Орхан Памук: “Менин Атым Кырмызы” (6)
(роман)
6. Мен Орханмын
– Өлтүрүп коюшканбы? – деди Кара.
Кара узун бойлуу, арык жана бир аз коркунучтуу көрүнчү. Мен аларды көздөй бара жаткам, ошондо таятам:
– Өлтүрүп коюшса керек, – деди да, мени байкап калды. – Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң?
Бирок ал мага ушунчалык жылуу карагандыктан, эч тартынбай жанына барып, кучагына отурдум. Ал дароо мени түшүрүп:
– Каранын колун өп, – деди.
Колун өптүм. Колунан жыт сезилген жок.
– Абдан сүйкүмдүү бала экен, – деди Кара бетимден өөп. – Кийин арстандай жигит болот.
– Бул Орхан, алты жашта. Дагы улуусу бар, Шевкет, жети жашта. Ал өтө өжөр бала, – деди таятам.
– Аксарайдагы көчөгө барып келдим, – деди Кара. – Суук экен, айлана толо кар, муз, бирок эч нерсе өзгөрбөгөндөй туюлду.
– Баары өзгөрдү, баары бузулду, – деди таятам. – Аябай эле өзгөрдү.
Анан мага бурулуп:
– Агаң кайда? – деп сурады.
– Устасынын жанында.
– Сен эмне үчүн бул жердесиң?
– Устам: «Жарайсың, эми кете бер», – деди.
– Өзүң жалгыз келдиңби? – деди таятам. – Сени агаң алып келиши керек эле.
Анан Карага кайрылып:
– Куран мектебинен кийин аптасына эки жолу бир мукабачы досума барышат, ошол жакта шакирт болуп мукабачылыкты үйрөнүп жатышат, – деди.
– Таятаңдай болуп сүрөт тартууну да жакшы көрөсүңбү? – деди Кара.
Мен унчукпай калдым.
– Макул анда, – деди таятам. – Эми сен бара бер.
Мангалдан тараган жылуулук ушунчалык жагымдуу эле, алардын жанынан кетким келбей турду. Боёк менен желимдин жытын жыттап бир азга токтодум. Кофенин жыты да аңкып турду.
– Башкача сүрөт тартуу – башкача көрүүбү? – деди таятам. – Бечара музеҳхибди (1) ушундан улам өлтүрүштү окшойт. Анын үстүнө ал эски ыкма менен тезхип (2) жасачу. Өлтүрүлгөнүн да билбейм, болгону жоголуп кетти. Падышабыз үчүн устат баш накышчы Осмондун буйругу менен булар бир сүрөттүү сурнаме (3) жасап жатышат. Баары үйлөрүндө иштешет. Устат Осмон болсо накышканада. Адегенде сен ошол жакка барып, баарын өз көзүң менен көрсөң дейм. Балким, калгандары өз ара талашып, бири-бирин өлтүрүп коюшат деп да корком. Илгери алардын устаты баш накышчы Осмон койгон ылакап аттары менен белгилүү: Көпөлөк, Зайтун, Лейлек… Аларга үйлөрүнөн барып жолугасың.
Тепкичтен түшмөкчү болуп жатып кайра артка кайттым. Хайрийе түндө уктачу дубалга орнотулган шкафтуу бөлмөдөн бир шыбырт угулганынан ичкери кирдим. Ал жерде Хайрийе эмес, апам бар экен. Мени көрүп уялып кетти. Денесинин жарымы шкафтын ичинде экен.
– Кайда жүрдүң сен? – деди.
Бирок ал кайда жүргөнүмдү билчү. Шкафтын ичинде кичинекей тешик бар, андан чоң атамдын накыш бөлмөсү көрүнөт, эгер эшиги ачык болсо – андан ары коридор, анан коридордун ары жагындагы таятам жаткан бөлмө да көрүнөт.
– Таятамдын жанында болчумун, – дедим. – Апа, сен бул жерде эмне кылып жатасың?
– Сага «конок бар, кирбе» дебедим беле? – деди. Кыйкырып жатты, бирок катуу эмес, конок уксун дегендей кылып. Анан жумшагыраак үн менен:
– Эмне кылып жатышыптыр? – деп сурады.
– Отурушкан. Боёк менен эмес. Чоң атам сүйлөп жатты, тигиниси угуп жатты.
– Кандай отурушуптур?
Дароо жерге отура калып, конокту туурадым:
– Мына, апа, мен азыр абдан олуттуу адаммын; кашымды түйүп, таятамды угуп жатам, мевлит уккандай башымды олуттуу түрдө жай ийкегилеп отурам, – дедим.
– Түш ылдый, – деди апам. – Хайрийени чакырып кел. Дароо.
Ал отуруп алып, тизесине койгон жазуу тактасына кичинекей кагазга бир нерсе жаза баштады.
– Апа, эмне жазып жатасың?
