Сөз
Сөздү баккан сөзмөрдөн
Селки келип сурады,
Себеби не кызыкты,
Сезиш үчүн көңүлдөн.
Сурады ал жүрөктөн
Суусап турган көксөөсүн,
Сулуулуктун өтөөсүн –
Суроо салды өңүттөн:
“Сулуулукту айтыңыз,
Сурайм, мага караңыз!
Суусап турам билүүгө,
Суусун кансын, табыңыз!”
Суроо салган селкиге
Сөзмөр айтты демилге:
“Сулуулук бул – жүрөктө,
Сүйлө сөздү, көбүртпө.
Сөзүң чыксын жакшына,
Сулуулугуң – татына.
Суктанышат сүйлөсөң,
Сыйлуу сүйлө жалпыга!”
