Суктандым
Жашыл шибер тулаңында ойногон,
Козу, улактар секиришип койбогон.
Уйлар мөөрөп торпокторун издешсе,
Чымыт балдар чарчабаган жоргодон.
Бээлер саалып, кымыз бышып эбакта,
Жеңелер да шымаланып жең түрүп.
Чоң апалар ийрип жибин созулуп,
Чоң аталар малын жайып өргүтүп.
Чар тарабым жашыл тоолор курчаган,
Адам болбойт көөнүн такыр бурбаган.
Кымбат болуп мекенимдин жерлери,
Моокум канбай барган сайын суктанам.

