын үстүндө басып бараткандай эч түшүрбөй тоголотуп баратса, экинчиси ага дап кагып коштоп турган эле.
Деңиз аскерлеринин башчысы Кылыч Али паша деңизде туткунга түшүргөн каапырларды иштетип ылайдан чоң тоо жасаттырган экен. Анан алардын баарын арабанын үстүнө чыгарып, падышанын маңдайына келгенде ошол тоонун ичиндеги дарыны жардырып жиберет. Ошентип, сүрөттө анын душмандын өлкөсүн замбиректери менен кандайча талкалаганын көрсөтүптүр.
Колдоруна чоң бычактарды кармаган, жүздөрү аялдыкындай жылмакай, сакал-муруту жок касаптар роза гүлүнүн жана баклажандын өңүндөй кийим кийип алып, териси сыйрылып илгичтерде асылып турган кызгылт койлорду карап жылмайып турушканын көрдүм.
Темир чынжыр менен падышанын алдына алынып келген арстанды атайылап кыжырына тийип мазакташкан экен. Анын көздөрү канга толуп, каарына келгенде эл багуучуларды дүркүрөтө кол чаап кубаттаптыр.
Кийинки баракта болсо исламды символдоштурган арстан каапырлар дүйнөсүн туюндурган мала кызыл жапайы доңузду кубалап баратканын көрдүм.
Падышанын алдынан арабанын үстүндөгү дүкөнүндө тескери илинип алып кардарынын сакалын кырып жаткан чачтарачтын сүрөтүнө көпкө чейин суктандым. Ал эми ошол кардардын алдында күмүш идишке жыпар жыттуу самын көтөрүп, колуна күзгү кармап, сыйлык күтүп турган кызыл кийимчен жаш чачтарач шакиртинин элеси да көз жоосун алчу.
Ошол сонун миниатюраны узак карап туруп:
– Бул керемет сүрөттү кайсы уста тарткан? – деп сурадым.
– Сүрөттүн эң башкы касиети, – деди ал, – кооздугу аркылуу адамды жашоонун байлыгына, сүйүүгө, Алла жараткан ааламдын өң-түсүнө урмат көрсөтүүгө, терең ой жүгүртүүгө жана ыйманга чакырышы. Ал эми сүрөтчүнүн ким экени маанилүү эмес.
Нури устат бул сөздөрдү жездем мени бул жакка атайын иликтөөгө жибергенин сезип, сак сүйлөп жаттыбы? Же башкы сүрөтчү (наккаш) Осмон устаттын сөздөрүн гана кайталап жаттыбы? Муну аңдай алган жокмун.
– Бул алтын жалатмалардын баарын Зариф эфенди жасады беле? – деп сурадым. – Эми анын ордуна ким иштеп жатат?
Ошол маалда эшиктин короону караган ачык көзөнөгүнөн балдардын кыйкырык-өкүрүгү угулду. Төмөндө жасоолдордун бири чөнтөктөрүнө лаал боёгун же кагазга оролгон алтын жалбырактарды катып алган эки шакиртти жаңы эле суукта титиреп турган жеринен алып келип, фалакага (3) жаткырышып балак уруп жатышыптыр.
Шылдың көрүүгө дайыма даяр турган жаш сүрөтчүлөр (наккаштар) дароо эшикке чуркап чыгышты.
Нури эфенди этият үн менен мындай деди:
– Шакирттер Осман устат буйругандай бул сүрөттөгү ат майданынын жерин кызгылтым гүл өңүнө боёп бүтмөйүнчө, Зариф эфенди да кайда жүрсө ошол жактан аман-эсен кайтып келип, ушул эки барактын алтын менен кооздолушун бүтүрөт деп үмүт кылабыз.
– Осман устат ат майданынын топурак жерин ар бир сүрөттө ар башка түскө боёону Зарифтен талап кылган. Биринде гүл өңдүү кызгылт, биринде индиялык жашыл, биринде шафран сарысы, дагы биринде каздын тезегиндей боз жашыл түс болсун деген.
Анткени сүрөттү караган адам биринчи барактан эле бул жердин майдан экенин түшүнөт. Экинчи, үчүнчү сүрөттөрдө болсо көз жаңы өң-түстөрдү издеп, тажабашы керек. Миниатюранын милдети – баракты көркүнө чыгарып, жан киргизүү.
Бир бурчта усталардын бири таштап кеткен, үстүндө сүрөтү бар китепти көрдүк.
Ал жеңиш тууралуу китеп үчүн флоттун согушка аттанышын көрсөткөн бир барак миниатюранын үстүндө иштеп жаткан окшойт. Бирок жолдошторунун камчы жеген кыйкырыгын угуп, баарын таштап сыртка чуркап кеткен экен.
