Жат адам
Буулугуп мен сени сагынган кездерде,
өрттөнөт көкүрөк, нымжан үн үшкүрөт.
Бекитем өзүмдөн оюмду чектелген,
түндөрү бейтааныш, мажирөө түш кирет.
Түшүмө кирсе дейм мурдагы калбында,
колдоруң ааламдын мээрими жашаган…
Эсимден жууптур элесиң ай-жылдар,
кол жеткис жакыным – үн-сөзсүз Жат адам.
Унутуп баратам үнүңдү, өңүңдү,
элесиң алыстан алыска чачырап…
Ааламым ар жерден ыдырап, сөгүлдү,
асманым сагыныч жүгүнө басылат.
Таңдарым оорулуу, түндөрүм караңгы,
күндөрүм муңайым өзүңсүз жашаган.
Эскирип баратат эсимде карааның,
мага азыр кимсиң сен, орду бош Жат адам?
Кимсиң сен,
элессиз Жат адам?
Март, 2023-ж.
