Өзүм менен сүйлөшүү
Келетам келечекке кечип түндү,
Жар-кырлуу жолдор менен мүдүрүлгөн.
Не көрдүм, эмне таптым, кечиктимби?
Азабым ашып түшөт үзүрүмдөн.
Тапкандан, жоготконум арбын-арбын,
Таанышым жалгыздык да, жалгыз бөлмө.
Көбүнө көнө албай жат болуп калдым,
Жектебе, жеңилгеним айып көрбө.
Алдыда жашоо турат оош-кыйыш,
Бет алам белгисиз бир багыт менен.
Эртеңди кыйын болжоп таанып-билиш,
Тобокел деп өзүмдү таанып келем.
Өзөгүм жоготкум жок кептер үчүн,
Сөздөрдү капарыма илген жокмун.
Баш тартып бакытымдан кеткен үчүн,
Башканын бактысына тийген жокмун.
Алдыны ким бар экен көрө билген,
Катаны ким кетирбейт, жаңылышпайт?
Билгеним турмушунда мен өңдүүлөр,
Баары бир башкаларга жага алышпайт!