Калып аркылуу улам кайра көчүрүлүп тартылган кемелер деңиздин үстүндө тургандай көрүнбөйт болчу. Бирок буга кемчилик калып эмес, жаш сүрөтчүнүн чеберчилигинин жетишсиздиги себеп болгон.
Калыптын болсо эски китептен, балким бир мураккаадан ырайымсыз кесилип алынганын көрүп көңүлүм чөктү.
Осман устат эми мындай нерселерге анча көңүл бурбай калгандай сезилди.
Кезек анын өз иш тактасына келгенде Нури эфенди үч жумадан бери иштеп жаткан тугранын (4) алтын кооздолушу бүтүп калганын сыймыктануу менен билдирди.
Бул кайсы адамга жана кандай максатта жөнөтүлөрү билинбесин деп тугра бош баракка түшүрүлүптүр.
Мен ага терең урмат менен көз жүгүрттүм.
Чыгыштагы канчалаган көк бет, көтөрүлүшкө даяр турган пашалар дал ушул падышанын туграсынын керемет кооздугун көргөндө козголоң тууралуу оюнан кайтышканын жакшы билчүмүн.
Андан кийин катчы Жемал жаңы эле бүтүрүп койгон укмуштуу каллиграфияларды көрдүк.
Жазуу искусствосу чыныгы өнөр, ал эми миниатюра болсо ошол жазуунун көркүн ачыш үчүн гана кызмат кылат деп эсептеп, түс менен сүрөттү жактырбагандарга кошулуп кетпеш үчүн ал жактан көпкө кармалбай өтүп кеттик.
Сызыкчы Насыр Тимурдун уулдарынын доорунда жазылган Низаминин “Хамсасынан” алынган бир баракты оңдоп жатам деген ойдо болсо да, тескерисинче бузуп жаткан экен.
Ал баракта Хосровдун көлгө түшүп жуунуп жаткан Ширинди жылаңач көргөн учуру тартылган эле.
Токсон эки жаштагы, көзүнүн курчу кеткен картаң уста өзүнүн жаш кезинде Тебризде Бекзат устаттын колун өпкөнүн айтып мактануудан башка дээрлик эч кандай кызыктуу окуясы жок киши экен.
Ал падышабызга үч айдан кийин белек кыла турган калем салгычтын кооз оймолорун титиреген колдору менен көрсөттү.
Төмөнкү кабаттагы тар бөлмөлөрдө сексенге жакын сүрөтчүлөр (наккаштар), шакирттер жана окуучулар иштеп жатышса да, бүт устакананы терең жымжырттык каптап турган.
Бул бечара шакирттер балак жегенден кийинки жымжырттык эле.
Кээде аны кимдир-бирөөнүн аргасыз күлкүсү, кайсы бир тамашасы же болбосо шакирттик күндөрдү эске салган муңдуу үшкүрүк гана бузуп койчу.
Ошондо кары усталар өздөрү да жаш кезинде кандай токмок жегенин эстешчү.
Ошол токсон эки жаштагы көз курчу кеткен кары мага бир заматта бул жерде согуштардан да, төңкөрүштөрдөн да алыс турган бүтүндөй бир доор аяктап баратканын сездирди.
Кыямат башталарда да ушундай жымжырттык өкүм сүрсө керек.
Миниатюра – акылдын жымжырттыгы, көздүн музыкасы.
Коштошуп жатып Осман устаттын колун өпкөнүмдө ага болгон терең урмат менен кошо жан дүйнөмдү астын-үстүн кылган башкача бир сезим пайда болду.
Бул олуяга болгон суктануу менен аяныч аралашкан таң каларлык күнөө сезими эле.
Балким, жездем жашыруун болсо да француз сүрөтчүлөрүнүн ыкмаларын колдонууга умтулуп, Осмон устатка атаандаш болуп калгандыгы үчүн ушундай сезилгендир.
Ошол эле учурда өзүмчө:
“Бул улуу устатты тирүү кезинде акыркы жолу көрүп жатам” деп чечтим.
Аны кубанткым келип:
– Улуу устатым, чыныгы уста сүрөтчүнү жөнөкөй сүрөтчүдөн эмне айырмалайт? – деп сурадым.
Мындай бир аз жагынгандай суроолорго көнүп калган Осман устат үстүртөн жооп берип коёт деп ойлогом.
Бирок ал олуттуу үн менен мындай деди:
– Чыныгы сүрөтчүнү (наккашты) жөндөмсүз, ыймансыз сүрөтчүдөн ажырата турган так бир өлчөм жок. Бул заманга жараша өзгөрөт. Бирок бүгүнкү күндө жаш сүрөтчүнүн чыныгы уста экенин билиш үчүн мен андан үч нерсени сурамакмын.
– Алар кайсылар?
– Биринчиси – стил.
Жаңы адатты ээрчип, кытайлар менен француздарды туурап “менин өзүмдүн өзгөчө стилим болушу керек” деп жүрөбү?
Башкалардан айырмаланган өзүнө гана тиешелүү манера жаратууну көздөйбү?
Ошону далилдеш үчүн сүрөтүнүн бир бурчуна франуздардай болуп кол тамгасын коюуга аракет кылабы?
Мен биринчи ушул тууралуу сурайт элем.
– Андан кийинчи? – дедим.
– Андан кийин убакыт жөнүндө сурайт элем.
Бизге китеп тарттырган шахтар менен падышалар өлгөндөн кийин, китептер чачырап, барактары башка китептерге өтүп кеткенде ошол сүрөтчү эмне сезет?
Бул – кайгырып да, сүйүнүп да жеңип өтүүгө мүмкүн болбогон өтө кылдат маселе.
Ошондуктан мен андан сүрөттүн убактысын жана Алланын убактысын сурайт элем.
– Түшүнүп жатасыңбы, уулум?
Жок.
Бирок аны айткан жокмун.
– Үчүнчүсү эмне?
– Үчүнчүсү – сокурлук.
Ошентип айтып токтоп калды.
Мен акырын гана:
– Сокурлуктун эмнеси маанилүү? – деп сурадым.
Ал мындай деди:
– Сокурлук – жымжырттык.
Биринчи айтканым менен экинчисин бириктирсең, сокурлук өзү пайда болот.
Миниатюранын эң терең жери – Алланын караңгылыгында көрүнгөн нерсени көрө билүү.
Мен унчукпай сыртка чыктым.
Муз баскан тепкичтен шашпай ылдый түштүм.
Осмон устат айткан үч суроону Көпөлөккө, Зайтунга жана Лейлекке сөз башташ үчүн гана эмес, уламышка айланып бараткан ушул үч улуу сүрөтчүнү чындап түшүнүш үчүн да сөзсүз береримди билип турдум.
Бирок дароо алардын үйлөрүнө жөнөгөн жокмун.
Жөөттөр жашаган конуштун жанындагы, Алтын Мүйүз булуңу Босфорго куя турган жерди бийиктен караган жаңы базарда Эстер менен жолуктум.
Соода кылып жүргөн күң аялдардын, жакыр конуштардын өңү кубарган, кенен кафтан кийген аялдарынын арасында, сабизге, айвага, пияз менен чамгырдын түйүндөрүнө үңүлүп жүргөн элдин ортосунда Эстер өзүнүн жөөт аялдары кийүүгө милдеттүү болгон кызгылтым кийими, тың кыймылдаган чоң денеси, тынымсыз сүйлөгөн тили, мага улам белги берип турган кабак каштары менен көздөрү аркылуу мурдагыдай эле шайыр көрүнүп турду.
Мен берген катты ал бүт базар бизди аңдып тургансып, өтө сырдуу жана өтө иш билги кыймыл менен кең шымынын (шалбарынын) ичине ката салды.
Ал:
– Шекүре сени ойлоп жүрөт, – деди.
Чайпулун алып, мен:
– Эч кечиктирбей жеткир, – дегенимде, колундагы түйүнчөгүн көрсөтүп:
– Дагы көп жумушум бар. Катты түшкө маал гана жеткире алам, – деди.
Ошондо мен андан:
– Шекүреге айтып кой. Мен азыр үч жаш уста сүрөтчүнүн үйлөрүнө жөнөп жатам, – деп сурандым.
_________________
1. Араб жазуусун (же андан келип чыккан алфавиттерди) эстетикалык, тең салмактуу жана тартиптүү түрдө колдонуп, кооз жазуу өнөрү болгон каллиграфия менен алектенген жана аны үйрөткөн адамдар.
2. Муракка – бул салттуу ислам искусствосунда (каллиграфия, жарыктандыруу жана миниатюралык живопись) көркөм чыгармаларды жаратуу же сактоо үчүн бет катары колдонулган калың, бышык негиз же тактай; ал бир нече барак кагазды атайын крахмал негизиндеги желим менен катмарлап, аларды бири-бирине басуу аркылуу жасалат. Бул термин ошондой эле каллиграфиянын эң сонун үлгүлөрү чогултулган альбомдорду да билдирет.
3. Фалака же балак уруу – бул мурда кылмышкерлерди жазалоо же тартипти сактоо үчүн, атап айтканда, медреселерде же мектептерде окуучуларды тартипке келтирүү үчүн колдонулган салттуу жазалоо куралы жана ыкмасы.
4. Тугра – бул Осмон султандары кол тамганын ордуна колдонгон өзгөчө, кооздолгон жана символикалык белгилерге берилген аталыш.
