Залкарларга таазим
Арбыткан ырга барагын,
Акындык койгон талабым.
Аталар жеткен муратка,
Арыштап барат кадамым.
Аллахым берген өнөр бул,
Айтылсын бүгүн казалым.
Алышып колго жарагын,
Асыл ой кенин казарын.
Алты сап ырды жазарда,
Ай-жылдап тарткан азабын,
Акындын көбүн айтууга,
Арыбай чурка каламым.
Асылын сөздүн иргеген,
Акыйкат жолго үндөгөн.
Айтылган чындык сөзүнөн,
Ажолор дагы сүрдөгөн.
Ала-Тоо жерин жердеген,
Акындар өткөн дүйнөдөн.
Атагы жеткен алыска,
Алышкан байге жарышта.
Эмгекти кылып эринбей,
Эл үчүн жарап намыска.
Ар бири калкка нур чачып,
Аттарын жазган тарыхка.
Турса да ооруп жөтөлүп,
Ырларын жазып көшөрүп.
“Нан жебейм, ырым жазам” деп,
Калса да ачтан өзөрүп.
Алыкул өткөн дүйнөдөн,
Ата-журт жүгүн көтөрүп.
Мидиндин ыры курч эле,
Миңдеген элге сунчу эле.
Миң түркүн ойду чагылтып,
Мээнетти талбай кылчу эле.
Мурч кошкон кээ бир сөзүнө,
Муңайган адам күлчү эле.
Байдылда ырын саптаган,
Бай мурас кылып сактаган.
Бараандуу изи калкында,
Баарына өрнөк таштаган.
Ашуудан берип отчётун,
Акындык жолду актаган.
Ырлары көрктүү чынардай,
Ыраңы алгыр тынардай.
Калтырган эмгек артына,
Кадыры бийик мунардай.
Жалпы журт дагы сүйүнөр,
Жаралса акын Турардай.
Согушка барып, жоо кандай?
Сан гүлгө толгон, тоо кандай?
Деңизин кечип сүйүүнүн,
Дербиши кандай, соо кандай?
Белгилеп жазган ырында,
Бир келген акын Сооронбай.
Асыл жок азыр Омордой,
Акын жок азыр Жолондой.
Ашышты алар өнөрдүн,
Ашуусун бийик Долондой.
Жайылды элге ырлары,
Жазылып жакшы обондор.
Сары-Өзөн Чүйдүн төрүндө,
Солтонун шайыр элинде.
Таасындап жазган ырлары,
Тараган элдин көбүнө.
Кыскача айтып өтөйүн,
Кумирим Какен жөнүндө.
Калемин күнгө бүлөгөн,
Кайрыгын гүлгө ширеген.
Көөдөндөн чыккан ырларын,
Камырдай жууруп ийлеген.
Кадырлуу кыргыз элинде,
Какенди жоктур билбеген.
“Оюмда”, “Айдай”, “Чагылган”,
Обондор күндө жаңырган.
Орошон талант ээсинен,
Оозунан ыры агылган.
Барктабай койгон кезинде,
Бийликке абдан таарынам.
Эш туткан жалгыз караанын,
Эненин айтып арманын.
Күкүктөй боздоп ата деп,
Күйүтүн айткан баланын.
Залкарга аттиң, арман ай,
Замандаш болбой калганым.
Калбырлап ырын элеген,
Калемдин күчүн ченеген.
Корунуп жазган ырларды,
Кез болбой мындай эгемен.
Ысымын жүрөт өчүрбөй,
Ырлары жашап эл менен.
Акындын улайм жүрүшүн,
Алган соң өнөр үлүшүн.
Баалуу дейм ыры залкардын,
Баасынан алтын, күмүштүн.
Ыраазы болсун арбагы,
Ыр арнап жазган биз үчүн.
