| |

Орхан Памук: “Менин Атым Кырмызы” (8)

5/5 - (2 добуш)

(роман) 

(Уландысы.  1, 2, 3, 4, 5, 6, 7

8. Менин атым Эстер 

Карага берген катымда эмне жазылганын баарыңар кызыгып жатканыңарды билем. Өзүм да ошого кызыккандыктан, баарын билип алдым. Кааласаңар, окуяңардын барактарын артка барактап жаткансып элестеткиле, анда мен ал катты Карага бергенге чейин эмне болгонун айтып берейин. 

Кеч кирип калган убак болчу. Алтын Мүйүз булуңунун оозундагы биздин жөөттөрдүн кичинекей кварталындагы үйүбүздө күйөөм Несим экөөбүз очоктун жанында отуруп, карыган немелердей «оф-пуф» деп отун салып, жылынууга аракет кылып атканбыз. Мен өзүмдү картаң деп койгонума карабагыла. Жибек жоолук, мээлей жабуу менен Португалиянын кемелеринен түшкөн түстүү кездемелерди ар кандай шакек, сөйкө, мончок сыяктуу арзан баалуу жасалгалар менен аралаштырып, түйүнчөгүмдү көтөрүп көчөгө чыксам, мен кирбеген Истанбулдун көчөсү калбайт. Үймө-үй ташыбаган катым да, ушагым да жок. Бул шаардын кыздарынын жарымын мен турмушка узаткам десем да болот. Бирок азыр муну мактаныш үчүн айтып жаткан жокмун. 

Ошентип, кечкисин отурганбыз. «Тык-тык» деп кагылган үн чыкты. Барып ачсам, алдымда ошол келесоо күң Хайрийе турган экен. Колунда кат. Сууктанбы же толкунданганынанбы – билбейм, калчылдап туруп, менин Шекүремдин эмне каалап жатканын түшүндүрө баштады.

Адегенде бул катты Хасанга жеткирмекчи болгон экен деп ойлоп, таң калдым. Билесиңер да, Шекүре сулуунун согушка кеткен бойдон кайтып келбеген күйөөсү бар. Ал байкуш эчак эле өлүп калган деп ойлойм. Ошол жок болуп кеткен жоокердин Хасан аттуу жинди чалыш бир тууганы бар эле. 

Бирок бат эле түшүндүм: Шекүренин каты Хасанга эмес, башка бирөөгө арналган экен. Катта эмне жазылганын билмейинче Эстердин ичи бышып кетпейби! Акыры окуп да алдым.

Силер менен анча тааныш эмесмин. Ачыгын айтсам, бир аз уялып турам. Ал катты кантип окуганымды айтпай эле коёюн. Балким, менин кызыгуумду айыптап, мени жаман көрүп каласыңар. Болгону, катты мага окуп беришкенде укканымды айтып коёюн. Менин ширин Шекүрем мындай деп жазыптыр:

«Кара эфенди, сен атам менен болгон жакындыгыңа ишенип, үйүбүзгө келип жүрөсүң. Бирок менден кандайдыр белги алам деп ойлобо. Сен кеткенден бери көп нерсе өзгөрдү. Мен турмушка чыктым, арстандай эки уулум бар. Бирөөсү Орхан, жаңы эле бөлмөгө кирип кеткенин көрдүң. Мен болсо төрт жылдан бери күйөөмдү күтүп жатам жана башка эч нерсе ойлобойм. Өзүмдү эки баласы жана картаң атасы бар, жалгыз, алсыз аялдай сезишим мүмкүн. Эркектин күчүнө жана коргоосуна муктаж болушум мүмкүн. Бирок эч ким бул абалымдан пайдалана алат деп ойлобосун. Ошондуктан биздин эшикти мындан ары какпа. Бир жолу мени уятка калтыргансың, ошондо атамдын алдында өзүмдү акташ үчүн канча азап тартканымды билсең кана! Бул кат менен кошо жаш кезде тартып мага жөнөткөн сүрөтүңдү да кайтарып жатам. Үмүттөнбөшүң үчүн, жаңылыш белги албашың үчүн. Адамдар бир сүрөттү карап туруп эле ашык болуп калат деген ой калп экен. Үйүбүзгө жолобой эле койгонуң жакшы». 

Байкуш Шекүрем! Эркектердей, бектердей же пашалардай болуп каттын алдына чоң мөөрүн баса албайт да. Болгону кагаздын этегине өз атынын биринчи тамгасын кичинекей, коркок куштай кылып коюптур.

Мөөр дедимби? Балким, силер «Эстер бул мөөр басылган каттарды кантип ачып, кайра жаап коё алмак эле?» деп ойлоп жатсаңар керек. Каттарда мөөр деле жок. Менин акылдуу Шекүрем: «Бул Эстер сабатсыз жөөт, биздин жазууну окуй албайт», – деп ойлойт. Туура, мен силердин жазууну окуй албайм. Бирок окута алам. Ал эми каттын өзүн өзүм деле окуйм.

Башыңар айланып калдыбы? Анда түшүндүрөйүн.

Кат айта турганын бир гана жазуу аркылуу айтпайт. Китеп сыяктуу эле катты да жыттап, кармап, сылап окушат. Ошондуктан акылдуулар: 

– Карачы, кат эмне деп атат? – дешет. 

Ал эми акылсыздар: 

– Карачы, эмне жазылыптыр? – дешет. 

Чеберчилик тамгаларды эмес, каттын өзүн толугу менен окуй билүүдө.

Келгиле анда, Шекүре дагы эмнелерди айтып жатканын карап көрөлү.

Биринчиден, катты жашыруун жөнөтүп жаткансып көрүнгөнү менен, аны кат ташууну кесип кылып алган Эстер аркылуу жибергенине караганда, анча деле жашырууну көздөгөн жок. 

Экинчиден, каттын көп бүктөлгөнү сыр сактагысы келгендей көрүнөт. Бирок кат ачык. Үстүнө чоң сүрөт кошулуптур. Демек, максатыбыз сырды жашыруу эмес. Мындай нерсе сүйүүнү четке каккан катка караганда, сүйүүгө чакырган катка көбүрөөк жарашат. 

Үчүнчүдөн, каттын жыты да ушуну тастыктайт. Колго алганда: «Атайын жыт себилгенби же жокпу?» деп күмөн санайсың. Бирок кайдыгер калтыра албай турган жагымдуу жыт бар. Бул атырдын жытыбы же Шекүренин өз жытыбы? Катты мага окуп берген байкуштун башын айландырган ошол жыт болду. Каранын да башын айлантат деп ойлойм.

Төртүнчүдөн, мен сабатсыз Эстермин. Бирок жазуунун агымынан, калемдин кыймылынан эле көп нерсени түшүнөм. Кат сыртынан караганда «шашып жазып койдум, маани берген жокмун» дегенсип турат. Бирок тамгалар назик шамалга термелгендей сулуу тартылган. Ичинен болсо таптакыр башкача нерсени айтып жатат. Орхан жөнүндө сөз кылганда «жаңы эле» деп кат ошол замат жазылгандай көрсөтөт. Бирок ар бир сабында байкалган кылдаттык анын алдын ала каралама түрүндө жазылганын билдирет.

Бешинчиден, кат менен кошо жөнөтүлгөн сүрөт – мендей жөөт Эстер да билген баягы уламыштагы сулуу Ширин Хосровдун сүрөтүн көрүп ашык болгон окуясын чагылдырат. Истанбулдун кыялкеч аялдары бул жомокту абдан жакшы көрүшөт. Бирок сүйгөнүнө сүрөтүн кошо жөнөткөнүн биринчи жолу көрүп жатам. 

Силер, сабаттуу бактылуулар, мындайды көп көрөсүңөр. Бир сабатсыз кыз сага келип, өзүнө келген катты окуп бер деп жалынат. Каттагы сөздөр ушунчалык толкунданткан, жүрөктү козгогон болот дейсиң, ал кыз сени өзүнүн эң купуя дүйнөсүнө киргизгенине уялып турса да, кайра окуп беришиңди суранат. Кайра окуйсуң. Акыры кат ушунчалык көп окулгандыктан, экөөң тең аны жаттап аласыңар.

Андан кийин ал катты колуна кармап алып:

– Мына бул сөз ушул жерде айтылганбы? Тиги сөз бул жактабы? – деп сурай баштайт.

Өзү тамгаларды түшүнбөсө да, сен көрсөткөн жерге тигиле карайт. Кээде окуй албаган, бирок жатка билген сөздөрдүн ийри-буйру тамгаларына тигилип отурган ошол кыздарды көрүп ушунчалык боорум ооруйт. Ошондо өзүмдүн да сабатсыз экенимди унутуп, каттын үстүнө көз жашын төгүп отурган ошол кыздарды кучактап өпкүм келет. 

Анан дагы бир түрү бар – андайларга эч качан окшобогула! Кыз катты кайра колуна алып, ага тийип көргүсү келип турганда:

– Эмне кыласың? Окуй албайсың да, эми дагы эмнесин карайсың? – дешет.

Ушул айбандар кээде кыздын катын өздөрүнө калтырышат. Андай учурда кыздын катын кайра алып берүү мага – Эстерге – туура келет.

Мына ушундай жакшы аялмын мен, атым Эстер. Эгер силерди жакшы көрсөм, силерге да жардам берем.

  • Акын, котормочу, журналист. Бир катар эл аралык, республикалык адабий сыйлыктардын ээси.  “Көчмөн дүйнө” аталышындагы ыр жыйнагы чыккан.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген