Укчу

3.4/5 - (5 добуш)

Учуруп жаштыктын шоокумун,
Учуру көп болгон бейпайда.
Узаган тарапка кылгырып,
Умсунган убактан не пайда.
Улутунуп кош айтып калдым да,
Уурдалган жаштыгым, сен кайда?

Кайрылбай кеткениң бат ыкчам,
Кадырсыз узатып койдумбу?
Каниет кылдымбы, кылбадым,
Кеч эми, бир эзген ой турду.
Калган күн сарамжал болоюн,
Кетирбей ой келди, көз жумду.

Чыгырык чыйрымы бошогон,
Чачырап күндөргө бөлүнгөн.
Чалкыган өмүрдөн алыстап,
Чыйырына жылдардын көмүлгөн.
Чачылган суулардай мөлтүрөк,
Чыныдан капыстан төгүлгөн.

Утуру эстеймин арга жок,
Убайды үйгөмүн башыма.
Удургуп ой-туюм ойдолоп,
Учурат алыска, жакынга.
Уттуруп койдумбу өмүрдү,
Укпаган дүлөй бир закымга.

  • "Алай ынтымагы" коомдук бирикмесинин маданият бөлүмүнүн жетекчисинин жардамчысы. "Элдик китепкананын" мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген