Соолуган булак
Өмүрүмдүн башатындай мөл булак,
Күмүш үнүң дарыяга жолду улап.
Жүрөгүмдү ишенимге толтуруп,
Келээр элем сүйүү сурап, бак сурап.
Оо, ал кезде мөлтүр тунук акчу элең,
Өмүр улап айыл элин бакчу элең.
Жылаажындай үнүң салып шоокумун,
Күн жашынып уясына батчу эле.
Теребелге сырымды айтып төгүлгөм,
Жагалданган желаргыга өбүлгөм.
Арзуу ташып, арман билбес жүрөктө,
Айлуу түндө Ай кызындай көрүнгөм.
Бүгүн келсем-жымжыртсың сен, үн чыкпайт,
Көк асманда жүрөт сайрап чымчыктар.
Соолусаң да жүрөгүмдө агасың,
Шылдыр үнүң бирге жүрөт, бир уктайт.
Желдей учкан убакытка багынып,
Жүрөм сенин добушуңду сагынып.
Баш ийсем да тагдыр, мезгил шартына,
Тилек айтам дайым сага жалынып.