– Тез ылдый түшүп, Хайрийени чакырып кел деп айтпадымбы!
Ашканага бардым. Агам келиптир. Хайрийе анын алдына коноктун палоосунан салып койгон.
– Саткын, – деди агам. – Мени устат менен таштап качып кеттиң. Иштин баарын мен кылдым. Манжаларым көгөрүп кетти.
– Хайрийе, апам чакырып жатат.
– Тамак жеп алайын, анан сени сабайм, – деди агам. – Жалкоолугуң менен саткындыгың үчүн жазаңды тартасың.
Хайрийе чыгып кеткенде агам тамагын бүтпөй туруп мага жетип келди. Качып кутула албай калдым. Колумду толгой баштады.
– Болду, болду, Шевкет, аябай ооруп жатат!
– Дагы ишти таштап качасыңбы?
– Качпайм.
– Ант бер!
– Ант берем.
– Куран үстүнө ант бер.
— Куран үстүнө ант берем.
Бирок коё берген жок. Мени табактын жанына сүйрөп барып, чөгөрүп койду. Бир жагынан палоо жеп жатып, экинчи жагынан колумду дагы бурап коет.
– Кайра иниңе зомбулук кылба да, залим, – деди Хайрийе. Ал жоолугун жамынып, сыртка чыгып бараткан. – Коё бер аны.
– Сен аралашпа, күң, – деди агам. – Кайда баратасың?
– Лимон алам, – деди Хайрийе.
– Калпычы, шкафта лимон толтура, – деди агам.
Ал колумду бошотор менен өзүмдү куткарып, аны бир тептим да, шам чыракты сап жагынан кармадым, бирок ал кайра үстүмө секирип, мени басып калды. Шамды сүзүп жиберди эле табактагы тамак төгүлүп кетти.
– Эк, кудай ургандар! – деди апам. Конок укпасын деп катуу кыйкырган жок. Карага көрүнбөй коридордон өтүп, тепкичтен ылдый кантип түшүп келгенин байкабай калыпмын. Бизди ажыратып жиберди. – Кишини уят кыласыңар, куураган гана жетимдер!
– Орхан бүгүн калп айтты, – деди Шевкет. – Мени устатымдын жанына таштап коюп качып кетти.
– Унчукпа! – деп апам аны жаакка бир чапты.
Акырын эле урган болчу, агам да ыйлаган жок.
– Атам келсин, – деди. – Атам келсе, Хасан агайдын кызыл кылычын алып, биз бул үйдөн чыгып кетебиз.
– Унчукпа! – деди апам. Бир маалда катуу ачууланып, Шевкетти колунан кармап, сүйрөп, короонун караңгы бурчуна алып барды. Мен да артынан ээрчидим. Апам эшикти ачып, мени да көрүп:
– Экөөң тең киргиле! – деди.
– Апа, мен эч нерсе кылган жокмун да, – дедим мен, бирок баары бир кирдим. Апам эшикти жаап салды. Ичи анча деле карангы эмес болчу, анардын дарагын караган жапкычтардын арасынан аз-маз жарык түшүп турган, бирок коркуп кеттим.
– Апа, аччы, – дедим. – Үшүп атам.
– Ыйлаба, коркок, – деди Шевкет. – Азыр ачат.
Апам эшикти ачты.
– Ии, конок кеткенче тынч отурасыңарбы? – деди. – Анда Кара кеткенче ашканада, очоктун жанында отурасыңар, өйдө чыкпайсыңар.
– Ал жерде тажап кетебиз, – деди Шевкет. – Хайрийе кайда кетти?
– Баарына аралаша бересиң, өтө ашепке кетип атасың, — деди апам.
Ат сарайдан бир аттын акырын кишенегенин уктук. Бул таятамдын аты эмес, Каранын аты болчу. Бир жарманке күнү же майрам таңы келгендей кубаныч жүрөгүбүздү каптап өттү. Биздин да жылмайышыбызды каалагандай апам жылмая берди.
Эки кадам басып, сарайдын эшигин ачты да:
– Дррсс, – деп чакырды.
Андан соң бизди кайра ашканага киргизип отургузду:
– Конок кеткенче бул жерден чыкпайсыңар. Урушпайсыңар дагы. Болбосо силерди эрке, жаман балдар деп ойлошот.
– Апа, – дедим эшикти жаппай жатып. – Бир нерсе айтайынбы… Таятамдын байкуш мүзеххибин өлтүрүп коюшуптур…
_________________________
(1) Мүзеххип – кол жазма китептерин жана башка буюмдарды алтын жалатып же боёктор менен кооздогон уста.
(2) Тезхип – арабчадан алынып, кол жазма китептерин же буюмдарды алтын менен кооздогон өнөр.
(3) Сурнаме – Осмон доорунда падышанын балдарынын туулган күн, сүннөт тойлорун эстеликке калтырган маданият.
(Уландысы бар)
Түрк тилинен которгон Толук Бек Байзак
